Monthly Archives: Ноябрь 2016

Быйыл “Ысык-Көл” форумунун өткөнүнө 30 жыл толот


Кыргызстандын чыгармачыл союздарынын Конфедерациясы 12-декабрдагы Адабият күнүндө «Ысык-Көл» форумуна 30 жыл толгондугун белгилешет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Улуттук жазуулар союзунун төрагасы, Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов билдирди. “Аталган форумдун Кыргызстандын тарыхындагы жана саясый турмушундагы орду өзгөчө. Президенттин жарлыгы менен “Тарых жана маданият жылы” белгиленип жаткан учурда Кыргызстандын чыгармачыл уюмдары маанилүү иш-чараларды көрүүдө. Ошентсе да “Ысык-Көл” […]

«Кыргыз адабияты» коркунучта!


Кийинки окуу жылынан тартып Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептерине жаңы окуу планы киргизилгени турат. Эгер буга чейин мектептерибизде 24-25 предмет окутулуп келсе, кийинки жылдан 14-15 предмет гана калат деген министрликтин планы бар. Себеби, Батышта ошондой окуйт экен, балдардын жүгү оор болуп кетиптир. Анда кайсыл предмет кыскарат? “Адеп сабагы”, баягы эле “Кыргыз тили”, “Кыргыз адабияты”, анан […]

Баарын коюп “Манасты” айт


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Манас” эпосунун изилдениши боюнча жарыялаган сынактын жыйынтыгын чыгарды. Сынак Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан Тарых жана маданият жылынын алкагында “Манас” темасында мамлекеттик тилде илимий иш жазган жаш илимпоздорго колдоо көрсөтүү максатында алгачкы жолу өткөрүлдү. “Сынакка эмгектер биз күткөндөн аз түштү. Бирок ошондой болсо да, жакшы […]

Көркөм окуу сынагы


Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Тарых жана маданият” жылынын алкагында, КР Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурган республикалык Көркөм окуу сынагын жыйынтыктады. Бишкек шаарындагы жогорку жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын ичинен тандалып алынган 28 катышуучу республикалык көркөм окуу сынагында таймашты. Сынак К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык  университетинин концерттик залында өттү. Эл-жер, Мекен, тарых, тил, эгемендик ж.б. мекенчилдикке үндөгөн […]

“Ак илбирстин тукуму”


Сюжетин эске салабыз Көзгө атар мерген Кожожаш бүтүндөй бир айылды мергенчилиги менен баккан тың чыкма жигиттерден. Эли ачкачылыктан кырыла баштаганда Кожожаш ашуу ашып Мундузбай аттуу байдан досу Касен экөө жардам сурап барышат. Байдын токолу Айкени көңүлүндө жактырып калган Кожожаш, ал айылга кийинки барышында Айке менен жолугат. Бул аралыкта Айке да ичинен тымызын Кожожашты күтүп жүргөн. […]

Жумамүдүн Шералиевдин кызы Турдугүл: «Атам обон жазып жатканда үй жымжырт болуп турчу»


Кыргыз маданиятына тоодой салым кошкон залкар инсан Жумамүдүн Шералиев – кыргыз элинин обон дүйнөсүнүн көч башында турган сыймыктуу адам. Анын ырлары канчалаган ырчылардын жылдызын жандырып, атактуу адамга айлануусуна салым кошту. Өнөрү өзүнө гана эмес, өзгөлөргө да ийгиликтерди алып келген обончу тууралуу кызы айтып берет. – Эже, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, обончунун канчанчы кызы болосуз? […]

Зинакан Пасаңова. “Билерик”


(аңгеме) Жаңыдан супа сала баштаган жайкы таң айылдын чок ортосунда жайгашкан бак-шактуу үйдө ый менен башталды. Ушул үйдө бүт өмүрүн өткөрүп келген Айымпаша бүгүн түнү сексен эки жашында көз жумду. Короонун кең ачылган темир дарбазасынын сыртында тизилишип турушкан эркектер байбиченин уулдары, инилери, кайнилери эле. Ар бири жаңы ак калпак, чапан кийишип, белдерин шайы кур менен […]

«Коом жана Мен» сайтынын балдар адабияты боюнча сынагы 20-декабрь күнү жыйынтыкталат


Бул тууралуу аталган сайттын ээси Олжобай Шакир эскертет. Сынактын жеңүүчүлөрү Кыргызстандагы эң көрүмдүү телеканалдардын катарына кирген “КТРК” менен “ЭлТР”дин түз эфиринде жарыяланаарын билдирет О.Шакир. “Бул конкурстун максаты боюнча маалыматтык колдоо көрсөтүп, түз эфир берип келаткандыгы үчүн КТРКнын «Замана» студиясынын жалпы жамаатына жана 20-декабрь күнү саат 20.00дө конкурс жыйынтыгын жамы журтка жарыя кылуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала […]

“Маш ботой” – эркиндиктин маршы


Атактуу комузчу жана ырчы Атай Огонбаев бул күүсүн демейде элдин көңүлүн ачып, комузда кол ойното черткендин үлгүсү катары карачу экен. Мындан бир нече жыл мурун Вашингтондогу атактуу Кеннеди борборунда, башкача айтканда, Американын эң эле атактуу концерттик залында казактардын мыкты деген элдик музыкалык коллективдери чоң программада концерт берген эле. Айрыкча Курмангазы атындагы Казакстандын эл аспаптар оркестринин […]

Максат Чакиев: Азыр саясатка келүүгө ниетим жок


«Саясаттан сырткары» программасында көчмөндөр оюндарынын уюштуруучуларынын бири Максат Чакиев менен кыргыздын чүкө менен ойнолчу улуттук оюндарын заманбап деңгээлге алып чыгуу жана башка пландары тууралуу баарлаштык. – Максат Жолдошбекович азыркы тапта эмне менен алектенип жүрөсүз? – Жакында бир жобо чыгардык. «Айкүр» деген кыргыздын улуттук элиталык оюну бар. Илгери кыргыздын аристократтары, элиталары 20-кылымга чейин «Айкүр» деген чүкө […]

Чыгыш менен Батыштын Чолпондору


“Чыгыш менен Батыштын Чолпондору” дегенде, сөз кытайлык акын Ли Бо менен италиялык Данте Алигьери жөнүндө экендигин окумал адамдар дароо билишет. Анткени, бул экөө өз чыгармалары менен таң келеринен кабар салган Чолпон жылдыздай, бири бүтүндөй Чыгыштын, экинчиси бүтүндөй Батыш Европанын алдында жаңы доор келаткандыгынан алгач кабар салышкан. Экөө жер шарынын эки бөлүгүндөгү феодалдык догматтардын күнү бүтүп […]

“Кыргыз керемети”: тасма көп, сын жок


Быйыл кыргыз киносунун жаралганына 75 жыл толду. Буга байланыштуу маараке Улуттук филармонияда белгиленип, кечеде кыргыз киносунун шедеврлеринен үзүндүлөр көрсөтүлдү. 17-ноябрь – Кыргыз кино жаратуучулардын күнү. Бул майрам 1994-жылдан бери расмий белгиленип келатат. Биринчи кыргыз тасмасы – “Салтанат” 1955-жылы тартылган. Ошондон тарта бул тармак бат эле ирденип, 60-70-жылдары кыргыз киносу кадимкидей өз күйөрмандарын таап, Советтер союзунда […]

Эл акыны Шайлообек Дүйшеевге Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ыйгарылды


Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы КМШ ПААнын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын эл акыны, II, Ш даражадагы “Манас” орденинин, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Шайлообек Дүйшеевге ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. Сыйлыкты тапшыруу аземи бүгүн, 25-ноябрда […]

Жусуп Баласагындын доорунда Борбор Азияда жаңы маданият жаралган


17-ноябрда Бишкекте улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция ишин баштады. Ага коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркиядан окумуштуулар келишкен. Түрк тилдүү элдердин орток мурасы катары эсептелген улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракеси быйылкы тарых жана маданият жылы менен туш келип, андагы ири иш-чаралардын бири болуп саналат. Анын алкагында өлкөдө […]

Сүймөнкул өнөрдү аздектеген


Бишкекте советтик кыргыз актёру, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду эскерүү апталыгы жарыяланды. Апталык Улуттук көркөм өнөр музейинде Сүймөнкул Чокморовдун сүрөт көргөзмөсү менен башталып, Орус драма театрында “Акыркы чакырык” деп аталган спектакль менен уланат. Кыргыз киносунун өнүгүшүнө зор салым кошкон актердун атын түбөлүккө калтыруу иштери мамлекет тарабынан татыктуу колго алынбай жүргөнү коомчулукта айтылып келет. Актердун уялаш агасы Сүйөркул […]

Азамат Болгонбаев: орустардан чыккан төкмө акынмын деп тамашалапкалам


Айтылуу акын, кыргыз-казак акындарынын Эл аралык айтышынын баш байгенин ээси, ак таңдай акын Азамат Болгонбаев менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти. – Акыркы убакта алган сыйлык, наамдарыңыз куттуу болсун. Булар сиз үчүн күтүлбөгөн болдубу же көксөп жүргөнбү? – Рахмат. Ар бир чыгармачыл адам үчүн өзүнүн мамлекетине, элине кылган эмгеги – көкүрөгүндөгү өнөрүн тартуулоо деп эсептейм. Бирок […]

Кыргыздын турмуш-тирилиги саймалуу туш кийизде да жашаган


«Колдо бар алтындын баркы жок» демекчи, убагында көп нерсени элес албай, аттиң деп өкүнүп калабыз. Айылга кошокчу, жомокчу катары таанылган чоң энем Үрбүбүнүн айткан-дегендерин жазып албай не болдум. Ыраматылык чоң энем курак курап, кийиз басып, төрбөлжүн (шырдак) шырыган чебер дагы эле. Кайсы үйдө бөбөк төрөлсө, заматта топу, чапан же чыптама тиге калып, колтугуна кысып жөнөп […]

Сайтыңыздын же адабий баракчаңыздын болушун каалайсызбы?


Анда бизге кайрылыңыздар! Интернет чыгармачыл адамга окурмандарын табууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Мисалы, социалдык тармактар. Бирок айрым учурда чыгармаларың иреттешкен түрдө болушун каалап кетесиң. Мындайда өзүнчө сайт ачуу зарылдыгы бар. Биз сайтыңарды ачып, баштапкы материалдарыңарды жайгаштырып беребиз. Сайтты каражатты талап кылбаган бекер хостингде ачып беребиз, башкача айтканда, сайтты мындан ары иштеткенге эч бир чыгым кылбайсыңар. […]

Моцарт менен Сальери: гений жана көрө албастык


Гений жана көрө албастык… Бул байыртан келе жаткан дилемма, эскиден калган оору, азыр да жашап келаткан бүтпөс проблема. Генийдин генийлигин эл тааныйт, бирок аны тегеректегендер эч бир көргүсү келбейт же көрсө да көрмөксөнгө салат. Ортозаар жөндөмү бар адам орошон таланттын жанында өзүн ар дайым кор сезет, кем сезет, ошондуктан аны колдон келсе четке сүрүп таштап, […]

Жумгалдагы бир күмбөздүн сыры


Бул күмбөз Жумгал районунун Чет-Кууганды айылында жайгашкан. Күмбөз турган жерди жергиликтүү эл Ак-Бейит деп коюшат. Анткени, бул күмбөздөн сырткары ал жерде эски көрүстөндөр, коргондор жана мүрзө үстүнө тургузулган башка эстелик белгилер бар. Чет-Кууганды өзү Жумгал өрөөнүндөгү чакан айылдардын бири. Болгону 30 түтүндөй эл жашайт. Эл отурукташып, айыл түптөлгөнгө чейин эле, Чет-Кууганды суусун бойлоп көчмөн калк […]

Кеп казына. Жүрөгүндө ыйман, акылында билими бар Молдо Кылыч


Кыргыздын туңгуч жазма акыны Молдо Кылыч Шамыркан уулу 1866-жылы Кочкор өрөөнүндө туулат. Түндүк кыргыздарынын туңгуч жазма акыны, “замана” агымынын көрүнүктүү өкүлү. Сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы Төрөгелдинин небереси. Жаш кезинен диний мектептен сабаты жоюлуп, ырларын кагаз бетине түшүргөн. 1910-жылы өзү да бир аз убакыт бала окуткан. Ал өзү жашаган учурдагы коомдун зиреги, шарттуу түрдө билимдүүсү, карапайым […]

Темир Бирназаров, кинорежиссер: Биз кинону товарга айландырып салдык


Соңку жылдары өлкөбүздүн кино тармагы кайрадан жанданып, жергиликтүү тасмалар биринин артынан бири чыгып, мамлекет режиссерлорго жакшы көңүл бурууда. Бирок саны көп тасмалардын сапаты ар дайым эле көңүл жылытаарлык болбой жатат. Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров менен кыргыз киносунун азыркы акыбалы, кинонун коомдогу орду жана жаш режиссерлорго кеңештери тууралуу баарлаштык. – Темир мырза, биринчиден «Маданиятка эмгек сиңирген […]

Чыгыштын жылт эткен акыны


Кыргыз жазуучулары Өзбекстандын баатыры, өткөн жумада сөөгү жерге берилген акын Абдулла Ариповдун чыгармаларын жалпы чыгыш адабиятына тиешелүү өзгөчө көркөм мурас катары баалайт. Анткен менен акындын поэзиясы кыргыз окурмандарына кеңири жеткен эмес. Адистердин айтуусунда, буга улуттар аралык адабий байланыштардын солгун экени себепчи. “Ыргыткын поэзияны!” Өзбек адабиятынын классиги Абдулла Ариповдун поэзия түйшүгү тууралуу жазган саптарынан үзүндү: Оюнчук […]

Алым менен Шербет


Маалымат жана басма сөз күнүнүн алдында, 4-ноябрда , “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду айтылуу журналист-публицист, белгилүү акын Алым Токтомушевди эскерүү кечесин өткөрдү. Алым Токтомушев тууралуу сөз кылганда анын жубайы, белгилүү акын Шербет Келдибекова тууралуу айтпай коюуга болбой тургандыгы бул кечеде дагы бир жолу тастыкталды. Шайлообек Дүйшеев: “Алым менен Шербет урушса акча, дүнүйө талашып эмес, чыгармачыл ой, […]

Абдылдажан Акматалиев, академик: «Манас», Айтматов десе эле каражат табылып калбайт


2002-жылдан бери 10-ноябрь илим күнү деп белгиленип келет. Окумуштуу, илимпоздорду жок дегенде даталуу күндөрү эске алып турууну көздөп Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев менен гуманитардык илим жаатындагы саамалыктар, ийгиликтер менен кошо көйгөйлүү маселелерден тарта жөн гана турмуш, адамдык баалуулуктар, аруулук менен ичи тардык, улуулук менен көрпенделик тууралуу да баарлаштык. Албетте, анын баарын […]