Monthly Archives: Июнь 2014

Эгемберди Эрматов, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы: “Бир мезгил келет, адам көркөм адабиятсыз жашай албай калат. Себеби байлык менен бийлик тажатат”


Акындык өнөрдүн үзүрүн көргөндөр да, көрбөгөндөр да бар. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Эгемберди Эрматов адабият, поэзиянын жыргал-кууралын көрүү менен өзүнө көп бийиктик багынта алгандардын бири. Эл арасында кадыр-барк күттү, чыгаан акын катары аты таанылды, өзүнө шакирт ээрчитти, анан да өзү айтмакчы, поэзия аркылуу адам болуу эмне экенин түшүндү. Кеп Кыргыз Эл акыны, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик […]

Кайра ачылган “Гүлдесте”


1970-80-жылдары аты чыккан “Гүлдесте” тобу кайра түзүлүп, концерт бере баштады. 1970-80-жылдардагы искусство агымын  аваз ансамблсиз элестетүү кыйын. Кичинекей Кыргызстандын ар тарабынан чыккан “Наристе”, “Гүлдесте” “Арашан”, “Күлгүн жаш”, “Досум Үсөн”, “Кыз Бурак”, “Назик”, “Гүлкайыр” жана башка ансамблдер райондук, облустук, шаардык маданият үйлөрүнөн, айылдык клубдардан чыгып элет жеринин маданиятына зор салым кошуу менен сыймыгына айланган эле. Республикалык, […]

“Бешиктен чыккан” беш чыгарма


Ч.Айтматовго арналган илимий эмгектер, кудайга шүгүр, азыр өзүнчө бир китепкана болуп калбадыбы. Ошентсе да… Айтматовдун да айдыңында айдалбай калган “ала жерлер” калыптыр. Анын орус басылмаларында жарык көргөн алгачкы беш аңгемеси (“Газетчи Дзюйо”, “Ашым”, “Мы идём дальше”, “Сыпайчы”, “На богаре”) алиге чейин айтматов таануучулардын назарына илинбей, жазуучунун “көздү уялткан” башка шедеврлеринин “көлөкөсүндө” калып келгенине эч ким […]

Таланты таш жарган даанышман


Илгери өткөн заманда Көлдүн тескей өрөөнүндө тынымсейит уруусунун бир журтуна Буйлаш бий башчылык кылып турган экен. Мал-журту, бала-бакырасы тамыр жайып, аброю артып, бакубатчылыкта бийлеп турган журтун. Күндөрдүн биринде айылына айтылуу Санчы сынчы келип, сынап берүү өтүнүчүн билдирет. Сынчы: – Бийим, – дейт суз гана, – балдарыңдын тобунда сиздин мартабаңызды арттырар, камчы саптык мураскоруңузду көрө албай […]

Байыркы бабалардын элестеринен көзгө сүртүмдөр


РЕДАКЦИЯДАН: Сүйүнчү! Байыркы Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн дайны чыкты! Гезитибизге бул эксклюзивдүү маалыматты Кытайдагы кандашыбыз, атпай кыргыз журтуна аттын кашкасындай таанымал окумуштуу Макелек Өмүрбай агабыз өз колу менен алып келип тапшырды. Президентибиздин жарлыгы менен “Мамлекет-түүлүктү бекемдөө жылы” деп жарыяланган быйылкы жылда бул жалпы журтубуз үчүн эң жакшы жышаан деп жорудук. Анткени кыргыздын алгачкы мамлекетин түптөп, Кытайдай […]

Тогуз коргоол – кылым карыткан кыргыз оюну


Чараларын оюшуп, Бир жагына бир тогуз, Бир жагына бир тогуз, Үй чыгарып коюшуп, Ою менен олтуруп, Ташын салып толтуруп, Тогуз коргоол ойгону, Ордо, тогуз коргоол деп, Жаш Манас кылып койгону… Тогуздан коргоол салганы, Бу Манастан калганы… (Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча “Манас” эпосунан үзүндү) Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн биз көздүн карегиндей сактап, муундан-муунга өткөрүп берүүчү белгилеринин бири […]

“Айтып жүргүн, балдарым, Молдобагыш санатын”


Сан түтүн саруу ичинен, Сарыбайдын уулумун Бирок кагаз-калемдин касиети ушунда экен, анын айрым чыгармалары бизге жетти. Молдобагыштын бизге кечигип жеткен «Абак дептери» менен «Акындар сериясына» кирген ырларын окуганда тагдырдын жазмышы менен тартпаган азабы калбаган бул инсандын чынында эле талант даарыган өнөр адамы болгондугун баамдоого болот. Окумалдар жердеген, Олуялар чендеген, Авлетим сай туругум, Теңиринин кулумун. Сан […]

Владимир Санги: Өрдөк жөнүндөгү нивхи жомогу “Ала Дөбөттүн” өзөгү болду


Орустун таланттуу жазуучусу Антон Павлович Чехов өмүрүнүн бир үзүмүн Сахалинде өткөрүп, күн чыгыш аралындагы жашоону өзүнүн чыгармаларында калтырганын мектептен окугам. Кийин Сахалиндеги түпкүлүктүү нивхи элинен чыккан Владимир Михайлович Сангинин чыгармалары менен таанышып, балалык кыялымда керемет аралды көрсөм деп эңсегем. Орто жашка жакындаганымда ошол кыялым орундалып, туз насип буюруп Сахалинде бир жыл жашадым. Ошол жылы Кыргызстанда […]

Жусуп Мамай манасчы менен Кубат Жусубалиевдин жолугушуусу


Кытайлык кыргыздардан чыккан белгилүү манасчы Жусуп Мамай дүйнө салды 1-июнь күнү каза болду. Манасчынын сөөгү Кытайдын өзү жашаган Ак-Чий аймагында жерге берилет. Мындан эки жыл мурун Кубат Жусубалиев Кыргызстандан Кытайды көздөй аттанганда эле “Манасчы Жусуп Мамайга жолуксам” деген тилек менен кеткен. Токсон беш жашка толуп, тоодой болуп олтурган манасчыга жолугуп, суроолоруна жооп алып, кызы Жамбы […]

Атактуу манасчы Жусуп Мамайдан айрылдык


Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автоном районунда Ак-Чий ооданында Жусуп Мамайдын зыйнаты өттү. Залкар манасчынын сөөгү сый-урмат менен жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу иш-чарасына Кыргызстандан президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев баштаган 9 адамдан турган өкмөттүк топ катышты. Алардын арасында Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов да болду. “Азаттык” жазуучу менен залкар манасчы бейитке коюлуп жаткан чакта байланышты: – Жусуп […]

Абдыкерим Муратов: “Такталбаган Токтогул”


“Такталбаган Токтогул” (адабий-тарыхый изилдөө)

Өзгөн Кескин жана анын “Алперендер очогу” романы


Биз, кыргыз журналисттери, быйылкы март айынын башында Түркияга барганда, Бурса шаарынын ичиндеги Йылдырым шаарчасынын мэри жана ошол эле кезде шаар депутаттарынын спикери Өзгөн Кескин иш бөлмөсүндө жолугушуу өткөргөн. Анын ата-бабалары качандыр бир кезде Ала-Тоо тараптан келип, ошондон улам Өзгөн деген атты алып жүргөндүгүн айтты эле. Ал түрк дүйнөсүнүн улуу уулу, сопу акыны Акмат Йассави да […]

Токтогул көрбөгөн китепти, Токомбаев көрбөгөн китепти биз көрдүк


Бишкекте Аалы Токомбаевдин “Токтогул” романынын бет ачары белгиленди 27-майда Улуттук китепканада Аалы Токомбаевдин “Токтогул” романынын китеп болуп чыгышынын таанытымы өттү. Бул чыгарма өзгөчө тагдырга ээ. Анын жазыла баштаганын Токтогул билген эмес, анын китеп болуп чыкканын А.Токомбаев да көрбөй калды. Мунун биринчи жана башкы себеби – советтик саясат менен байланыштуу, себеби роман жазыла баштаганда Сатылганов Анжиан […]