Monthly Archives: Декабрь 2009

Жыдымай


Макал-лакаптар


Жаңылмачтар


Табышмактар


Балдарды жомоктор дүйнөсүнө жетелеп…


Кыргыз балдары үчүн эне тилиндеги китептер, анын ичинде жомоктор чыкпай калды деп кайгырып отурганыбызда педагогика илимдеринин кандидаты, жазуучу-педагог Абдыкерим Муратов “Дүйнө элдеринин жомоктору – кыргыз балдарга” деген серияны негиздеп, бир катар улуттардын элдик жомокторун балдарга ылайыктап иштеп чыгып, которууга жана аларды китеп кылып чыгарууга киришкен болчу. Ал китептердин эң алгачкысы түркиялык түрктөрдүн жомоктору “Чоң энемдин […]

"Чексиздикке эрте учаарын ким билди Салып коюп сансыз журтту арманга?"


Ак куу Мындан жыйырма жети жыл мурун – декабрдын жыйырма экисинде Жер эне Таттыбүбү аттуу перзентин койнуна алыптыр. Болгону отуз жети жыл гана өмүр ыроолонгон кыргыздын Чолпон жылдызынын сапары армандуу соңуна чыкканын анда кайдан билиптирмин. Баарын кийин билдим, айтылуу Соң-Көл сулуусунун кайгылуу баянын кийин уктум…

Жылдын акыны


Эл арасында акындар көп. Акынмын деп өзүн-өзү атап жүргөндөр андан көп. Бирок, жашоонун күрөө тамырын, коомдун карайлаган чындыгын, ак менен караны таамай айырмалап айта билген, кара кылды как жарган акындарыбыз саналуу. Алардын бири – Тургунбек Бекболотов.

Кудайбергенов жашоону сүйгөн адам эле


Тасма талаасындагы талыкпас эмгек Голливуд Каскадерлор, Россия Каскадерлор ассоциациясынын атайын мүчөсү, КРнын Панкратион федерациясынын президенти болгон, кайталангыс инсан Үсөн Кудайбергенов 1949 – жылы 27 – ноябрда Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. Анын киноматографиядагы чыгармачылык эмгеги 15 жашында мамлекеттик циркте иштеп жүргөндө башталган. Он алты жашында “Жамийла” тасмасына актер-каскадер катары тартылып, Сейиттин бир аттан экинчи атка […]

"Саамалык – 10" адабий альманахтын кезектеги чыгарылышына көркөм-адабий чыгармаларды кабыл алуу жарыяланат


Таланттуу жаш акындарды жана прозачыларды колдоо максаттарында Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду жыл сайын “Саамалык” аттуу адабий альманахты чыгарып турат. “Саамалык” бүтүндөй Кыргызстан боюнча таланттуу жаш жазуучулардын жана акындардын адабий чыгармаларын ичине камтыйт.

КЫРГЫЗ КИНОСУ 2009-ЖЫЛДА


Кайрадан артка бир жылды таштап, Жаңы жылды утурлай кадам таштоо алдында турабыз. Ушуга байланыштуу ата мекендик кинематографияга көз жүгүртүп, ийгиликтерди да, кемчиликтерди да көз алдыдан өткөрдүк.

Болот Шамшиев: Башкы ой-максатым – "Манасты" тартуу


Кыргыздын атактуу кинорежиссеру, таанымал өнөрпоз Болот Шамшиев бул күндөрү Би-Би-Си корпорациясынын чакыруусу менен Лондондо жүрөт. Ал Би-Би-Си Борбордук Азия кызматынын 15 жылдык мааракесине байланыштуу салтанаттарга да катышты. Кабарчыбыз режиссерду телефондон кепке тартып, Европадагы сапары кандай өтүп жатканы, алдыдагы чыгармачылык максаты тууралуу маектешкен.

Алыкулдун 95 жылдыгы кандай өтөт?


2010-жылда Алыкул Осмоновдун 95 жылдык мааракесине карата сүрөтчүлөр арасында “Алыкул көркөм сүрөттө” деп аталган сынак жүрөт жана жаш акындар арасында “Алыкулдун ак боз ат” поэзия фестивалы өтөт.

КР ЖК комитети кино, мультфильм жана дүйнөлүк адабият чыгармаларын мамлекеттик тилге которуу боюнча Токтом долбоорун колдоду


КР ЖК маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети бүгүнкү жыйынында “КРнын мамлекеттик тилин өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо боюнча” Токтомдун долбоорун колдоду. Мурда маалымдалгандай, бул документтин демилгечиси “Ак Жол” фракциясынын депутаты Бегалы Наргозуев болуп саналат.

Исатов Мезгил


"Жараткан баарын алат, бир гана таамай сөз калат"


“Элдин өмүрү – анын тилинде” Чынгыз Айтматов Тил, сөз кудуретин Чынгыз агабызчалык туя билген, түбөлүк эмгек жараткан кыргыз келечекте болсо болоор, азырынча жок. Жер жүзүндө канча эл болсо, алардын ар бириндеги эң башкы баалуулук бул – ТИЛ, кыргыз элинде – Эне тил, “өнөр алды – кызыл тил”. Бабаларыбыз ушинтип баалаган. А азырчы, азыркы кыргыздарчы? Өз […]

"Ааламга чыккан атагы – айылы Чыңгыз атанын"


Атагы ааламды аралаган айтылуу Шекерди чыгарма кейипкерлерине айланган адамдары аркылуу эле билип, Чыңгыз агабыздын көзү тирүүсүндө барып көрбөгөнүмө катуу өкүттө калдым. Чыкебиздин алдында узап кеткен каармандарында айтылбай канча сыр кетти деп… Көптөн бери күтүп жаткан ошол күнгө 12-декабрды утурлай айтылуу Шекерде болдук. Элет эли:”Айтматовдун даңкына, беделине жараша иш-чара көрүлөт. Мухтар Шаханов баштаган алыскы-жакынкы санаалаш достору, […]

Искра Раимкулова, КРнын эмгек сиңирген артисти: "Күлийпа Кондучалованын бир сөзү баарын өзгөрткөн…"


Кезинде бир топ залкарлар наам-сыйлык алмак турсун, “рахмат!” деген сөздү да укпай кете беришкен. Андай окуялар азыр деле болууда. Тээ баштатан боло келген пендечилик оорудан сакая албай, тескерисинче, жакшыны буттан чалып, улам-улам ныгыра баскандан кадимкидей ырахат алып келебиз. Элүү жыл бою театрда эмгектенип, берилген ролдордун баарын кыябын келтире аткарган кайталангыс талант ээси Искра Раимкулова менен […]

Сүймөнкул – улут күзгүсү


(Уландысы. Башы) Сүймөнкул: – Ооба, чын чынына келгенде, аны тегеректеп жүргөн Манас жөнүндө чындап пикирдеше албаган катардагы эле мадыра баш балдардын биримин да. О. Тенти: -Же болбосо теңтуш эмессиз! Сүймөнкул: -Ооба, аралыгыбыз асман менен жердей, атам эле эмес, чоң аталарыма курбалдаш киши, да!

Кытайлык кыргыздардын тилине кирген кытай терминдери


Кытайлык акын-жазуучулардын чыгармалары жыл өткөн сайын Кыргызстанга да келе баштады. Бирок, бул чыгармалар да кытай терминдери бар болгондуктан окурмандар толук түшүнбөй калышы мүмкүн. Анын үстүнө тарых, тил изилдөөчүлөргө да бир топ түйшүк. Ошол жагын эске алып окурмандар үчүн аз да болсо жеңил болор бекен деген ой менен Кытайлык кыргыздардын тилине кирген кытайча терминдерге түшүнүк берүүнү […]

"Тазабек Саманчин адабият үчүн шейит кеткен"


Улуттук китепканада адабиятчы Тазабек Саманчиндин 100 жылдыгына арналган кечеде акын Асан Жакшылыков дал ушинтип айтты. Акын айткандай Саманчин адабияттын азабын тартты, кордук өмүр аны өмүр бою унчукпас кылып койду. Кыргыз маданиятынын өткөнүн келечек муундарга айтып беремин деп бир өмүр кайгыны башына үйдү.

Кыргыз киносу тууралуу


Болот Шамшиев, режиссёр: “МЫНДАЙ ЖАШТАРДЫ МАМЛЕКЕТ КОЛДООГО АЛУУ ЗАРЫЛ” – Бүгүнкү иш-чаранын жүрүшүндө жаш режиссёрлорго кандай баа бердиңиз? – Эң негизгиси жаш режиссёрдун мүмкүнчүлүгүн чектебеш керек. Эми гана ишин баштаган режиссёрду бир даракка окшоштурса болот. Башында дарактын өсүүсүнө бардык шартты жумшоо зарыл. Ошондо гана чеберчилик болот. Жылдар өткөндөн кийин формага салуу үчүн анча-мынча жерин кыркса […]

Алп манасчы Саякбай


Кезегинде замандаштарынын “Тирүү Гомер”, “Легендарлуу эпик”, “ХХ кылымдын Рапсоду” деген бааларына татыган улуу манасчы, эл артисти Саякбай Каралаевдин туулган күнүнө быйыл 115 жыл толот. Миң деген жылдар бою көчмөндүү кыргыздардын улуттук китепканасынын, театралдык сахнасынын, экранынын, тарых китебинин милдетин аткарып келген “Манастын”, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, үчиликтигин толук айткан, ал турсун алардын уландысы катары Кенеди, анын уулдары […]

“Ордо Сахна” Америкага барат


“Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык тобу учурда Америкага чыгармачылык сапар алдында даярдыктарды көрүүдө. Программа декабрь айынын башында Бишкекте бет ачары өткөн “Жибек жолдун Ак конушу” театралдык композициясынын негизинде даярдалып жатат.

Нурак Абдырахманов: Биз комузда кол ойноткондо чет элдиктер таң калат


Дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун музыкалык фестивалдарга катышып, анда биз комузда кол ойноткондо чет элдиктер таң калышат. Мындай пикирин бүгүн “Нурактын күүлөрү” китебинин бет ачарында белгилүү комузчу, күүчү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Нурак Абдырахманов билдирди.

Атай – айтым күүлөрдүн алпы


“Талант тагдыры” түрмөгүнүн жаңы саны залкар обончу, ырчы, эл артисти Атай Огонбаевдин арабыздан о дүйнөгө кеткенинин 60 жылдыгына, жаркын элесине арналат. Айтылуу Атай Огомбаев элдик обондордун кайталангыс берметтери менен сугарылган ырлардын гана зергери эмес, комузда колун миң түрлөнтө кубулта ойнотуп чертип жаткан күүлөрүнүн араларына кара сөз, ыр коштолуп чертилген айтым күүлөрдүн да алптарынан болгон. “Ал […]