Category Адабият

Гулливердин сүйүүсү же Сыдыкбековдун анты


Түгөлбай Сыдыкбеков менен жубайы Асылгүл эженин өз ара мамилеси, өтө тереңге кеткен руханий тамыры жана бири-бирине күйө да, сүйө билгени – бул өзүнчө легенда десек аша чаппайбыз. Биз, демейде, улуу инсан десе эле анын жасаган иштерин, аткарган кызматын, туулган жерин же алган сыйлыктарын эстей баштайт эмеспизби. Албетте, бул да маанилүү, бирок ошол улуу адамдардын адамдык […]

Музфира Мамытованын жаңы ырларынан


* * * Атымды уучтап алып муштумуңа, Кеткенсиң бир өзүңө ырыс сурап… Мен батпай калган экем, бала болуп, Тытылган турмушуңдун бир бурчуна… Таштаган көчөң мени таштан болду, Үстүмдөн үйрүлгөн бир асман болду. Өзүмдү миң жоготуп, миң издедим, Түздөйм деп сен адашып баскан жолду. Айтам деп жаман сөздөр үшүткөнүн, Урулдум айга-жылга күтүп сени. Кайтпадың… Коркпойт окшойт […]

Дат баспас калем ээси


Эл жазуучусу Көчкөн Сактанов 75 жашта! Кыргыз Эл жазуучусу Көчкөн Сактанов – 60-жылдары кыргыз адабиятында жаңы доорду жараткан калемгерлердин бири. Ал замандаш калемдештери поэзия жана прозада жаңы чыйыр салып, чоң аренага секирик жасашкан Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Жалил Садыков, Омор Султанов сыяктуу залкар таланттардын көлөкөсүндө калбай, өз темасын, стилин таап, кара сөздүн чебери […]

Анэс Зарифьян: Адам назик анан аябай морт болот


Кыргызстандык белгилүү акын жана окумуштуу, медицина илимдеринин кандидаты, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Анэс Зарифьян менен маекти сунуштайбыз. Анэс Зарифьянды окурмандар өткөн кылымдын 60-жылдарынын этегинен тарта акын катары жакшы билишет. Алагчкы ырлар жыйнагы 1983-жылы жарык көргөнү менен чыгармалары 60-жылдары эле басма сөздө жарыяланып келген. Анэс Зарифьян: Лирика мен үчүн сырдуу, табышмактуу. Албетте, кээ бир учурда автор […]

Алмаш Чойбекова: Азаптуу сулуулук. Акындык тагдыр. Армандуу өлүм


Акындык да, адамдык да жолу аксап, күйөөсүнүн кызганычынан ок жеп, азиз болуп калган акын аялдын тагдыры… Күйөөсү Алмашты аттым деп ойлоп, кийин өзүнө-өзү ок чыгарып өлүп алат. Ал эми акындын көзү көрбөй калат. Жакында кыргыз поэзиясындагы ошол жарык жылдыз биротоло өчтү. Бул туурасында колумнист Абдыкерим Муратов мүрзөгүл жазды. Биз анда Ошто пединститутта студент элек. Алмаш […]

Рахат Аманованы ырларынан


ӨКСҮК Канат кагып уча албадым кезинде, Кайрат айтып деген менен өзүмө, Качанкы бир калпыс кадам, ойлорум, Кайрып бербейт жаштыгымды, демимди. Кандай сонун кыял-тилек бар эле! Каалгый учуп ай-ааламды сермеген, Мен ал кезде кыял менен жашаган, Мен ал кезде бир башкача жан элем! Кайран гана кангып калган жылдарым.., Кайран гана карып болгон күндөрүм.., Кайран гана санаа […]

Жыргалбек Касаболотовдун ырлары жана котормолору


Ырлар ЖҮРӨКТӨГҮ МУЗ Астейдил арзуулардан канаат алып, Аттанам, алыс сапар эртесинде. Жүрөмүн баарысына калыс карап – Жүрөгүм жашайт Ызгаар Өлкөсүндө. Тулкума нурун төккөн аруу жандар Туйлаткан жигеримди унута албайт. А бирок эпкиниме багынса да Аяздуу көөдөнүмдү жылыта албайт. Ак мөңгү башат болгон турмуш шары Агылат, өз нугунда кенен бүгүн. Сезимди бүт ээритсем – анын баарын […]

Асанканов: Кыргыздардын этногенези боюнча жаңы эмгек жаздык


Жакында Москвада “Кыргыздар” деген фундаменталдуу илимий эмгек жарык көрдү. Анын авторлору кыргызстандык жана орусиялык окумуштуулар. Кыргыз элинин этногенезин, тарыхый-маданий байланыштарын жаңы илимий жетишкендиктердин негизинде иликтеген авторлор жамаатынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Аблабек Асанканов “Азаттыктын” студиясына келип жаңы эмгек тууралуу маек куруп берди. “Азаттык”: Аблабек мырза, студияга куш келипсиз. Бүгүнкү […]

Урал баатыр (үзүндү)


Элдик оозеки чыгарма элдик жакшы турмушту, мыкты ийгиликтерди эңсеген мүдөө-тилектерин туюндурат. Башкырт элинин “Урал баатыр” дастанында мына ушундай эңсөөлөр чагылдырылып, баш каарман Урал адамзатка мезгил-мезгили менен келе калчу өлүм, ажал деген алааматты таап, аны жок кылууну эңсеп, жер кезип чыгат. Дастанда анын жаратылыштын керемет көрүнүштөрүнө, купуя сырларына терең урматтоо менен, жер бетиндеги ар кандай терс […]

“Теңирим” ыры


Сөзү: Жыргалбек Касаболотов Обону: Жакшылык Ынтымак уулу Аткарган: Жакшылык Ынтымак уулу

“Адабият руху жана доор”. Кытайлык кыргыздардын адабиятын таанууга дагы бир мүмкүнчүлүк


«Адабият руху жана доор». Ушундай аталыштагы илимий макалалар жыйнагынын бет ачаары Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин филология факультетинде өткөрүлдү. Китептин автору кытайлык кыргыз, адабий сынчы жана адабият таануучу Мамбет Аамат. Бул эмгек Кытай жергесинде жашаган кыргыз боордоштордун айрым адабий чыгармаларын талдоого алган. Ага адабий, илимий, публицистикалык сын макалалардын топтому киргизилген. Кытайдагы кыргыз журтчулугунун жазма адабиятынын […]

Ибраим Хантүрк: 80ден ашык чыгарманы котордум


Кыргыз-түрк адабий байланыштарынын өнүгүшүнө Ибраим Хантүрктүн салымы зор. Анын котормосунда ондон ашуун китептер чыкты. “Манас” эпосу, Токтогул, Алыкул, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов сындуу алп акындардын чыгармалары менен түркиялык окурмандар Ибраимдин котормосу аркылуу таанышууда. “Азаттык”: Ибраим мырза, “Азаттыктын” студиясына кош келдиңиз. Орустун улуу акыны Александр Пушкиндин “котормочулар – бул почтанын аттары” деген таамай сөзү бар. Адабияттардын […]

Айыпсыз атылган адабиятчы


30-жылдардагы кандуу апааттын курмандыгы болгон алгачкы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн арасында Токчоро Жолдошев да болгон. Анын агартуучулук, билим берүү системасын уюштуруу жаатындагы эмгеги өзүнчө сөзгө арзыйт. Адабиятчы Токчоро Жолдошевдин кыргыз көркөм адабиятынын кандай болушу керектигин кашкайта көрсөткөн чыйрак макалалары азыр да кызыгуу жаратат. Туңгуч кыргыз сынчысы, бир боор калкынын сабатынын ачылышына үлкөн салым кошкон мугалим, эл […]

Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка 11 номинация боюнча сынак жарыяланды


Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, сынакка 35 жашка чейинки чыгармачыл адамдар кытыша алат. Жеңүүчүлөр диплом, төш белги жана 100 миң сом менен сыйланат. Сынактын катышуучулары 11 номинация боюнча ат салышат: Адабият жаатындагы мыкты чыгармалар; Журналистика жана телекөрсөтүү жаатында мыкты эмгек; […]

“АЛМАШЫМ”


Кечээ суук кабар жетти бизге. Алмаш Чойбекова акын эжебиз өтүп кетиптир. Акыркы жылдары ал карылар үйүндө жашап келген эле. Кантип жана эмне үчүн бул жерге келип калганын Алмаш эжени жакшы билген Бурулкан Карагулова эжебиздин эскерүүсүнөн билсек болот. * * * Алмаш Чойбекованы мен билгендей эч ким билбесе керек эле. Аябай сулуу болгон. Өтө таза да […]

Постсоветтик өлкөлөргө тартылган “темир тор көшөгө”


Батыш кайсы убакта Айтматовго Нобель сыйлыгын бериши керек эле? Батыштын Нобель сыйлыгы дүйнөдөгү эң жогорку баалуу сыйлык катары эсептелет. Бирок анын лауреаты болуу маселесине келгенде Жер шарына жарыгы бирдей тийбеген алакчылоо саясаты өтө жогору. Батыш менен АКШнын баалуулуктарына багындырылган, алардын камчысын чапкандарга ыйгарылуучу бирден-бир өң карама сыйлык экени да талаш-тартышты туудурбайт. Болбосо бул сыйлыкка кыргыз […]

Перизат АЛМАЗ кызы: «Бир келген өмүрдө мөлтүрөгөн булактай өмүр жарат»


БИР КЕЛГЕН ӨМҮРДӨ МӨЛТҮРӨГӨН БУЛАКТАЙ ӨМҮР ЖАРАТ Ой!.. …Туп-тунук – булакта суу ойноп агат!.. Толкуп-ташып тоолорду бойлоп барат, Байчечекей жээгинде чачын тарап – жерден көккө өсүүдө тип-тик карап… Кара жердин оозуна каймак тамат, Ой-бойумду балкытат – Ой бой рахат!.. …Рахаттанып жанар тоо жарк-жарк жанат!.. Чокусунда шумкар сызып аппак канат, Этегинде эркелешип эликтерим – Кучакташып кулундарым […]

«РухЭш» сайты чыгармачылык таймашка чыгууну каалагандарга адабий конкурс жарыялады


ЖОБО Кыргыз адабиятынын казынасын байытуу максатында котормо жанрында эмгектенген калемгерлер үчүн конкурс жарыялайбыз. Арийне, учур адабиятында котормо жанрына көңүл бурулбай келаткандыгын эске алдык. Аныгында: дүйнөлүк адабияттын өрнөктүү тажрыйбасын өздөштүрүү салты эгемендик жылдарынан бери калып келди, андыктан ушул багытта чыгармачылык таймашка чыгууну каалаган калемгерлер, камынгыла! Жалпы байге фондубуз – 100 000 (жүз миң) сом. 1-орундун жеңүүчүсү […]

Көӊүл буруӊуздар, бешик ырларына сынак жарыяланды!


«Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана Кыргыз Радиосу менен биргеликте мыкты бешик ырларына сынак жарыялайт. Сынакты өткөрүү мөөнөтү 2017-жылдын 7-июнунан 1-ноябрына чейин. Конкурстун максаты: Салттык (элдик) жана жаңы мыкты бешик ырларын чогултуу, жаратуу жана аларды эл ичине таратуу аркылуу бешиктеги наристелердин эртелеп өнүгүүсү үчүн көмөк берүү.   Сынакка катышуучу […]

Көркөм адабий чыгармалар, котормолор жана усулдук колдонмолор үчүн жарыяланган сынактын Жобосу


Жалпы жоболор 1.1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (мындан ары – Улуттук комиссия) тарабынан көркөм адабий чыгармалар, усулдук колдонмолор жана котормолор үчүн жарыяланган сынактын жобосу (мындан ары – Жобо) “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасынын” жана “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо […]

Сурамжылоо: ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПТЕРДИ ОКУЙСУҢАРБЫ?


Жүсүп Мамай айтымы жана Балбай Мамайдын кол жазмасы жөнүндө


Жүсүп Мамай айтымын изилдөөнү тереңдетүүдө, биз көбүрөөк Балбай Мамай уулун жана анын кол жазмасын изилдөөнү башкы орунга койсок, «Манастын» түбүн түптөй алабыз. Себеби, «Манастын» 8 бөлүмдүү (сегиз урпак) экенин Балбай Мамай уулу биринчилерден болуп тастыктап, таанып чыккан киши болуп эсептелет. Мындай билимдүү адамга 8 урпактуу «Манастын» айтымы (вариянти) жолукпаса, тигил кийинки 5 бөлүмүн «башка жомоктор […]

Жылкычы Жапиев: Адабиятта кыскалыкты жакшы көрөм


Белгилүү кара сөз чебери Жылкычы Жапиев өмүрүнүн кыйла жылдарын басма ишине арнаган. Башкалардын чыгармаларын оңдоп, басмага чыгарып көркөм текстти жарыкка чыгаруунун түйшүгүн мыкты билген жазуучу сөзгө өзгөчө этият мамиле жасайт. Ошондон анын чыгармалары окууга жеңил, кыргыз тилинин стилдик байлыгы, автордун сөзгө этият мамилеси окурманды кайдыгер калтырбайт. “Азаттык”: Жылкычы ага, адабиятта драматургиядан башка жанрлардын баарына “тиш” […]

Изденүү өрнөгү болгон залкар калемгер (Кеңеш Жусуповдун 80 жылдыгына)


Кыргыз эл жазуучусу, “Манас” орденинин ээси Кеңеш Жусупов үстүбүздөгү жылы чын куран (апрел) айынын 14үндө 80ге чыкты. Анын торколуу тоюна арналган атайын коомдук жыйын шейшембиде, чын курандын 25инде, А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөрүлмөкчү. Миң кырлуу багытты багынтууда Заманбап кыргыз адабиятында жазуучу Кеңеш Жусуповдун салымын бир сап менен баалап-чагылдырууга эч мүмкүн эмес. Сыртынан караганда өтө […]

Талас телерадиокомпаниясынын башкы директору Эрмек Үмөтов: “Менин чыгармачылык чыйырымды Аман байке ачкан”


– Эрмек Асанович, мына буюрса коомчулугубуз 20-октябрда Токтогулов Аман агабыздан 70 жылдыгын белгиленгени отурат. Аман агабыз кыргыз адабияттында өчпөс изин катыргын, артында кылымдар өтсө да кыярбай, турган муңбай турган адабий мурастарын калтырган элибиздин чон таланттарынын бири эле. Акылы терең өзгөчө жан эле.1974–жылы Москва шаарында СССРдин Бүткүл Союздук жаштар уюмунун 17 съезди өткөрүлгөн эмеспи. Ошол кездеги […]