Category Эпостор

«Манас» эпосу Кытайдагы кыргыздардын дили менен тилин сактап калат


Жакында кытайлык кыргыз окумуштуусу, манастаануучу  Мамбеттурду Мамбетакун Кыргызстанга келген күндөрү Кыргыз билим берүү академиясында болуп, академиянын мамлекеттик тил жана лингводидактика лабораториясынын кызматкерлери менен таанышып, кеңири маек куруп берди. Өз маегинде окумуштуу Мамбетакун мына буларды маалымдады: – Кытайда 56 улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын 13үнүн гана өз тилинде жазуусу бар жана мезгилдүү басылмалары, китептери чыгып, мектепте эне […]

“Манас” Бээжинде кытай, англис жана кыргыз тилинде жарык көрдү


“Манас” эпосу ЮНЕСКОнун маданий эстеликтер тизмегине кытайлык кыргыздардын атынан киргенден бери Бээжинде кытай, англис жана кыргыз тилдеринде басылып чыкты. Кытайлык котормочу Айкын Турсун “Манастын” кытай тилинде кара сөз менен чыккан вариантын кыргыз тилине которуп чыкты. Кабарчыбыз Сагын Алаева Айкын Турсунга кезигип, аны кепке тарткан.

Кытайдын Кызылсуу жергесинде өткөн эл аралык “Манас” форуму ишин жыйынтыктады


Кытай Элдик Республикасынын Кызылсуу жергесинде өткөн Эл аралык “Манас” форуму ишин жыйынтыктады. Бул туурасында “Кабар” агенттигине жергиликтүү ишкер, “Манас” эпосунун күйөрманы Төлөнтур Ыбырай уулу билдирди. “Иш-чара мамлекеттин колдоосунда өткөрүлдү. Жергиликтүү калтын улуттук маданиятын, заттык эмес байлыктарын сактап, муундан-муунга өткөрүп берүү максатын көздөп уюштурулган форумга дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган кыргыздардын өкүлдөрү чакырылган”, – дейт форумдун катышуучусу.

«Манас – балдардын көзү менен» аттуу балдар арасында сынак жарыяланды


«Манас – балдардын көзү менен» аттуу балдар арасында сынак жарыяланды. Сынакты өткөрүүгө эларалык «Мээрим» кайрымдуулук фонду көмөктөшүп, аны «Галереи М» демилгелөөдө. Бул тууралу галереянын арт-менеджери Мээрим Акматкулова «24.kg» МАга билдирди.

“Манасты” кимдер, кантип сактап калышты?


1952-жылы “Манасты” жок кылуу, кыргыз эли үчүн өзүнүн улуу дүйнөлүк маанидеги шедевринен айрылып калуу коркунучу турган болчу. Ошондо “Манас” корголбой калса, мүмкүн “Манастын” китеби өрттөлүп, ошо бойдон Манас колубузда жок болуп калууга чейин бармак. Ошол учурдагы Манастын тагдырын чечкен конференцияга быйыл 60 жылдын жүзү болду.

Александр Македонскийдин мугалими Аристотель болсо, Шер Манастын биринчи тарбиячысы ким болгон?


Же улуу эпостогу баланы эркин тарбиялоо даанышмандыгы (Башы өткөн санда) Ал көзүн чоң ачып, айлана-тегерегине салкын кандуулук менен карап, алды-артын ойлоп, бардыгына сары эсеп салып турган киши. Мына ушундай эсепчил мүнөзүнөн улам ал Алтайда 40 миң жылкы күтүүгө жетишип, бай Жакып атанып отурат. Өзгөчө ал Алтай аймагындагы күнкор кыргыз менен “кара курттай кайнаган” үстөмчүл калмак-манжуунун […]

ХХI кылымдын тирүү Гомери


Мендеги маалыматтар боюнча “Манас” эпосунун баалуулугун билишкен чек аранын аркы тарабындагы Жүнгө (Кытай) өлкөсүнүн компартиясынын үгүт жана пропаганда бөлүмүнүн тапшыруусу менен 1959-1964-жылдары “Манас” жыйноо боюнча атайын адабиятчылардан турган топтор Жүнгөдөгү кыргыз райондорун кээде ат менен, кээде жөө-жалаңдап дегендей, баш-аягы эки жолу эл ооздорунан чогултушкан. Албетте, эки жолкусунда тең алар баарысынан көп билген Жусуп Мамайдын оозунан […]

Унутта калган үч маселе


“Манас” чыгармасы эпоспу же жомокпу? Эпос менен жомоктун айырмасы болобу? Сагынбайдын варианты боюнча жакында жарык көргөн эпостун кириш сөзүндө “чоң жомокчу” деп аталып берилген. Чын-чынына келгенде бул эпос жомокпу? “Манас” эпосун ушундай кайдыгерлик менен байыркы тарых алдында, байыркы эл катары өз беделибизди өзүбүз түшүрүп алып жаткан жокпузбу? Каныкей эненин жомогубу же арманыбы? Алманбет баатырдын жомогубу […]

“Манасчыларды акчага байлап салабызбы?”


Чексиз көк асмандай, чалкып жаткан океандай болгон “Манас” темасын айтып да, жазып да бүтө албайсың. Ошентсе да бүгүн манасчылык касиет, кайыптар дүйнөсү, жакын арада өтө турган (миллион сом сайылган) манасчылардын конкурсу тууралуу кеп козгоп, манасчылар Талантаалы Бакчиев, Рыспай Исаков, жана Самат Көчөрбаевди, маданият изилдөөчү Индира Райымбердиеваны, Философия илимдеринин кандидаты Саветбек Абдрасуловду “чайлашууга” чакырып, кең-кесири баарлаштык.

Батыш Мамбеталиева, Уркаш Мамбеталиевдин жубайы: “Уркашты жетиден экөө болгондо жетелеп кетем деген Бакай ата, 77 жашында жетелеп кетти”


– Батыш апа, 18-июнда Уркаш аганын арабыздан кеткенине бир жыл толот экен. Бул оор жоготуу кыргыз эли үчүн күтүүсүз болду. Мурда кийин ооруп жүрчү беле? – Асма деген оору менен ооруп, кээде ооруканага жатып калчу. Атайын карап, дарылаган дарыгерибиз бар болчу. Каза болооруна жакын дарыгер келип “дарыланып алыңыз” десе, “макул дарыланам” деп коюп эле, дарыланбай жүрдү. Ал […]

Рыспай Исаков: “Манасчылык – бул жүк”


– Саламатсызбы Рыспай агай. Түркияга кош келдиңиз. Өзүңүз, билимиңиз, жашооңуз жөнүндө окурмандарга тааныштырып кетсеңиз. – 1975-жылдын 11-майында Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жээренче деген айылында төрөлгөнмүн. Ошол жерден орто мектепти аяктаганмын. 10 бир тууганбыз. Орто мектепти аяктагандан кийин, Бишкектеги жогорку окуу жайга, азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филология факультетине тапшырдым. Ал жерде […]

Манасчылык өнөрү Сагынбай, Саякбай менен токтогонбу?


Манасчылык өнөр Сагынбай менен Саякбайдан кийин токтоп калган. Мындай пикирин адабий сынчы Кадыркул Даутов «Манас» эпосу жөнүндө кабыл алынган мыйзамдын бир жылдыгына арналган симпозиумда билдирген болчу. Ошону менен бирге азыр чыныгы манасчы калбады, азыркылар «Манасты» жаттап айтат деген сөздөр дагы айтылып келүүдө.

2013-жылда ЮНЕСКО «Манас» үч илтигин материалдык эмес маданий мурас катары Кыргызстандын атынан кабыл алуу маселесин карайт


2013-жылда ЮНЕСКО «Манас» эпосунун үч илтигин материалдык эмес маданий мурастар катары Кыргызстандын атынан кабыл алуу маселесин карайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков билдирди. Анын айтымында, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар комитетине «Манас» үчилтигин киргизүү боюнча талаптар аткарылып жатат. “Каражаттын жоктугунан Кыргызстан өз маалында “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун материалдык […]

“Каныкей мазары”


Бир канча күн мурда Астанадан белгилүү окумуштуу-түрколог, кыргыздын чыгаан тилчи-окумуштуусу, манас таануучусу, академик Болот Мураталиевич Юнусалиевдин түркология илиминдеги жолун улантуучу, филология илимдеринин доктору, профессор Ерден Кажыбек телефон чалып: “Кадеке, сүйүнчү! Астанадан 200 чакырымдай жерде, кадимки Сары-Аркада “Каныкей мазары” деген өтө эски мазар табылды. Сага анын сүрөттөрүн саламын”,– деди.

ХХ кылымдын Гомери, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин кызы Гүлсүн Саякбаева: “Атам ооруп жатканда да менин жумушка кеткенимден пайдаланып манас айтчу экен”


Ар бир кыргыз баласы Манас деген сөздү укса ХХ кылымдын Гомери, залкар манасчы Саякбай Каралаевди жаңылбай элестете алса керек. Улуу жомогубузга аты айкалышып жашап келе жаткан улуу инсаныбыз бар экени бизге чоң сыймык. Дал ушул улут сыймыгы болгон Саякбай Каралаев тууралуу залкар манасчынын кызы Гүлсүн эже маек куруп берди.

Ричард Хевитт: шпион да, жөөт да, миссионер да эмесмин


– «Манас» эпосу тууралуу «Жоголгон табылды» аттуу илимий эмгегиң бүгүнкү күнү англис тилинде жарыкка чыкканы маалым болду. Сөздү ошол жаатында уласак, китеп канча нускада жарык көрдү? – Европа тарапта китеп чыгаргандар 500 же 1000 нускада чыгарбайбыз. Адегенде түп нускасын (бир даана) басмаканадан чыгартып, китепти интернетке жайылтабыз. Эгерде кызыгуулар пайда болсо, кийин ошого жараша керектүү нускадагы […]

Манасчы Замир Баялиев: «Түшүмдө баатырлар эмне манас айтпайсың деп опузалады»


«Манасчы манас айтып бүткөндөн кийин мен аны түшүнбөсөм да жандүйнөм жана денем тең салмакка келип, ойлорум, сезимдерим өзүнүн табигый иретине келип калганын сездим.» Тата Юхао Мани, индиялык окумуштуу – Айкөл баянын кантип айтып калдың? – Манасчылык өнөрдүн маани-маңызын, ыйыктыгын, бийиктигин, касиетин өзүмдө болгон өзгөрүүдөн улам жакшы түшүнүп калдым. 5-6 жашымдан бери кандайдыр бир чоң адамдар […]

Манас таануучулар эмне кылып жатышат?..


Сүрөт КТРКнын сайтынан алынды Кыргыздардын укмуштуу “Манас” эпосу – элибиздин тарыхын эле эмес, анын турмуш-тиричилигинин ар кыл жактарын: этникалык курамын, чарбачылыгын, каада-салтын, адеп-ахлагын, дүйнөгө болгон көз карашын, эстетикалык табиятын, диндик түшүнүгүн, астрономиялык, географиялык ж.б. билимдерин элдик поэзиянын салттык ыкмасы аркылуу өтө көркөм чагылдырган уникалдуу нукура эпикалык чыгарма. Ал – элибиздин миң жылдык баатырдык тарыхынан кабар […]

Биз билип, билбеген Жусуп Мамай


Быйыл торколуу 95 жашка чыккан кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын Кыргызстанда алгачкы өмүр баяны жарык көрдү. Жусуп Мамай “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача”, “Бекбача”, “Чоңбилек”, “Чигитей” деген “Манастын” 8 урпагын айткан. “Азаттыктын” сыйлуу “Сыябан” талкуусуна бул китептин автору, эркин журналист жана акын Субакожоева Чолпон, «Манас жаңырыгы» радиотелекомпаниясынын жетекчиси, “Манас” таануучу Токтогазиев Темирбек катышат.

Абдылдажан Акматалиев: “Манас” – бүтүн бир руханий Аалам…”


– “Манас” эпосу боюнча кийинки мезгилдерде бир топ карама-каршы пикирлер пайда болуп, талаш-тартыш башталды. Окурмандардын “мээсин айландырган” жаакташуунун зарылдыгы бар беле? – Демократия өлкөлөрүндө сөз эркиндиги болушу керек деп биз анын маани-маңызын түшүнбөй эле сөздүн касиет-кудуретин, таасирин, кадыр-баркын, жоопкерчилигин жоготуп алдык окшойт. Азыр эч ким айткан, жазган сөзүнө жооп бербейт. Адамдын абийири, жан дүйнөсү таза […]

Кыргызстандын ар бир үйүндө “Манас” жаңырат!


Жалпы кыргыз эли үчүн, өзгөчө Манасты сүйүп угуучулар үчүн абдан заманбап үлгүдөгү жакшы шарт түзүлдү. Эми ар бир кыргыз жараны, азыркы манасчылардын айтуусундагы Манасты үйүндө отуруп көрө алат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору менен бирдикте “Айгине” маданий-изилдөө борбору 31-март күнү “Улуу Манас баяны урпактардын оозунда” […]

Миң сырлуу, миң кырлуу ажайып аалам


Кыргызстанда чет элден каржыланган алты миңге жакын өкмөттүк эмес уюмдар бар. Алардын ичинен улуттук өнөрдү колдогону жокко эсе. Бир гана “Айгине” маданий-изилдөө борбору тарабынан кыргыздын улуттук мурастарын сактоо жана өнүктүрүү максатында көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүп келе жатканын билебиз. Ушу боюнча “Айгине” маданий изилдөө борборунун жетекчиси, филология илиминин доктору Гүлнара АЙТБАЕВАны сөзгө тарттык.

Табылды Актан: «Жүрөк дагы деле жаш…»


gde.kg сайтынан алынды Табылды аганы достору “бий жагын да өздөштүрсөңчү” деп бекеринен айтышпаса керек. Анткени ар тараптуу талант бүгүнкү күндө театрдын жана кинонун чебер актёру, драматург, комузчу, дастанчы, аткаруучу, манасчы атка конуп, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанымал. Кыргыз Эл артисти, М.Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси 60 жашта.

Улуу Манас баяны урпактардын оозунда


“Билим берүү министрлиги Манас таануу окуусуна 72 саат бөлдү”


– Советбек агай, учурда окумуштуулар “Манас” эпосу тууралуу эмне иштерди жасап атат? – Бүгүн Манасты бала-бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо окутуу маселеси курч коюлуп жатат. Ушундай шартта биз кайсы вариантка негизделип жаш муундарга тарбия беришибиз керек деген маселе өзүнөн-өзү чыгат. Мындай шартта менин оюмча бир гана жол бар. Ал кылымдар бою эл тарабынан түзүлгөн, байыртан бери манасчылар […]