Monthly Archives: Июль 2017

Болот Бейшеналиев тууралуу 10 факты. Сүйүү, Таттыбүбү, капыстан кармаган инфаркт


Июнь айынын акыркы жумасында КР Эл артисти Болот Бейшеналиевдин 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Залкар талант тууралуу кийинки муундун, жаштардын маалыматы чектелүү болгондуктан, анын өмүр жолу, ишмердүүлүгүнөн 10 фактыны журналист Кабыл Макешов сунуштайт. Жалгыз уул. Атактуу агабыздын киндик каны тамган жери – Чүй боорундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылы. 1937-жылы 25-июнда Болот ага жарык дүйнөгө […]

Анэс Зарифьян: Адам назик анан аябай морт болот


Кыргызстандык белгилүү акын жана окумуштуу, медицина илимдеринин кандидаты, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Анэс Зарифьян менен маекти сунуштайбыз. Анэс Зарифьянды окурмандар өткөн кылымдын 60-жылдарынын этегинен тарта акын катары жакшы билишет. Алагчкы ырлар жыйнагы 1983-жылы жарык көргөнү менен чыгармалары 60-жылдары эле басма сөздө жарыяланып келген. Анэс Зарифьян: Лирика мен үчүн сырдуу, табышмактуу. Албетте, кээ бир учурда автор […]

Асылбек Маратов: Элмирбек агайга берилген сыйлыкка ичим ачышкан


Дүйнө жүзүндө эки гана элде кездешкен көркөм өнөр бул — төкмөлүк. Ал кыргыз менен казакта кездешет экен. Улуу өнөрдү уларча жок кылбай аздектеген муун — маданиятты тиреген түркүк. — Жети атаңызды санай келгенде бешинчи атаңыз кадимки төкмө акын Арстанбек Буйлаш уулу экендигин окугам. Төкмөлүк өнөр да ошол кишиден берилсе керек? — Кыргызда “аккан арыктан суу […]

Жыргалбек Касаболотов паспорт, улут, адабият жана маданият тууралуу (видео)


Жыргалбек Касаболотов Жылдыз Муслимованын “Консенсус” аттуу автордук уктуруусунда конок болду.   “Марал” радиосу

Көк урсун, Жер урсун, Ант урсун… Ант урабы же урбайбы?


Ант берүү ар бир элде болгон касиеттүү түшүнүк. Анын күчү менен эчен дөөлөттөр курулуп, эчени талкаланган, сүйүүлөр жооп таап, тукум өскөн… Колумнист Шаакан Токтогул баштапкы башаттан алыстаган анттын жазмышы менен каргышы тууралуу ой-толгоосун сунуштайт. Ант деген эмне? Ант – бузулбаган убада, сөзсүз орундала турган сөз, кайтпаган касам, жанбаган шерт. Байыркы башатта ал ыйык болгон. Ошондукта, […]

Шергазиев: Манастын туусу кызыл болгон


Кыргыз туусунун тарыхын изилдеп жүргөн окумуштуу Алмаз Шергазиев менен маек. Кыргыз туусунун тарыхын изилдеп жүргөн окумуштуу Алмаз Шергазиев жакында “Эр Жанек” китебин жазып, унутта калып келген тарыхый инсандын эмгегин ачып берди. Китептин жаралышы, кыргыз туусунун барк-баасы тууралуу кеп салып берүүсүн өтүнүп, Алмаз Шергазиевди кепке тарткан. Жанек баатыр кокондуктарды кубалап чыккан Кыргыздын туусун түшүрбөй, элин душмандан […]

Алмаш Чойбекова: Азаптуу сулуулук. Акындык тагдыр. Армандуу өлүм


Акындык да, адамдык да жолу аксап, күйөөсүнүн кызганычынан ок жеп, азиз болуп калган акын аялдын тагдыры… Күйөөсү Алмашты аттым деп ойлоп, кийин өзүнө-өзү ок чыгарып өлүп алат. Ал эми акындын көзү көрбөй калат. Жакында кыргыз поэзиясындагы ошол жарык жылдыз биротоло өчтү. Бул туурасында колумнист Абдыкерим Муратов мүрзөгүл жазды. Биз анда Ошто пединститутта студент элек. Алмаш […]

Абдыкадыр Орозбековдун феномени


Абдыкадыр Орозбеков феноменинин жаралышы социализм заманында гана болчу көрүнүш. Карапайым кедей адамдын бийликтин жогорку тепкичине жетиши канчалык ыкчам болсо, андан сүрүлүп калышы деле ошончолук тез болгон. Абдыкадыр Орозбеков 1937-38-жылдары аябай күчөп кеткен кандуу жазалоонун курмандыгына туш келип, ушу кезге чейин кайсы жерге көмүлгөнү да дайынсыз. Артында калган аймончок балдары менен аялынын көргөн азап-тозокторун айтып отурса […]

Кыргыз Таануу (КТРК): “Кыргыздагы жаачылык өнөр” (видео)


Тарыхый табылгалар таландыда калбаса


Жогорудагы сүрөттө Кан-Дөбөдөгү археологиялык табылгаларды изилдөө учуру. Акыркы жылдары Кыргызстандын аймагында археологиялык эстеликтер көп табылып, бирок аны изилдөөгө жана сактоого каражат тартыш болуп жатат. Мындан улам тарыхый мурастарды коргоону каалаган жеке адамдар, адистер өздөрүнүн жеке демилгеси жана чет элдик уюмдардын каражаты менен тарыхый жайларды казуу жана сактоо аракетин көрө баштады. Бүгүнкү күндө Кочкордун Кум-Дөбө айылында […]

Каныбек Иманалиев: “Манасты исламга каршы коюу – түшүнбөстүк”


Өлкөнүн эң негизги байлыгы, потенциалы анын руханий деңгээлинен көз каранды. Учурда кыргыз элинин руханий абалы кандай? Дүйнө элинен биз эмнебиз менен айырмаланабыз? Ушул багытта Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев менен баарлаштык. – Каныбек Капашович, бүгүн сиз менен саясий эмес, руханий багытта пикир алышсакпы деп турам. Айтсаңыз, кыргыздар дүйнө элдеринен эмнебиз менен айырмаланабыз? […]

Рахат Аманованы ырларынан


ӨКСҮК Канат кагып уча албадым кезинде, Кайрат айтып деген менен өзүмө, Качанкы бир калпыс кадам, ойлорум, Кайрып бербейт жаштыгымды, демимди. Кандай сонун кыял-тилек бар эле! Каалгый учуп ай-ааламды сермеген, Мен ал кезде кыял менен жашаган, Мен ал кезде бир башкача жан элем! Кайран гана кангып калган жылдарым.., Кайран гана карып болгон күндөрүм.., Кайран гана санаа […]

Улут муңун күүгө салган композитор


Композитор Акимжан Жээнбайдын чыгармаларында улут турмушундагы катаал драматизм пенде баласын коштой жүрчү арылгыс арман менен эриш-аркак сүрөттөлөт. “Эне, Акимжанды сизге тапшырдым…” Айкөл Манастан тарта кыргыз элинин башынан өткөн тарыхый учурлардын кыйласы музыканын тилинде баяндалат. Мындан жети жыл илгери Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында 7-апрелде төгүлгөн канга аза-кошогу, коммунисттик замандагы кандуу алаамат – репрессия курмандыктарын эскерген “Ата-Бейит”, жанкечтилердин […]

“Санжыра” программасы: Ормон Хан (видео)


  http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/7061/ormon_khan_birinchi_boluk_dlia_saita_03_07_17.mp4   http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/7060/ormon_khan_ekinchi_boluk_dlia_saita_03_07_17.mp4   «Кабар» КУМА, 10.07.2017-ж.

Жыргалбек Касаболотовдун ырлары жана котормолору


Ырлар ЖҮРӨКТӨГҮ МУЗ Астейдил арзуулардан канаат алып, Аттанам, алыс сапар эртесинде. Жүрөмүн баарысына калыс карап – Жүрөгүм жашайт Ызгаар Өлкөсүндө. Тулкума нурун төккөн аруу жандар Туйлаткан жигеримди унута албайт. А бирок эпкиниме багынса да Аяздуу көөдөнүмдү жылыта албайт. Ак мөңгү башат болгон турмуш шары Агылат, өз нугунда кенен бүгүн. Сезимди бүт ээритсем – анын баарын […]

Асанканов: Кыргыздардын этногенези боюнча жаңы эмгек жаздык


Жакында Москвада “Кыргыздар” деген фундаменталдуу илимий эмгек жарык көрдү. Анын авторлору кыргызстандык жана орусиялык окумуштуулар. Кыргыз элинин этногенезин, тарыхый-маданий байланыштарын жаңы илимий жетишкендиктердин негизинде иликтеген авторлор жамаатынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Аблабек Асанканов “Азаттыктын” студиясына келип жаңы эмгек тууралуу маек куруп берди. “Азаттык”: Аблабек мырза, студияга куш келипсиз. Бүгүнкү […]

Көйнөгүңдү уй жегир! Кыргыз энелерине гана тиешелүү 10 өзгөчөлүк


Апалардын оозунан “тигинин баласын карачы” же “бөйрөгүңдү таянба” деген сөздөрдү бүт эле кыргыз баласы укса керек. Анан да койдун майын дарылык касиет катары колдонбогон кыргыз энеси жокко эсе. Кыргыз энелеринин колдонгон ырым-жырымдарынан балдарын урушкан сөзүнө чейин опокшош. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздын гана апаларына тиешелүү өзгөчөлүктөрдү тизмектеп көрдү. Буларды окуп бир жылмайып алгыла. Койдун […]

Өзбекстандагы этникалык кыргыздардын каада-салттары


Статистикалык маалыматтарга караганда Өзбекстанда 370 миңден ашык кыргыздар жашайт. Кыргыздар негизинен Анжиян, Фергана, Жиззах, Сырдарыя, Самарканд, Ташкент облустары, Каракалпакстан аймактарынан орун алып, жашап калышкан. Дал ушул аймактардагы этникалык кыргыздарда кыргыздарга тиешелүү каада-салттар сакталып калганбы? Кайсыл салты өзгөрүүгө учураган деген суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү маалыматтарды сунуштайбыз. Ташкент, Сырдарыя облустарындагы кыргыздардын басымдуу бөлүгү казак, өзбектер менен […]

“Санжыра” программасы: Көлдүк саяктар (видео)


http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/6767/kolduk_saiaktar_birinchi_boluk_dlia_saita.mp4   http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/6765/kolduk_saiaktar_ekinchi_boluk_dlia_saita.mp4   «Кабар» КУМА, 30.06.2017-ж.

Урал баатыр (үзүндү)


Элдик оозеки чыгарма элдик жакшы турмушту, мыкты ийгиликтерди эңсеген мүдөө-тилектерин туюндурат. Башкырт элинин “Урал баатыр” дастанында мына ушундай эңсөөлөр чагылдырылып, баш каарман Урал адамзатка мезгил-мезгили менен келе калчу өлүм, ажал деген алааматты таап, аны жок кылууну эңсеп, жер кезип чыгат. Дастанда анын жаратылыштын керемет көрүнүштөрүнө, купуя сырларына терең урматтоо менен, жер бетиндеги ар кандай терс […]

Абдрахманов: Эгер Ильич болгондо…


Жусуп Абдрахманов алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң мыктысы, кеменгери катары совет бийлигинин кандуу капшабына кабылып, жаштайында жок кылынган. Кыргызстан союздук республика катарына кирип, кийин коммунисттик империя ыдыраган соң өз алдынчалыкка жетишине Жусуп Абдрахманов башында турган кыргыздын патриот азаматтарынын ролу баа жеткис. Ленин менен сүйлөшкөн кыргыз Жусуп Абдрахманов 1901-жылы Көл кылаасындагы Чиркей деген айылда манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. […]

Ак илбирстен мекен талашкан кабыландар


Жогорудагы сүрөттө Aк илбирстер менен кабыландар төрт миң метр бийиктикте, бир аймакты байырлап жашап жатканы тартылган. Жартылыш коргоочулар Кытайдын Тибет аймагынан тартылган ак илбирс менен бул тукумдагы башка жер шартына ылайыкташып жашаган кабыландар аралашып жүргөнү чагылдырган сүрөттү жана тасманы көргөндөн кийин тынчсызданууларын билдирип чыгышты. Климат жылуу болуп, негизинен төмөнүрөөк аймактардагы токойлуу жерлерди байырлаган кабыландар бийик […]

“Теңирим” ыры


Сөзү: Жыргалбек Касаболотов Обону: Жакшылык Ынтымак уулу Аткарган: Жакшылык Ынтымак уулу

Түркиядагы этникалык кыргыздар күйөө баланы 3 күн коноктошот


Маалыматтарга караганда, Түркияда божомол менен 10000 ге жакын кыргыз жашайт. Алардын көп бөлүгү Ванда, Улуу Памирде, калган бөлүгү Кония, Стамбул, Анкарадан орун алышкан. Ал эми ушул аймакта жайгашкан этникалык кыргыздар каада-салттарын, үрп-адаттарын, тилин сактап калышканбы? Аларда кайсыл салттар маанилүү? Түрк маданиятынын кайсы жактарын кабыл алышкан? Ушул суроолорго бул макаланын алкагында жооп издесек. Алгач алардын тарыхына […]

“Санжыра” программасы: Бугу уруусу Боор тукуму (видео)


http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/6768/bugu_uruusu_boor_tukumu_dlia_saita.mp4   «Кабар» КУМА, 30.06.2017-ж.