Адабий сынак 40 Ыр


40

Эрки ушул, мыйзамы ушул жараткандын

Эрки ушул, мыйзамы ушул жараткандын –
эсепсиз ааламдардын арасында
Планеттер чимирилип парасында,
барамын мен да сызып каяккадыр.
Тынымсыз окуялар чордонунда,
а мүмкүн чексиздиктин толтосунда,
дүйнөнүн ичиндеги дүйнө болуп
ушул Жер артка таштап түмөн доорду…
Анда мен – ирмемчелик өмүр сүргөн,
максатым таппай дайнын күндөп-түндөп,
Ээнсиреп, чарк айланган дүйнө ичинде,
бүшүркөп, кайсы тагдыр чиймесинде
жүргөнүм аңдаш үчүн,
бүт өмүр күлгө айланып калбаш үчүн,
белимди бекем-бекем бууп алып,
чарымды бирден терип,
данымдын дайны качан билинет деп,
жанымды ар элекке салып жүрөм,
жан үрөп өз тарыхым жазып жүрөм…

* * *

Жумушчу кумурскалар
келишет бул өмүргө жумуш үчүн.
Турушу – жумушчу алар,
Жумшашат жумуш үчүн болгон күчүн, бүт өмүрүн.
Бул цикл сансыз заман улангандыр.
Караңкалгыр…
Жазмышка ишенбеске калбай аргам,
Гипнозго алдырамын уюк салган.
Аз өмүр андан мындан жылт-жулт этип,
Тирликтен бийик болгон ирмемдерге,
Шүгүр деп, кумурскадай өмүр сүрүп,
Алыстан балалык күн куунак күлүп,
Артында жаштык калган, сүйүү калган –
шул өмүр жалган чыкса – кандай арман!..

* * *

Өттү эле сан миң замандар.
Маңызын чыны табалбай,
Баратат дале адамдар,
Тирликтен аттап, аша албай.
Мурунку кечкен суу менен,
Мурунку кеткен из менен,
Кызыгы кайтып тажабай,
Басышат дале кадамдар,
Баратат дале адамдар…
Бирикпей оюң бириндеп,
Изги сөз ичте ириңдеп,
Каларсың сен да качандыр,
Капкайда кеткен замандын
Каттамында катталып…

Комментарий кошуу