Monthly Archives: Сентябрь 2016

Илгеркинини изи – “Изги шөкөт” жаңы көргөзмөсү


Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде сүрөтчүлөр Арстанбек Мырзаев жана Гүлжан Ирештин «Изги шөкөт» аталышындагы туш кийиздер топтомунун көргөзмөсү ачылат жана ал эки жумага созулат. Мына ушул жакшы саамалыктын алдында Арстанбек мырза менен Гүлжан айымды сөзгө тартып, кыскача маек курдук. – 2014- жылдын аягында паннолордон турган «Боз жол» аттуу көргөзмөңүздөрдү өткөрүп […]

Эрлан Жумагазиев, жаш акын: «Билем бүгүн менден качкан досторум, Билем эртең бейитимде жаш төгөт»


Акын деген алты ооз сөздү курап койбостон турмуш чындыгын чагылдырат эмеспи. Аны сыңары көкүрөгүнө көөнөрбөс ырларды камтыган акын Эрлан Жумагазиев менен болгон маек. – Акын акын болуш үчүн сөзсүз эле бирөөнө ашык болуш керекпи же ыр жазууга башка нерселер да түрткү бере алабы? – Жүрөктө сүйүү болбосо, ырдын жаралуусу да кыйын. Жаралса да ал — […]

Айбек Байымбетов: «Кытайлар — акылман, иштерман, мекенчил калк»


Кыргыз жаштарынын көбү Европага, Америкага агылып, батыш жашоосуна тартылып жаткан учурда биздин каарманыбыз Айбек Байымбетов чыгыш маданиятын изилдөөнү тандап алган. Ал бардык тоскоолдуктарга көз жумуп, Кытайга өз алдынча кеткен. Улуу кытай элинин философиясын өздөштүрүп, руханий-маданий алака түзүүнү, тажрыйба алмашууну максат кылган. Саякатчы жигитибиз Кытайдын биз билбеген тараптарын ачып берди. – Кытайга өз алдынча кетүүгө эмне […]

Олжобай Шакир. “Алтын аяк”


(аңгеме) «Сүйүү кайсы доордо жашаса да эркин».  Автор 1 – Бу кайдагы чоочун камчы? – Карыя улага жакта жаткан табылга саптуу камчыны көрүп, ийик чимирип отурган байбичесине тигилди. – Кимдики болмок эле. Күнүгө шылтоо таппай, шыңаарлап кымыз уулап келгир жанагы Мукаштыкыдыр… Көзү тешилип кеткир! Бүгүн даа калтырып кеткенин кара!– деген кемпиринин мукмасал кебине карыя маани […]

Мелис Маматжанов, жаш акын: «…Тыншап уктайт чөбү да жамгыр ырын, Төлгөөсүндөй таштары тагдырымдын…»


Кыргыз эли талантка бай эл келет эмеспи. Эки кишинин бири эки сапты уйкаштыра алаары турган иш. Ал эми өзү жаш болсо да көпчүлүктүн арасынан суурулуп чыккан, Эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык Академиясынын мүчөсү, жаш акын Мелис Маматжановду сөзгө тарттык. – Бала кезиңизден баштап ыр жазып жүргөнүңүздү билебиз. Ошол кездеги Мелис менен азыркы кездеги Мелистин өзгөчөлүгү барбы? […]

Чыңгыз хандын чачылган урпактары


Ар бир чыгарманын жаралыш тарыхы, аткарган миссиясы, көтөргөн жүгү, өз жашоосу жана тагдыры болот. Арслан Койчиевдин “Бакшы менен Чыңгыз хан” жаңы тарыхый романы былтыр абройлуу сыйлыкка арзып, андан да баалуусу окурмандар арасында кызыгуу жаратууда. Казак туугандар кошо келген бет ачарда профессорлор Жамгырбек Бөкөшов, Тынчтыкбек Чоротегин, адабиятчы Калык Ибраимов сыяктуу бир топ окумуштуулар, илимпоздор жогору баалап, […]

Максат Чакиев: «Айкүр бильярдга атаандашат”


Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучуларынын бири Максат Чакиев кыргыздын чүкө менен ойнолчу улуттук оюндарын жаңы, заманбап деңгээлге алып чыгуу жана дүйнөгө таанытуу максатында Айкүр федерациясын түптөдү. Максат мырза менен жаңыланып жаткан чүкө оюндарынын өзгөчөлүгү, жаңы деңгээлге алып чыгуудагы пландары тууралуу баарлаштык. – Айкүр федерациясын түзүүгө эмне түрткү болду? – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга 10 жылга жакын убакыт […]

Куруттун түрлөрү


Курут – бул эзип ичсең суусундук, шорпого кошсоң катык, жесең тоюмдуу азык. Куруттун курамында белок, көмүртек, витаминдер, кальций, темир, калий жана башкалар бар. Андыктан көздүн көрүүсүн жакшыртып, жаш балдардын боюнун өсүшүн камсыздап, сөөктөрдү бекемдеп, иммунитетти көтөрөт. Мына ушундай касиетке ээ куруттун биз биле бербеген түрлөрү тууралуу сөз кылабыз. “Өрүк курутка данектерин да кошом” Анар Бакирова, […]

Спортту кыргызча “сүйлөтө” алабызбы?


Ошентип, Көчмөндөр оюндары соӊуна чыкты. Кыргызстандыктардын көңүлүн көкөлөтүп, чечекейин чеч кылган фестивалдан алган жакшы таасир жүрөгүбүздө дагы көпкө сакталат. Эми эмне кемчиликтерди кетирдик, кандай өксүктөрүбүз бар – ушул маселелерди да ортого салып талкуулай турган күн келди. Бул баянымда мен спорт, улуттук оюндарды таасын чагылдырып, кыргызча жатык жана жетик тил менен элге жеткире алабызбы деген суроо […]

Падышалардын аттары же Ахалтекин аргымагы – Кыргызстанда


Бардыгыбыздын көңүлүбүз Ысык-Көлдө өтүп жаткан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен байланып турган кез. Бул окуя 25 жылдык эгемендик жылдардагы эң эсте каларлык күндөргө кирип, тарыхта калары турган иш. Кыргыз эли бул күндөрү таш карыткан байыркы эл катары, өзүнүн доорлордон келаткан улуу дөөлөтүн, нарк-насилин, өнөрүн, салт-санаасын, дегеле дүйнөлүк маданиятка кошуп жаткан салымын толук ачып бере алды […]

Аннотация, аварийная подписка, анализ — юридикалык атоолорду кыргызча айталы…


Кыргызстанда мамлекеттик тилден сырткары расмий тил өкүм сүргөндүктөн иш кагаздар эки тилде жазылып келет. Мындан улам айрым учурда башка тилден кирген юридикалык атоолор коомчулук арасына сиңип, кыргызча аталыштар көмүскөдө калып калган көрүнүштөр да бар. Бүгүнкү “Тибиртке” рубрикасында күнүмдүк жашоодо колдонулган иш кагаздар менен түшүнүктөрдүн кыргызча аталыштарын жазууну туура көрдүк. Бул материал өзгөчө документтер менен иш […]

Кан кызыткан “Маш ботой”. Күү тууралуу 7 факты


Кыргыз элинин атактуу күүсү “Маш ботой” тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатында 1000 комузчу “Маш ботой” күүсүн аткарып, жергиликтүү элди да, чет жактан келгендерди да ыргагы, добушу менен таң калтырды. Жумурай журттун сыймыгына айланган күү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги 7 факты даярдады. Күү белгилүү комузчу, талантуу композитор, булбул […]

Тынчтыкбек Чоротегин: “Жусуп Баласагынды “кыргыздын гана бабасы” деп айтуу илимий жактан туура эмес”


Ушул жылдын 18-сентябрында Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган Эл аралык конференция болуп өттү. Анда чет өлкөдөн келген тарыхчы, окумуштуулардын катышуусунда Ж.Баласагындын өмүр таржымалы боюнча кызуу талкуу болду. Алсак, айрым Кыргызстандын өкүлдөрү Жусуп Баласагынды “кыргыз” болгон жана чыгармасы ошол доордогу кыргыз тилинде жазылган деп айтса, айрымдары анын “Кут алчу билим” аттуу чыгармасы туура эмес которулганын белгилешти. […]

Султан Ибраимов жөнүндө 5 факты. Артка кайтарылган кымыз менен эт


20-сентябрь саясатчы, коомдук ишмер Султан Ибраимовдун туулган күнү. Ал киши тирүү болгондо 89 жашка чыкмак. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул датага карата Султан Ибраимов тууралуу кызыктуу беш фактыны даярдады. Жөнөкөй тракторчудан саясатка карай жол. Саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүй аймагынын Алчалуу айылында туулган. Кыштакта колхозчу, тракторчу болуп иштеген. 1978-жылы Кыргыз ССР Жогорку […]

«Насыйкат» кантип жаралган?


Сөзү менен обону шайкеш келген«Насыйкатты» ырчылардын көбү ырдап жүрөт. Комуз күүсүн, болгондо да залкар күүнү обонго салуу, ага сөз жазуу — авторлор өздөрү айтмакчы, оңой иш болбоптур. Элге дароо алынып кеткен, жүрөккө жеткен жакшы ырдын жаралыш тарыхы да абдан түйшүктүү, кызыктуу, жемиштүү экен. Түгөлбай Казаков: «Элдикин элге кайтардым» Күүгө чейин бир ооз кеп бар. Михаил […]

Жабагы, кунан, аргымак, ат, бышты — айырмасын билесизби?


II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын арты менен кыргыздын байыркы ат оюндары жанданып ат чабыш, кунан чабыш, жорго салыш кызып турган маалы. Жылкыны “лощадь” деп эле түшүнгөндөр “ат” менен “айгырдын” маанисин билбей аң-таң болуп турган кез болсо керек. Мал жандуу келген кыргыз эли жылкы баласын жанына канат кылып, аны жаш курагына жараша өзүнчө атап келген. Алардын айырмасын […]

Баткен килеми – энелердин мурасы


Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде Баткен килемдеринин көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөгө килемдин элүүгө чукул түрү коюлган. Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнөн келген чебер Гүлмира Турдубаеваөздөрү жасаган килемдердин өзгөчөлүгү тууралуу буларды айтып берди: – Араби килемдерибиз 18-20 миң сомдон бааланды. Чен-өлчөмүнө карап бааланат. Жүлдөр (түктүү килем) андан кымбатыраак. Буларды жасоо үчүн койду кыркып алгандан баштап тазалап, […]

Зоб, коклюш, киста, грыжа — оорулардын кыргызча аталышын билесизби?


Оору сыркоодон Кудай өзү сактасын дечи… Ошентсе да дарттардын кыргызча аталышын билип коюу ашыктык кылбаса керек. Аталыштарды кыргызчалоого филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев жардам берди. Медициналык китептин бетин ачып миңдеген оорулардын түрлөрүн окууга болот. Алардын аталыштары дагы бир шумдук: анемия, адентия, алколоз деги койчу… Бүгүнкү “Тибиртке” рубрикасында коомчулук арасына жайылып, белгилүү болгон дарттардын кыргызча аталыштарын […]

Кыргыз жупкасы турса, кытай куксисин жебейли


“Апам өз колу менен камыр жайып, очокко бышырып жупка даярдачу. Андан кийин аны чоң чарага майдалап туурап, үстүнө сүттөн кошуп, бир аз шекер татытып туруп баарыбызга бөлүп берип тойгузуп коёр эле. Ошол даамды алиге чейин унуталбай жүрөм” дейт бүгүнкү каарманыбыз Кенже Асанова Ооба, бүгүнкү күнү ошол энелерибиз мээримин төгүп жасаган тамактар унутулуп, кытайдын, орустун жасалма […]

Элек издеп эрге тийип кетти, эрди эрдине жукпаган. Маанисин билесизби?


Фразеологизмдер кыргыз элинин сөз байлыгын түзүп турган эң мыкты тилдик каражат. Мындай сөздөрдү өзгөчө, айыл жергесине барган ушундай бир кулактын кумарын кандырып угасыз. Ал эми шаарда кезиктириш кыйыныраак… Бүгүн “Тибиртке” рубрикасында фразеологизмдерди чечмелөөнү улантмакчыбыз. Тилекке каршы, кыргыз тилинде миңдеген фразеологизмдер болгону менен алардын көпчүлүгү билбестиктен же заманга жараша актуалдуулугун жоготуп койгон. Аларды чечмелөөгө филология илимдеринин […]

Казат Акматов демократияга чыйыр салган


Белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Казат Акматовдун дүйнөдөн өткөнүнө 14-сентябрда бир жыл болду. Бул күнү жазуучунун айкели орнотулду. Анын айтылуу “Мезгил” романы орус жана кыргыз тилинде китеп болуп басылганы, “Мунабия” аңгемесинин негизинде тартылып жаткан кинотасма аягына чыкканы маалым болду. Чыгаан жазуучуну эскерүү иш-чарасы бул күнү Байтикте анын айкелин ачуу менен башталды. Замандаштарынын, калемдештеринин жана окурмандарынын […]

“Саринжи-Бөкөй” жөнүндө 7 факты. Нике, үй-бүлө биринчи орунга чыккан чыгарма


Бүгүн “Саринжи-Бөкөй” аттуу элдин чыныгы турмушунан алынган эпос туурасындагы кызыктуу жети фактыны сунуштайбыз. Бул — манаптык доордун манчыркаган кесирлигин бекем сүйүү кантип жеңгенин баяндаган позитивдүү чыгарма. “Саринжи-Бөкөй” — социалдык-турмуштук эпосторго кирет. Анда кыргыз элинин өткөндөгү турмушунун мүнөздүү жактары, үрп-адаты көркөм, оозеки чыгармачылыктын ыкмасы менен кеңири баяндалат. Эпостун сюжетин аныктаган негизги окуя катары үй-бүлөлүк көйгөйлөрү, уруулардын […]

Байзаковдун жааларын баары билишет


Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө Чолпон-Атадагы ат майданын аралай жаа жана камчы сатып жүргөн кол өнөрчү, уста жергиликтүү Жаркынбай айылынын тургуну Баттал Байзаковду жолуктурдук. Устачылыктан сырткары 2 гектар жерде балык чарбасында карп, сазан жана форель балыктарын өстүрөт. – Жаа, камчыларыңыздын баалары канчадан? – Жалаң мүйүз менен иштейм. 2014-жылы өткөн биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 3 жаа саткам, […]

Тентимишевдин Алыкулга гүлдестеси


2015-жылы Алыкул Осмоновго арналган эки энциклопедия чыккан эле. Улуу акындын өмүрү жана чыгармаларына байланыштуу түрдүү материалдарды камтыган көлөмдүү эки эмгектин бири Улуттук илимдер академиясы тарабынан даярдалса, экинчисин жазуучу-публицист Мундузбек Тентимишев жалгыз өзү жазган жана түзгөн. Француз агартуучусу жана философу Дени Дидронун (1713-1784) сөзү менен айтканда, энциклопедия чачыладай жайнап жаткан илим-билимди бир системага салып, окурманга тартуулайт. […]

Болот Шамшиев: “Мен деле тирүү жанмын, дагы кино тарткым келет”


СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болот Шамшиев 75 жашта. Юбиляр биздин гезиттин кабарчысы менен маек куруп, кино тармагы, үй-бүлөсү, балдары, арманы тууралуу айтып берди. – Болот агай, эсиңизде болсо, Москвадан «Снайперлер» аттуу фильм тартып жүргөн кезиңизде россиялык журнал үчүн сизден интервью уюштурдук эле. Анда “Казакфильмден” сунуш түшүп, казактын баатыр […]