Monthly Archives: Август 2014

Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун 9 томдугу жарык көрдү


1992-жылдан бери даярдалып келген улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун академиялык басылмасы 9 китеп түрүндө биринчи ирет 183 000 сап көлөмүндө коомчулукка тартууланды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан кабарлашты. Белгилүү болгондой, “Манас” эпосунун тексттери 1922-1924-жылдары Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда араб арибинде жазылып алынган жана азыр Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда жападан-жалгыз түп нуска катары […]

Дайырбек Стантегин


Дайырбек Стантегин жана анын чыгармачылыгы туралуу 1951-жылы Жумгал районундагы Кайырма айылында төрөлгөн. КМУнун журналистика факультетин бүткөн. Көп жылдар бою райондук «Демилге» гезитинде иштеген. «Дайырбектин дайры күү» аттуу ырлар жыйнагынын автору.   Ырлар БУК Күүсү менен дүмүрөңдөп арактын, Күндүн көзүн кыялымда жара аттым. Көңкү журтту жалт эткизип караттым, Көңүл бугун дал ошентип тараттым.   ДҮЙНӨЛҮК ТИЛ […]

Жусуп Абдрахмановдун махабаты


(Бул макала белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун Күндөлүгүндөгү маалыматтарга негизделип, анын жеке турмушундагы айрым эпизоддорду чагылдырат) Жусуп Абдрахманов өткөн кылымдын 20 – 30 – жылдарындагы Кыргызстандын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери. Ал, кыргыз улуттук советтик мамлекеттүүлүгүнүн башатында туруп, анын калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон тарыхый инсан. Жусуп өз замандаштарынан бийик интеллектуалы, жогорку профессионалдык даярдыгы, […]

Сүйөркул Тургунбаев


Сүйөркул Тургунбаев жана анын чыгармачылыгы тууралуу Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында 1940-жылы 12-июнда туулган. 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1964-жылы Алай районундагы мектепте орус тили, адабияты жана чет тили саба-гынан мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1966-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1970–1984-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, […]

Эгемендүүлүктүн “Манасы” жана эпосту жан дүйнөсүндө жатка айткан Самар агай


Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин маданий мурастарыбызга карата түп-тамырынан бери жаңыча көз карашта мамиле жасоо маселеси биринчилерден болуп күн тартибине коюлду. Чыңгыз Айтматов белгилегендей, “Кыргыз рухунун туу чокусу” болуп эсептелген “Манас” эпосу совет мезгилинде да өтө жакшы камкордук кылынгандыгына карабастан, сөз кылууга тыюу салынган өзүнүн айрым проблемалары чүмбөттөлүп кала берген. Ал мезгилде советтик идеологияга […]

Кемел АШЫРАЛИЕВ: «Кыргыздын бийиктиги – тоолору менен жылкыларында»


Кемел Ашыралиев кезинде мамлекеттик жетекчи кызматтарда көп жүрсө да, улуттук каада-салтты, мунун ичинен ат оюндарын аздектеген, өзгөчө саяпкерлик боюнча кеңири түшүнүгү, тажрыйбасы бар адам. Андыктан Кыргызстанда Көчмөндөрдүн оюндары өткөрүлөр алдында бул «сакадай бою сары алтын» кишини кепке тартып, улуттук маданият, оюндар, алардын маани-сыры тууралуу маектештик. – Кемел Жакешевич, Сизди кыргыз эли улуттук наркты, каада-салтты мыкты […]

Гейне жана Анатай акын


Адатта эл-жер десе акындардын эбедейи эзилип турат. Алардын арыбаган мындай элчилдиги нукурабы, жасалмабы, муну бир гана маселеден – алардын бийликке жасаган мамилесинен улам билсе болот. Башка ишенимдүү ыкманы, тарыйканы, техникалык каражатты (полиграфты) тарых тапкан эмес. Дал ушул мамиле акындардын саясый ыкылас-ынтаасын, жарандык позициясын, айрыкча жеке адамдык сапат-тарын кашкайтып көрсөткөн. Буга кошо акындардын мамилесинен бийликтердин мүнөзү, […]

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – олимпиаданын башаты


Туз, насип буйуруп, мен 5 жайкы, 3 кышкы олимпиадалык оюндарды журналист катары жеринен чагылдырып, спорттун керемет дүйнөсүнө аралаштым. Ошондо учурдагы спорттун айрым түрлөрү кыргыз элинин оюндарынан башталып, угут алганын, биздин улуттук оюндарды башкалар кагаз бетине түшүрүп, алар дагы өркүндөтүп өздөрүнө таандык кылып “менчиктеп” алышканына ичим ачышып, бизде башталганын далилдээр учур келээр бекен деген ой мени […]

Байыркыны бул жашоого ѳткѳргѳн ДАШИ НАМДАК


Даши Намдак. Эми бул ысымды жакшы биле турган болдук. Биздин дүйнө айтылбай келген жана көрүнбөй турган сырларга, табышмактарга бай экенин ким танат. Бул купуялуу сырлар бир убакта кадыресе көрүнүш катары байыркы ата-бабаларыбыздын күнүмдүк жашоосунда эриш- аркак болуп келген. Биздин бүгүнкү каарман болгону 10 жыл аралыгында ысымын дүйнөгө таанытууга жетишкен бурят мастери – Даши НАМДАК. Ал, […]

Чыңырган чындык жана эл канына сиңе турган эки керемет!


Биз, кыргыздар кийинки мезгилдерде кимдир бирөөнү катыра сындап, таш ыргытканга гана маш болуп бараткандайбыз! Айтуу керек албетте, бирок ошондой сынды айтаардан мурун анын оң жана терс, эң башкысы баалуу, керектүү жактарын дагы көргөнгө, айтканга, айтпасак дагы жок дегенде түшүнгөнгө аракет кылууну унутпашыбыз керек эле. Мындайдан арылбасак болбойт! Жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү арабыздан чыгып жаткан мыктыларыбыздын эл суусап […]

Кыргыз улуттук суусундуктарынын дарылык касиети жана ысык-суукка бөлүнүшү


Сүттөн жасалган суусундуктар (кымыз, уй кымыз жана башка) ден соолукка абдан пайдалуу экени баарыбызга маалым. Бирок, баардыгыбыз эле аны туура колдонууну биле бербейбиз. Ошондуктан алар тууралуу кенен сөз кылууну туура көрүп, дарыгер, кыл тамырчы Дүйшөнбек Чомо уулун сөзгө тартып, агай бизге улуттук ыйык суусундуктар тууралуу кенен айтып берди. КЫМЫЗ Кымыз бээнин сүтүнөн жасалат. Ал чаңкоону […]

Түрктөрдүн тарыхый тагдырына бурулуш киргизген Кыргызстандагы эки окуя (VI-VIII кк.)


Улуу Көч жараяны Акыркы эки миң жылдык тарыхта Евразия континентинин саясий өнүгүүсү түрк элдеринин Чыгыштан Батышка карай үч толкун менен жер которгон Улуу Көчүнүн таасиринин астында өнүгүп келген. Батыш илимпоздорунун “Элдердин Улуу Көчү” деп аталган тарыхый окуя жөнүндөгү изилдөөлөрү азыркы дүйнө тарыхынын көз карашы менен алганда жетишсиз жана евроцентристтик теория. Анткени, европа тарыхчылары аны 375-жылы […]

Акындыктын азабын тарткан билер…


Элеттик акын, болгондо да Лейлектин айтылуу Козу-Багланынан чыккан талант Абдилаат Алини мыкты, изденгич, жаңыны жаратман акындардын сабына кошкон чыгармаларынын бири катарында “Гүл-гүл” (Миң гүл) аттуу жыйнагын окуп алып, өзүңүз ынанасыз. Акындын өзү үчилтиктер деп атаган топтомунда салттуу формадагы ырлардан таптакыр айырмаланган башкача ыкмада (ырга мүнөздүү ритм, рифма, уйкаштык, ыргак ж.б. ырдын кан тамырында ширелишкен) жазылган, […]

Кыргыз мамлекеттүүлүгү: Көөнө башаттан бүгүнкү мааракелерге


Үстүбүздөгү жыл эгемен Кыргыз жумуриятында “Мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылы” деп жарыяланды. Көөнө тарыхка карата жаңыча аңдоо жасоо зарыл болуп турган чакта, тээ Совет мезгилиндегидей «Кыргыз мамлекеттүүлүгү Өктөбүр ыңкылабынын гана туундусу болгон» деген эски тарых барактарын жериген мурдагы мамиле биротоло четке кагылышы керек. Эскерте кетсек, мындан чейрек кылым илгери эле маркум гео­граф Садыбакас Өмүрзаков «кыргыз» этнониминин байыркы […]

22-август- кыргыз элинин жеңиш күнү


22-август – кыргыз элинин тарыхындагы эң манилүү даталардын бири. Анткени 1847-жылы ушул күнү эки боордош эл көп жылдык тирешүүлөрүнөн кийин, Талды-Коргондогу Капал чебинде генерал Вишневскийдин ортомчулугунда кыргыз-казак тынчтык келишими түзүлгөн. Ошону менен эки элдин ортосунда жылкы тиймей, эр өлтүрүү сыяктуу чыр чатактар токтоп, кою короолош, эли жоролош болуп бир куштун эки канатындай жашап келишет. Бул […]

Арстанбек акындын алп саптары тасмада


Кыргыз маданиятынын тарыхында алгачкы жолу көлөмдүү терменин негизинде тасма жаралды. ХIХ кылымда жашап өткөн ойчул, философ, комузчу, төкмө акын, «замана» агымынын эң ири өкүлдөрүнүн бири Арстанбек Буйлаш уулунун кылымдар бою басылып келген санат саптарынын негизинде тасма тартылды. Клип менен кыска метраждуу фильмдин ортосунан жаралган бул эмгекти авторлор “Терме тасма” деген жаңы термин менен атаган. Тасманын […]

Кытайда дискотекаларда кыргыз бийлери бийленет


Улуу манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы кыргыз бийинин өнүгүшүнө чоң салым кошуп келе жатат. – Тургунаалы, бийлегенди кантип үйрөнүп калдың эле? – Мен улуу манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү болом. Атам Турсунаалы манасчынын небереси болот. Жусуп атам мени чоңойтту. Ал менен көп жерлерде бирге жүрүп, көптөгөн бийлерди көрдүм. Ошондон тартып эле бийге кызыгуум арта баштады. […]

Жамилия Көлбаева: Кардарды өзүнө тарта тургандай буюм жасаганга аракеттенебиз


Кыргызстанга чет өлкөдөн келген туристтер же чет өлкөгө кете турган кыргызстандыктар сөзсүз улутубуздун угутун чагылдырган буюмдарды сатып алышат. Кайсыл гана базарга барбагын кыргыздын керамикадан жасалып, магнит жабыштырылган кичинекей кооз буюмдары бар. Кыргыздын калорити менен көздүн жоосун алып, керамикадан буюм жасаган Жамилия Көлбаеванын ишканасына барып, иштери менен таанышып, маек курдук. – Көркөм керамика менен алектенгениме бир […]

«Чалма» оюнун көчмөндөрдүн улуттук оюндарына кошуу керек


Сентябрдын экинчи аптасында Чолпон-Ата шаарында баштала турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарына саналуу гана күндөр калды. Редакциябызга бул чоң окуяга байланыштуу өздөрүнүн сыймыктануусун, каалоо-тилектерин билдирген каттар арбын түшүүдө. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биздин мамлекетте өтүшү өтө чоң окуя болгондугуна сыймыктанабыз. Ошону менен бирге, бул өтө жоопкерчиликтүү иш-чара экенин сезип турабыз. Бирок, уюштуруу комитетинин программасындагы оюндардын арасына көпчүлүк […]

“Бир күн оору, – бир күн соо тыңдайсыңбы Алымкан?”


Арзуунун илебиндей калын элдин көкүрөгүнө орноп калган айтылуу Алымкандын айланасында ар кыл талаш – тартыш айтылып жүрөт. Токтогул акын менен Бектемир Эгенчиевдин кимисине ыйгараарын биле албай, Алымкан ырды ар башка жоруп обону менен сөзүнүн авторлорун таппай жүргөндөр мындан көп. Ушул талашты тактоо иретинде окурмандардын талдоосуна төмөнку иликтөөнү сунуш кылууну ылайык таптык. Токтогул Сатылганов 19-кылымдын аягында […]

Эрнис Турсунов


Эрнис Турсунов жана анын чыгармачылыгы тууралуу Эрнис Турсунов Фрунзе шаарында 1935-жылы 24-августта туулган. Жогорку билимди Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы университеттен жана Кыргыз мамлекеттик университетинен алган. Университетти бүтүрүп, Искусство иштери боюнча Башкы башкарманын начальнигинин орунбасары, кыргыз театрларынын репертуарлары боюнча Башкы редактор, «Кыргызфильм» киностудиясынын сценарий бөлүмүнүн начальнигинин орунбасары, Тажикстандын жана Кыргызстандын мектептеринде орус, кыргыз тилдеринен мугалим, «Мектеп» басмасында […]

Алым Токтомушевдин эки ыры


Алым Токтомушевдин бизде жок төмөндөгү эки ырын баракчасына кошуп койдум. КОРОЛЬ ЛИР Карга каак деп, кузгун куук деп көрүнбөй, Качантадан тирлик изи жок өңдүү, Какыраган Арабия чөлүндө Каңгып жүрдү картаялек Король Лир. Кайда баары? Кана баары? Каякта?.. Таажымды бер мен падыша кездеги. Булут жылат жараланган канаттай, Аны сатып жибергенин эстеди. Какырайт чөл… кайда башы, аягы? […]

Энеден, Эне тилибизден ашкан ыйыктык жок, кор кылбайлы


“Урматтуу редактор! 1972-жылы 10-февралда “Советтик Кыргызстандын” редакциясында басма кызматкерлери үчүн кеңешме өткөрүлгөн… Анда көлөмдүү баяндама жасаганмын. Тезиси менин колумда. Ошондо тил маселесинен айтылган пикирлер азыр да күчүн жогото элек. Мүмкүн болсо, ошол макаламды гезитке жарыяласаңыз экен Саламым менен – проф. Х.Карасаев” Улуу сөз устатынын 17 жыл мурдагы айткандары ошентип, гезитке жарыяланды, 1989-жылы 11-апрелде. Мындай деп […]

Сентябрь айында Ысык-Көл облусунда 2-эл аралык «Салбуруун» фестивалы өтөт


Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча Республикалык борбору, «Салбуурун» федерациясы жана «Ак шумкар кут» жаштар коомдук бирикмеси 3-сентябрдан 7-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда «Дүйнөлүк көчмөндөр оюну» этно-фестивалынын алкагында 2-эл аралык «Салбуруун» фестивалын өткөрүшөт. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматы билдирди. “Салбуурун” фестивалы буга чейин кыргыз элинин байыркы салттык аңчылык өнөрүн […]

Бурулчанын селкинчек


Көчмөн элдин турмушуна, тарыхына, каада-салтына, үрп-адатына ортоктош болуп, улуу касиеттерди өркүндөтүп келген өнөрпоз селкилердин айтылуу өкүлү Бурулча Осмонбек кызы Көл өрөөнүнүн күнгөй бетиндеги Ой-Булак деген күрдөөлдүү айылда туулган. Анын өмүр жолу өткөн кылымдагы теңине жеткирбеген заманга туш келген. Эгер ушул заманга туш болгондо, ал атактуу актриса же сөзүнөн бал чачыраган акын болмок. Анткени ал оюн-зоок, […]