Monthly Archives: Ноябрь 2010

"Кыргыз маданият борборундагы" жаңылыктар


Кожогелди Култегиндин жаңы ырлары кошулду “Кыргыз санжырасы” сайтынын шилтемеси кошулду. Аталган сайттан кыргыз уруулары тууралуу маалыматтардан сырткары көптөгөн дагы башка кызыктуу маалыматтарды тапса болот. Advertisements

Асатилла: Сүрөтүм – дил сүрөтү


Жакында кыргыздын таанымал сүрөтчүсү Асатилла Тешебаевдин соңку эмгектери камтылган жекече сүрөт көргөзмөсү Австриянын Грац шаарында ачылды. 53 жаштагы Тешебаев мырзанын эмгектери буга чейин Орусияда жана Батыш Европанын бир катар шаарларында көргөзмөлөргө коюлган. 19-ноябрда Грац шаарында өткөн көргөзмөнүн ачылыш салтанатынан кийин кабарчыбыз Тынчтыкбек Чоротегин сүрөткер менен маек курду. Асатилла Тешебаев мырза өз маегин чыгармачыл турмушунун соңку […]

Тартканы Европага чейин тараган сүрөтчү Буласбек Шералиев


Кыргыз эл сүрөтчүсү Буласбек Шералиев сүрөтчүлүк менен кошо ырчылык өнөрдү да кошо ала жүрөт. Ал чыгармачылык сапардан кайтып келатканда кыргыздын элдик ырларын, орустун романстарын ырдаганды жакшы көрөт. Сүрөт менен ырды айкалыштырып… – Мен көлгө жалгыз келип байыр алдым, Тургуздум махабаттын пай дубалын. Турмушум татаал жолдон жаңылышып, Долондон канатымды кайрып алдым.

Кыргыз жыттанып, кымызга суусаган ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВ


Улуу режиссёр, кыргыздын патриот уулу, кыргыз кереметин тутандырган жалындын бири…» Замандаштары Төлөмүш Океев жөнүндө ушундай дешет. Ал эми кийинки муун ал адамды тасмалары аркылуу билебиз. Кыргыз киносунун «атасы» Төлөмүш Океев тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак. КЫСКАЧА… Улуу режиссёр 1935-жылы 11-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында туулган. 2001-жылы 18-декабрда, Түркиянын Анкара шаарында каза болгон. Эки кыз, […]

Исхак ата – аруулук эталону


Мартабалуу кыргыз калкымдын кеменгер, көсөм жетекчиси катарында көөнө тарыхта аты аттын кашкасындай таанылган, ак эмгеги менен түбөлүктүү калган Исхак ата менен адепки учурашканыбыздан тартып улуу инсанга «Ата» деп кайрылып жүрдүм. Исхак ата Раззаковго 1972-жылы Москвага окууга өткөндөн тартып атам Жоро Чотбай уулунун кеңеши менен барып жолугуштум. Атам 1913-жылы туулуп, Исхак ата менен Хоженттеги интернатта удаалаш […]

Калкың каалап укпаса, Кан Манас келбейт айтууга


Алтайдан ат арытып катуу келген кан Манас Көлдүн баш жагына келип токтоп: “Кандай керемет, Алтайдагы  көлдү кудум көтөрө келгендей болдук го, чиркин!”, – деп Ысык-Көлгө абдан таңдана, кадимкидей суктанып, бир топ убакыт өргүү кылган экен. Көлдүн күңгөй-тескей тарабына кенен бастырып эс алган баатырдын демин, баатырдын сугун туздуу көл өзүнө оп тарта терең сиңирип, жай чайпала […]

Чыңгыз Айтматов – ааламдын акылман сүрөткери


Биринчи кездешүү Мен өзүмдүн ушундай улуу Адам менен замандаш, каламдаш болуп калганыма сыймыктанамын. Ушундан улам ал кишинин жана менин жаштык кезим эске түшөт. Биз, жаштар, ошол учурда би-рибиз окууну бүтүп иштеп жүрсөк, бирибиз чыгармачылыкка кадам таштаган жаш талапкерлерден элек. Мен ыр жазып, пьеса жазсам, Чыңгыз агабыз проза жазып, чыгармаларыбыз мезгилдик басма сөздө жарыяланып калган.

Компьютер качан кыргызча сүйлөйт?


Кыргызстандык бир катар жаш адистер компьютердик программаларды кыргызчага которууга бел байлап, кыргызчаланган программаларды интернет аркылуу акысыз таркатып келишет. Анткен менен алардын чогулуп, бирдиктүү котормо жасашы үчүн мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Москва шаарында иштеп жаткан кыргызстандык Санжар Токтобаев компьютердик программаларды кыргызчалоо үчүн жанын үрөп келет. Ал өзү программист болбосо да, программаларды кыргызчага которуунун ыкмасын өз алдынча үйрөнүп алган. […]

Жазуучу Турсунбай Адашбаев: “Саламга жараша жооп болбой жатат”


Орто Азияга белгилүү балдар акыны, жазуучу жана котормочу Турсунбай Адашбаевди кыргыз жана өзбек адабиятында байыртадан достукта жана ынтымакта жашап келе жаткан эки элдин ортосундагы көпүрө деп бекеринен айтышпайт. Анткени Кыргызстандын Ала-Бука районунда төрөлүп, көп жылдар бою Ошто иштеген соң Ташкентке кетип, өзбек адабиятында чоң бийиктиктерди багынткан жердешибиз 40 жылдан бери өзбек окурмандары арасында кыргыз адабиятын […]

АЙТЫЛБАЙ КАЛГАН СҮЙҮҮНҮН, АРМАНЫ БОЛОТ ЧЕНЕГИС


Кыргыз поэзиясына зор салым кошкон көп кырдуу талант Эркин Тазабеков 70-жылдардан тарта кыргыз элине аты таанылып, өз жүзүн көрсөтө алды. Акындын “Булуттуу кеч”, “Айыл жаштары” аттуу ырлар жыйнактары поэзия сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн орун алган. Бул саныбызда акын, журналист, котормочу агабыздын бейнеси жана сүйүүсү туурасында сөз кылабыз. ЭЛ ЭМГЕГИҢДЕН ЭСКЕРСИН… Эркин Тазабеков шарпылдаган толкуну күнү-түнү басылбаган Ысык-Көлдүн […]

Төрөбай Өмүрзаков: "Таза кандуу күлүктөрдүн жоголуп кетүү коркунучу бар"


– Төрөбай ага, учурда сизди ата-бабыздын көөнөргүс мурастарынын бири болгон саяпкерликке ык койгон замандаштарыбыздын бири катары таанып отурабыз. Маегибиздин башында өзүңүз тууралуу кеңири кеп салып, азын-оолак өмүр жолуңузга токтоло кетсеңиз? – Орто билим алып мектепти бүткөндөн кийин эле кайра мектепте иштеп калдым. Төрт жыл катары менен кенже класстарга сабак берип, андан соң кесип алмаштырууга туура […]

Акын жана Алай-Куу


Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүнүн, өлкө менен Кытай мамлекетинин чегинде туруп, өлкөнүн гана эмес, облус менен райондук борборлорго да алыстыгы, жолунун, жашоо шартынын катаалдыгы менен аңызга айланган Алай-Куу – быйыл 85 жашка толуп, ала жаздан бери маалымат каражаттары адабиятка кошкон салымын, табылгаларын, жаратмандык чеберчилигин, адамдык сапатын, ашкере тактыгын, чыгармаларынын маани-маңызын, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагери экенин […]

Мухтар Шаханов: "Космополитизм-кыргыз, казактын шору"


Ноябрь айынын башында кыргыз эл акыны, коомдук ишмер Мухтар Шаханов Бишкек шаарында болду. Заман жөнүндө ой жүгүрткөн адам катары сыр чечишип маектешкен элек. Эмесе ошол дилмаекти сиздерге сунуштоону эп көрдүк. Мухтар: Бул кез казак үчүн да кыргыз эли үчүн да өтө маанилүү учур. Мунун да жөндүү себеби бар, айталык казак калкынын алтымыш пайызга жакыны космополитке […]

Харун Токак: "Ысык-Көл форумун" улантуу жөнүндөгү ойлорум Талас жергесинде башыма келди"


Жакында Таласка келген Түркия Республикасынын жазуучулар жана журналисттер фондусунун төрагасы, прозачы Харун Токакка кайрылып биринчи узаткан соболум бул болду. О.Тенти: Урматтуу Харун Токак мырза биринчи ирээт Талас жерине таманыңыз тийиши менен куттуктайм?! Кош келиңиз! Х.Токак: Мен Түркиядан келдим, куттуктаган жылуу сөзүңүзгө ырахмат. Мурда Түркия Республикасынын журналисттер жана жазуучулар фондусунун төрагасы кызматын кылгамын. 1998-жылы “Диалог Евразия” […]

Жарык алып келген Свет-аке


Актан Арым Кубат “Свет-аке” тасмасында биздин кыргыз айылдарында азыр сейрек кездешип бараткан, жан-дүйнөсү баладай таза, жарык, башкаларга эт-бетинен кетип жардам берген, бирок, көптөрү анын дүйнөсүн түшүнбөй “апенди” сымал мамиле кылган адамдын образын түзгөн. Кинорежиссер, Кыргызстандын улуттук киноакадемиясынын жана Европалык Киноискусство Академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” […]

ЭНЕ ТИЛИБИЗДИН УЛУУЛУГУ ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨРҮ


“Кыргыз тили Ысык-Көл болсо, мен анын бир кочушун гана иликтедим” К.К.Юдахин, академик Эпилог Биз, кыргыз эли дүйнөдөгү бактылуу элдин бирибиз деп ойлойм. Себеби, дүйнөдө жети миңге чукул тил, эки жарым миң улут бар. Анын ичинен 192 улут гана өз суверенитетине ээ. Биз ошол өз эгемендигине ээ болгон улуттун бирибиз.

Саякбай жоголсо эмнебиз калат?


Учурунда кыргыз киносу дүйнөнү дүңгүрөтүп, элибизди эчен жерлерге таанытып турчу. Азыр деле уучубуз кур эместей. Таланттуу режиссерлор, мыкты тасмалар жаралып жаткандай. Бул тууралуу Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы, кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков менен болгон маегибизди окурмандардын назарына сунуш кылабыз.

Н.Борбиев: “Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”


17-ноябрь – Кыргыз киносунун күнү. Кыргыз эл артисти, белгилүү оператор Нуртай Борбиев кино өнөрүнүн бүгүнкү абалы тууралуу “Азаттык” менен ой бөлүштү. Кыргыз Эл артисти, Токтогул сыйлыгынын ээси, таланттуу оператор Нуртай Борбиев “Айыл кайрыктары”, “Ак илбирстин тукуму” (Кожожаш), “Азиат”, “Маңкурт”, “Сүйүү закымы” тасмаларын, ондон ашуун даректүү-хроникалык тасмаларды тарткан. Анын “Манасчы” деген Саякбай Каралаев тууралуу даректүү тасмасы […]

Эскерилбей калган режиссер, жоголгон мурас


16-ноябрда Москва шаарындагы Кино үйүндө кыргызстандык белгилүү режиссер Төлөмүш Океевдин 75 жылдык мааракеси өтөт. “Азаттык” режиссердун кызы Азиза Окееваны кепке тартты. – Ушул кече эмне үчүн Кыргызстанда эмес, Москвада уюштурулуп жатат? Азиза Океева: Абдан жакшы суроо. Ушунча көп саясий проблемалар чыккандан кийин, билесиңер, маданият дайыма артта калат. Чынын айтканда 70пи, же 75 жылбы, бул биздин […]

“Ленфильмде” жылдызы жанган Динара Асанова


Кыргыз кызы, белгилүү кинорежиссер Динара Асанова тирүү болгондо ушул күздө 68 жашка чыкмак. Ал “Ленфильм” киностудиясында мыкты тасмаларды жаратып кетти. “Кино – менин жашоом” Кыргыз кызы, белгилүү кино режиссер Динара Асанова “Бейтааныш” (Незнакомка) деген аталыштагы кино тасманы Мурманскиде тартып жүрүп, 43 жашында жүрөк оорусунун кесепетинен күтүүсүздөн каза болот. Ал өзүнүн кейиштүү кыска өмүрүндө он тасма […]

Блогдогу толуктоолор


“Кыргыз маданият борборунун” “Үйрөн (сөздүктөр)” баракчасы жаңы сөздүктөр менен толукталып, жаңыча ыңгайлаштырылды. Ошондой эле “Кыргыз музыкасы” шилтемелер топтомуна жаңы шилтемелер кошулду.

Жарыкка айланган Жалил акын


(Кыргыз эл акыны Жалил Садыковду эскерип) Уу ичкен Сократ өлүп баратканда: “Ар бир адамда Күн бар, анын жарык чачышына жолтоо болбогула” деп соңку керээз сөзүн айткан экен. Андан бери арадан туура жыйырма беш кылым өтүптүр. Туңгуюкка төнгөн канча заман доорлордон бери ошол сөздүн жарыгы өчпөй, куду кичинекей күнгө окшоп, адам баласына ажайып акыл жолун көргөзүп, […]

КАРАМОЛДОНУ УНУТКАНДЫК КУДАЙДЫ УНУТКАНДЫК


Кыргыз үчүн Карамолдо комуз өнөрүнүн Кантеңири. Анын бийиктигине жетээрлик комузчу эми жаралабы белгисиз. Төмөндө музыка иликтөөчү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Балбай АЛАГУШЕВ аксакал менен улуу Карамолдо, анын мурасына байланышкан айрым маселелер боюнча аңгеме-дүкөн курдук.

"Ыр деген бул – өмүр, өлүм, тагдырың, / Ырдап берип келинге айткан сыр эмес"


Акын Эрнис Турсуновдун жаңы китеби жарыкка чыкты дегенде кыйлага издеп, таппай жүрүп басманын өзүнө барып араң таптым. Дегеле, ал проза жазабы, поэзия жаратабы, “Ата журт”, “Балбай”, “Боронбай”, “Биздин замандын баатыры”, “Автопортрет” деген китептерин такыр таппайм. Атүгүл эл акындары Сүйүнбай Эралиев менен Эрнис Турсунов которгон элүү басма табактан турган “Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы” да дүкөндөрдө жок. Эгер […]

"Маданияты артта калгандын экономикасы өнүкпөйт"


Көпчүлүк басылмалар КР эл артисти Гүлнур САТЫЛГАНОВАдан интервью ала албай убара болушканын айтышчу эле. Буга чейин кенен маекти акыркы жолу “Агымга” бердим эле, АКШга сапар тартаардын алдында кайра эле силердин гезитке сүйлөп берейинчи деп, көпчүлүк күйөрмандардын кумири биз менен жаңылыктарынан бөлүштү. – Акыркы жарым жылдан бери ММКларга көп чыкпай калды-ңыз? Себеби эмнеде? – Эми мунун […]