Monthly Archives: Апрель 2012

Европанын кызыгуусун арттырган кыргыз турмушу жана 80 жыл мурдагы сүрөттөр


Швейцариялык журналист жана саякатчы Элла Майяр 1932-жылы Борбор Азияга келип, Кыргызстанды ат менен кыдырып Пишпек, Токмок, Каракол аркылуу Теңир-Тоого чейин жетет. Кийин андагы жашоо шартты сүрөттөгөн, көчмөн элдин отурукташа баштаган учуру тууралуу чогулткан маалыматын тизмектеген китеби 1943-жылы биринчи жолу Парижде француз тилинде жарык көрүп, элге тараары менен бүтүндөй Европанын кызыгуусун туудуруп, кийин да бир нече […]

Мургабда кайрадан ат дүбүртү жаңырат


Мургабдагы Ат чабыш, 19-июл, 2009-жыл. Сүрөт “Азаттыктын” сайтынан алынды Фестивалдын уюштуруучусу, “Кыргыз аты” корунун жетекчиси, франциялык саяпкер Жаклин Рипар “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Жасалма маданият, китеп жана интернет


Жазуучу Гүндүз Вассаф окурманга кол тамга берүүдө. Прага, 2012-жыл. Сүрөт “Азаттыктын” сайтынан алынды Телевизорду ойлоп табышканда, киночулар чоң экрандагы кино өлдү деп кыжалат болушкан. Бүгүн интернет келгени эл китеп окубай калды деп ойлогондор да четтен чыгат. Ошол эле учурда айрымдар интернет тескерисинче китепти сактап калат деп эсептейт.

Кытайда электрондук оюнчук комуз сатыкка түштү


Кытайлык кыргыз ишкер Жаасын Өмүрөспүрүмдөр үчүн оюнчук комуз жасатып базарга салды. Бул идея анда он жыл мурда эле жаралган болсо да каражат тартыштыгы айынан быйыл гана ишке ашырган.

Чүкө бекитмей


Оюн тегиз жерде 14 – 17 жаштагы 40 – 50 оюнчунун катышуусу менен ойнолот. Оюнга калыс шайланат. Калыс оюнчуларды эки жаатка бөлөт. Оюнга 1 чүкө колдонулат. Чүкө таштоочу жер белгиленет.

Кайдасыңар, кеменгер карыялар?


Илгери Көл өрөөнүндө атагы алыска угулган акылман, калыс акелер жашаган экен. Болгон окуя, чыр-чатактар аларсыз чечилбеген. Бир мисал келтирейин. Бугу, сарбагыштын ортосунда нечендеген адамдар кырылып, Ормондун өлүмү менен аяктайт эмеспи.

Бозо – гемоглобинди көтөрөт


Бозону жасоо учуру. Сүрөт http://azzzik.livejournal.com сайтынан алынды. Кыргыздын акыркы убакта унутулуп бараткан салттарынын бири бул – бозо салуу. Тээ илгертен бери эле аталарыбыз көңүл көтөрүп, тамаша айтып бозо ичишчү экен. Ошол салттар кино тасмалардын нечен эпизоддорунда тартылып, адабий китептердин сюжетинде айтылып, “Манас” эпосунун саптарында да кездешет. Үйлөнүү тойлордо кесеге бозо ашыра куюлуп, даамын сындап олтурган […]

Манас таануучулар эмне кылып жатышат?..


Сүрөт КТРКнын сайтынан алынды Кыргыздардын укмуштуу “Манас” эпосу – элибиздин тарыхын эле эмес, анын турмуш-тиричилигинин ар кыл жактарын: этникалык курамын, чарбачылыгын, каада-салтын, адеп-ахлагын, дүйнөгө болгон көз карашын, эстетикалык табиятын, диндик түшүнүгүн, астрономиялык, географиялык ж.б. билимдерин элдик поэзиянын салттык ыкмасы аркылуу өтө көркөм чагылдырган уникалдуу нукура эпикалык чыгарма. Ал – элибиздин миң жылдык баатырдык тарыхынан кабар […]

Блогдогу жаңылыктар


“Пайдалуу шилтемелер” баракчасына бир топ кыргыз тилдүү сайттарга жаңы шилтемелер кошулду. “Үйрөн (сөздүктөр)” баракчасында “Кыргыз тили (ой-толгоолор, макаллаар)” бөлүмү ачылды.  

Кыргыздардын тукумсуздукка каршы ырымдары


(Уландысы. Башы бул жерде) Карышкырга байланышкан ишенимдер Дагы бир  кызыктуу ырым бөлтүрүктүн жардамы менен аткарылган. Эгер балдар токтобой чарчай берсе, акыркы төрөлгөн баланы  көзү ачыла элек бөлтүрүк менен кошо так санда – үч, беш, жети күн эмизишкен. Анан бөлтүрүктү таап алган болсо, ошол жерге кое берген, сурап  алган болсо ээсине кайтарган. Кыргыздарда мындан башка да […]

Айжаркын Сарыбашева: «Жеӊил ойго алдырган кыздарга – намыстуу жигиттер үлгү»


Москва шаарында бир топ жылдан бери чоң мегаполистин жашоо шартына ыңгайлашып жашап жүргөн кыз-уландарыбыз ого эле көп, ошолордун бири Айжаркын  Россиядагы коомдук иштерде активдүү иштеп жүрүп, мекенчил кызыбыз катары мекенине келип, бул жерден дагы маданий багытта уюштуруу иштери менен алек болууда… – Айжаркын, өзүң коомдук иштер менен алек болуп жүргөндөн кийин, биздин өлкөдөгү азыркы абалдын […]

Жаштар талкуусунда – “Үй-бүлө деген эмне?”


Сезими улуттук дымакка бекиген, салттуулугун жоготпогон, аӊ-сезими бышкан, зирек акыл кыз-уландардын катарын көбөйтүү  мамлекеттик башкы саясаттын милдети. Кыргыз жаштарынын кенен аӊ-сезимдүү  калыптанышына жана мезгил шартына ылайык, элибиздин салттуу түшүнүктөрүнүн негизинде коомдун, ошондой эле жаштардын өнүгүү  багыттарын иштеп чыгуу максатында иш алпаруу олуттуу орунда турат. Ушул себептен улам, «Ак шумкар КУТ» жаштар коомдук бирикмеси ар шейшемби […]

Кыргыздын эски чапанынын жаӊы жашоосу


14-апрель күнү Бишкек шаарындагы Менеджмент жана дизайн университетинде «Уз» студиясынын заманбап түспөлүндөгү чапандар коллекциясынын ачылышы болду. Колдон суурулуп, көздөн учуп кеткен көп баалуулуктарыбыздын бири – шырылган сымбаттуу чапандарыбыз кайрадан жаӊы жашоо алып, ушул күнү ачылыш салтанатына келген адамдардын баарын ар бир чапандын жаӊыча өзгөчөлүгү, колго сайылган саймалары, ыӊгайлуу белдемчи жана куржундары суктандырып, сүйүнтүп турду. Эмесе, […]

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» Фондун түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду


2012-жылдын 25-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» Фондун түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыкты ишке ашыруу фундаменталдуу илимий эмгектердин негизинде Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү боюнча изилдөөлөрдү колдоого жана тарых илимин андан ары өнүктүрүүгө, ошондой […]

Жыпар Акунова


Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы 8-март айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы улуттук университеттин)  филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчылыктан баштаган. Бир катар облустук жана республикалык басылмаларда кабарчы болуп эмгектенген. Ошону менен катар “Мектеп” басмасынын  көркөм редакциясында кенже редактор, Ош облусунун губернаторунун жана Ош шаарынын мэринин басма сөз катчысы болгон. “Шок […]

Ар ким билгенин кошо берсе – тил бузулат


Эсенбай Нурушев. Сүрөт http://www.vb.kg/ сайтынан алынды Жакында “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарбынан “Кыргыз тили жана учурдагы журналистика” деген аталыштагы окуу уюштурган эле. Окууну кыргыз журналистистикасынын белгилүү инсандарынын бири Эсенбай Нурушев өткөрүп берди. Эсенбай агай окуу учурунда, кыргыз тилинде жазган журналисттер үчүн эске түйө турган көп пайдалуу нерселерди айтып берди. Ошолордун айрымдарын окурмандар менен бөлүшүүнү туура көрдүк.

Жаш түркологдордун V эл аралык симпозиуму


Кыргыз-Турк “Манас” университети, Гуманитардык факультет, Түркология бөлүмү тарабынан 2012-жылдын 25-27-апрель күндөрү 2007-жылдан бери жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан Жаш түркологдордун эл аралык симпозиумунун бешинчиси болуп өтөт.

Манас – экрандын төкмөсү, дастанчысы


Кыргыз кино кереметине өзүнүн үлкөн салымын кошкон, бир топ мыкты тасмаларды тарткан таланттуу оператор Манас Мусаев быйыл – 24-апрелде 70 жашка толот. Анын чыгармачылыгы, эмгеги жана адамгерчилиги туурасында үзөңгүлөш замандашы, чогуу иштешкен досу, кинодраматург жана жазуучу Кадыркул Өмүркулов айтып берди.  Кокусунан таанышканбыз Манас экөөбүздүн таанышканыбызга жарым кылымдан ашып калды. Таанышканыбыз кызык болду. Анда мен Москвадагы […]

Салттуу билимдерди каттоо, коргоо, маалымат базасын түзүү жана улуттук баалуулуктарды сактап калуу көйгөйлөрү


Сүрөт http://www.advantour.com сайтынан алынды Азыркы мезгилде кеп кылып жаткан салттуу билимдер, каада-салт, оозеки чыгармачылык, кол өнөрчүлүк дегеле маданият эң орчундуу, актуалдуу маселелерден болуп саналат. Себеби, кыргыз эли Борбордук Азиядагы эң байыркы элдер катары илимий дүйнөгө таанымал экендиги талашсыз. Кыргыз элин улут катары таанытып жаткан бул – биринчиден биздин маданиятыбыз болуп эсептелет.

Турдакун Атабек уулу, Улуу Памир кыргыздарынын лидери: “Жашоонун оорлугу оогандык кыргыздарды кийик кылды”


-Турдакун аке, насип буйруп мына экинчи жолу дидар көрүшүп жатабыз. Сөздү Памылдагы туугандардан баштасак…  -Памылдагы кыргыздар Кудайга шүгүр, аман-эсенбиз. Тамак-аштан, эгинден азар тарткандар жок. Алла-Таалам насип эткен ырыскысына шүгүрчүлүк кылып отурабыз. Биздин эң негизги көйгөйүбүз – ушул билим алуу, дарылануу, анан Кыргызстан менен байланышып, карым-катыш жасоодо болуп жатат. Ушул жаатта кембагал болуп, кыргыз өлкөсү жардам […]

Бабалардан осуят


Кыргыздар байыртадан эле жаштарды өзүнө-өзү талап кое билүүгө көнүктүргөн. Убаданы аткарбоо, көпчүлүктү көзгө илбөө, убадалашкан мезгилден кечигип келүүнү ж.б. айыптаган. Бул азыр илимдин тилинде этика деп аталат. Анда эл ичинен чогулткан адептерге кулак салалы.

Султан Раев: “Адам эң оболу өзүн – өзү аңдап билмейин, Кудайдын улуулугун аңдап биле албайт…”


Сүрөт http://literatura.kg сайтынан алынды Гезитибиздин бүгүнкү мейманы Кыргыз Эл жазуучусу, КМШ мамлекеттик, КРнын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты, жазуучу жана драматург Султан Раев.

Чагылгандан от алып обон жазган…


Сүрөт КТРКнын сайтынан алынды Ал – мени менен болгон  маектешүүдө: “Ысмыңдын Аксуубай аталып калышынын  бир купуясы бар  өңдөнөт” деген соболума, “Ооба, Аксуубай атка конгонум, кадимки эле Аксуу суусуна байланыштуу таржыма, ошо суу жээгинде төрөлүпмүн да” деп өзүнүн жарыкчылыкка келгенинин чоо-жайын айтып берген.

Эстен кетпейт элеси


Кыргызстан жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү, акын-сатирик, жазуучу жана санжырачы Жапар Кенчиев кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал киши эле. Убакыт учкан закымдай зымырап, бул жаркын адамдын дүйнө салганына беш жыл өтүп кетиптир. Антсе да, анын жаркын элеси эстен кетпей, эскерип отурганым.

Адабияттын Баба дыйканы


Сүрөт “Азаттыктан” алынды Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов агай менен ар дайым жолуккан сайын, бул дүйнөдө ушундай улуу тазалык бардыгын, токпейилдик бардыгын, көп адамдар жете албаган бийиктик бардыгын сезип келем. Агай жашоону сүйүп, ага сыйынып, урматтап гана келбестен, Достоевский айткандай, өзү жарык болуп жанып, ошол жарыгы менен өзүн курчап […]