Monthly Archives: Январь 2015

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ: Мамлекеттик эрк болбосо, «реформа» дегенди тынч жайына койгон оң


2-маек (1-маек бул жерде) Жалалидин ЖЭЭНБАЙ агабыз учурда Бириккен Араб Эмиратындагы Абу-Даби шаарынын Зайд Университетинде эмгектенген мекендешибиз экенин гезиттин өткөн сандарында маалымдаганбыз. Бу жолку маегинде бүгүнкү күндөгү коомдук процесстерге болгон көзкарашын жана элибиздин кулк-мүнөзүнө таандык сапаттар туурасында кеп кылат… – Биздеги илим-билим тармагындагы ириген-чириген системанын тоскоолдуктарына сиз да далай кабылып, акыры баштыгыңызды түйүп баса берген […]

Мыкты үй-бүлө, күчтүү тукум кайдан чыгат?


Кыргыз философия илиминин, аюрвед илиминин доктору, дарыгер Жолдошбек СУЛТАНОВ сырт жерде 20 жылга жакын убакыт жашап, ар элдин, ар диндин, ар аймактын өзгөчөлүгүн, жашоосун, ички-сырткы дүйнөсүн таанып келгенден кийин, азыркы учурда Кыргызстанга биротоло отурукташып, кыргыз элинин өзүн-өзү таануусуна салымын кошуп, жалпыга маалымдоо каражаттарында, жеке жана коомдук жолугушууларда өз тажрыйбасын, баамын, билген билимин жана илимин эл […]

Арийлердин «түпкү ата журту» каер?


(Уландысы. Башы) Кандай болгон күндө да, жеке кызыкчылыктан жана сыймыктан илимий изилдөө жогору болуш керек. Менин айтайын дегеним, санжыралардын көпчүлүгү жана улуу «Манас» эпосунун маалыматы боюнча да, Угуз хан «түп ата», ал эми Кыргыз анын «баласы» же «небереси» катары айтылган маалымат «чындыкка жакын» сыяктанат? Бирок бул акыркы тыянак сөз эмес. Ошнетсе да Балык манасчынын минтип […]

Таан падыша


(жомок) Илгери, илгери бир кемпирдин жалгыз баласы оокат-турмушу начар болгондуктан, кырманда кылтак салып жүрчү экен. Бир күнү кылтагына таан түшүп калат. Бала барып таанды чыгарып алайын десе, таан кадимки кишиче балага карап: – Капыстан сенин кылтагыңа түштүм. Эмне десең берейин мени бошот. Атам падыша. Төрт түлүктүү малы бар. Азыр коеберсең, жети белес ашам, ошого чейин […]

Сулайман Рысбаев. «Акбардын дарагы»


(аңгеме) Эрте жаз эле.  Акбар жаш чырпыктан сындырып алып, ат кылып минип ойноп келатты. Бир чырпыкты камчы кылып алган. Арыктын жээгин бойлоп тамдын артына келсе, чоң атасы бир нерсе менен алектенип жүрүптүр. Байкаса, лом темир менен жерди чукуп, бактын бутактарын жерге сайып жатат. Чоң атанын колундагы бактын бутагы өзү ат кылып минип жүргөн чырпыкка окшош […]

Сулайман Рысбаев. «Таттуу үй»


(аңгеме) Бекзаттын бир адаты бар. Колу бош боло калса эле ар түрдүү  нерселерден    үй сала баштайт. Үй салат да, «Мына бул менин үйүм» – деп жанындагыларга  жарыя айта баштайт. Бүгүн чай ичип отурсак, чакмак канттарды тизип алып тасмалдын четине үй куруп кирди. – Ата, – деп мага көрсөттү ал, – көрдүңүзбү, булар – кирпичтер… Аппак […]

Айдарбек Сарманбетов. «Кыраан»


(аңгеме) Күмүш мөңгүлөрү күнгө чагылыша жалтырап, ала булутка тумандаган чокулары көк челе шаңкайган касиеттүү Ала-Тоо. Этегинде ыйыктыгы андан кем эмес, алпейим чалкыган көпкөк Ысык-Көл. Бийиктен караганда ал, токойлуу тоолор менен кемерленип, Күндүн жалтыр нуруна чагылышкан Көл чөйчөктөгү мелт-калт эткен сымаптай көрүнөт. Ошондой, ыйык өрөөндөгү бийик, жалама аскалуу капчыгайды бүркүттүн кайталай шаңшыганы жаңыртты. “Клак! Клак!” деген […]

Шопен жана Пушкин же славяндардын бүтпөс чатагы


Азыркы Украинадагы улам алоолонуп бараткан согушту, славян улутундагы эки тектеш элдин – орустар менен украиндердин өтө тереңге кетип бараткан чатагын байкап отуруп, бул эки калк илгертен эле эч качан бүтпөгөн талаш менен тартыштын ортосунда жашап келатканы эске түшөт. Бул талашка ар качандан бир качан поляктар да көп аралашып, ал талаш бир канча жолу чоң согуштун […]

Сулайман Рысбаев: «Тил – жашоонун негизги каражатына айланып калды»


Буга чейин тилди адамдардын байланыш-катышынын куралы катары эсептеп келсек, бүгүнкү өнүгүү жолундагы башка заманда тил – жашоонун негизги каражатына айланып, тилге мамиле кылуунун жаңы жолдорун издөөгө туура келүүдө. Жакында эле педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаевдин тил адистиги боюнча студенттерге жана окутуучуларга арналган 4 томдук окуу куралы жарыкка чыкты. Бүгүнкү программабыздын алкагында дал ушул китептер, […]

Легендарлуу жердешибиз М.В.Фрузенин 130 жылдыгы белгиленет


Биздин жердешибиз, легендарлуу инсан Фрунзе Михаил Васильевич 1885-жылы 2-февралда Пишпек шаарында фельдшердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы – Василий Михайлович, Херсон губерниясынын оокаттуу дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1870-жылы Василий Михайлович медициналык колледждин фельдшердик бөлүмүнүн толук курсун бүтүргөн. Ал Токмокто фельдшер болуп аскердик кызматын өтөп бүткөн соң, Пишпек шаарында участкалык фельдшер болуп иштеген. Василий Михайлович Фрунзенин атасынын […]

Арийлердин «түпкү ата журту» каер?


(Уландысы. Башы) Угуз каган менен Түрк атанын жери каер? Санжыраларда, Угуз кагандын жана Түрк атанын «ата журту» тууралу сөз болгондо, алардын жашаган жери Ысык – Көл өрөөнү экени айтылат. Мисалы, Рашид ад-дин жазган баянда эски түрктөрдүн жердеген жери ушул Улуу Тоо арасы. Ал минтип жазат: «Олжай хан дархан талаалык эле. Жайлоосу Ор жана Кер деп […]

Арстан менен коен


(жомок) Калың токойдун четиндеги карагандуу жерде бир коен жашап, коркоктугунан казып алган ийнинен алыс чыкчу эмес. Бир күнү: “Коркуп ийинде жата берип, кантип күн көрөм?.. Атасынын көрү, баатыр болоюн”,- деп ойлоду да, ошол замат ийинден чыкты. Эки жагын каранып тиштерин арсайтып, жүндөрүн үрпөйтүп, так алдында турган арстанды көрө койду да жыгачтай катып калды. Арстан коендун […]

Нургүл Кожомбердиева: «Атамдын каза болорун бир ай мурда түшүмдө көргөм…»


Залкар акын Турар Кожомбердиев 1941-жылдын 22-июнунда Калинин районундагы Сары-Булак айылында туулган. Ал жалпы элге, поэзия сүйүүчүлөргө жүрөккө жете алган, терең мазмундуу ырлары менен кеңири таанымал болгон. Аалы Токомбаев анын “От өчпөгөн коломто” аттуу китебине баш сөз жазып, Турар “ойчул, тапкыч» акын экендигин баса белгилеген. Акындын ысмы менен кыргыз поэзиясында эне, коломто, от аттуу түшүнүктөр кеңири […]

Жаңы поэтикалык котормолордон


Олжобай Шакир Ли Бай (701–762) — кытай акынынан котормо КОЛУКТУМА «КҮЗ ЖЭЭГИНЕН» КАТ Эч кайда, эч бир тыным жок. Жаным мүшкүлдө – сапарым улам алыстайт өскөн аймактан. Мингеним кайык, тирлигим суунун үстүндө. Кат жолдоор кезде кайрадан бошойм кайраттан. Күйдүмчок болбой күн барбы бизге жолукчуу?! Сен түндүк жакта, мен түштүк жакта зарланып: үч жылым өттү, көрбөдүм […]

Сулайман Рысбаев


С.К.Рысбаев 1956-жылы Ош шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1987-жылга чейин айыл мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1987-жылдан бери Кыргыз билим берүү академиясында ага илимий кызматкер, сектор башчысы, 1992-жылдан бери бөлүм (лаборатория) башчысы болуп иштеп келатат. 1995-жылы педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын коргогон, доцент (2000), педагогика илимдеринин доктору (2006), профессор (2011). […]

Сулайман Рысбаев. «Бир түйүнчөк акча»


(аңгеме) Эртең менен болчу. Талант мектепке келаткан. Автобус аялдамадан жаңы эле жөнөп кетти. Талант андан өтүп, жолдун өйүзүндөгү мектепти көздөй басмак. Ал алдыга баса берип, жолдун жээгинде жаткан муштумдай түйүнчөктү көрдү. Анын ичин ачса, – бир тутам акча! Санагы жете турган эмес. Ушунча акчаны көрүп Таланттын жүрөгү шуу дей түштү. Аны өзү бирөөдөн уурдап алгансып […]

Мусакун Сатыбалдиев. «Келки жолдогу өмүр»


(аңгеме) …Бу ой деген азаптуу нерседен качып кутула ала турган күн жок окшобойбу. Күзгү муздак нөшөр сымал адам мээсине тынымсыз куюлат да турат. Же бир жыргаткан, эч болбоду дегенде маңдай жылыта турган ой болсочу. Баягы эле мөмөлөрү эчак терилип, сарбариктери күбүлүп, шопоюп турган жалгыз даракты элестеткен жагымсыз ойлор. Ошолорду жомоктогу кырк кулач чачтуу кыздын жайылган […]

“Сынчынын сынбас саптары”


Акын Масалбек Шабдановдун ушундай ат менен жарык көргөн китебиндеги жазгандарын окуп көрүп, алыскы айылда жашап, иштеп жүрүп ушундай терең ырлары менен аалам сырларын аралап көргөнүнө өзүмчө ыраазы болдум. Көп жылдар мурда эле ырлары республикалык басылмаларга чыкканын окуганбыз. Акын өзүнүн жеке тагдыры өтө оорболгонун жашырбайт. Т.Усубалиев, А.Масалиев өлкө башкарып турган мезгилдерде жыйындарда, пленумдар-да, атүгүл республикалык форумдарда […]

Улуу “Манастын” улуттук жана дүйнөлүк мааниси жөнүндө бир эки ооз сөз


Улуу “Манастын” улуттук жана дүйнөлүк мааниси жөнүндө бир эки ооз сөз Көлөмү жагынан гректердин атактуу “Илиадасы” менен “Одиссейинен” 20 эсеге, Индиянын даңктуу “Махабкаратасынан” эки жарым эсеге, “Шах-намеден” 5 эсеге чоң, жер жүзүнүн, эң зор дастаны, дүйнөлүк эпостордун “Хан-Теңир тоосу”жана эң бийик “Эверести”- “Манас” кыргыз элинин кылымдарды, доорлорду карыткан, “Тоо бузулуп сай болгон, сай козголуп тоо […]

Арийлердин «түпкү ата журту» каер?


Алгач «дүйнөлүк тарыхтын» сахнасында кандай элдер бар эле? Алар менен биздин ата-бабалардын кандай байланыштары болгон? Ушул улуу Туран аймагында эмне деген элдер жашашчу? Алар биздин ата-бабаларбы же кимдер эле? Эгер биздин ата-бабалар болсо, анда эмне үчүн тарыхыбызды ошолордон баштабайбыз? Эгер алар биздин ата-бабалар болушпаса, анда алар кимдердин ата-бабалары болушкан, биздин ата-бабалар кайда жашаган? Сөз анда […]

«Агындылар»


Урматтуу окурмандар, сиздер Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебинен «Чана сүйрөткөн кыз» деген бөлүктү окуп жатасыздар. Аталаган китепке жетпей жүргөн окурмандар үчүн автордун телефон номери: 0557 711 878 (Башы өткөн сандарда) Мединститутка тапшырып өталбай калып, анан Терек-Суулук бөйтөйгөн сулуу кызга үйлөнүп, айылга туруп калган Айыпка отуз жыл илгери жолуккандан бери […]

Сулайман Рысбаев. «Кызгалдактуу талаа»


(аңгеме) Күн сайын Асел атасы жумушка жөнөгөндө, аппак делбир этек көйнөгүн кийип, апапак барик бантигин төбөсүнө көпөлөктөй кондуруп бакчага бирге жөнөйт. Алар баратып жолката кенен талаа менен өтүшөт. Талаанын ортосун тең бөлгөн ичке жылан жол бар. Мына жаз да келди. Күндөрдүн биринде келатышса бозоргон кең талаада бирин-серин кызыл гүлдөр ачылып калыптыр. Кудум асмандан бүгүн учуп […]

Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын: “Саясат менен колбасанын эмнеден жасалаарын билгенде эч ким жолобойт эле…”


Ырлары менен чындыкты айткан, кез-кезде пародия аралаш ыр саптары менен бийлик төбөлдөрүн  чымчып коймой жайы бар “Автомат акын” атыккан Жеңишбек мырзаны кепке тартып акындыктын күңгөй-тескейи тууралуу маек курдук. – Учурда айтыш өнөрү күндөн-күнгө жанданып, ал тургай коңшу казак туугандар менен чоң-чоң айтыштарды байма-бай өткөрүп келебиз, сурайын дегеним бул өнөрдүн теги кайсыл элге таандык? – Айтыш […]

Майрамкан Абылкасымова, кыргыз Эл акыны: “Эмки жылы гүл чыгар бекен деп, ошол жерлерди аңдычумун…”


Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси Майрамкан эже 79 жаштын суусун ичип, дагы деле күүлүү-күчтүү, акыл-эси сергек бойдон, омоктуу ойлору, жан сергиткен кайрыктары бар ырларын жазып, арабызда карапайым элдин кубанычына  сүйүнүп, кайгысына күйүнүп жашап келет. Эже менен адабияттын алтын доору болгон 60-жылдар, акындын […]

“Курманжан датканы” уурдагандар изделүүдө


Бүгүн кино жаатындагы мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, коомчулуктан тасманы жайылтпай турууну суранышты. Бул окуя кыргыз коомчулугунда автордук укук боюнча талкууларга жем таштады. Учурда чыгармачыл чөйрөдө аудио жана видео материалдар авторлордун уруксаты жок эле сатылып жатканы башкы көйгөй болуп келет. Эл аралык абройлуу сынактарга катышып, жакшы бааланып жаткан “Курманжан датка” тарыхый көркөм тасмасын 21-январь […]