Category Улуттук тамак-аш

Чайкаган кымыз


Керектелүүчү азыктар: 10 л кымызга 1 – 1,5 кг бал Бир күн туруп жакшы ачыган кымызга бал кошуп чайкап, саамал кошуп, көпкө бышып, 2-3 күнгө дейре ачытып койсо, кымыз өтө күчтүү болуп калат. Ичкен адам мас болот. Ошон үчүн аны көп учурда, ичкиликтин элдик бир түрү катары баалашат. Бал чайкагандан 1 күн өткөн соң, суусун […]

Дасторкон четиндеги 10 “болбойт”


Тамак ичүү маданияты кыргызда илгертеден эле чоң мааниге ээ болуп, байыртан сакталып келе жаткан салттык эрежелерге негизделген. Анын ичинде дасторкон чекесинде жасоого болбой турган нерселер камтылган. Тамак ичүүдөгү салттык тыюуларды тарыхчы, этнограф Динара Молдокулова тизмектеп, алардын маанисин түшүндүрүп берди. Даяр болгон тамакты күттүрбөйт. Дасторкон жайылып, тамак даяр болуп калганда үй-бүлө мүчөлөрү жасап жаткан бардык ишин […]

Куруттун түрлөрү


Курут – бул эзип ичсең суусундук, шорпого кошсоң катык, жесең тоюмдуу азык. Куруттун курамында белок, көмүртек, витаминдер, кальций, темир, калий жана башкалар бар. Андыктан көздүн көрүүсүн жакшыртып, жаш балдардын боюнун өсүшүн камсыздап, сөөктөрдү бекемдеп, иммунитетти көтөрөт. Мына ушундай касиетке ээ куруттун биз биле бербеген түрлөрү тууралуу сөз кылабыз. “Өрүк курутка данектерин да кошом” Анар Бакирова, […]

Кыргыз жупкасы турса, кытай куксисин жебейли


“Апам өз колу менен камыр жайып, очокко бышырып жупка даярдачу. Андан кийин аны чоң чарага майдалап туурап, үстүнө сүттөн кошуп, бир аз шекер татытып туруп баарыбызга бөлүп берип тойгузуп коёр эле. Ошол даамды алиге чейин унуталбай жүрөм” дейт бүгүнкү каарманыбыз Кенже Асанова Ооба, бүгүнкү күнү ошол энелерибиз мээримин төгүп жасаган тамактар унутулуп, кытайдын, орустун жасалма […]

Таш кордо – кыргыз элинин байыркы тамагы


Мергенчинин тамагы деп аталышынын себеби, илгери мергенчилер атып алган кийигинин этин талаада таштуу ысык чуңкурга думбалап же чокко, ташка кактап жешкен. Бул тамак кандай даярдаларын он жылдан бери таш кордо даярдап келе жаткан Саткыналы Жусупбеков айтып берет. ТАШ ЧУҢКУР Жер 1 метрдей тереңдикте казылып, таманына, капталдарына ылайдын же цемент аралашманын жардамы менен кыш кыналып коюлат. […]

8-июлда кымыз майрамы өтөт


2016-жылдын 8-июлунда “ДАСМИЯ” этнокомплексинде саат 10.00дөн 20.00гө чейин Кымыз майрамы өтөт. Каалоочулардын баардыгына эшик ачык. Уюштуруучу: “Кыргыз ынтымагы” уюму. Байланышуу үчүн телефондор: 0770 28-60-19; 0706 28-60-19; 0550 15-31-58.

Кыргыздын жармасы АКШда жайылууда


АКШнын Чикаго шаарындагы айрым кафелерде кыргыздын улуттук суусундуктары сатылууда. Органикалык таза азыктар менен жасалган улуттук суусундуктарды сатуу демилгеси кыргызстандык мекендешибиз Жуман Кеңешке таандык. Океандын ары жагында “Jamila’s Jarmah” деген ат менен сатылып жаткан суусундуктар тууралуу демилгенин ээси Жуман Кеңеш мырза “Марал” радиосуна маек куруп берди. – Саламатсызбы Жуман мырза, Америкада кыргыз суусундуктарын сатуу идеясы качан […]

3 түрдүү дымдама


КЛАССИКАЛЫК ДЫМДАМА КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР: Кой эти – 1 килограмм Куйрук май – 400 грамм Сабиз – 500 грамм Помидор – 500 грамм Капуста – 1 килограмм Картошка – 1 килограмм Пияз – 4 баш Сарымсак – 3 баш Болгар калемпири – 3 даана Ачуу калемпир – 2 даана Өсүмдүк майы – 50 грамм Көк чөп […]

Кымыз кайсыл дартка даба, кайсыга зыян?


Жыл сайын бээнин сүтүн ичүүнү каалагандардын саны арбып баратат. Бээнин сүтүн ичип, бир сыйра дарыланып, организмдеги ашыкча шлактардан арылдык деп айтып калышат. Бирок ошол бээнин сүтү, саамалы кандай ооруларга каршы, кайсыл дартты айыктырат, аны кайсыл убакта ичкен пайдалуу экендигин көпчүлүк биле беришпейт. Бээнин сүтүнүн пайда- зыяны тууралуу кыл тамырчы, табып Дүйшөнбек ЧОМОЕВ айтып берди.   […]

Ботко


Көпчүлүк кичинекей балдардын сүйгөн тамагы ботко. Алардын пайдасы-зыяны, кандай жасалары тууралуу төмөндө кеңири таанышып алыңыз. ТАТТУУ МАННА БОТКОСУ Манна акшагы буудай данынын эндосперм бөлүгүнөн майдаланып (диаметри 0,25-0,75 миллиметр) алынат. Анда организмге керектүү крахмал, белок, витамин жана минералдык заттар көп. Акшагынан ботко жасалат. Бирок бул диеталык азыкты балдарга 1 жаштан баштап, аптасына 2 ирет гана берүү […]

Кымыз сүйүүчүлөр коомунун төрагасы Бакыт Дыйканов: Кымыз – кыргыздын акак шарабы


Кыштан жүдөп чыккан адамды калыбына келтирүүчү жана канча ичсе да табитти кайтарбаган кымыздай суусундукту ойлоп табуу кыйын чыгар. Д.И.Даль Жаз келгенде, өзгөчө май айында “ден соолугумду чыңдап бээнин сүтүн ичет элем” деп жайлоону көздөй сапар тарткандардын саны арбын. Бирок, бээнин сүтүн өз алдынча гана иче бербестен атайын убак- сааты менен ичүү зарыл. Өзү билемдикке салып […]

Курут


Курут – актан жасалган аш болумдуу даамдарды жараткан орто азиялык көчмөн элдердин эң сүйүктүү азыктарынын бири. Курсак ачканда күч-кубат берет жана ден соолукка да пайдасы зор.   КУРУТТУН ПАЙДАЛУУЛУГУ Куруттун курамы темир, магний, калий жана кальций сыяктуу керектүү заттарга бай. Андыктан көздүн көрүүсүн жакшыртат, жаш балдардын боюнун өсүшүн камсыздап, сөөктөрдү бекемдейт. Ошондой эле иммунитетти көтөрүп, […]

Боордон даярдалган тамактар


Таза малдын боорунда организмге пайдалуу витаминдер, ферменттер бар. Алар организмдеги канды тазалап турушат. Боор абдан пайдалуу болгондуктан аны жаш балдардын жана кош бойлуу аялдардын организмин керектүү витаминдер менен камсыздоо үчүн сунушташат. Боордо бир аз жагымсыз жыт жана бышкандан кийин деле кычкыл тарткан даам болот. Мындан арылуу үчүн боорду бир нече бөлүккө бөлүп, 1 саат муздак […]

Устукан тартуу маданияты


Sputnik Кыргызстан, 27.11.2015

Кыргыз ырымдары: кайсы досуң сага кас экенин билгиң келсе, баарын бешбармакка чакыр


Кандай ырым-жырымдарды карманасыз? Өзүмө кара санаган адам менен өз үй, өз дасторконумда бирге отуруп каламбы деген ой канчалык үрөй учурат? Эл аралык Sputnik маалымат агенттиги койдун сөөк-жилигине байланышкан кыргыздын айрым ырым-жырымдары жана ишенимдерин иликтеп көрдү. Илимий теория менен академиялык сөздүктөрдү жокко чыгарып айтсак, ырым-жырым — бул биз бир нерсе болуп кетпесин деп корккондон же, тескерисинче, […]

Кыргыз тамак-ашын Европага таанытсам…


Германиянын Дрезден шаарында окуп, иштеп жаткан Дария Сакулова кыргызстандыктардын ашканасы тууралуу немисче китеп жазды. Каарманыбыздын айтымында, бул эмгек кыргыз тамак-ашы жөнүндө немис тилинде чыккан алгачкы китеп. Ошто төрөлүп, Чаткалдын Шакафтар айылында чоңойгон Дария Сакулова чет элде билим алып, мекенин башка мамлекетте даңазалоону тээ бала кезинен эле кыялданчу экен. Максаты орундалып, 2008-жылы Германияга сапар алган. Андан […]

Нокот кошулган куурдак


Нокот (нут) – бир жылдык буурчак өсүмдүгү. Мекени болуп Орто Азия эсептелет. Нокот буурчак сыяктуу белокко жана углеводго бай. Өз ченеми менен колдонууда организмде холестерин азаят. Курамында иммунитетти көтөрүүчү калий менен магний, сөөк ткандарын бекемдөөчү кальций менен фосфор бар. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларында профилактика үчүн колдонулат. Кандын курамындагы канттын өлчөмүн бир калыпта кармайт. Мындан […]

Куурума күлчөтай


Керектелүүчү азык-түлүктөр: 1-1,5 кг. куурдак (же эт), 100-150 гр. суюк май, 2 баш пияз, 2-3 даана помидор (же 2 аш кашык томат), 1 даана сабиз, 1 даана түрп, калемпир, мурч, туз, 1 кг. ун, 200-300 гр. суу жана 2-3 даана жумуртка. Жасалышы: Унду керектүү өлчөмдө идишке салып алып, анан ага жумурткаларды бирден чегип аралаштырып, андан […]

Сайкал САДЫБАКАСОВА жана Наргиза АЗИЗОВА, “ОА” компаниясынын түзүүчүлөрү: “Сникерсти” нукура азыкка, йогуртту таза айранга алмаштырышыбыз зарыл!”


Күнүмдүктөгү жашоодо жөн эле дегенибиз эмес, эмнени дегенибиз, жөн эле жегенибиз эмес, эмнени жегенибиз маанилүү. Дүңгүрөп өнүгүп, дүнүйөнүн жаңыча үлгүсүн чагылдырып турган заманбап өлкөлөрдүн коомчулугу бүгүн таза азык-түлүктү тандап алууга, табийгыйын колдонууга басым жасап жаткан чагы. Кыргызстанда да акыркы кездери азык-түлүк коопсуздугун сактоого, табигый таза азыктарды өндүрүүгө чоң маани берилип, бул тармакта мекенчил атуулдарыбыз алгылыктуу […]

Нооруз көркү – сүмөлөк


Блогубузга Ноорузга жасалуучу сүмөлөктү даярдоо боюнча дагы 2 макала коштук. Алар менен бул жерден тааныша аласыздар.

Карта чучук


Карта чучукка 30-40 сантиметрдей карта, 200 грамм ич май, 200 грамм сулп эт, 50-100 грамм пияз, сарымсак, белгилүү өлчөмдө туз-калемпир керектелет. Жылкынын картасы көпчүлүк учурда жөн эле сууга бышырылат. Ал чучук ордуна жүрөт. Кээде таза жуулган картаны туздап, калемпир-мурч сээп, думбалай турат да, андан кийин эт, тууралган пияз, сарымсак кошуп, картанын ичине салат. Анан эки […]

Боор


Боорду кууруп же кайнатып бышырса болот. Боордо витамин көп. Ал – тез быша турган тамактын бири. Боорду сууга салып, туз татытып, 30-40 мүнөтчө кайнатып, бышкан кезде, келки-келки туурап, шакекче кесилген пияз менен жесе болот. Ал эми боордон куурдак жасаш үчүн, адегенде майды ысык кылып, 2-3 баш тууралган пиязды кызарта кууруп, келки-келки кесилген боорду салып, бир […]

Дымдама


Керектелүүчү азыктар: Койдун куйрук майы – 500 грамм Койдун эти – 1 кг Помидор – 2 даана Сабиз – 2 даана Капуста – 1кг Картошка – 1кг Пияз – 4 даана Сарымсак – 6-7 тишче Болгар калемпири – 2 даана Татымына жараша кара мурч, туз Даярдоо ыкмасы: Керектелүүчү азыктардын бардгыны жууп-тазалап алдыртадан даярдап алуу керек. […]

Килкилдектин дагы үч рецепти


Жаңы жылга аз гана убакыт калды. Майрамдык дасторкондо сөзсүз килкилдекти кезиктирсе болот. “Кыргыз даамы” баракчабызга килкилдекти жасоонун жаңы дагы үч рецептин кошуп койдук. Аны “Супер.КГ” сайтынан алдык. Тамагыңар таттуу болсун!!

Унутулган курма чай…


2004 – жыл… Журналистик иш менен Тажикстандын Жерге- Тал районундагы кыргыз боордошторго барып кайткан элем. Беш күндүк сапар аралыгында кызыктуу окуяларга күбө болуп, көп кызык адамдардын үйүнөн ырыскы буюрган. Кызыгы, асманында «Тажикстан» деп жазылып турган ал аймактын эли кыргыз тилин мыкты сактап калганы менен кыргыз элине тиешелүү көп баалуулуктарды кармана албай калдык деп кейигени эсимде. […]