Monthly Archives: Май 2014

Кыргызымдын дагы бир зоосу урады


Нурак агай жок арабызда. Бул сөздөрдү айтуу мен үчүн азыркыга чейин оор. Агай менен тааныш эмес элем. Бирок агайды көрүп, кылып жаткан иштерин байкап, чыгармаларын угуп кыргызда мындай адамдын бардыгына ичимен ыраазы болуп коет элем. Агай мен үчүн тээ алыста көрүнгөн көк мөңгүлүү тоолордой эле. Ал тоолор барда кыргыз да бар сыяктуу, агай барда кыргыздын […]

“Курманжан датка” тартылып бүттү


Толук метраждуу, эки сериялуу “Курманжан датка” тарыхый көркөм фильмин “Айтышфильм” студиясы, “Кыргызфильм” студиясы менен биргеликте тартып бүтүрдү. Мамлекеттик деңгээлде каралган бул долбоорго баш-аягы 70 миллион сомго жакын каражат кетти. Фильм Алай, Ош, Ысык-Көл, Чүй аймактарынын эң кооз жерлеринде тартылган. Режиссеру – Садык Шер-Нияз. Башкы оператору – Мурат Алиев. Композитору – Бакыт Алишеров. Башкы ролдорго: Эл […]

Ай чыкты тоодон суйкайып, же ай чыккан сайын апамды эстейм…


Жакында эле энелер күнү белгиленди. Апам мындай майрамды көрбөй калды. Анан ай чыккан сайын же айды көргөн сайын апамды эстейм. Себеби, апамдын “Ай чыкты тоодон суйкайып…” деген ыр дале кулагымда дале жаңырып турат. Элүүдөн ашсам да апасына эрекелеп жаткан уулу, кызымды көргөндө, менин да апама болгону кусалыгым жүрөк эзет… Анда студенттик курагым. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик […]

Мамлекет унуткан Казы Дыйканбаев


2013-жылы мамлекеттик белгилүү ишмер, Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри Казы Дыйканбаев 100 жашка толду. Менин тууганым же жакын адамым болбосо да массалык маалымат каражаттары аркылуу байма-бай коңгуроо кагып, бул ишмердин юбилейи белгиленбей, эстелиги коюлбай калганын коомчулукка кабардар кылганым менен өлкө жетекчилери чиркей чаккандай да кайдыгер болуп коюшту. Бул жагдай өкмөттүн көз жаздымында кала берип, быйылкы […]

Мамлекеттик тилге мамиле өзгөрүүдө…


Кыргыз тили мамлекеттин иштиктүү тилине айланууда дегенибизге далай мезгил болду. Анын чындыкка коошкон-коошпогон жактары абдан эле арбын. Айрымда өлкө жетекчилери айла жоктон улутту жайгарган саясат үчүн гана сөз жүзүндө “чыркырамыш” этип, кулактын кычуусун кандырган учурлар да өттү. Бүгүн болсо ар тараптан “мамлекеттик тилге реалдуу көңүл бурула баштады” деген сөздөр байма-бай угулууда. Аны Президент А.Атамбаевдин өткөн […]

Мамтил: сөздөн ары жылбаган маселе


Улуттук тил комиссиясы бугу айынын он төртүндө илимпоздор менен маалымдоо каражат өкүлдөрүн чогултуп кереге жыйын курду. Улут тилинин азыркы абалына жан ачыган биртоп жалындуу сөздөр айтылды. Сунуштар ортого салынды. Канткенде кыргыз тилин Кыргызстанда өнүктүрөбүз, мыйзам качан аткарылат сындуу оголе олуттуу проблемалар козголду. Жыйын өттү, келген эл тарады. Кыргыз тил маселеси эне тилибизде чыкчу маалымдоо каражаттарында […]

Кыргыз тилин үйрөтүү максатында жазылган жаңы китеп тууралуу видео тасма


  Бакытбек Токубек уулу, “Кыргыз тилин үйрөнүңүз: эл жана маданият менен байланышта болуңуз!” китебинин автору. 2012-жылдын 8-мартында Кыргызстандын 5-каналына берген маектешүүсү.

Адабиятчынын эрдиги


Кайран Камбар аке көзү тирүү болгондо быйыл 15-майда экиси кем сексенге толмок эле. Ошондуктан а кишинин арбайына багыштап бүгүн эки ооз сөз айтып коюу парз болуп турат. Эсил киши чындык десе шамшардай шарт чабылып, кыргыз десе кынынан суурулган кылычтай жалаңдап турган көкжалдардын уркунан эле. Анын бу мүнөзү айрыкча «легендарлуу парламентте» депутат болуп жүргөндө, «Кыргыз тил» […]

Миңжылкыевдин үнү Миланда үч жыл шаңшыган


Убагында өз Мекенинде анчалык бааланбаган улуу басты Европада төрт саат бою дем тартпай угушкан. Ошол сейрек талант, кыргыз элинин атактуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев жөнүндө азыноолак кеп кылганы турабыз. Бала чак – бардык асылдын башаты Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн. Атасы Абдулла Миңжылкыев кыргыздын алгачкы геологдорунун бири, геология-минералогиялык илимдеринин кандидаты болгон. Ал Москвадан […]

Ш.Дүйшеев. “Агындылар”


Гезитибиздин өткөн сандарында Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” китебинен сандан-санга үзүндү басып келип токтотконбуз. Токтогон күндөн бери “Агындылардын” уландысын сураган окурмандар телефонубузду тындыра элек. Андыктан окурмандарыбыздын суранычын эске алып эми бир ирет басууга автордон уруксат алдык. Чынын айтсак, эл арасында аталган китепке суроо-талап күч болуп жатканы да жашыруун эмес. Китепти алууга кызыкдар окурмандарыбыз 0557 […]

Эт бышыруу


Кыргыздын мына ушул кой союу, этти мүчөлөө, бышыруу, тартуу боюнча атайын эмгек жазып жүргөн мекендешибиз М.Эстебесов баса белгилеп кеткендей, эт бышырууда устукандардын эти ажырап, эзилип калбай, даамдуу даярдалышына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Сорпонун түсүнө, даамына да маани берилет. Этти казанга бышырсак даамдуу болот. Бышкан эттин даамы койдун тукумуна, жеген жем-чөптүн өзгөчөлүктөрүнө жараша болору белгилүү. Кыргыз […]

Токсон үчүнчү жаз


Кыргыз эл акыны, согуштун ардагери Сүйүнбай Эралиев азыркы учурда элибиздин нарктуу аксакалдарынын бири. Мына быйыл 93-жазынын чайын ичип отурган кез. 9-май Жеңиш күнүнө карата Сүйүнбай ата сүйлөп бербесе да өзү эскерип жазган өмүр ирмемдерин сунуштады. 1921-жылы 15-октябрда Тегерек деп аталган бийик чокулуу өрөөндө жарыкка келипмин, анда бозүйдө отурчу экенбиз. Айылдын аты Үч-Эмчек, Талас району. Айылдын […]

Кой этин устукандоо жана табак тартуу


Эт бышкандан кийин, казандан же мискейден атайын депкир, сузгучтун жардамы менен өзүңчө бир табакка же чарага чыгарылат. Этти чыгарууда ус-тукандар эти менен ажырабай чыгарылуусу керек. Устукандарды ар бир табакка бөлүү табак тартуу деп аталат. Ар бир табакка жиликтерди бөлүүнү устукандоо деп эсептесек болот. Табак коноктун санына, сыйына жараша тартылат. Мисалы, төрт же беш кишиге бирден […]

«Жалбырагы тонолгон даракчалар, Окулбастан саргайган бараксыңар…»


Кыргыз Республикасынын эл акыны Майрамкан Абылкасымованын «Кызыл Туу» деген ыры 1960-жылындагы «Советтик Кыргызстан», азыркы “Кыргыз Туусу” гезитине, андан кийин «Кыргызстан пионерине”, “Ленинчил жашка” чыккан экен. Бүгүн эл акынына кезигип, ушул ыр жана ошол учур тууралуу кызыгып сурадык… Дайыма тоолор башын карарымда, Желбирейт кызыл желек кабагымда. Миң кылым – миң кылымга желбирейт деп, Негедир желбирөөсүн санаарымда, […]

Макей ава


Макей ава кез-кезде редакцияга келип, ал-акыбалымды сурап, мага өзүнүн карыялык кеңешин айтып, менин жанымда кыйлага отуруп, азыркы мезгилдеги адабияттын кейиштүү абалы, учур, эне тил, өнөр, ата журт, биримдик, ыйман, инабаттуу инсандар, залкар акындар, элин коргоп жоо сайган баатырлар жөнүндө кеп салып, көздөн кар учуп турган учурда көңүлдү көтөрүп, илхамды күү ыргагын черттирип кете турган. Айтор, […]

Исмаилов: Өз оюн кыргыз тилинде оозеки жеткире албаган жарандар абдан көбөйдү


“Өзүнүн эне тилинде – кыргыз тилинде өзүнүн оюн оозеки жеткире албаган жана өз оюн кагазга сабаттуу түшүрө албаган жарандарыбыз абдан көбөйдү. Ушул өтө өкүндүрөт”. Мындай пикирин Кыргыз-түрк “Манас” университетинин окутуучусу, акын Алтынбек Исмаилов “Кабар Ордодо” кыргыз тилинин маселесине арналган тегерек столдо билдирди. Ал ошондой эле, азыр жаш карысы дебей мите сөздөрдү колдонуп калганын айтып кейиди. […]

Баланы түйүлдүк кезинен тарбиялоодогу кыргыздын салты


Акыркы жүз жыл ичинде кыргыздардын аң-сезими ѳзгѳрүп кеткен. Ички жан дүйнѳ жоголду. Адам баласы минтип ѳзүнүн ички жан дүйнѳсүн жоготуп койгонунун бир себеби – жылуу мамиленин жоктугу. Илгери кыргыз балдары бала-бакча дегенге барышчу эмес, үйдѳн чоң ата, чоң эненин мээриминде, туура тарбиясында, жакшы мамиледе чоңоюшчу. Кичине кезинен ата-эненин мээримин кѳрбѳй чоңойгон адам таш боор болуп […]

Кыргыз шырдагы АКШнын мурунку приезидентинин үйүндө салынып турат


Кыргыз шырдагын дүйнөгө тааныткан Самара Токоева бизге шырдактын жасалышынан тарта кирешесине чейин төкпөй чачпай маек куруп берди. -Шырдак жасоо өнөрүн кимден үйрөндүңүз эле? -Мен көлдүк болгондуктан Ысык-Көлдө шырдак көп жасабайт. Нарынга келин болуп калгандыктан шырдак жасаганды кайненемден үйрөндүм. Кайненем мурун эле шырдак жасап жүрчү экен. Ал союз учурунда шырдакты үйгө эле жасап келсе, базар экономикасына […]

Композиторлордун корифейи – Калый Молдобасанов


Молдобасан атанын тилеги, Шубинге келген 12 жашар болочок композитор  Кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасанов. Бүтүндөй бир улутка таандык мактанычка айланган тагдырдын ээси бир чакан айылда туулгандыгын кээде тар мааниде түшүнүп жүрөбүз. Бирок ошол кичинекей  айылдын касиети ар бир тарыхый инсандын аты менен кошо аталбай койбостугу да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Гениалдуу сүрөткер жазуучу […]

Нурланбек Кайрыев


  * * * Көлүм сенсиң, көйкөлгөнүң сагынып, Келдим сага тоо суусундай агылып. Кабыл алчы, тамчыларын сүйүүмдүн Толкундарың бирден алсын тагынып. Көл чагылтып толсо дүйнө көркүнө, Менин дүйнөм сенин балбал көзүңдө. Тоо суусундай таштан-ташка урунган, Тирек болчу менин тентек кезиме. Көлүм сенсиң жээгиң бойлой дайым жаз, Тоо суусу мен толкунуңа тагдырлаш. Тереңдигиң барктап жүрүп өтөйүн, […]

Эркалы Өскөналы


* * * Көөлгүгөн көгүш көл кечи, Ай барат калкып кайыкта. Жалындай жашыл теректин Сүрөтү бийлейт жайыкта. Ырдасам толкуйт абаным, Кылчайып айды карадым. Кызык эй, сүйүүң ушубу, Кызыдым ичпей шарабың. Кызжандуу тентек баламын, Кызыгып өптүм жамалын. Кылкыяк болуп чертилип, Кыялым нени самадың? Желбирейт баардык тарабым, Жел сыяк жеңил калагым. Жээкке айды түшүрүп, Жетелеп үйгө барамын. […]