Category Акындар. Кыргыз поэзиясы

Чыңгыз хандын кайгысын угузган Бука ырчы


Тарыхтын узак жолунда ошол жолдун орчундуу ордун ээлеп, тарых кыймылын түп тамырынан бери башка нукка бурган инсандардын бири бул, албетте, Чыңгыз (Жеңгиз) хан. Анын өмүрү, жеңиштери жана жеңилиштери ушул күнгө чейин ар түрдүү көз караштар менен айтылып келет. Кетбука ырчынын жашаган доору, чыгармачылыгы түздөн-түз ошол каардуу Чыңгыз хан менен байланыштырылат, б.а., ал XIII кылымда жашаган […]

Улуу поэзияны улаган акын


Боордошубуз, авар классик акыны Русул Гамзатов: «Мени дүйнө эли акын катары тааныганы менен, тоодогу тепкедей айылымдын эли тааныбаса, дүйнө элинин баасы бир тыйын» деген экен. Анын сыңарындай мен  кеп кыла турган таланттуу акын, чыгаан публицист маркум Кудайберген Жуманазаров, тепкедей айылынын эли туу туткан, сыйлаган, Куке дешип идеал туткан адамы экенинде шек жок. Акын Кудайберген Жуманазаров […]

Алайлык экинчи Алыкул


Былтыр Сооронбай Жусуевден кат келиптир. Анын артынан папке, анын ичинде машинкеге басылган ырлар келди. Сокеме чалдым, папкенин акыбетин билейин деп. Акын менен көпкө сүйлөштүм. Анан акырында папкедеги ырлар алайлык акын Абдиламит Арзиевге таандык экенин айтты.

Салижан Жигитовдун сабактары


(Уландысы. Башталышы) “ЭКИ ТӨӨСҮ ТЕҢ ӨЛДҮ” – Салижан Жигитович, жогоруда азыркы бийлик башындагылардын дээрлик көпчүлүгү партократиядан келген деп айттык. Ага ашынган демократтар, радикал реформаторлор, патриоттор ж.б. кыймылдарга кирген “колбашчыларды” да кошсок болот. Демек, тарыхый шарт ошондой түшүптүр, жол билгендерибиз, кол билгендерибиз, иш билгендерибиз негизинен партократиядан куралыптыр. Байкап атабыз, азыркы демократтарга караганда алардын тажрыйбасы мол экен, […]

Акындын «Кеч күздөгү мөмөлөрү»


Кыргыз адабиятына жана маданиятына зор салымын кошкон акын, драматург Ж.Садыков азыр экинчи өмүрүн жашап жатат. Ж.Садыков ар дайым изденүүнүн түйшүгүндө жүргөн акын эле. Анын ар түрдүү учурда жазылган классикаларынан 2007-жылы «Кеч күздөгү мөмөлөр» аттуу ыр жыйнак чыккан жана ал жаңы мезгилдин күүсүндө жазылгандыгы менен мазмундуу. Аты айтып тургандай эле, андагы чыгармалары автордун акыл сересине жеткен […]

Азамат БОЛГОНБАЕВ, "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы: Бала кезимде акын болом деген үч уктасам да түшүмө кирген эмес


Билинбей эле төкмө акын Азамат Болгонбаевдин сахна босогосун аттаганына он жыл болуптур. Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал төкмө акын менен чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кеңири маектештик. – Балалык күндөрүңүз кайсы жерде жана кандай өттү? – Мен 1983-жылы 29-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында туулгам. Ошол жерден мектепти аяктадым. Балалыгым ошол айылда өттү. Бала […]

Бакыт Жунусалиевдин жаңы ырларынан


ТАҢКЫ ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫМ Коюу түн тарап, короздор канат какканда, Ажарын чачып, агарып таң да атканда, Балбылдап неге жапжалгыз дайым каласың, Жайнаган жылдыз жарыкка сиңип батканда. Кызарган күн да кырлардан ары ашканда, Көгөргөн көктү тумандын түсү басканда, Күүгүмдү күндө жалгыздап тосуп аласың Күткөнүң бардай күлмүңдөп чыкчу асманга. Түнөрсө асман, жаркырап күчтүү жанасың. Максатың көздөп бийиктеп улам […]

«Эриген из»


Шириналы Айылчиевдин чыгармалары биздин окурмандарга сексенинчи жылдардан тарта мезгилдик басма сөздөр аркылуу таанылып келе жатат. Ал ошо жылдардагы жаш акындардын республикалык бир нече фестивалдарынын жана семинар-кеңешмелеринин катышуучусу, алардан жакшы бааларды, лауреат деген наамдарды алган.

Көп кырдуу жигит – Памирбек


Памирбек Казыбаев көп кырдуу инсан. Адабиятчы, публицист, чебер журналист жана маданият ишмери. Быйылкы күздө алтымыш жашка кол берип, ашуудан отчет берип турган кези. Улуттук китепканада өткөн анын чыгармачылык көргөзмөсүндө алтымыштын ашуусуна куру кол келбегенине коомчулук күбө болду. Көрсө, ал айтылып калгыдай албан эмгектерди жаратып келген экен. Анда сөзүбүз ирээти менен болсун.

Салижан Жигитовдун сабактары


(Уландысы. Башы) Анткени айыл-апанын бул партияларга анча кушу жок, анын үстүнө партия дегенге таптакыр ишенбей калган. Мисалы, демкыймылдарга мынабу шаарда Бишкекте анча-мынча акыл-эстүү, билимдүү кишилер кирди, ал эми айыл жеринде ага жалаң кудайдан жөө качкандар, эски арызчылар, аракечтердин баары кирип алып, кадырын кетирип койду, менин байкашымча. Бул жагдай да демократиянын айыл жерине тамырлашына, жайылышына тоскоол […]

Нурлан Калыбеков: Жаштар прозасынын тандалмалар жыйнагы чыкканы турат


Кыргыз Республикасынын Эларалык «Нурборбор» жаштар чыгармачылык академиясынын жетекчиси, акын Нурлан Калыбеков учурда кыргыз жаштар прозасынын тандалмалар жыйнагы жарыкка чыгарын «24.kg» агенттигине маалымдады. Нурлан Калыбековдун айтымында, буга чейин «Нурборбор» жаштар чыгармачылык академиясынын аракети менен «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» жарыкка чыккан. «Анда негизинен 90-жылдардан кийинки адабий коомчулукка аты таанылган акындардын ырлары топтолгон. Бул сапар проза жанрындагы өрнөктүү чыгармаларды […]

Эсенгул ЧОПИЕВдин сатиралары – кыргыз сатирасынын жетишкендиги…


Акын жана сатирик, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алишер уулу Эсенгул ЧОПИЕВ кыргыз адабиятына 1950-60-жылдары келген. Анын башка акын-жазуучулардан ушул бүгүнкү өзгөчөлүгү – жок болуу коркунучунда турат деген сатира жанрын сактап калгандыгында жана борбордон сырт, элет жеринде жашап туруп, борбордун эле эмес, бүтүндөй республикабыздын боорунда болуп жаткан бардык көйгөйдү көрүп-билип, ошону куюлушкан куйкум тил […]

Таланты эрдигине айкалышкан


Мен Казат Акматовду жазуучу катарында эмес, саясатчы катары Горбачевдун кайра куруу доорунда биринчи жолу тааныдым. Анда Компартиянын Борбордук Комитетинде идеология бөлүмүнүн башчысы элем. Коммунисттик идеологиянын ызгаары улам начарлап, коомубуз, элибиз демократия жана эркиндикти көздөй бет алган кез эле. Интеллигенциянын ар кандай катмарлары менен бат-бат жолугушуп, келе жаткан жаңы заман жөнүндө дээрлик күн сайын сүйлөшүп, өз […]

Үмүтай Эралиева


Эралиева Үмүтай – 1980 – 1985-ж.ж. Наймандагы балдардын музыкалык мектебинин комуз классында беш жыл билим алган. Комузчу. Республикалык студенттердин «Ала- Тоо жазы – 89» фестивалынын лауреаты. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Акын.1990 – жылы К.И.Скрябин атындагы айыл- чарба институтунун экономикалык факультетин аяктаган. Кесиби экономист – бухгалтер. Үмүтай бала кезинен эле колуна калем кармап келе жатат. Анын […]

Кыздар поэзиясындагы кызгалдактуу кыр


Өткөн жылы “Турар” басмаканасынан  белгилүү акын кызыбыз Фатима Абдалованын “Эсимде” аттуу көлөмдүү ырлар жыйнагы жарык көрдү. Аталган китепке баш сөз жазган филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева Фатиманын ырларында чыныгы поэзия шоолалары жанып тургандыгын баса белгилеп кетиптир. Китеп бир топ бөлүктөрдөн турат. Алгачкы бөлүм “Ата-Журтум алдейим” деп аталат. Автор эгемен жылдар ичинде “акыйкаттык” жана “адилеттик” […]

Бурулкан Карагулованын "Токтогул көлү – көз жашым"


Белгилүү кыргыз акыны Бурулкан Карагулованын “Токтогул көлү – көз жашым” аттуу даректүү баяндар жана аңгемелер жыйнагы автордун макулдугу менен блогубузга жайгаштырылды. Аны бул жерден окуй аласыздар. КМБ

Жыргалбектин жаңы ыры


КҮЧ  Сүйлөшсөң сөз учугун кызытканга, Сүйүшсөң – кош жүрөктү ысытканга, Күч керек, күндө кылган иштериңе, Күч керек, бул дүйнөгө кызыкканга. Ааламдын айтаар сөзү анык турат. Агарып аткан таңда жанып турат. Күн дагы, бул дүйнөнү нечен кылым Күч топтоп келген үчүн жарык кылат. Атаарда – дүрмөтүңдү октош керек, Алыска аттанаарда – токтош керек. Ааламга Күндөй болуп […]

Салижан Жигитовдун сабактары


(Башталышы өткөн санда) -Экономисттер деле бир жагынан караганда биздин акындарга, илгерки эшик ырчыларына окшоп кетет экен. Мисал үчүн алар совет доорунда советтик экономиканын, улут маселеси жандана баштаганда улуттук экономиканын мартабасын “магдырата” эсептеп берди беле, эми радикал экономисттерге айланып, рынок экономикасын даңктап жатат. Ошон үчүн Батыштын ишкер дүйнөсүндө теоретик-экономисттер Рейгандын: “Ишен, бирок, сөзсүз текшер” деген принцибин […]

Омор Султанов


Кыргыз Акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. Омор Султанов – азыркы кыргыз акындарынын бири. ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин төрагасы (2007-2009) болуп да иштеген. “Жаңы Ала-Тоо” журналын негиздегендердин бири (2009). Бир нече ырлар жыйнагын жарыялаган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин […]

Сөз дайра. 29.09.12


Акыркы кездери өз эне тилин бузуп, тантык сөздөр менен сүйлөгөндөр көбөйүүдө. Илгери айылдын улуу кишилеринин, айыл аксакалдарынын кулак кумарын кандыра сүйлөгөн сөздөрүн угуп чоңойдук. Ошолордун сөздөрүн үлгү туттук. Мисал: «Кечки көлөкөдөй чубалган келин экен» дешчү. Көрсө бою узун, анча илбериңки кыймылдабаган келиндерди ушинтип кечки көлөкөгө салыштырчу тура. Чын эле кийин байкасак кечкисин көлөкөлөр батып бараткан […]

Ысык-Көлдө Алыкул Осмонов жашаган


«Көлдө жүрдүм, көл боюнда бойлодум, Токсон ирет көргөнүмө тойбодум» (Алыкул) Жыл сайын Ысык-Көлгө дегдеп келем. Бала чакта бир көргөнүмдөн тартып түбө-лүк арзуума айланган көлдүн кереметтүү сулуулугу менен көк ирим мөлтүр тунук суусунан башка да өзүнө тарткан дагы бир касиети бар. Ал улуу таланттуу акын Алыкул Осмоновго байланыштуу.

Аман Токтогуловдун ырлары кошулду


Аман Токтогуловдун бизде жок жаңы ырларын блогубузга жайгаштырып койдук. Бул үчүн Аман агайдын кызы Элмира Токтогуловага терең ыраазычылык билдиребиз. Жаңы кошулгандар Аман Токтогуловдун 60 жылдыгына карата чыгарылган китепке тандалып алынган ырлар. Анда акындын ырлары менен кошо Аман Токтогуловго арналган ырлар да бар. КМБ

Какендин ырлары


Какен Алмазбековдун ырлары блогго жайгаштырылды.

Омор Султанов, Кыргыз эл акыны: “Жантөрө Сатыбалдиев убадасын берген, бирок…”


Омор агай, акын, катары бүгүнкү күндөгү адабият менен маданияттын абалына кандай баа бересиз? – Маданият тууралуу эмне деп айтышты да билбей турам. Маданият өспөй калды, такыр эле болбой калды деген менен маданиятыбыз минтип жатат, тигинтип жатат деп телевизордон көрсөтүлүп, радиодон маалыматтар берилип эле жатат. Акын-жазуучулардын мааракелери өткөрүлүп, мааракеге чогулган эл акынга гүл берип, акча берип […]

Бишкекте алгачкы жолу Эл аралык адабий форум өтөт


Бишкекте 1-Эл аралык «Open Central Asia Book Forum & Literature Festival 2012» адабий форуму өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришкен. Белгилей кетсек, иш-чара Hertfordshire Press басма үйү менен биргелилкте Silk Road Media британдык компаниясы тарабынан уюштурулганы турат.