Monthly Archives: Февраль 2016

“Көңүл чөгөт эстеп күндүн батарын…”


Кыргыз адабиятына өзгөчө из калтырган белгилүү акын Мариям Буларкиеванын сөөгү 13-августта жерге берилди. Эки күн мурун 78 жаш курагында көзү өткөн акынды акыркы сапарга узатуу зыйнатына калемдештери, окурмандары, жакын санаалаштары катышты. Улуттук жазуучулар бирлигинин төрага орун басары, акын Тынчтыкбек Нурмамбетовдун белгилешинче, Мариям Буларкиеванын атын атаганда кыргыз поэзиясына андан мурдараак келген бир муун аялзат катары эске […]

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Манас” эпосунун изилдениши жагынан сынак жарыялады


“Манас” эпосу – кыргыз тарыхынын, тилинин, маданиятынын соолбос булагы” сынагынын жобосу: 1. Жалпы маселелер “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына” ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №286 жарлыгы менен 2016-жылдын “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланышына байланыштуу мамлекеттик тилдин колдонулуу чөйрөсүн, мамлекеттик тилде жазылган илимий иштерди кеңейтүү, мамлекеттик […]

Muzбилим – кыргызча балдар ырлары


“Muzбилим” аталышындагы YOUTUBE каналдан кыргызча балдар ырларын көрүп укса болот. Ар бир мульт анимацияда ырдын тексттери берилген. Кошо ырдасаңар болот. Ырлардын обону Замира Сатыбалдиеваныкы. Аткаруучусу да З.Сатыбалдиева. “Данек” ырын сунуштайбыз.

Театрлар таймашынын алгачкы беттешүүсүнүн мыктысы аныкталды


Театрлар арасындагы сынак сахнага коюлуп жаткан чыгармалардын сапатын жакшыртууга багытталган. Мелдештин бардык айлампасын жеңип чыккан театрга бир миллион сом байге берилет. Кыргызстанда биринчи ирет өткөрүлгөн театрлар таймашында “Учур” театры менен ат салышкан Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры жеңишке жетишкенин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. Демилге театрлардын маанисин жана коюлуп жаткан чыгармалардын сапатын жакшыртуу […]

Темир комуз


“Темир комуз” деген музыкалык аспабыбыз тээ байыркы доорлордо эле пайда болгон. Албетте, темир комуздун алгачкы түрү жыгачтан жасалгандыгы талашсыз. Анын далили катары “жыгач ооз комуз” деген музыкалык аспабыбыз бүгүн да сахналарда ойнолуп, Кыргыз радиосунун “Алтын корунда” Шакин Жоробекованын аткаруусундагы көптөгөн салттуу күүлөр сакталып турат. Темир комузду жыгач ооз комуздун өркүндөтүлгөн түрү катары карасак болот. Себеби […]

Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ыры


ЭЛ Бийик сөз менен алышып Бир кашык каным калганча Жүрөгүм курман сага! деп Жүгүнбөйм, башка жандарча. Дарыгер сымал, ооруңдун Дабасын жалгыз түшүнгөн Сөгүшүн тилем тонуңдун Сөөгүңдү сакташ үчүн мен. Түбүнөн дарттуу бутагың Түшүнөм, кантип кесишти. Кескенде колум жаңылбайт! Кекселик жагым жетиштүү. Каныңды бузуп башкалар Катуулап турса илдетиң, Жарымың шылып салсам да Жаныңды сакташ – милдетим. […]

Дэнон: Тилдин эрежесин балдар түзөт


Кайсы бир тилде жакшы сүйлөө үчүн сөзсүз ал тилдин эрежесин билүү керекпи? Тилди үйрөнүүдө ата-эненин жана мектептин таасири кандай? Жаңы сөздөрдү окумуштуулар түзөбү? Балдар да жаңы сөздөрдү жаратабы? Бул суроолорго Израилдин Бар-Илан университетинин (Bar-Ilan University) Англис адабияты жана лингвистика факультетинин улук окутуучусу, доктор Габи Дэнон (Gabi Danon) жооп берет. “Азаттык”: Сиз лингвист катары сүйлөмдүн түзүлүшү […]

Кыргыз «Алиппелеринин» мазмундук-тематикалык эволюциясы тууралуу


И.Арабаевдин «Алиппе жаки төтө окуу китеби» аттуу китебинин жарыкка чыгышынын 105 жылдыгына карата Мектептин милдети баланын сабатын ачып билим берүү менен гана чектелбейт, чөйрөнү, дүйнөнү таанытып, тарбия берүү сыяктуу кенен максаттуу, келечектүү иш-аракеттерди өзүнө камтып турганы, ал милдеттер окуу китептер аркылуу жүзөгө ашары белгилүү. Андай окуу китептердин төл башында албетте, «Алиппе» китеби турмакчы. Мисал катары, […]

“Барчук, келчүк” деп балдырабайлы…


“Турак” деп коет. Жашап турган жери, байыр алып баш калкалаган жайы, жашоо-тиричилигин улантуу үчүн жай таап туруп калган орду деген түшүнүк. “Турагы жок неме экен” дейт. Тура турган жайы, үйү, жашай турган жери жок экен” дегенди билгизет. Ал эми “турак жай” же “турак үй” десе жашай турган тамды түшүндүрөт. “Турак үйлөр” дейт. “Турак жай курулушу” […]

Тилекмат элчи – түптүү элдин көсөмү


Кайсы бир акылмандын: “Саясатчы менен далдалчыны көрөйүн деген көзүм жок, бирок жанга күч келип, арга түгөнгөндө алардан башка ким жол таап, ким жардамга келет” деген накыл сөзү бар экен. Анын сыңары кыргыз тарыхында нечен караңгыда көз таап, капилеттен сөз тапкан көсөмдөр, бир кара кылды как жарган акылгөйлөр менен жаагы жок чечендер, саясатчылар менен элчилер өткөн […]

1916-жыл: Aлматыдагы архивдик документтер


1916-жылдагы улуттук боштондук күрөштүн 100 жылдыгына байланыштуу архивдик документтердин сериясын сунуш кылабыз. Биз буга чейин 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштө кыргыздар жеңилүүгө дуушар болгон соң падышалык жазалоочу аскердин кыргынынан баш калкалоо үчүн Кытайга качкандыгы тууралуу маалыматтарга басым жасап келгенбиз. Архивдик маалыматтарга ылайык, Жети-Суу облусунан кыргыздар жашаган Пржевальск жана Пишпек үйөздөрүндө 65 болуштук болсо, анын 32 болушундагы калк […]

“Манастын” Чоң казат бөлүмү туурасындагы кызыктуу жети факты


“Манасты” Чоң казатсыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал ар бир вариантында сөзсүз кездеше турган окуя, ансыз ал эпос болбой калат. Мындай пикирди манасчылар, окумуштуулар журту айтып, деп келет. Бул сапар эпостун ушул бөлүгү туурасында жети фактыны окурмандарга тартуулоону максат кылдык. Бизге бул жаатта Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Манас таануу кафедрасынын жетекчиси, филология илимдеринин доктору, манас таануучу […]

Таңы атпай калган таалайсыз талант


Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын Барчынбек Бугубаев 17-сентябрда (2015-ж.) 52 жашында каза болду. Барчынбек акын адабиятка доор алмашкан будун-чаң заманда келип, чыгармачылык дүйнөсүн толук иретке сала албай кетти. Поэзияга өз чыйырын салып кеткен акындын чыгармачылык жолу өткөн доордун 80-жылдары башталып, окурмандарга “Ак бороон”, “Адамзатка кайрылуу”, “Асман жерге созулган баян” аттуу ыр жыйнактарын тартуулады. Калемдештери акындын артында […]

Пириңди билесиңби?


Ааламда бизди курчап турган жандуу-жансыз нерселердин бардыгынын колдоочусу, пири болору алмустактан айтылып келет. Акылман ата-бабаларыбыз ар дайым акыл-сезиминде жашап келген сыйкырдуу ишенимдин сырдуу күчүнө ишенип жашашкан. Төмөндө элибиз байыртан жашоо-турмушунда колдонуп, көкүрөк-көөдөнүндө ыйык сактап жүргөн колдоочу пирлердин аталышына көңүлүңүздөрдү бурмакчыбыз. Күндүн пири – Күн Теңир, Жердин пири – Жел Кайып, Адамзат пири – Адам Ата, […]

Тил комиссиясы: журналисттерге доомат көп


Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы журналисттерге кыргыз тилинде сүйлөө жана жазуу эрежелери боюнча устаттык сааттарды өткөрүүнү болжоп жатат. Мекеменин иликтөөлөрү көрсөткөндөй, журналисттер кыргыз тилиндеги сөздөрдү туура эмес сүйлөп, коомчулукту сабатсыздыкка түрткөн жагдай түзүлүүдө. Кыргыз тил казынасындагы 50 миңден ашык сөздүн үч миңден ашуунун гана журналисттер колдонушарын жакында Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары иликтеп чыккан. […]

Быйыл маданият жаатында өкмөттүк деңгээлде 80 иш-чара өтөт


“Кабар даамында” программасында театрлар таймашы, театрларды өнүктүрүү тууралуу маек курдук. Студиябызга КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Тыныбек Сыдыков, Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын жетекчиси Эгемберди Чалабаев, Учур театрынын жетекчиси Шаршенбек Шейшенов келишти. Театрлар 27-февралда таймашат Тыныбек Сыдыков: Быйыл Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияздын колдоосу менен жакшы […]

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз


Кыргыз мамлекеттүүлүгү мындан 2200 жыл мурда кытай тарых даректерине катталганын БУУ кабыл алып, 2003-жылы мааракебизди майрамдадык. Ошондон тартып кыргыз калкынын өтө байыркы эл экенин дүйнөлүк коомчулук бир пикирден моюндады. Ага ылайык кыргыз маданиятынын башаты дагы эң байыркы доордон башталганына талаш жок. Анын бир далили – колубуздагы “комуз” деген музыкалык аспабыбыз. Себеби комуздун сүрөтү фараондор доорунда […]

Мургабдык кыргыздардын элечеги


Кыргыз аялдарына таандык баш кийимдер бир нече түргө бөлүнүп турчу. Кыз-келиндердин баш кийимине карап, анын социалдык абалын, кайсыл даражадагы байбиче, келин, жесир же турмушка чыкпагандыгын айгинелешкен. Ал тургай секелек кыздардын кийими да адеми болгон. Башка улуттардан айырмаланып, кыргыз баш кийимин белекке берген эмес. Кыргыздын уздары баш кийимди философиялык, астрономиялык жактан баа берип жасаган. Баш кийимдин […]

Бобуловдун армандуу махабаты


Камбаралы Бобулов демейде бакылдап катуу сүйлөгөн, ичтегисин эч качан жашырбай айткан, жердигинде абдан тамашакөй, жолдош-жоролору менен азил айтышканды жакшы көргөн өтө оригиналдуу киши эле. Ошон үчүн аны замандаштары жакшы көрчү, ар качан урмат менен мамиле кылчу. Анан калса Какебиздин кандай масштабдуу адабиятчы, таанымал сынчы, кийинчерээк не деген абройлуу коомдук ишмер болгонун баарыбыз билчүбүз. Айрыкча анын […]

Нурбек Калыгулов: «Түшүнбөй окуган китеп, аш болбой калган тамак сыяктуу»


Түшүнбөй окуган китеп, ашказанда аш болбой калган тамак менен барабар. Эгер сиңбей калган тамак болсо, анын бизге эч кандай пайдасы жок. Китеп дагы ошондой. Китепти окуганда жеңилинен башташ керек. Алгач жомоктор, аңгемелер, повесттер, анан романдарды окуш керек. Айрым жаштарга жомок окугула десем, алар күлүшөт. Анын эч кандай уяты жок. Жомок сөз байлыкты арттырат, аң-сезимди, ой […]

Касымалы менен Сахип-Жамал


“Тарых жана тагдыр” түрмөгүндө жазуучу Касымалы Баялиновдун мурда-кийин айтылбаган туңгуч махабаты тууралуу кеп кылабыз. Аттиң, аттиң, мен арзыган колукту, Мен балапан, cары ооз кезде жолукту, – деп арман кылган экен атактуу фарси акыны Жалалиддин Руми. Ал эми Италиянын улуу акыны, бүтүндөй Ренессанс доорунун титандарынын бири Данте Алигьери болсо өмүр бою ак эткенден так этип жүрүп […]

“Биригүү тилектештиги” идеологиясы: философиялык өзөк


Идеология дегендин өзү эмне, бул сөзгө эмне деген маанилер камтылган?  Кайсы бир маалыматтарга караганда бул аталыш, түшүнүк ХVIII кылымдын аягында XIX кылымдын башында айтыла баштаган. Дестюта де Траси “Ой жүргүзүү жөндөмдүүлүк жөнүндө этюд” деген эмгегинде кеңири колдонуп, идеялар жөнүндөгү илимди чечмелеген, мүнөздөгөн. Кийинчерээк “Идеология элементтери” деген чыгармасында идеология түшүнүгүнүн бардык жактарын текши айтып баяндаган. Анын […]

Кыл тамырчылык – кыргыз медицинасынын башкы өзгөчөлүгү


Ушул мезгилге чейин эмнегедир кыргыз медицинасы өз алдынча кеп болуп изилденбей келет. Анын байыркы башаттары жөнүндө сөз болгондо, айрым булактарын Тибет медицинасына, ал эми кээ бир жактарын Кытай медицинасына, ошондой эле, айрым багыттарын байыркы индиялык медицинанын элементтери катары карап келатышат. Эми ушул жерден объективдүү суроо туулат. Эгерде кыргыздар биздин доорго чейинки IV-II кылымдардан бери жашап, […]

Шаймерден менен Чилмерден


Шайлобек сөздүктүн кезектеги парчасы. Кайсыл гана тилде болбосун сөздөрдүн кайдан келип чыкканы, теги, пайда болгон эли-жери унутулуп, бара-бара колдонуудан калса мындай сөздөр архаизмге айланат. Кээде архаизмдерди кайрадан тирилтип, колдонуп алууга да болот. Буга айкын мисал, азыр кайра жанданган “Сармерден” сөзүн келтирсек болот. Эми ушуга токтололу. Кыргызда “Шаймерденге сыйынып”, “Жигит пири – Шаймерден” деген түшүнүктөр бар. […]

Мекенчил болсоң шылдыңдайбы?


Акыркы кезде кыргыз коомунда патриоттук аң-сезимдин, мекенди сүйүүнүн, урматтоонун салттуу дөөлөттөрү улам бошоңдоп, коом мүчөлөрүнүн көз караштарында, жаштарда, өзгөчө мектеп курагындагы балдар арасында, жүрүм-турумунда кайдыгерлик, эгоизм, индивидуализм илдеттери күч алып, мамлекетке жана анын социалдык институттарына карата сый-ызаатсыз мамиле тамыр жая баштаганы адистер тарабынан байма-бай айтылууда. Педагогдордун бардык аракеттерине карабастан мекенчилдик түшүнүгү жаш жеткинчектердин жүрөгүнөн түнөк […]