Monthly Archives: Октябрь 2013

Өлкөбүз адамдын адамдыгын качан тарбиялаар экен?


22 жылдык соңку тарыхыбызда республикабыздын, коомубуздун, жалпы эле эл-журтубуздун дейли  жашоо турмушунда эмнелер болуп жатат ? Төмөндөгүдөй  бир маалыматтар айтылып жүрөт. Өлкөбүздүн аянты дүйнөнүн 117 өлкөсүнүкүнөн чоң. Суу байлык жагынан 110 өлкөдөн алдыдабыз. Сабаттуулук жагынан дүйнөдө 14-орундабыз. АКШ 9чу, Россия 22чи, Франция 29чу, Германия 30чу, Жапония 31чи, Канада 58чи, Малайзия 98чи, Түркия 100чү, Кытай 102чи […]

БОСОГОДОГУ СӨЗ же КЫТАЙДЫН ТҮБҮН ТИРЕГЕН КЫРГЫЗ


Жазуучу, илим изилдөөчү Чоюн ӨМҮРАЛИЕВДИН «Теңирчилик. Бурут тамга – жандырмак» аттуу фундаменталдуу илимий басылмасы чыгарууга даярдалууда. Ч.Өмүралиевдин «БУРУТ» деп аталган түркий дүйнөгө киргенине он беш жылга чукулдап калды. Кытай жазуу тамгаларынын кыргызча-түркчө окулушу илимий ачылыш катары биринчи жолу «Асылзат» гезитинин атайын бир толук санында 2001-жылы (№14, VIII) жарык көргөн. 2003-жылы 5-ноябрда Бишкекте өткөн Бүткүл дүйнөлүк […]

Таштанбек Акматов: Кабарчыны деле камап коём


Советтик доордо Кыргызстандын мамлекет башчысынын деңгээлинде кызмат өтөгөн, ардагер малчы Таштанбек Акматов бүгүн Кара-Кужур жайлоосунда, мал артында жүрөт. Август айында 75 жылдык мааракесин жайлоодо аппак айкелин койдуруп, 20 боз үй тиктирип, чоң шаан-шөкөт менен белгиледи. “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде Акматов өзүн биринчи кезекте мамлекеттик ишмер деп эсептей тургандыгын кыйытты. Ал ошондой эле бүгүнкү малчылык жашоосунун […]

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын долбоору талкууга коюлат


Программанын долбоорунда учурдагы кырдаал талдоого алынып, мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү чаралары камтылган. КР президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен түзүлгөн Жумушчу топ Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын долбоорун коомчулуктун талкуусуна коёт. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Программанын долбоорунда учурдагы кырдаал талдоого алынып, мамлекеттик тил саясатын […]

Эстеликтер эскирип, оңдоо муктаждыгы күчөдү


Калкынын саны беш миллионго чамалаган Кыргызстанда беш миңден ашуун ар түрдүү эстеликтер бар. Алардын эки миңден ашууну мамлекеттик кароого алынган. Эстелик куруу маданияты кыргыздарда жүздөгөн жылдар мурда эле башталган. Балбал таштар, күмбөздөр, коргондор, андан соң советтик мезгилде курулган коммунисттик духтагы эстеликтер, кийинки жылдары баатырлардын, чиновниктердин же колунда бар кыргызстандыктардын аталарынын эстеликтери тургузула баштады. Андан тышкары, […]

Каныкей: “Жашоонун боекторун чыгарып жашайлы”


Көпчүлүгүбүз билген ырчы Каныкейдин – көпчүлүгүбүз билбеген ой толгоолору менен баарлаштык. Көкүрөккө уюп, акылга сыйып айтылган сырларын, чындап айткан пикирлерин кунт коюп тыңдап отуруп, ар бир ирмемдеги ыргакка ыраазы болдум. Каныкейде чын эле жашоо бар экенин туйдум… – Сиздин маектерди окуганда ар бир жообуңузда өзүнчө салмак, тереңдик сезилет. Сөз касиетине өзгөчө маани берериңиз байкалып турат… […]

Жетим жүрөк кумда жатат кыймылсыз…


Кытай маданияты Тан династиясы бийлик жүргүзгөн (618-907-жж.) доордо айрыкча гүлдөп-өсүп, миңдеген таланттарды берген. Ал сүрөткерлер кытай адабиятындагы “Алтын кылымды” жаратышкан. Салттуу чыгыш адабиятынын классик өкүлү, кытай элинин көрүнүктүү акыны Ли Бо ошол Тан доорунда жашап, “акын-пайгамбар, сөздүн улуу устаты” деген баага татыктуу болгон. Ли Бону замандаштары менен достору “дервиш сянь” дешчү. Даосизмде сянь – табияттын […]

Эралиев: Өмүрүнүн акыркы жылдарында Токондун маанайы чөгүңкү эле


Талант куюлган сымаптай алаканыбыздан төгүлүп кетти. Биз, кыргыздар, Токон Дайырбековдой талантты күтө албадык. Баалай албадык. Жашообузга көрк берген жалбырак эрте үзүлдү. Бу дүйнөдөн эрте көзү өтүп кетти. Шамалдай болуп өттү. Жашоосу күз мезгилиндей дирилдеп муңдуу болуп өттү. Кадимки кинодогудай тагдырды баштан кечирди. Бизге бүгүн Токон Дайырбековду замандашы, жакын досу белгилүү кинорежиссер Замир Эралиев төмөндөгүдөй эскерип […]

Досмат Садыркулов: Жаш-кары дебей балет өнөрүнө кызыккандар арбын


Балет сүйүүчүлөрүнө “Чолпон”, “Спартак” балеттеринде башкы каармандын ролун аткаруу менен таанылып, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан балетмейстер, КРдин эмгек сиңирген артисти Досмат Садыркулов учурдагы кыргыз балетинин ал абалы жана чыгармачылыгы туурасында айтып берди. Балетке капысынан келдим Балалыгым Чүй өрөөнүндөгү Эркин сай айылында өткөн, ал убакта болгону мен […]

Белгилүү кыргыз актеру жана сүрөтчүсү, советтик киноактер, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун көзү тирүү болсо быйыл 9-ноябрда 74 жашка чыкмак.


Канча көрсөк да тажабаган тасмалардын биринен ачуу кишенеп сууга агып кеткен атты, ташты апчый кармап “Сүлүккара, Сүлүккара” деп боздогон бүркүт кабак кишини тиктеп, катып калар элек. Экрандан эмес, өзүбүз кошо аралашып жүргөнсүп каарман менен чогуу күкүктөп аккан дайрага бой уруп, денибизди муз шыргалаңына тоңдуруп, жээкке жанталаша чыгалбай сүйүктүү жаныбарды долу агымга алдырып, Сүлүккараны эчен ирет […]

Жумагүл САРИЕВА, «Чапан» студиясынын жетекчиси: «Байыркы чапаныбыз жашап кетсин деген эңсѳѳм аз да болсо орундалды»


24-сентябрдан 27-сентябрга чейин ѳткѳн Москва шаарындагы «Россия модасынын» VI конкурсунда «Аялдардын үстүнкү кийимидери» номинациясында биринчиликти уткан «Чапан» студиясы ушул жылдын 17-мартында Кыргызстандын Жеңил ѳнѳржайынын конкурсунда Гран-при утуп алып, жогоруда аталган конкурска бара турган жолдомого ээ болгон. Азыркы алар жетишкен сыйлык – «Россия модасынын» сыйлыгы – россиялык «Текстильлегпромдун» анык адистик жана чыгармачылык үчүн бериле турган жогорку […]

Обончу Апаз Жайнаков 53 жаш курагында дүйнө салды. ӨРҮКЗАР ӨЗҮҢСҮЗ КАЛДЫ


«Кыргыз жери», «Өрүкзарга кетели» деген ырларды эшитпеген кыргыз болбосо керек. Бири Баткендин гимнине тете болсо, экинчиси өлкөнүн гимниндей кулакка жаңырып, жүрөккө жете турган ырлар. Ушундай керемет аваздарды жараткан обончу, КРнын Эмгек сиңирген артисти, кайталангыс талант Апаз Жайнаков арабызда жок эми. Обончу 9-октябрда 53 жаш курагында дүйнө салды. Ушул жылдын март айында атактуу обончу биздин гезитке […]

Аялдар “супура жайышына” ким каршы?


Аялдар гана топтолуп, аялдар гана көңүл ачышы үчүн уюштурулуп жүргөн “Супура салды” такыр жоголуп баратканына жакында кабарчыбыз Лейлек районундагы Көк-Таш айылына барган кезде күбө болгон. Кыргыздын көптөгөн той-мааракелери же көңүл ачуучу оюн-зооктору негизинен эркектердин жигердүү катышуусу же жалаң эле эркектердин катышуусу менен өтөт. Бирок аялдар гана топтолуп, аялдар гана көңүл ачышы үчүн уюштурулуп жүргөн жыйналыштар […]

…Райкан да өткөн дүйнөдөн


Акын, сатирик жана драматург Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык мааракеси 12-октябрда Таластын Суулуу-Маймагында өттү. Райкан Шүкүрбеков 1913-жылы Талас  өрөөнүндөгү Ак-Чий, азыркы Суулуу-Маймак айылында жарык дүйнөгө келген. Ал жөнүндө кийин эрезеге жеткенде “Биздин үй” деген ырында: “Ай, күнүн өзүм түгүл атам билбей, келипмин бул дүйнөгө ушундайда”,- деп эскерет. Ал тестиер кезинде Октябрь революциясы жеңип, карапайым айылдык балдарга […]

Дарексиз кеткен “Даңаза” табылды


Маркум акын Тургунбай Эргешовдун 1976-жылы жазылган ыр дептери табылды. Сыртына “Даңаза” деп жазылган бул дептерди акындын жердеши Рысбек Маткасымов 37 жыл бою сары майдай сактаган. Өткөндө “Обон” гезитинен “Тургунбай Эргешовдун дептерлерине издөө салынат” деген жарыяны окуган соң редакцияга чалган. – 1976-жыл болчу. Фрунзеде (азыркы Бишкек) окуган каракулжалык жердештер өз ара жолугуп турчубуз. Тургунбай аке ооруканадан […]

Кыргыз тайганы дүйнөнү дүңгүрөтөт


Kыргыздар тайганчылык өнөрдү байыртан барктап, муундан муунга мурастап, табын билип таптап, аңчылыкка салып келген. Учурда кыргыздын таза кандуу тайганынын тукуму азайып, бул өнөр колго алынбай баратат. Жалпысынан дүйнөдө тайгандын белгилүү болгон 16 түрү бар дешет адис-тер. Ал эми башка булактарда жыйырмадан ашуун тайгандын түрү бар деп айтылып келет. Тайгандын түрүнөн: казактын тазы, орус тайганы, польша […]

Наргиза Маматкулова: “Адамдын ички дүйнөсүн ачкым келет”


Учурда кыргыз тасмалары бир топ кино фестивалдарга катышып байгелүү орундарды алып жатканы баарыбызга маалым. Мына ушул жаатта Испания өлкөсүндө болуп өткөн кинолор сынагында “Жымжырт” деген аталыштагы кыска метраждуу кино тасмасы менен катышып, баш байгени утуп алган жаш режиссёр Наргиза Маматкулова аталган тасманын жаралуу тарыхы туурасында баяндап берди. КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ Билим алсаң бийиктикке умтул “Башталат […]

Текестеги Акылбек манасчынын издери


Мындан токсон бир жыл мурда орустун үч аттуу аскери Текеске түн катып келип, айтылуу Акылбек манасчыны үй-бүлөсү менен Фрунзеге алып кеткен. 19-кылымдын кийинки жарымы жана 20-кылымдын башында жашап өткөн Акылбек залкар манасчы (1840-1928) жөнүндө анын көзүн көрүп, сөзүн тыңдап, талантына күбө болгон замандаштары: Арыстанбек, Сагымбай, Саякбай, Тоголок Молдо, Ибырайым сыяктуу таланттуу ынсандардын ташка тамга баскандай […]