Monthly Archives: Октябрь 2015

Мурас өнөр. Кыргыз кийиминин жеңиши!


23-сентябрь күнү Москва шаарында өткөн “Россия модасынын” IX конкурсунда Кыргызстандан барган сүрөтчү-дизайнер Гүлжан Иреш жеңишке ээ болуп, кыргыз аялзатынын этникалык кийимдери менен москвалыктарды жана Москванын меймандарын суктандырды. Мындай кубанычтуу жаңылык “Хантун” коллекциясынын авторун гана эмес, албетте кыргыз элин да сүйүнтүп, көкүрөккө сыймык орнотот. Ал эми ушул эле сентябрь айынын башында биздин борборубузда өткөрүлгөн Дүйнөлүк эпостордун […]

Математикти “улутчулга” айланткан эне тил


Бою пас адам тоого чыкса дагы кичине, алп аңгекте да чоң. Бул сөз кыргыздардын ичинен физика-математика илимдеринин биринчи кандидаты болгон Рахим Усубакуновго да мүнөздүү. Математиктер чөйрөсүндө Усубакуновдун дифференциалдык жана интегралдык изилдөөлөрү, математикалык анализ боюнча томдуктары, математика жана механикалык терминдердин сөздүктөрү алиге чейин жогору бааланат. Аталган эмгектер илимий мансапты көздөп эмес, кыргыз студенттер илимдердин ханышасы эсептелген […]

Алтынбек Исмаилов, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү: «Менимче, акын алкым эмес калкын, кулкун эмес журтун ойлогон атуул болушу керек»


Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар союзунун КРдагы координатору, «жан дүйнөгө төңкөрүш жасаш керек» деп ыр жазган Алтынбек Исмаилов менен октябрдын башында Татарстандын борбору Казан шаарында өткөн поэзия майрамы, атуулдук жана акындык парз тууралуу учкай маек курдук. – Алтынбек, сентябрь ичи элдин баары шайлоонун шааниси менен алек болуп атканда жаш муун өкүлү катары […]

Нобелдин адабият сыйлыгы Белоруссияга буйруду


Атактуу Нобель сыйлыгынын адабият жаатындагы лауреаты бул жылы белоруссиялык жазуучу Светлана Алексиевич болду. Анын ысымы кечээ, бейшембиде жарыяланды. 2015-жылдын Нобель сыйлыгынын адабият жанрындагы лауреатына 8 млн швед крону ыйгарылат. Светлана Алексиевич бул сыйлыкка «У войны не женское лицо» и «Цинковые мальчики» аттуу тарыхий жана документалдуу изилдөөсүнүн негизинде татыды. Академиктердин пикиринде ал бул чыгармалары менен кандуу […]

Сулайман Рысбаевден ыр саптар


* * * Болсоң дагы мансабың мол, дөөлөттүү, Сөөлөтүң күч, элдин баары сыйлаган. Адам болгун адамдарга керектүү, Дүнүйө эмес, ыйман-ынсап жыйнаган. Көзүңө айтып, көмө айтып ар качан, Баатырсың – деп, макташса да эл сени. Курал менен жеңе албайсың эч качан, Сүйүү менен жеңе албаган нерсени.   * * * Эмне менен бʏтɵр экен аягы, Эмне […]