Monthly Archives: Май 2013

Жазгүл Жамангулованын адабий кечеси өтөт


18-май күнү жаш акын Жазгүл Жамангулованын “Чачылган текче” деген аталыштагы поэзия кечеси, Бишкектеги М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында өтөт. Салттуу поэзия кечелеринен айырмаланып, жаш акындын ырларында катылган турмуш чындыгын актёрлор кадимки жашоодой сахнада ойношот. Дагы бир айырмачылык автор өзү тек гана көрүүчүнүн ролун аткарат. Өзгөчө жаштарга түшүнүктүү ыкма тандалып, анан толук бойдон жаш актёрлордун аткаруусунда […]

Олжас Сулейменов: “Бир миң бир сөз” болот


Айтылуу “Аз и Я” китебинин автору Олжас Сулейменов түрк элдеринин миңдеген жылдарды камтыган этимологиялык сөздүгүн жазып бүтүп калгандыгын билдирди. О.Сулейменовдун “Слово о полку Игореве” деген орустардын байыркы эпосунун негизинде орус жана түрк элдеринин канчалык жуукташ элдер болгондугун анализдеген “Аз и Я” изилдөөсү кезегинде СССРдеги азчылык элдердин улуттук сезимин курчутуп, советтик империянын түп-негизине жарака кетирген. Бирок […]

Кубатбек Табалдиев: “Байыркы айкелдер – 60-бабаларыбыздын эстеликтери”


Кубатбек Табалдиев 1962-жылы 21-июлда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. К. Табалдиев – кыргыз археологу, тарыхчы окумуштуу. Тарых илимдеринин канди­даты, Манас-Түрк университетинин профессору. 100гө жакын илимий, 40 илимий-популярдык макалалардын жана 3 монография, 2 брошюра жана башка эмгектердин автору. – Жакында “Барометрге” белги­лүү окумуштуу Юлий Сергеевич Худяковдун маеги чыкты. Анда ал кыргыздар Енисейден мурда Борбордук […]

Кымыз менен дарылоо


Кымыз – көчмөн эл арасында эзелтен бери белгилүү суусундук. Ал негизинен бээнин сүтүнөн, андан сырткары, уйдун жана төөнүн сүтүнөн да жасалат. Кымыз тууралуу алгачкы маалымат байыркы грек тарыхчысынын (биздин заманга чейинки 484-424-жылдар) эмгегинен жолугат. Ал скифтердин турмушун баяндап жазып, берегилер бээнин сүтүн чаначка куюп, бышуу жолу менен өзгөчө бир суусундук алышат деп жазган. Дарылык касиети […]

Жетиген жергебизде кайрадан шаңшый баштады


Жусуп Айсаев – Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында салттык музыка боюнча ага окутуучу. Буга чейин улуттук аспаптардын бир нече түрүндө ойной билген чебер музыкачы катары таанымал болсо, жакынкы күндөн бери ал эл алдына чыгып, “Жетиген” деген музыкалык аспапты чертип, музыка чөйрөсүнө чоң жаңылык жаратып, баштады. Мунусу улуттук музыка өнөрүбүздөгү жаңы саамалык катары таанылууда. Албетте, […]

Садык Алахан: АДАБИЯТЧЫЛАРДЫН АГАЙЫ


* * * Өткөн кылымдын 50-60-жылдары төл адабиятыбыздын бардык жанрлары үчүн таланттуу, мээнеткеч жаш таланттар менен толукталуунун мезгили болгондугу бүгүн атпай журт мойнуна алчу айныксыз факт болуп калды. Көптөгөн жанрлардын катарында адабий көркөм сын да жаңы күчтөр, жаңы таланттар менен толукталып жатты. Улуттук адабий көркөм сындын пайдубалын түптөшкөн Токчоро Жолдошев менен Тазабек Саманчинден башка 20-30-40-жылдары […]

“Байыркы дүбүрттүн күлүгү, азыркы түйүндүн учугу”


Бир кылым илгери, 1894-жылы жарык дүйнөгө келген улуу рапсод, “байыркы дүбүрттүн күлүгү, азыркы түйүндүн учугу” (Ч.Айтматов), кыргыз кулуну Саякбай Каралаев өзүн башкалардан сөөмчө өйдө санабай жашаган нукура жөнөкөй инсан болгон. Пендечиликтин ысык да, суук да үзүрүн бирдей бөлүшүп көтөрүп, эл-журт ичинде жетимиш жети жыл өмүр сүрдү. Саякбайдын атасы Карала өзгөчө момун, жоош киши болуптур. Мал […]

Эрнис Турсунов: “Кыргызстан өнүкпөйт десе өлгүм келет”


Белгилүү журналист Сымбат Максутова Эрнис Турсуновдон Мекен, маданият, тил, адеп-ахлак, акын-жазуучулар, Кыргызстандын келечеги жөнүндөгү ойлорун жазып алган. Биз бүгүн жана кийинки сандарда акындын ой толгоолорун жарыялайбыз. Эрнис Нурдинович Турсунов 1935-жылы 24-августта туулган. Москвадагы М.В. Ломоносов атындагы университеттен жана Кыргыз мамлекеттик университетинен жогорку билим алган. “Булбул”, “Жигиттер”, “Бийиктик”, “Автопортрет”, “Бадахшан”, “Сүйүү”, “Чексиздик”, “Жайкы жамгыр”, “Ата-Журт”, “Балбай […]

Жусуп Мамайдын жай ташы


Токсонду тоголотуп, жүздү жүгөндөн алган кытайлык манасчы Жусуп Мамай кыргыз аттуунун мактанычы, сыймыгы. Бул кишини турган-турушу менен эле кыргыздын тирүү энциклопедиясы десек аша чаппасбыз. Манасын, сандаган кенже эпосторун айтпаганда да, анын кыргыздын этнографиясын, салт-санаасын, санжырасын, элдик табыпчылыгын, ырым-жырымын терең билгендиги таң калтырбай койбойт. Кептин баары, кылымдарда бир келчү бу кишинин казынасын толук жазып калдыкпы, ошондо. […]

Айбек Жангазиев, Д.Садырбаев атындагы Кыргызтелефильми студиясынын жетекчиси: “Имаратыбыз жыйырма жылдан бери оңдоло элек…”


– Айбек мырза, бир топ жылдан бери Дооронбек Садырбаев атындагы Кыргызтелефильми студиясын жетектейсиз, аталган студияга Д. Садырбаевдин аты берилгендигине аз эле болду. Ага чейин болсо студияга мамлекет тарабынан тиешелүү деңгээлде көңүл бурулган эмес эле. Азыр кандай көңүл бурулуп жатат? – Азыр деле эч кандай көңүл бурулган жок. Студиянын ачылгандыгына быйыл 45 жыл болду. Мындан жыйырма […]

Бишкекте 18-24 май күндөрү түрк маданиятынын жумалыгы өткөрүлөт


Жумалыктын алкагында Кыргызстандыктар үчүн түрк маданиятынын музыкадан ашканага чейинки түрдүү салттары көрсөтүлөт. Иш-чарага Түркиянын таанымал оркестрасынын дирежеру жана композитору Муса Гөчмен, Сема бийчилер тобу жана сүрөтчү Сафаи катышат. Иш-чаранын алкагында 18-май күнү саат 18:00до Хаят мейманканасында (Hаyatt Regency) Муса Гөчмендин жетекчилигинде “Симфониялык рок” аттуу чакан концерт тартууланат. Концертте Муса Гөчмендин дирежерлугу жана жандуу оркестранын коштоосу […]

Кенжалы Сарымсаков: “Изденгендер гана ийгилик жаратат”


Сөзү кемиген, создөн алсыраган эл болууга акыбыз жок. Сөз – ыйык. Ыйыкты ыпыластоого болбойт. Өткөн жылы 19-майда “Манас жаңырыгы” студиясында суроо-жооп маек учурунда Мухтар Шаханов : “Алмазбек Атамбаевге “Желтоксан эпопеясы” китебимди эстеликке берип, бетине: Кыргыз Республикасынын президенти болдуң, кыргыз рухунун президенти боло алар бекенсиң, деп жазып койдум” деген сөздү айтты эле. Бул өзү – мамлекет […]

Аскер Сакыбаева: Мен сагынган китеп же ыйлаткан “Анна Каренина”


Адам өз өмүрүндө китептен алган катуу таасирлерин өмүр бою эсинен чыгарбайт эмеспи. Бала кезде катуу таасир калтырган китептер дале эсимде. Ч. Айтматовдун “Жамийласы”, Жан Грандьенин “Чыгаан капитаны”, К. Жантөшевдин “Каныбеги”, А. Стамовдун “Нөшөрдөн кийини”, С. Өмүрбаевдин “Телегейи”, К. Осмоналиевдин “Ыйык жери”, “Көчмөндөр кагылышы”, Т. Касымбековдун “Келкели”, Л. Толстойдун “Анна Каренинасы” менен “Согуш жана тынчтыгы”, А. […]

Абдыкерим Муратов. «Ажы Сахыб Рахманкул хан — кыл чокудагы эң соңку кыргыз ханы»


(Уландысы. Башы бул жерде) ЭКИНЧИ БӨЛҮМ: КИЛГИТТЕГИ КИРГИЛТ КҮНДӨР Кыямат күндөгү кыргыз көчү Пакистанга бараткандагы ал күндөр сөздүн түз маанисинде тозок болгон. Андагы азаптуу кездер тууралуу он беш жылдан кийин ошондогу 4-5 жаштагы бала Аятолла Кочак минтип эскерип атпайбы: “Көчүп бараткандагы жолдо жүргөнүбүз элес-булас эсимде бар. Атчан, жүгүбүздү артынып, тоо-таш аралап күн-түнү эле жол тартып […]

Таза абалга алып чыгар күч керек


Уйку да жаш куракка жараша болот тура. Эрте ойгоном. Балконго чыгам. Мечит тараптан азан чакырык. Жолдун аркы четинде жаңы эле көчөгө чыга баштаган алагүү, болгондо да кыргыз балдардын, кыргыз кыздардын оозго алынгыз богооз сөздөрдү оозанып орусчалап сөгүшкөн, жакалашкан ызы-чуусу. Көбүнчө жума, ишемби, жекшемби күндөрү дайыма ушундай. Жаштарга делинген жайларда түнү бою жан дүйнөсү уулуккан уул-кыздарыбыз […]