Monthly Archives: Апрель 2016

1916: Көтөрүлүштү колдогон келгин украин жана орустар


1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш тууралуу даректүү маалыматтарды жарыялоону улантабыз. Кыргызстандагы көтөрүлүш очокторун диссертациялык эмгегинде атайын иликтеген тарыхчы, профессор Токторбек Өмүрбековдун макаласында 1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүшүнө айрым орус-украин келгиндеринин катышуусу тууралуу сөз болот. Кыргыздар алмустактан эле бөлөк-бөтөн элдерге ак пейил мамиле кылган, табиятынан өтө меймандос эл экендигин ар кайсыл мезгилдерде мында келген чет жерликтер баса белгилеп келишет. […]

Айтылуу Жоомарт Бөкөнбаев акындын армандуу махабаты


“Махабаттын даамын татпаган жан дүйнөгө бекер келип, бекер кетет”, – деген экен улуу акын. Андыктан бир келген өмүрдө махабатка магдыраткан эки тараптуу, түбөлүктүү сүйүүнүн ээси болуу жакшы деңизчи, бирок мындай бакыт ар бир адамга эле буюрган эмес. Жогоруда айтылгандай, бул жашоого бекер келбей, улуу жана унутулгус сезимди баштан өткөрүшкөн Жоомарт Бөкөнбаев менен Айсулуунун убайымдуу арзуу […]

Кайыргүл Сартбаеванын операдагы доору


Кыргыз элинин тарыхында опера өнөрү эч качан болгон эмес – бул кимге да болсо белгилүү. Бирок ар нерсеге ышкыбоз жана жаңы нерсени ар дайым жакындан кабыл алган кыргыз эли 20-кылымда музыка өнөрүндөгү эң эле элитардык деп эсептелген опера өнөрүн өтө тез өздөштүрдү, өздөштүрмөк түгүл маданияттын бул тармагында чоң жетишкендиктерге жетти, өз жылдыздарын дүйнөлүк чоң аренага […]

1916-жыл: Белимовдун кордугу


1916-жылдагы элдик-боштондук көтөрүлүшүнүн чыгышына эмне себеп? Элдик көтөрүлүштүн сабактары толук изилденип бүтө элек. Ушул убакытка чейин кандуу окуяга укуктук, саясий жактан баа бериле элек болсо да, капка шибегени ката албагандай тарыхый чындыктар калпып чыга берет окшойбу. Ошол орду толгус коогалаңдан жүз миндеген шейит кеткен кандаштарыбызды эскерүү, арбактарына таазим этүү азыркы, келечек муундун вазыйпасы. Быйыл үркүндүн […]

Улуу көтөрүлүшпү же “Үркүнбү”?


Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылдын 27-майында кол койгон «1916-жылкы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө” жарлыгы чыккан күндөн баштап ошол кандуу окуялардын тегерегиндеги эскерүүлөр түрдүү жанрдагы жана багыттагы изилдөөлөр, кабарлар, божомолдор, адабий чыгармалар жана башкалар менен коштолуп, күн өткөн сайын күч алууда. Кыргыз коомчулугунда гана эмес, Орусияда да бул датага кулагын түрүп, көңүл бурууда. Муну 2015-жылдын […]

Сабырбек Түгөлбай уулу: “Бизди эч ким укпай атамдын керээзи аткарылбай калды”


Кыргыз Эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбеков менен бүтүндөй кыргыз эли сыймыктанып келет. Бирок бул залкардын жашоодо кандай инсан болгону баарыбыз үчүн белгилүү эмес. Андыктан Түгөлбай атанын үйүнүн босогосун аттап уулу Сабырбек агай менен баарлашып кайттык. – Сабырбек ага, сиз Түгөлбай атанын канчанчы баласы болосуз? – Мен 1947-жылы туулгам, атамдын уулдарынын кенжесимин. Биз үч уул, бир […]

Сафиева: Кыргыздар бизди элдештиргени эстен чыкпайт


Тажикстандын Эл акыны, СССРдин акыркы Жогорку Кеңешинин депутаты болгон Гүлрухсор Сафиева Кыргызстанда таанымал инсан. Ал 1990-жылдары өзү күбө болгон окуялар, Бишкек менен байланышы тууралуу Прагадагы студияда маек курду. “Азаттык”: Сиз жанараак “мен Кыргызстандын эжеси болом” деп тамашалап калдыңыз, мен да сизге Гүлрухсор эже деп кайрылайын. Гүлрухсор Сафиева: Мен тамашасы жок эле чындыкты айттым (күлөт). “Азаттык”: […]

Мухаммед Заман өз доорунун кашкөйү


XVII кылымда өткөн перс художниги Мухаммед Заман ислам художниктеринен биринчи болуп европалык художниктеринин сүрөт тартуу техникасын пайдаланган. Ал Персияда биринчилерден болуп май боёк менен да сүрөт тарткан. Ислам дини адамдын сүрөтүн тартууга уруксат береби? Кээ бир адамдар өз заманынан озуп, чоң тарыхый бурулуштарды жасашат. Чыгармачылыгы 1649-1701-жылдарды камтыган Мухаммед Заман ушундай жаңычыл инсан болгон. Ал перс […]

Кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн китеп чыкты


Филология илимдеринин доктору, профессор Камбаралиева Уулкандын кыргыз тилин чет тили катары үйрөтүүгө арналган “Элдик уламыштар, икаялар көркөм чыгармаларда жана фильмдерде. Кыргызча сүйлөшөлү”, “Кыргыз обон-күүлөрүнүн дүйнөсү. Кыргызча сүйлөшөлү” аттуу эки китеби жарык көрдү. Китептер жалпы эле кыргыз тилин үйрөнүүчүлөргө арналып, алардын тилдик жөндөмдүүлүктөрүн, көндүмдөрүн жакшыртып, калыптандыруу үчүн  сунушталат. Китепте берилген уламыш, икаялар темага байланыштуу тандалуу менен, […]

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чынгыз хан кыргыз болгон


(жаңыланган акыркы варианты) Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери расмий тарыхы эч өзгөрбөй турганы менен айрым окумуштуулар, тарыхка кызыккан адамдар тарабынан көптөгөн маалыматтар табылса дагы иретке салынып, дале толук иштелип чыкпай турат. Айрыкча, “Монгол доорундагы” тарыхта чаташуулар көп болгондуктан, Чынгыз хан тууралуу тарыхый булактарды өтө тыкан карап чыгууга туура келди.   ЧЫНГЫЗ ХАН ЖӨНҮНДӨГҮ ТАРЫХЫЙ БУЛАКТАР […]

Жаңы муун күткөн адабият


Кыргызстанда жергиликтүү адабиятчылар дүйнөлүк адабияттагы өнүгүү тууралуу эки ача пикирде. Улуттук адабияттын деңгээлине да канаттангандар аз. Анын себебин жаралып жаткан чыгармаларды иргей турган адабий сындын жок экенинен көрүшөт. Адабияттагы бурулуштар Учурда Бишкектин чок ортосунда, ачык асман алдында жайгашкан чакан китеп базарында адис адабиятчылар жазуучу деп эсептебеген авторлордун жеңил-желпи темадагы китептери өтүмдүү. Мисалы Айгүл Шарше кызы […]

Алыкул Осмоновдун арзуусу


Жаманынан жүрөктү эзген оору алып, Жакшысынын кадырына жетпедим… (Алыкул) Cүйлөшкөнгө эби жок, тогологунан келген комсоо бала Алыкул Осмонов тууралуу канчалаган эскерүүлөр жазылбады. Сөзгө сараң, түнт, ойчул Алыкулдун сүйүү ырларына себепкер болуп, легендарлуу каарманга айланган бизге белгилүү сулуулар тууралуу эскерүүнү туура таптык. Алыкулдун арманы болгон Айдай Жигиталиева Айдай Жигиталиева – акындын өмүрүндө, ырларында өзгөчө изи калган аялзаты. […]

Жерге-Талдын кел-кели менен кет-кети…


Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү Жолдош Турдубаевдин Тажикстандын кыргыздар жашаган Жерге-Тал аймагы, андагы элдин өтмүшү менен азыркы турмушу тууралуу макаласы. Көч Кыргыз көчү дайым суу бойлойт (Суу кечпесе көч да көч эмес): Бирде өрдөп, бирде ылдыйлап, Бирде аккан сууну ээрчисе, Бирде албуут агым утурлап… Тээ байыркы мезгилде Энесайдын жээгинен козголуп келип, Ысык-Көл, Нарын, Ак-Буураны бойлой […]

Темирбек Токтогазиев: “Сиань шаарындагы чоподон жасалган (терракот) аскерди жерге Бакай бабабыз көмдүргөн”


Бүгүн Кытайдын байыркы борбору болгон Сиань шаарына төрт чакырым жакын жерде жайгашкан Терракот аскерлер музейин билбеген адам чанда кезигет, жер жүзүндө. Бул терракот аскерлери менен Кытай мамлекети аябай сыймыктанат. Муну байыркы мезгилде жашап өткөн Цинь (Чин) Шихуан императорунун мүрзө-музейи дешет кытайлыктар. Тактай кете турган болсок, бул терракот аскердин жайгашкан жери Цинь Шихуанди императордун мүрзө комплексинен […]

Өчпөс жылдыз, боорукер инсан Токон Эшбаев


Кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошуп, көптөгөн күйөрмандарынын кол жеткис жылдызына айланган КРнын Эл артисти Токон Эшбаевдин арабыздан өтүп кеткенине бир жылдын жүзү болуп олтурат. Өзү өлсө да жан дүйнөсүнөн чыккан керемет ырлары өлбөй, оболоп келе жаткан обончуну жакындары менен эскердик. Инабат, жубайы: «Азыркыга чейин күйүттөн арыла албай келебиз» – Эже, Токон агайдын бул дүйнөдөн […]

Жеңижок акындар поэзиясындагы классикалык үлгү


Мурда чыгармалары реакциячыл деп саналган Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Арстанбек сыяктуу залкарлардын эмгектери өз баасын жоготпой, жумурай журтка жетип, чыныгы калыс баасын алды. “Көздүү шакек жерде калбайт” деген сыяктуу бул залкарларыбыздын көркөм мурастары канча убакыт өтсө дагы мазмунун жоготпой, өздөрүнүн окурмандарын тапты десек жаңылышпайбыз. Гезитибиздин бул чыгарылышында актаңдай акын Жеңижок тууралуу кеп кылмакчыбыз Мүлдө кыргыз-казакка […]

1916-жыл: Баатыркан – көтөрүлүштөгү кол башчы


Жакында менин колума 1916-жылдагы Ысык-Көлдөгү элдик боштондук көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири болгон, көтөрүлүштүн жүрүшүндө хан деп жарыяланган Баатыркан Райымбек уулунун чөбөрөсү Баатырканов Аманидиндин «Батыркан бабамдын баяны» аттуу эскерүүсү тийди. Анын эскерүүсүн эч өзгөртүүсүз толугу менен жарыялоодон мурда тарыхчы – изилдөөчү катары Баатыркан Райымбек уулуна байланыштуу тарыхый маалымат берүүнү туура таптым. Кыргыз элинин тарыхында 1916-жыл – элдик […]

Вандык кыргыздар: жергиликтүү түрк эли менен куда-сөөк болуп калдык


Түркиянын Ван аймагынан Анкара шаарына ондогон кыргыз үй-бүлө көчүп келген. Алар түрктөр менен аралаш Анкарадагы Чубук аймагында жашайт. Кыргыз улутундагы Абдулкаим Токер мындан 35 жыл мурун Афганистандан Түркияга көчүп барган. Отуз жылдан ашык Ван аймагында жашап келген Токер эки жыл мурун Анкара шаарынан 32 чакырым алыстыкта жайгашкан Чубук аймагына орун которгон. Ал Түркияга келгенде алгач […]

Тарагайдан жалп өчкөн өмүрлөр (Үркүнгө 100 жыл)


Жаманак ата Карымшак уулу 90 жашта. 1926-жылы азыркы Нарын районундагы Чет-Нура айылынын өрдөшүндө туулган жана азыр дагы аталган айылдын кире бериш ыптасында балдары, небере-чөбөрөлөрү менен бактылуу карылыкта өмүр сүрүүдө. Карыя кылым илгери болуп өткөн кайгылуу капсалаңдын капшабы азыркы Нарын районунун жогорку айылдарына жетип, бир нече түтүн элдин качкандыгы, алардын барган жериндеги кезеңдери тууралуу улуу муундардан […]

Жусуп кыргыз поэзиясына жаңы форма берген


Жусуп Турусбековдун чыгармаларынан анын чыгарма жаратуудагы чеберчилиги, сөздү ыктуу пайдаланган, жаңы формаларды издеген жаңычылдыгы, адабият теориясын мыкты өздөштүргөн окумал адам болгондугу байкалып турат. Бир үйдөн жалгыз калуу Кыргыз адабиятынын көч башында турган үлкөндөрүнүн бири – Жусуп Турусбеков 1910-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк –Сай айылында туулган. 6 жаш курагында орус колонисттеринин жазалоочу отряддарынан качып, үрккөн […]

Жайдарбек Кунгужинов, «Номад» каскадёрлор тобунун жетекчиси: «Көп жаракат алдым, бирок каскадёрлукту таштабайм»


Бул киши кыргыз-казак каскадёрлорунун багын ачты. Себеби ал аркылуу дүйнө эли бизде кандай мыкты өнөрпоздор бар экенин билип отурат. 47 жашында эл аралык трюк коюучулардын тайпасына кирген «Номад» каскадёрлор тобунун жетекчиси, актёр-каскадёр Жайдарбек Кунгужинов кесибинин күнгөй-тескейи тууралуу айтып берди. Номад (nomad) – англис тилинен которгондо «көчмөн» дегенди түшүндүрөт. Топто 30 ат, 54 каскадёр (арасында 10у […]

Баланы тарбиялоодо кереги жок 10 сөз


Тарбия берүү – улуу иш: ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет. Андыктан психологдор баланы тарбиялоодо маңызы жок сөздөрдү айтпай эле коюуга кеңеш беришет. Мейли балаңыз жаңы гана төрөлгөн болсо да, мындай нерселерди оозго алуу ашыктык кылат, себеби алар баарын, керек болсо сиздин интонацияңыздан эле түшүнүп алышат. Психологдор бала тарбиялоодо айрым сөздөрдү айтпоого чакырышат. 1. Сеники […]

Мезгил Исатов


Кара сөз Бир башкача күн (новелла) Кээде (новелла)   Ырлар * * * Кыш да келди, Үшүп турат арзуулар Ашыктыктын ысыктыгы кандагы Аппак карды алаканда ээритип, Музга айланып тамчылары Жерге жетпей жүрөктөргө сайылды. 10.01.2016-ж.   * * * Күндөр менен күзгө айланган сүйүүбүз Токтоп калды. Кышы, жазы келбеди, Жалбырагы улгайыңкы кулады. Сүйүүлөрдүн эң акыркы жүзүндөй […]

Габдулла Тукай: Татар десе жан берем…


26-апрелде татар коомчулугу Габдулла Тукайдын 130 жылдыгын белгилешет. Анын өмүрү элинин көйгөйүн жана кемчиликтерин тартынбай ачык айтып, ага кызмат кылуунун үлгүсү. Акын, жазуучу, публицист, котормочу Тукай айтып кеткен проблемалар бүгүн да Орусияда жашаган татарлар үчүн актуалдуу. Кыска өмүр деле эл үчүн үлкөн иштерди жасоого жолтоо боло албасына татар акыны Габдулла Тукайдын чагылгандай тез өтүп, эрте […]

Курманжан датканын Кытайдагы өмүрү


Курманжан датка боюнча Кыргызстанда бир кыйла изилдөө эмгектери жарыяланган, маалыматтар, улуу инсанга арналган китептер жарыкка чыкканын билебиз. Бирок, Курманжан датканын өмүр баянынын бир салаасы Кытайга байланышканы тууралуу маалыматтар жарыялана элек. Ошондуктан Курманжан датканын Кытайдагы өмүр жолунун бир үзүмүн айтып берүү окурмандарга кызыктуу болот го деген ойдобуз. Курманжан датка, башында Кытайдагы кыргыздар байыртадан бери жашап келген […]