Monthly Archives: Июнь 2011

Кыргыздар – ат жабдыктарынын усталары


Кыргыздардын маданиятына кызыккандар, сүйүнгүлө: Кыргыз Республикасынын  тарых музейинде “Кыргыздардын ат жабдыктары. XIX-XX кк.” аттуу көргөзмөсү өтүп жатат. Мен дагы  бүгүн өз көзүм менен көрүп  анан окурмандар менен бөлүшөйүн деп, барып келдим. Көргөзмөдө көрсөтүлгөн буюмдарда чеберлердин кылдаттык менен аткарган жумуштарында алардын эстетикалык табити жана жылкылырга болгон сүйүүсү даана байкалып тура . Бул көргөзмөгө киргенде эле эки […]

Заман залкары


Тунгуч чыгарма-классика жана 21 жаш Кыргыз улуттук адабияты менен искусствосунун тарыхында Бексултан Жакиев деген ысымдын орду чоң, өтө белгилүү. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу,  Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Казакстандын Т.Айбергенов жана Ж.Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктарынын лауреаты, Республиканын искусствого эмгек сиңирген ишмери, профессор Бексултан Жакиевди улуттук адабиятта улуу устат десе да жарашат.

Талант татыктуу баасын алдыбы?


Ошто Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгына арналган марафон өттү. Ага катышкандар таланттын эмгеги эмдигиче татыктуу баасын ала албай жаткандыгын белгилешти. Рыспай Абдыкадыровдун досу Абдылда Капаровдун айтымында, мамлекет тарабынан залкарга убагында камкордук көрүлгөн эмес: – Рыспай менен 30 жылдай чогуу жүрдүк. Чынында, мындай таланттар кылымда бир жаралат. Албетте коммунисттик доордо деле эмгеги жетишээрлик бааланган жок. Ошого карабастан Давлет деген […]

Эне тилин унутуп бараткан муун


Орусияда отурукташып калган кыргыз мигранттарынын экинчи мууну кыргыз тилин күнүмдүк турмушта гана аз-аздан колдонуп, эне тилин бара-бара унутуп баратат. Ошону менен бирге учурда Орусияга кыргыз айылдарынан жумуш издеп баргандардын агымы күчөдү. Бирок алар орус тилин начар билет, же таптакыр билбейт. Кыргыз тилин аргасыз унуткандар Биз Ошто жүргөндө Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылынын тургуну Маматсагын Калбаевдин үйүнө баш баккан […]

"Арай көз чарай": Ислам элдик салтка каршыбы?


Шарият эрежелери кыргыздардын көөнө каада-салтына, карманган маданиятына тыюу салабы? Ислам менен кыргыз салты бири-бирине каршыбы? “Азаттык”: Биздин конокторубуз – жалпы журт тааныган композитор, журналистТүгөлбай Казаков, Бишкектеги Ислам университетинин ректору, көрүнүктүү диниятчы, окутуучу Абдышүкүр ажы Нарматов жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору, профессорБектемир Жумабаев. Оболу, Кыргызстан муфтиятынын расмий интернет барагына […]

Кыргыз эли менен Түрк (ТҮРҮК) элдеринин ортосундагы байланыш


Биздин бабалар кандайдыр бир жакшы иштерин баштоонун алдында Жаратканым Көкө Теңирге, жаратылыштын касиеттерине, бул жалгандан өтүп кеткен ата-бабаларыбыздын, Манас бабабыздын, ата-энелерибиздин, Умай энебиздин арбактарына кайрылып жакшылыкты суранышчу экен, мен да ушул эмгегимди жазардын алдында жогорудагы жазылган ыйыктыктарга кайрылып суранып кетким келет: Кыргыз элиме, жек-жааттарыма, туугандарыма, уул-кыздарыма, неберелериме тынччылык, ден соолук, иштеринде, окууларында ийгилик жана жакшылыктарды […]

Сырга Бөкөнбаева: "Атам кыргыздын Пушкини эле"


Бөкөнбаевдер менен Адышевдердин өрнөктүү өмүрү, кылган кызматы, жазып калтырган кол жазмалары ар бир окурмандын кулагына күмүш сырга болсун деген ой менен кыргыз акыны Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышеванын кызы Сырга Бөкөнбаева менен эскерүү-маек курган элек. Ушул маекти сиздер менен бирге эшитсек… Алгачкы киносценарийдин автору же “Айчүрөк” либреттосун ким жазган? – 2007-жылы ата-энеме арнап, эсте калган […]

Байсалдуу өмүр, бараандуу талант


Балалыктын башаты Биздин байыркы жана түбөлүк жаш элибиз аттары тарых барактарында өчпөс алтын тамгалар менен жазылып калган жана жазылып кала турган даңазалуу инсандары менен табигый түрдө сыймыктана алат. Алар ар кайсы доорлордо жашап өтүшкөн, ошондой эле азыр да арабызда аман-эсен өмүр сүрүп жатышкан биздин мекендештер. Кимди-кимди дебейли, бирок ошолордун сабында Кыргыз эл жазуучусу, атактуу драматург, […]

Куйручук олуя да болгон…


“Куйручук” деген атка ээ болгон Кудайберген Өмүрзак уулу 12 жашынан малайлыкка жалданып, үркүндү, оор турмушту башынан кечирген. 5 жашынан куудулдукту үйрөнгөн Куйручуктун куудулдук гана эмес, көрөгөчтүк, олуялык, баатырлык, акындык жайы бар экенин баары эле биле бербесе керек. Өтө курч ырларды чыгарып, “Манас” эпосун жана башка дастандарды айта билген ал 1938-жылы өнөрпоздордун республикалык олимпиадасына катышкан. Ал […]

Кудай сүйгөн Куйручук


Жалпыга маалым болгондой, быйыл айтылуу олуя, куудул, манасчы, акын, балбан, айтор көп таланттын ээси болгон Куйручук Өмүрзак уулунун 145 жылдыгы июль айында анын кичи мекени Жумгал өөрөнүндө жана Сөң-Көлдө мамлекеттик деңгээлде белгиленгени турат. Биз ошол мааракени утурлап, жазуучу Эркалы Өскөналынын эл оозунан 13 жыл бою жыйынап жазган “Кудай сүйгөн Куйручук” аттуу китебинен үзүндү берип турмакчыбыз. […]

Москванын кыргыз палвандары


Мен күрөш өнөрүнө бала кезден бери кызыгам. Буга балким, палвандардын кичи бешигине айланган, Орто-Азияга таанымал Тапанча, Баяман, Ибайдылла аттуу бир топ абройлуу палвандарды торолтуп-өстүргөн айтылуу Сузак өрөөнүнүн Кара-Дарыя айылында туулганым себептир. Андыктан, биздин айылда бешиктен бели чыга элек баладан тартып, бели бекчейип, карылыктын төрүндө олтурган чалдарга чейин күрөшө берери талашсыз. Буйрук экен, эр жеткенде палван […]

“Чыңгыз бала кезинен ойчул болчу”


Акыйкатта, Сөз баккан кыргыз гана мына ушинтип айтат. Түпкү маанисин сүрүштүрө келсеңиз, адамзаттын өмүрү канчалык кыска да, бир гана Сөз, эс-тутум түбөлүктүү дегенди туюнтат. Ак сөз. Чыңгыз Айтматов ошондой Сөз баккан Аалам алптарынын бири эле. Төмөндөгү макалада ошол  кишинин курдашы Тургунбек Суранчиев аксакалга сөз беребиз. Абдыжапар Нурдинов Балтыр канаган балалык… Жаштайыман жетим калып, менин балалыгым […]

Көз ачып, көкүрөк ойготкон акын


Биздин  жогорку класстарда окуган  мезгилибиз аңтар-теңтер заманга туш келди. Окуучулар эмне окуп, эмне жазарыбызды, мугалимдерибиз эми сабакты кандай өңүттө улантарын билбей бир саамга делдирей түшкөн мезгил болчу. Эки-үч барактан жазып айрып ыргытып, сындырып, оңду-солду  урунган калем, дептерлерибиз заматта жылан сыйпагандай жоголуп, эзели “таңкыс”, “жок” деген сөздөрдү түшүнбөгөн жаныбыз үнөмдөй албай кыйнала түштүк. Бирок, ошого катар […]

Чүкө чертмей


Оюнчулардын саны 2—5 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча. Оюнда чүкөлөр колдонулат. Оюнга даярдануу. Катышуучулардын бирөөсү калгандарынан бирден чүкөлөрдү алып, колдоруна чогултуп, аларды бир канча жолу өйдө-ылдый кыймылдарды жасагандан кийин, жерге жайылтып таштайт. Андан кийин эки топ же ойноочу эки колун бирден чүкө өкчөйт. Кимдин чүкөсү «алчы» болуп түшсө ал оюнду биринчи баштайт, жердеги чүкөлөр таа […]

Баш кийимди уруп түшүрмөй


Оюнчулардын саны 4—10 киши. Оюн аянтчада өткөрүлөт. Оюнда калпак, тебетей, топулар колдонулат. Оюнга даярдануу. Оюнчулар эшек жыгачтын жанында турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Жорго салыш


Мелдешке жорго салдыруунун ыгын жакшы билген чоң кишилер катыша алышат. Жашы 3 жаштан жогору бардык тукумдагы жорголор коё берилет. Оюн өткөрүлүүчү аралык 2000 метрден 10000 метрге чейин болушу мүмкүн. Оюн өткөрүлүүчү жер Оюн түз айлампада, түз жолдо, ипподромдо өткөрүлөт. Оюнду өткөрүүнүн тартиби Оюнчулардын оюнга чыгуу кезеги чүчүкулак кармоо менен аныкталат.

Манас Осмон


“ТОГУЗ КАЙРЫК-2011” Республикалык телесынак фестивалынын ЖОБОСУ


Биз Сизди Боогачынын 145 жылдыгына жана Ниязаалы Борошевдин 155 жылдыгына карата кыргыз элин дүйнөгөтааныткан өнөрпоздордун “Тогуз кайрык” телефестивалына  жогорку деңгээлде өткөрүүгөколдоо көрсөтөт деп ишенебиз. Төгүлүп  чайпалса  да  бир ууч кыргыз теңдеши жок  “Манасын” сактай алган миллион сап ырды жатка айткан Сагымбай, Саякбайдай залкарларды, “Аккан сууну” жумалап ырдаган Жеңижок, Барпыдай төкмөлөрдү, 500 күү симфонияны нотасыз ойногон […]

Улуу талантты таптаган Уулча эже


(“Акындын жүрөгү” повестинен) …Ошол кырсыктуу күнү кыргыз поэзиясынын дагы бир Чолпон жылдызы өчкөн эле, жаркын маанайлуу ырлары болсо, ошол улуттук  поэзиянын мангилик жарыгына айланып кеткен эле. Ал күнү 1989-жылдын 30-январы болчу. Ызгаардай суук кабарды күтүүсүздөн уктук. Куду Күн жаркырап туруп, чагылган чарт эткендей, жер силкинип кыян жүрүп кеткендей бүткөн бой дүр этти, кайран Турар жарык […]

Элдик талант Эстебес


Ыр нөшөрү Ооба, Эстебес таалайды, даңкты өнөр аркылуу тапты. Эгер таалайды табуу үчүн эмгек кылбаган болсо, анын артынан кууп түшүп, эл үчүн, эл арасынан чыккан тубаса өнөрпоздордон алып чыкпаган болсо, алардын арбактарын аздектеп элге жайылтып айтпаган болсо, анда катардагы инсан катарында айтылып кала берсин. Чынында Эстебес ХХ кылымдын экинчи жарымынын аягындагы, ХХI кылымдын башталышындагы орошон, […]

Жаштыктын карылыгын, карылыктын жаштыгын толкон Макешова


Совет доорунда эле Айчүрөк Макешованын чебер калеми окурмандарга тааныш болуп калган. Анын “Кошокчу аял”, “Турмуш элеси”, “Каралдыңды унутпа” повесть, аңгемелер жыйнактары жарык көргөн. 2007-жылы “Туткун” романы басмадан чыкты. Улуу Ата Мекендик согуштагы тутканга түшкөн тагдырлар тууралуу бул чыгармасында элестүү жазылган. Мында турмуш чындыгы камтылып, жалаң кыргыздар эмес, согуш учурундагы көп улуттардын өкүлдөрү катышат. Автор менен […]

Арслан КАПАЙ уулу КОЙЧИЕВ: “Орустун балдары космонавт болом десе биз жазуучу болом деп кыялданчубуз”


Арслан Койчиев Кыргызстанда гана эмес, дүйнөлүк алкактагы белгилүү журналист, тарыхчы. Бир топ жыл Лондондо, Би-Би-Си радиосунун кыргыз редакциясында иштеди. Соңку мезгилде адабиятка сүңгүп кирип, көркөм чыгармачылык менен алектенүүдө. Таланттуу жазуучу менен биздин капыл-тапыл маегибиз чыгармачылык, анын коомчулукта чоң кызыгууну туудурган “Мисмилдирик” романынын тегерегинде болду. – Кыргыз совет адабиятынын классиктеринин ичинен Үркүн жө­нүндөжазбагандары аз эле болсо […]

Кыргыздын дагы бир таланты дүйнөдөн өттү


Манасчы жана маданият ишмери Уркаш Мамбеталиев 18-июнда Кыргызстан элдери ассамблеясынын курултайына катышуу үчүн келгенде капысынан көз жумган. Уркаш Мамбеталиев Кыргыз мамлекеттик филармониясында узак жылдар иштеп, “Манас” дастанын эл аралык деңгээлде таанытууга зор салымын кошкон өнөрпоз жана дастан айтуучу катары таанымал. Кыргыз эл артисти, манасчы Уркаш Мамбеталиевди акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 20-июнда Бишкектеги Опера жана балет […]

КӨК АСАБА


Автордон: Бул макала дал ошол Туунун үлгүлөрү талкууга түшөр сессиянын алдында “Бишкек шамына” берилген болчу. Бирок тилекке каршы дэрлик 8 беттен ашык көлөмдөн турган бул эмгек чет өлкөдөгү кайсы бир окуяны баяндаган кыска маалымат сыяктуу гезиттин алакандын отундай жерине басылып чыгып, маани-мазмунуна көпчүлүк түшүнбөй калган. Анткени, “эмне үчүн “үч түстүү” тууну кабыл алыш керек” экенин […]

"Кишенден бошонгон рухтун ырлары" – кыргыз поэзиясындагы жаңылык


Эмне үчүн белгилүү акын Карбалас Бакиров “Советбек Байгазиев бир китеби менен эле кыргыз поэзиясында көрүнүктүү орунду ээледи” деп жазып жатат? Анын себебин, бул китепти окуган соң билебиз. Арийне, ким болсоң да чындыкты жалпы адамзаттын акыл казынасынын нукура байлыгы болгон таланттын эмгегин көрүп билип туруп айта албай келгениң ал бир трагедияң болсо, ошол чындыкты көрүп туруп […]