Monthly Archives: Январь 2016

55 табышмак


Буту жок, колу жок, Эшик ачканга шок. (шамал)   Бир челекте эки камыр (жумуртка)   «Аалам аппак кийинет» (кыш)   «Көк көйнөккө пахта жайдым» (булут)   «Дүйнөдө ким берекелүү?» (жер)   «Суунун атасы ким?» (булак)   «Отурганы обо жер Басканы бакырчанак» (ээр, ат)   Арча терек, Алтымыш бутак, Бутак сайын уя, Уя сайын жумуртка (алча) […]

Кылы үзүлгөн комуздагы үч тагдыр


Эл акыны Тенти Адышеванын кыргыз адабиятындагы мемуардык чыгармалардын алдыңкысы саналган “Кылы үзүлгөн комузум” чыгармасынын үчүнчү басылышы жарык көрдү. Адабиятчылар кыргыздын чыгаан уулдары – акын, драматург Жоомарт Бөкөнбаев, Курманжан датканын чөбөрөсү, окумуштуу Муса Адышев жана алардын замандаштары тууралуу жазылган бул эмгек мезгил өткөн сайын баалуу эскерме-баян катары куну артып баратканын айтышат. Педогогика илиминин доктору, адабиятчы Абдыкерим […]

Нарсулуунун 2 жаңы ыры


Ушул жашоо… Талаа болуп күнөстүү, Калаа болуп… Бекет болуп башталып… Капыс анан өчкөн эле жүрөктөн, Мени ээрчиткен, мен ээрчиген ак жарык. Жүрөктөгү ошол жарык өчкөндө, Өзүм кошо өчпөйүн деп тырыштым. Терезеден тиктеп жашап көнгөндөр, Терезеден мени тиктеп турушту. Жандагандар караңгыны эп көрбөй, Башка жактан жарык издеп кетишти… Балким мага керек эмес кеткендер, Балким мага өчкөн […]

Токтобек Үсөнов. «Олжо»


(аңгеме) Түн бакырдыкы маал. Бир чоң тоону алп уста колу менен жасап отуруп, чарчаганынан таштап баса бергендей, одур-будур чачылган бөксө тоолорду аралай кеткен узун жолдо, алыстан келе жатканы үнүнөн билинип, азып, чарчап калгандай өйдөгө келсе безелене күрүлдөп, ылдыйыштан эс алып жаны жыргай түшкөндөй зымырап, жолдун шартынан улам ат басыгындай жүрүш менен кытайлык узун камаз Кызыл-белде […]