Monthly Archives: Май 2016

Кыргыздын жээни – скрипач Даниэл


15 жаштагы Даниэл Лозакович скрипкада ойногон өзгөчө өнөрү менен дүйнөгө таанылган жаш талант. Даниэлдин апасы Алена Лозакович Бишкекте туулуп-өскөн. Москвадагы Петр Чайковский атындагы концерттик залда дирижер Валерий Гергиев жана Мариинск театрынын симфониялык оркестринин коштоосу менен чыккан жаш скрипач Даниэл Лозаковичтин концертин угууга келген эл жык-жыйма. 15 жаштагы Даниэл Лозакович Москвадагы классикалык музыка сүйүүчүлөрдүн назарына эбак […]

Акын Туяк Эрназар уулу жөнүндө кызыктуу алты факты. Даанышман жана ойчул


Быйылкы “Тарых жана маданият жылына” карата өкмөттүн токтому менен бекитилген юбилейлик мааракелер боюнча иш-чаралардын катарына ырчы Туяк Эрназар уулунун 160 жылдыгы да кирген. Бул сапар Sputnik Кыргызстан агенттиги Туяк ырчы туурасындагы жети фактыны сунуштайт. Туяк Эрназар уулу — ойчул жана заманист акын болжол менен 1856-жылы азыркы Кадамжай районунун Пум айылында туулган. Атасы Эрназар Пум айылындагы […]

АКШда өнөрпоздор акысыз окуй алат


Сүрөтчү, ырчы, айкелчи, музыканттар деги эле көркөм өнөр ээлери үчүн дүйнөнүн ар кыл бурчунда акысыз билим алып, көкүрөктөгү мүдөөсүн, ойлогон долбоорун ишке ашыруу үчүн каражат алчу булактар менен окуу жайлар арбын. Өнөрпоздор үчүн Америка Кошмо Штаттарында эле ондогон программалар бар. Аларга өтүү үчүн эмне кылуу керек? Кандай талаптар коюлган? Түркиянын Билим берүү министрлиги ырчы, сүрөтчү […]

Чет өлкөдө кыргыз адабий тили барбы?


Интернет булактарынан алынган айрым ишенимдүү маалыматтарга таянсак, Ала-Тоо аймагын мекендеген 3,5 миллиондон ашуун кыргыз боордошторунан объективдүү, субъективдүү себептерден улам бөлүнүп калып, ушул күндө алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө туруктуу жашап жатышкан кыргыздардын саны 1,5 миллиондон ашуун. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгонго чейин кыргыз коомчулугу чет өлкөлүк кыргыздар тууралуу толук маалыматка ээ боло алышкан эмес. 1992-жылы август […]

Үркүн алдындагы Кыргызстандын экономикасы


XX кылымдын башы жана 1916-жылкы кыргыздарды Кашкарга тозуткан Үркүн алдындагы Кыргызстандын чарбалык-экономикалык абалы кандай болгон? Падышалык Орусия Орто Азия чөлкөмүн басып алгандан кийин бул жерде кандай саясат жүргүзгөн? Кыргыздардын 1916-жылкы Үркүн алдындагы чарбалык жашоосу тууралуу кеп кылганда бүгүнкү Кыргызстандын аймагында 20-кылымдын башында өкүм сүргөн соода-экономикалык мамилелерге сөзсүз таянуу зарыл. Анан да кыргыздардын турмушун Орто Азия […]

Кылым бүктөмүндөгү кыргыз-кытай алакасы


Улуу Кытайдын «бичигинде» жазылган көөнө тарыхыбыздын кыргыз тилине которулушу маданиятыбыздагы орчундуу окуялардан болгондугу талашсыз. 2004-жылы «Шинжан эл басмасынан» чыккан «Кытай жазмаларындагы кыргыздар» деген аталыштагы көрсөң көңүлүң, кармасаң колуң сүйүнгөн бул китепти барактап отуруп, байыркы доорлордон — өткөн кылымдын башына чейинки бабалардын изин көрүп, кантип көзүңө жаш имерилгенин байкабай да каласың. Кытайдагы боордошторубуз Мамбет Турду Мамбетакун, […]

Туяк Эрназар уулу


(1856-1912) Туяк Эрназар уулу 1856-жылы азыркы Кадамжай районунун Пум айлында туулган. Эне-атасынан эрте ажырап агасы Эшназардын колунда өсөт. Байлардын малын кайтарып күн өткөрөт. Туяк тез эле төкмө акын катарында элге таанылат. Туяк ичкилик акындардын ырдоо ыкмасынан сырткары комузда, кыякта ойной билген.   Туяк ырчы жана анын чыгармачылыгы тууралуу Туяктын кайтып келиши Акын Туяк Эрназар уулу […]

Манас эл тилинде


Улуу баатыр Манасты кыргыз эли чын жүрөктөн сүйгөндүктөн, Манасты төбөсү ачык көккө, козголбой жаткан зандымдын залкарына, кайсаганы эрекче арыстанга, качырганы керемет жолборско, үнү сүрдүү шерге, жүрөктүүнүн кыйыны алпка, аруунун жакшысы асылга, азаматтын кайраттуусу эрге, акылдуунун эрекчеси кеменгерге, кара аттын кашкасына, андан калса башкасына теңөөгө сөз каражаты жетпей мукурап турганын көрүүгө болот. Ушудан кыргыз элинин Манаска […]

1916: Улуу Үркүндүн тарыхый барактарына кылчаюу


Кыргызстандык тарыхчылар 1916-жылкы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүндүн тарыхынын ар кыл өңүттөрүн иликтеген эмгектерин жарыялоосун улантууда. Тарых илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Гүлзада Абдалиева улуу көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн тарыхый барактарына кылчаят. 1914-жылдагы Биринчи дүйнөлүк согуш башталгандан тартып, орус падышачылык өкмөтүнүн согуштук алык-салыктарынын көбөйүшүнөн жана орус дыйкандарынын отурукташуу саясатынан запкы жеген кыргыздар, […]

Тогуз коргол оюнун казактар менчиктеп алышты…


Нечендеген кылымдарды кезген кыргыз бир катар тарыхый баалуулуктарга ээ болгон. Анын ичинде каада-салттары, кол өнөрчүлүк чеберчилиги, спорттук-интеллектуалдык оюндары муундан муунга өтүп келген. Азыр ал баалуулуктардын айрымдары унутта калып элибиздин тарыхы болгон ыйык мурастарыбызды баалабай жатабыз . Бул саныбызда кыргыздын кылым карыткан оюндарынын бири болгон тогуз коргоол оюну жана анын азыркы абалы тууралуу спорттун улуттук түрлөрү […]

Сөзгө чоркок, ойго мокок муун келатат


Азыр кайсы жаш кызды же уланды караба, тегерегиндегилер менен кымындай иши болбой, чөнтөк телефонун чукулап отурганы отурган. Колунда – телефон, кулагында – кулакчын, ал эми оюнда, жүрөгүндө эмне бар экенин билүү кыйын. Колуна китеп кармаган жаштарды азыр дээрлик учуратпай калдык. Адамды өзүнө өзүн тааныткан, ак-караны ажыратууга, ар кандай маалыматка сынчыл мамиле жасап, маалыматты иргеп кабылдоого […]

Алты мектепке тыгылган кыргыз тил


Бишкекте 6 гана мектеп кыргыз тилдүү. Бул туурасында парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын 13-майдагы жыйынында билим берүү министри Элвира Сариева билдирди. Болгону 6 мектеп Анын айтуусунда, баш калаада жалпысынан муниципалдык 100 мектеп болсо, анын алтоосу мамлекеттик тилде сабак өтөт. Калгандары орус тилинде окутулат. Министр кошумчалагандай, борбордо мындан сырткары, 47 жеке мектеп бар. Мамлекеттик мектептердин алтоосунда гана кыргызча […]

Көк бөрү — чыныгы жигиттердин оюну!


Кыргыздын ар бир жигити дайыма ат минбесе да чабандестин сезими жана атка болгон сүйүүсү канында бар. Бул байыркы көчмөн кыргыздардын өзгөчөлүгү болсо керек. Байыркы кыргыздардын оокаты да, оюн-зоогу дагы дал ушул ат менен байланыштуу. Ат минип алып шамал менен жарышкан кыргыздар жөнүндө бир нече тарых булактарында жана чыгармаларда чагылдырылган. Учурда ат дагы эле кыргыз үчүн […]

Насыпбек Асанбаев. “Унутулган салт”


(аңгеме) Ал күн эч качан эсимден кетпейт. Сыртта жамгыр нөшөрлөп куюп турган. Оорукананын узун, ээн залы менен ак халатчан дарыгер мени көздөй басып келатты. Кудай ай, ошондогу убакыттын чоюлганын кантейин. Дарыгер кадам шилтеген сайын ак халатынын этеги жайбаракат желп этип, өзү менен кошо делпилдеп келет. Ал дарыгердин да ошол күнкү элеси түбөлүк эсимде калды. Чыдамым […]

Тайлак баатыр туурасында жети факты. 42 жаш. Жүлүндү сыздаткан өлүм


XIX кылымдын башындагы кыргыз элинин атактуу баатырларынын башкы сабында Ак-Талаа аймагынан чыккан Рыскул уулу Тайлак баатыр турат. Бул тарыхый инсандын эрдиги, кеменгерлиги, алпейим берешендиги, намыскөйлүгү, кайраттуулугу азыркыга чейин айтылып келет. Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга Тайлак баатыр туурасындагы жети фактыны сунуштайт. Кыргыздардын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн. Тайлак Рыскул уулу азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде, […]

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы: «Тилди үйрөтүүдө чек койбош керек»


Президент Алмазбек Атамбаевдин «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашырууда быйыл ордо калаадагы мектептер тил саясатына өзгөчө маани бурушту. Бишкек шаарындагы 95 мектептин ичинен 11 мектепте окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлсө, 52 мектеп аралаш жана 32 мектеп орус тилинде билим берет. Айрым окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн статустуу […]

Академик Ж.Акималиев: “Бүбүсара жалт караганда колумдагы пивом ыргып кеткен”


1959-жыл. Кыштын күнү. Аспирантурада окуп жүргөн кезим. Мен Киевге командировкага көп барар элем. Себеп дегенде Украина ошол кезде кант кызылчасынын 70 пайызын бергендиктен Бүткүл Союздук кант кызылчасы боюнча илим изилдөө борбору Киевде болчу. Командировочныйды жакшы төлөчү. Берекелүү заман. Киевге Москва аркылуу учкандыктан Москвага токтоп, анан ары кетчүбүз. Москвага барганда музыкага жакын жаным сөзсүз театрларга кире […]

Туяктын кайтып келиши


Туяк ырчынын ысымын Исфайрам чөлкөмдө жашаган эл ооздон түшүрбөй, анын кайталангыс ырчылык дараметин шыпшынып сөз кылып жүрүшөт. Туяк жөнүндөгү аңыз кептер ооздон оозго өтүп, ал бүгүнкү күндө ар кандай алымча кошумчаларга дуушар болуп элдин бүйүрүн кызытып келет. Акындын өмүрү, чыгармачылык жолу мурда адабий иликтөөлөрдүн болбогондугу, ичкиликтердин маданий, адабий мурастарына кызыгуу ар кандай себептер менен солгун […]

Дин менен илимдин өкүлдөрүн бириктирген китеп жарык көрдү


Замандын өзгөрүүсү менен тил маданияты да анын агымы менен кетээри айдан ачык. Улам жаңы ойлоп табуулар, түшүнүктөр тил куржунуна да жаңы сөздөрдү кошот. Маселен, диний көз караштар, технологиялык жаңы терминдер тил маданиятынын өнүгүүсү менен тыгыз байланышта. Аалымдар менен илимпоздор биргелешип чыгарган алгачкы түшүндүрмө китеп Акыркы жылдар аралыгында коомчулуктун диний түшүнүгү жогорулап, ал темада сүйлөгөндөр да […]

Калдайган Ак-Өгүздү карап турдум, Кайран эл, ажал тапкан кезегинде…


Быйыл Улуу Үркүнгө 100 жыл. Улутубузга унутулгус кайгы-касырет алып келген бул трагедиянын келтирген кесепети толушу кыйын. Ачыгын айтканда улуттун уңгусуна балта чапкан Үркүн темасына эгемендик күндөрдө ачык кайрыла баштадык. Айтайын дегеним Үркүндүн 90 жылдыгына карата атайын экспедиция уюштурулуп, Ак-Өгүз, Беделге чейин барып, ата- бабаларыбыздын 90 жыл бою ашуу-белдерде көмүлбөй ачык калган сөөктөрүн чогултушуп, жерге коюп, […]

Мезгил Исатов. “Экөөбүз эле”


(аңгеме) Жашагым келбесе деле жашап жатам. Бир кылмыштуулук сыяктуу жасала элек. Калп менен чындык ортосунда. Бир нерсе бир башкача. Менче…   Мен жана Мен, Экөөбүз элек. Сен түш көр мен көрөйүн дедим. Макул дегендей башын ийкеп жок деди. Менин түшүм менин денемде, тек гана карегимде. Жаштыгыма тойбой келем. Ачмын. Ач жаштыгым. Өмүр бүтөт ошол ирмемде. […]

Амантур Акматалиевдин алиппеси


Этнография – ар бир улуттун өзүнө гана тиешелүү маданиятын ( каада-салт, кол өнөрчүлүк, улуттук оюндары, өнөрү, музыкалык аспаптары, ырым-жырымдары ж.б.) ачып берген илимдин маанилүү тармагы. Түптүү журт катары ага тема болуп берүүчү түгөнбөгөн бай казынабыз бар. Бирок көп учурда күндөлүк эле жасап жүргөн тиричилигибиз, каада-салтыбыз, кийген кийимибиз, ойгон оюубуз, сайган саймабыз, салынган шырдагыбыз, тарткан туш […]

“Мaнaстын” Жусуп Мaмaй aйткaн вaриaнтындa нaйзaнын көркөм сүрөттөлүшү (Фолклордук-этнологиялык тaлдоо)


Бугу (май) айынын 23үндө Жалал-Абад мамлекеттик университетинде кытайлык залкар манасчы Жусуп Мамайдын (1918-2014) элесине арналган Үчүнчү эл аралык илимий жыйын өтөт. Төмөндөгү макала ошол жыйындын ирегесинде манас таануучу, аспирант Жаннатгүл Кудайберген тарабынан сунушталган. «Манас” эпосу –  көөнөргүс булак «Манас» – кыргыз элинин көп кылымдык тарыхый доорлорду бaсып өткөн жашоо-тирчилигинен чыгaргaн тaжрыйбaлaрынын символдук кaзынaсы, өткөн тарыхый […]

Аккөңүл менен Каракөңүл


(жомок) Илгери бир Аккөңүл деген менен Каракөңүл экөө дос болуп, алыс сапарга чыгышат. Экөө тең эки атка сылай азык-түлүк жүктөп, эчен күнгө жетерлик күлазык камдап, кулак угуп көз көрбөгөн алыс жерге жүрүп кетишет. Арадан айлар өтөт, жеп-ичкендери бир гана Аккөңүлдөн болуп, Каракөңүл эч нерсесин коротпой келе беришет. – Качан сенин азык-оокаттарың түгөнгөндө меникине кол салабыз. […]

Кыргыздын жармасы АКШда жайылууда


АКШнын Чикаго шаарындагы айрым кафелерде кыргыздын улуттук суусундуктары сатылууда. Органикалык таза азыктар менен жасалган улуттук суусундуктарды сатуу демилгеси кыргызстандык мекендешибиз Жуман Кеңешке таандык. Океандын ары жагында “Jamila’s Jarmah” деген ат менен сатылып жаткан суусундуктар тууралуу демилгенин ээси Жуман Кеңеш мырза “Марал” радиосуна маек куруп берди. – Саламатсызбы Жуман мырза, Америкада кыргыз суусундуктарын сатуу идеясы качан […]