Monthly Archives: Июль 2010

КР эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Эки дөөнүн күрөшү” аттуу китеби жарык көрдү


Китепте “Манас” эпосу боюнча жазылган жаңы вариантында Каркырада Көкөтөйдүн ашына хан Бакайдын кыргыздын арасынан балбан тандашы, алп Кошой менен калмактын балбаны Жолойдун күрөшү көркөм баяндалат. Advertisements

Акын Кыялбек Урманбетовдун обондуу ырлар жыйнагы чыкты


КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Кыялбек Урманбетовдун “Сүйүүзар” аттуу обондуу ырлар жыйнагы жарыкка чыкты. Жыйнакта эл-жерге, махабатка жана балдарга арналган ар түркүн мазмундагы ырлары топтолгон. К.Урманбетовдун калемине таандык ырларга обончулар Эркин Мээрканов, Камчыбек Букалаев, Тургуналы Нурматов, Жамила Муратова, Мукан Рыскулбеков жана башкалар обон жаратышкан. Ал эми акындын ырларын белгилүү ырчылар Г. Сатылганова, Г. […]

Тогуз коргоол кантип тогуз кумалак болду?


16-18-июль күндөрү Чехияда тогуз коргоол боюнча мелдеш өттү. Кыргыз-казактын акыл оюнуна быйыл Кыргызстандын командасы келген жок. Байгелүү орундар бүт казактардын энчисине тийди. Тогуз коргоолду тогуз кумалак деп атаган казактар аны эл аралык деңгээлде күжүрмөн сүрөөнгө алып жаткандыктан, Пардубицедеги мелдеште оюндун казакча аталышы үстөмдүк кылып кеткени байкалды. Казакстандын тогуз кумакалчысы Шерхан Пардубицедеги мелдеште, 16-июль, 2010-жыл

"Кыргыз" деп келгем дүйнөгө…


Азыр Байдыкемин жогорудагы саптары кыргыз басмасөзүн жана интернетин каптап кетти… Кечээ жакында “Бийиктик” басмасынан чыгып келатсам Кыялбек Урманбетов жолугуп калды. Сөздөн сөз чыгып отуруп минтип атпайбы: “Бир жолу бир жыйында Байдыкеми “жамакчы” деп салдым… Сөздүн ачыгын айтыш керек да” деп калп каткырып. Ка-ап, Кыялбек, ошол эле Байдыкемин дагы бир “жамагы” бар эле: “‘Итсиң’ деди, – […]

ЧОКУДАЙ БОЛ, КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИ!


Мөгдөйт деген сайын тутанып, өчөт десе өчөшүп, сынат десе курчуп, кылымдардан келе жаткан элибиздин улуу калк экендигин тарых да, бүгүнкү күн да тастыктап келет. Элибиздин улуулугу ыр саптарында… КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИ Байдылда Сарногоев Толкун болот деңиздин күчтүү жери, Толкундай бол, кыргыздын жигиттери! Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп, Тоолук эне төрөгөн сени, мени.

АЛТАЙГА ЖҮРҮШ ЖЕ ТЫНЧТЫККА КАРАЙ ЖОЛ


Жакындан бери “Алтайга жүрүш”, “Манас жолу” деген сөздөр көп угулуп, кызуу талаш-тартыштар болууда. Айрымдар мистика дешсе, айрымдар Манас атанын руху колдооруна ишенишип, Алтай жүрүшүнө барууну көксөп жатышат. Долбоордун уюштуруучусу, жазуучу, тарыхчы Асыкбек Оморов бул тууралуу кызык маек куруп берди. АЯН КЕЛДИ! Кыргыз эли кыйын күнгө туш болуп турган учурда Манас атабыз жарыкка келип, кыргыз журтчулугун […]

Ырдан чыккан чыр


Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманованын Ош коогалаңы боюнча чыгарган ырына байланыштуу Маданият министрлигинде өткөн жыйында бул ыр кыргыз коомчулугунда кыжырдануу пайда кылганы айтылды. Өзбек ырчысынын чыгармасына байланыштуу атайын эксперттик комиссия түзүлдү. Комиссияга кыргыздын чыгаан композиторлору, министрликтин өкүлдөрү кирип, Тышкы иштер министрлигине атайын кат жолдоо көздөлүп жатат. Fergana.ru сайтына жарыяланган Өзбекстандын ырчысы Юлдуз Усманованын Ош окуясына […]

Американын Кыргызстандагы элчилиги Марк Твендин “Гекльбери Финндин жоруктары” китебин кыргыз тилинде басып чыгарууга сынак жарыялады


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өлкөбүздүн басылмалары арасында Марк Твендин “Гекльбери Финндин жоруктары” (“Adventures of Huckleberry Finn” by Mark Twain) китебин кыргыз тилинде басып чыгарууга сынак жарыялады. Каржылоо жагын элчилик толугу менен мойнуна алмакчы. Сынактын максаты – Кыргызстандагы басылмаларды колдоо жана мамлекеттик тилдеги балдар адабиятынын өнүгүүсүнө салым кошуу деп айтылат сынактын жобосунда.

Кичинекей үйдөгү чоң бакыт


(Аңгеме) Бул окуя күтпөгөн жерден болду. Айжан күйөөсү менен таарынышып, кызы менен баласын алып айылдагы үйүнө барган. Ата-энесин капа кылбаш үчүн балдары жайкы каникул учурунда отпускага келдик деп коюшту. Бирок, эне жүрөгү аны сезип жаттыбы, улам сурап жатты. Ага Айжан да моюн бербей, “күйөө баланын иштери жакшы, кошо келүүгө жумуштары чыгып, бошой албады” деп жооп […]

Жусуп акындын 70- жылдардагы каармандары


Бул жерде ондогон жыйындардын, чогулуштардын, курултай – съездердин токтомдорун сөз кылбай эле көркөм адабияттарда поэзияда калышы ал доорго жан салып турат. Эгер алар болбосо те-е 19 – 20 кылымдардагы Токтогул, Тоголок Молдо, Жеңижок, Арыстанбек, Калыгулдардын асыл сөздөрү өткөндү көркөмдөп да, жаңылап да жеткизип келди. Ошондой эле энчи кийинки Совет доорундагы К. Тыныстанов, А. Токомбаев, М. […]

Акыл тамчылары


· Күчтүү болууну кааладым. Жараткан мага күчтүү болушум үчүн кыйынчылыктарды жиберди. · Акылдуу болууну кааладым. Жараткан мага чечүү үчүн көйгөйлөрдү жиберди.

Майып көпөлөк


Күндөрдүн биринде бир киши отуруп, мындай бир окуяга күбө болот. Бир көпөлөк пиллада кичинекей бир тешикче ачып, бир нече убакыт бою ошол тешикчеден денесин чыгарууга аракет жасап жатты. Көпөлөккө алдыга жылууга эч дарманы, күчү жетпечүдөй сезилди. Колунан келген бардык аракетти жасап, башка кыла турган айласы калбагандай болду. Ошентип, киши көпөлөккө жардам берүүнү чечти. Колуна кайчы […]

Дүйнө үч катмардан турабы?


Биздин эң байыркы бабаларыбыз “дүйнө үч катмардан турат” деп ишенген. Эң Жогоркусу – Көк (Асман) же Жарыкчылык, Ортоңкусу – Жер-суу же Тиричилик, Төмөнкүсү – Жер асты же Караңгылык. Бүт дүйнөнү жаратуучу Көкө Тэңири так ошол “эң жогорку” дүйнөгө тиешелүү болгон да, ал “тогуз катар асмандын үстүндө” турган.

Өгүз менен эшек


“Нуска” каникулга жабылды


Бишкектеги жападан жалгыз кыргыз тилиндеги китептерди саткан “Нуска” дүкөнү 5-июлдан 1-августка чейин каникулга жабылды. Бул тууралуу “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты билдирет.

Блогдогу жаңылыктар


Блогду оңдоп түзөөдө, мурда жайгаштырылган кээ бир материалдарга шилтемелер туура иштебей калыптыр. Ушул себептен сиздерди кызыктырган материалдарга жетпей калганыңар үчүн кечирим сурайбыз. Учурда аларды тууралап жатабыз. Жаңы жаңылмачтар кошулду. КМБ