Monthly Archives: Январь 2012

Кыргыз тилин үйрөнгүсү келген англис тилдүүлөр үчүн сайт


Кыргыз тилин өздөштүргүсү келгендер үчүн окуу куралдарынын, жакшы курстардын, программалардын жоктугу көп айтылат. Учурда бул өксүктү кандайдыр бир деңгээлде веб-сайттар толтуруп жатат. Буга чейин негизинен кыргыз тилин өздөштүргүсү келген орус тилдүүлөр үчүн сайттарды гана кезиктирүү мүмкүн эле. Бүгүн англис тилдүүлөр үчүн ушундай сайтты таап алдым. Өзүм англис тилин начар билгендиктен бул сайт канчалык жакшы жана […]

Рыспайдын мурасын жыйнаган Борошев


 Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин мугалими Султан Борошев 18 жылдан бери таанымал ырчы Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылык мурасын жыйнап келүүдө.

Жаңы сайттар


“Изде.KG”  – кыргыз тилдүү жаңылыктардын агрегатору, б.а. кыргыз тилдүү сайттарга (азырынча алты интернет сайттар, алардын арасында биздин да блог бар!!!) чыккан материалдарга шилтемелер бир жерде чогултулган, такай жаңыланып турат.

“Кар” сынагы: Калича Жакыпова


Кар жана балалык Асмандан жаткан өңдүү ун эленип, Акырын жерге түшүп, үбөлөнүп. Ааламды аруулукка бөлөгөндөй, Аппак кар, жаап жатты, себеленип. Кар жааган ар бир айлуу, кышкы кечте, Капылет өткөн кезим түшөт эске. Санаада бир бүркүм ой жашап келет, Сабалап алга карай мезгил өтсө. Кыш кирсе, баары тегиз бубактанып, Калчу эле кайран көңүл кубаттанып. А бирок, […]

КР Президентинин Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын терең окуп-үйрөнүү боюнча Жарлыгы


Кыргыз Республиксынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Төмөндө Жарлыктын тексти толугу менен келтирилет: Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө.

Жамин АКИМАЛИЕВ, академик: “Мен Мусакемдин талантына таасирленгем”


Согуш мезгилине туш болгон балалык  Менин бала чагым согуш убагына туш келди. Ошондо адам менен табийгат киндиктеш болорун сездим. Анткени, жаратылыш да адам баласынын башына каран түн түшкөнүн сезгендей, күн тутулуп, бир заматта жердин бети кара түнгө айланганы эсимде. Кыраакы карылар майдан башталарын алдын ала сезишип, камына башташкан эле. Апам өтө акылдуу, оор басырыктуу жан […]

“Кар” сынагы: Жыпар Акунова


Аячумун Үшүгөндөй сезилчү эле дарактар, Көтөрө албай калың кардын салмагын. Аяз таңда турган сымал дирилдеп, Аячу элем бутактарын арчанын. Аячумун кыштын ызгаар таңында, Тереземден тиктеп турган даракты. Үшүп, үшүп мен тарапка талпынып, Кол булгалап келаткандай каратчу. Айды аяп, түн кечирген күн болгон, Кышта суукта сыртта калды жалгыз деп. Үшүдү го, үйү жокпу айдын деп, Балалыкта […]

Жолдошбек Зарлыкбеков жана анын ырлары


Мен бул күндөрү, орусчадан такма так которо турган болсок, Жолдошбек Зарлыкбеков менен “ооруп” жүрөм. Биздин “Journalist news” гезитибиздин ар бир санында табияты жакын деп журналистика менен жан багып келе жаткан акындарыбыздын ырларын басып турабыз (акындык менен бүгүн эч ким өзүн багып кете албас). Шайлообек Дүйшеев, Жазгүл Жамангулова, Олжобай Шакир, Жыргалбек Касаболотов, Жыпар Арыкова, Зайырбек Ажыматов […]

Кыргыз өзөгү кайда?


Редакциябыздын кат куржунуна белгилүү мударис К.Исаев менен таланттуу манасчы Т.Бакчиевдин “Кыргыз өзөгү” аттуу көлөмдүү макаласы түштү. Анда жалпы ааламдагы адамзаттын учурда башынан өткөрүп жаткан кырдаалына сереп салынып, анын ичинде кыргыз улутунун өзөк тамыры “Манас” эпосунан келгендигин таануу идеясы көтөрүлгөн. Ошол тамырды бекемдөө  менен  кийинки муундардын рухун азыктандыруу учурдун эң зарыл талабы экендиги козголгон.  Ошондой эле мында […]

Намазбек Уралиев, күүчү, комузчу: “Калмак хандын кызын олжого алган “Асказан” күүсү


Ордо калаабыздын чок ортосунда “Устат шакирт” маданий борбору бар. Ал жерде замандын талантуулары эмгектенет. Келечек муунду комузга, кыл кыякка жана кыргыздын ар кыл үйлөмө аспаптарында ойногонго үйрөтөт. Бу жерде күүчү, комузчу Намазбек Уралиев агабыз балдарга сабак берип, насаатын үзбөй айтып турат. – Намазбек ага, азыркы кезде комуз дүйнөсүнө болгон коомчулуктун көз карашы тууралуу кеп кылсак… […]

Аспаптардан азык алган


37 музыкалык инструмент. Мынча аспапта ойной билүү мындай турсун, алардын аттарын жатка айтуу катардагы адам үчүн манжаларынын саны жетпей биртоп эле кыйынчылык жаратат. Ал эми КР эл артисти Курмангазы АЗЫКБАЕВ 37 музыкалык аспапта профессионалдык деңгээлде кол ойнотот. Негизи виртуоздун репертуарында 54 аспаптын аталышы бар. Азырынча үлгүрүп ойногон аспаптарынын саны 37. Азыкбаев аспаптардын санын кырктан ашырып […]

Райымжан КУРБАНОВ, “Кыргыз тили” коомунун президенти: “Шакем “Эсиңе кел” деген ырын уккан сайын сахнанын артында ыйлап турчу экен”


– Качантан баштап кыргыз тилин коргоо идеясы пайда болду?  – Бир ирет Эркиндик гүлбагында баратып акын Түмөнбай Байзаковго жолуктум. Залкар акыныбыз жаш баладай сүйүнүп алыптыр. Көрсө, анын кубанычы 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил болгону экен. Алгач жаштык кылып ал кишинин кубангандан көзүнө жаш тегеренип, эргигенин сезбепмин. Кайран Түмөнбай агабыз жолуккан эле бейтааныш кыргыздарга “ой, уктуңбу, азыр […]

“Кар” сынагы: Сулайман Турганбаев


“Карсезим” (түрмөк) Бозоргон талааларды кыроо басып Кыш дагы көп кечикпей келчү кирип… Тигилип терезеге уза-ак-узак Буюккан аяз үнүн аяр тыңшап Экөөбүз жазды күтүп жашачубуз. * * * Кечээ күн кар аралаш жамгыр жаады Кыңылдап келе жатып көчө бурчтан О-о сулуум, көрдүм сени! Чачыңды сууланышкан Кол менен каптал жакка сылай тарап, Жанымдан күнөөлүүдөй өтө бердиң Бекемдеп […]

“Кар” сынагы: ELZ&BOTA


“Карсезим” (түрмөк) Бозоргон талааларды кыроо басып Кыш дагы көп кечикпей келчү кирип… Тигилип терезеге уза-ак-узак Буюккан аяз үнүн аяр тыңшап Экөөбүз жазды күтүп жашачубуз. * * * Кечээ күн кар аралаш жамгыр жаады Кыңылдап келе жатып көчө бурчтан О-о сулуум, көрдүм сени! Чачыңды сууланышкан Кол менен каптал жакка сылай тарап, Жанымдан күнөөлүүдөй өтө бердиң Бекемдеп […]

“Кар” сынагы: Зайырбек Ажыматов


Таңкы бурганак Муздак жел кышты жулмалап, Уюлгуп ак кар буйдалат. Ак таңда чыксам ак дүйнө, Аймалайт жүзүм бурганак. Кечип мен аппак иримди… Келатам салып изимди. Ааламдан түшкөн аппак кар, Агартчы көңүл, дилимди? Сөгүлүп аткан таң сыңар, Сөөгүмдөн, жандан зар чыгар. Аруулай турган дүйнөнү, Аппак кар силер барсыңар. Ак бороон сени күтүнбөй, Жүрчү элем жектеп, түшүнбөй. […]

Улуттук күрөштүн туу чокусуна чыккысы келген Давран


Давран Иляхунов жыл жаңыраар алдында Индиянын Пуне шаарында ФИЛАнын улуттук күрөш боюнча өткөзгөн фестивалына катышып, а жерден эки күмүш, эки коло медалдуу болуп келди. -Фестивалда кайсы элдердин күрөшүнө катыштың? -Кыргыздын “Алыш” күрөшү, казак күрөшү, капчагай күрөшү, иран элинин жана украин элинин күрөштөрү болуп, анын төртөөнө катышып, төрт медалды жеңдим. Алыш күрөшү менен Капчагай күрөшүнөн күмүш […]

Оорукчан организмде дух болбойт…


Кубанычбек Назаров, архитектор, “Камбартеп” мектебинин негиздөөчүсү менен маек. К.Назаров кезинде Профессор Ли Ци Шен жетектеген Пекин ушу академиясынын адистеринин колунда машыгып, эл аралык квалификацияга ээ болгон.1985-жылдан бери тайцзи стили менен машыгып, архитектуралык кесиптен тышкары да, өзүн- өзү рухий физикалык өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп келатат. Өмүр таржымалынан К.Назаров 1949-жылы 4-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Бегабад […]

Айнура ЖЭЭНТАЕВА: “Манасчы болуш үчүн сөзсүз эле аян алыш керек эмес”


“Манас” эпосу манасчылардын жардамы менен ооздон-оозго, муундан-муунга айтылып отуруп ушул күнгө жетип отурат. Кыргызстанда манасчылар анчейин баркталбай келсе да, алар өз миссиясын жогорку чеберчиликте аткарып келишет. Тарыхка кайрылсак манасчылардын дээрлик көпчүлүгү эркектер экен. Мына ушул эркектерден кем калбай манасчылык өнөрдү аркалаган кыздарыбыз да арабызда жок эмес. Алардын бири Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин магистранты Айнура Жээнтаева. Өзүн […]

Мыкты күлүктөр тарыхта жашап келет…


“Жакшы ат бир камчы, жаман ат миң камчы”, “Жылкы, жылкы, жылкыдыр, жылкы элдин мүлкүдүр”, “Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны”, “Ат – адамдын канаты” дешет кыргыздар. Байыркы убактарда бир ат үчүн кызынан, катынынан кечкендер да болуп, канчалаган кан төгүлгөн тарыхый окуялар бар. Жоокер адамдарыбыз болсо жалгыз жанын атына тапшырган. Күлүктөрдүн көрөгөч сынчылары  Сынчы […]

Зайырбек Ажыматов. “Сайра эне” (поэма)


Биздин таенебизди айылдагы кийинки муун Сайра эне деп коюшчу. Атабыз мен төрт жашка келгенде, эң кичинекей иним сегиз айлыгында каза болуп, кийинчерек апабыз турмушка чыгып, ошол кемпир бизди сары ооз балапан кезден багып өстүрүп, эң улуусу мен 32 жашка келип бала-чакалуу болуп калганымда инимдин колунда 85 жаш курагында дүйнө салды. Таенемдин каза болушу менен мен […]

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоев 80 жашта


Ырлары кыргыз жыттанган, чыныгы элдик акын Байдылда Сарногоев агайыбыз тирүү болгондо 14-январда туптуура 80 жашка чыкмак экен. Эмне үчүн тирүү болгондо? Жок, ал тирүү! Көбүбүздөн бир кыйла тирүүрөк! Анткени, акындын ырын жок дегенде бир адам билип, сүйүп окуп турса, ал акын дайым тирүү болот. Ал эми Байдыкебиздин ырлары жалпы кыргыз элинин сүймөнчүгүнө айланып, кыргыздын жан […]

«Кар» сынагы: Асыран Айдаралиев


Бурганак Аздап, аздап аппак кар себелеген, Аалам, жерди аймалап «тебелеген». Бүртүктөрү ак кардын себелеген. Бүт дүйнөнү лапылдап «тебелеген», Бүлүк салып сезимди буулуктурат, Буулуктурат не мурун кенебеген. Сансыз ойду сагыныч аралаган, Сампар карга тигилем сабалаган. Жанчып жатты жай гана кар бүртүктөр, Жан дүйнөмдү сыздатып, жаралаган. Жүүнүм качып, жүлүнгө доо кеткендей, Жүрөгүмдөн кан тамат, канабаган. Бутту тушап […]

“Кар” сынагы: Анарбек Абазбеков


Кар жамынган каардуу кыш (түрмөк) * * * Ак кардуу кыш. Аяз беттен чымчылайт. Теребел тынч. Бирок көңү тынчыбайт. Аппак кардан Тон жамынып жер бети Оор уйкудан Ойгоно албай ныксырайт. * * * Кырч-кырч сынып Бут алдымда аппак кар, Муза коштоп, Сапар тартып баратам. Жалбырагын Алмашыптыр ак карга, Туруксузун теректердин карасаң. * * * Максаты […]

Төлөгөн Мамеев


Кайраттуу акындын канаттуу ырлары


Мындан үч жыл мурда жетимиштин кырын ашкан, кечээ жакында Кыргыз Республикасынын эл акыны деген ардактуу наамын алган учурда ага тушташ Төлөгөн Мамеевдин “Бийиктик” басмасынан “Ыйманды тазалай көр, жаңы кылым” аттуу жаңы ыр китебинин чыгышы акындын өмүрүндөгү кубанычтуу окуя болду. Мен мындан туура он жыл мурда акындын “Ата журт ажары” аттуу ыр китебине жакшы пикирим жазылган […]