Monthly Archives: Ноябрь 2013

Төлгөбек Койчуманов: Алгачкы толук метраждуу анимация жакында экранга чыгат


Бүгүн технологиянын аябай өнүккөн учурунда “мультфильм” термини дээрлик колдонулбай калды. Азыр “анимация” түшүнүктөрү дүйнөнүн булуң-бурчуна тараган. Деги өзү анимация деген эмне, анын Кыргызстандагы орду кандай экенин билүү үчүн аниматор Төлгөбек Койчумановго собол узатып көрдүк. – Анимацияга кеңири түшүнүк бере кетсеңиз. Анын Кыргызстандагы абалы кандай? – Негизи мультипликация “мульт” деген терминден келип чыккан. Бүгүнкү күндө анимация […]

Биримкул Алыбаев: Наам сурап, тааныш издөө менин жан-дүйнөмө туура келбейт экен


Биримкул Алыбаев он бешке жакын элге сиңген ыр жыйнактарынын автору. Бүгүн тажрыйбалуу, дүйнөлүк көп көп булактарга сугарылган акын. Негизинен лирик акын “Жолугаарым билгенмин”, “Сагындым туулган жер сени”, “Түшүмө түндө кирдиң сен” жана башка көптөгөн белгилүү обончулар жараткан обондуу ырлардын автору. Биримкул ага азыр жетимиштен ашып калса да чыгармачылыкта ар кыл темадагы эң сонун чыгармаларды жаратып […]

Керим Турапов: Сексендеги атамдын үнүнө менин үнүм жетпей калган


– Керим агай, сиздин “Туулган жерди сагынуу” деген ырыңыз мага алыста жүргөндөрдүн гимниндей эле сезиле берет. “Бал жыттанган таттуу кымыздай, тууган жердин суусун сагынам” же “жүрсөм дагы алыс араңан, Ата Журтум кетпей санаамдан” дейсиз… -Бул ыр алыс жактарда же тээ Сибирде жүрүп жазылган эмес. Ушул шаардан туруп эле туулган айылыңды, корооңду, балалыгыңды эстеп сагынасың. Ырдын […]

Айгүл Узакова: Ырлар болсо жүрөгүңдүн каалгасын черткилеп өзү келип турат


Акын Айгүл Узакова Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Бийиктик” басмасынын редактору. “Жылдыздуу күз”, “Кеч жарык”, “Түнкү асман”, “Жүрөгүм менен сүйлөшүү” аттуу ыр жыйнактарынын, “Шамал, шамал бузба чачымды”, “Сагынган жазым сага окшош” ж.б көптөгөн обондуу ырлардын автору. Акындын калем кармаганына быйыл 40 жылдан ашуун убакыт өттү. Анын чыгармачылык чыйыры тээ 70-жылдары, күз айында Беганас Сартов жетектеген […]

Биз Я.РУ да


Достор, бул блогдо жарыяланган макалаларды Я.ру сайтында да окуй аласыздар. — Кыргыз маданият борбору!

Аздектелген көөнө мурас жоголууда


“Учук салды”, “шырык жыйын” сыяктуу түшүнүктөрдү бүгүнкү кыз-келиндер анча деле биле бербейт. Кыргыз үйүнүн айныгыс бир бөлүгү болгон шырдак менен ала кийизди эми Иран, Түркиянын килемдери басып, аны жасагандардын саны да сээлдеп баратат. Азыркы кийиз буюмдар чет элден келчү туристтерге сувенир, же аш-тойдо бири-бирине берилчү белек үчүн жасалгандай. Кылымдар бою энелер аздектеген шырдак менен ала […]

Рысбек Мамытов, чебер: Кыргыздын оймолору түшүрүлгөн ээрди чет өлкөгө таанытам


Тери иштетип, андан көз жоосун алган асыл буюмдарды жасоо-элибиздин илгертен келаткан салттарынын бири. Мына ошондой салтты бекем кармап, терини кайра иштетип, андан ээр, камчы, тумар, сумка, ар кандай кооздук буюмдарды жасап, аны чет өлкөгө сатыкка коюп келаткан Рысбек МАМЫТОВ менен тери иштетүү бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде пайдалуу экенин баарлаштык. Рысбек мырза ээр чаап, өзү жашаган […]

Жазганы жамгырдай төгүлгөн Байдылда


Эл сынынан, калк таразасынан өткөн чыныгы таланттар гана унутулбайт. Калтырган изи менен жыл өткөн сайын куйруктуу сары жылдыздай тээ алыстан жаркырай берет. “Туйлап турган тулпардай болгон Райкан менен Мидиндин кешигин ичип, кыргыз поэзия асманында алыстан көрүнгөн, жазма акын болсо да жазганы жамгырдай төгүлгөн Байдылда” жөнүндө Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов “Сарногойдун коргону же Байдыкем жөнүндө […]

Теңир асманга бейишти, жерге Аксыны жараткан


Алтын казык – Аксы атка конгон, кызыктуу таржымалдарга, укмуштай уламыштарга бай туулган жерим жөнүндө окурмандар менен бөлүшкүм келип турат. “Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны” дейт элибиз. Өзүнүн Ата Журту, Мекени, айылы тууралуу сыймыктана кеп кылбаган кыргыз жоктур. Менин кичи Мекеним – карт тарыхы бар айтылуу Аксы жергеси. Алтын казык – Аксы атка […]

“Баардык жакшы иштер Манас ордодон башталат”


Чексиз көк асмандай же чалкып жаткан океандай Манас темасын айтып да, жазып да бүтө албайсың. Манас тууралуу жазуу үчүн кагаз калем кармаганда сөзсүз бир касиетти сезесиң. Үстүңдөн жүк баскандай кыйналасың. Манас ордого зыяратка келген адамдар Манас Атанын касиетине таазим этип, табынып, улуу рухтарга багыштап куран түшүрүп, көкүрөктөрүндө багып жүргөн асыл мүдөө тилектерин Алла Тааладан кабыл […]

Ж.Касаболотов. МЕЗГИЛ


Ай-жылдар аздан-аздан чубап келди. Аралап чачтарыма бубак келди. Кыздарга ыр арнаган мезгил бүтүп, Кыздарды ыр жаздырган убак келди. Ордунан доор алмашып, агым өттү. Ортосун кең турмуштун жарып өттү. Ойлонуп алды-артымды байкаганча Ошентип орто өмүрдүн жарымы өттү. Качандыр сайган чырпык жемиш берээр. Кайратым караан болсо жеңиш келээр. Каруусу катып калган канатымдын Кабарын кайдан билсин, периштелер?.. 11.11.2013-ж.

Ленара Ниязбекова: Бир тилди үйрөнүш үчүн бир илимпоздун өмүрү аздык кылат


Кыргыз тилин үйрөнүү жана аны жайылтуу маселеси акыркы учурларда көп көтөрүлүп, өлкө жетекчилери тарабынан да жигердүү бир катар иштер жасалууда. Деги эле тил үйрөнүү, анын ичинен кыргыз тилин үйрөнүү жана аны үйрөтүү маселеси кандай турат? Мына ушул маселенин тегерегинде “Ак Санат Лингво” маданий-агартуу коомдук бирикмесинин жетекчиси Ленара Ниязбекова менен чакан маек курдук. – Ааламдашуу процесси, […]

Айтматова: Күмбөздү бүтүрө албай жатабыз


Быйыл өкмөт залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгын белгилөө тууралуу токтом кабыл алган. Буга даярдык кандай, эмне иштер бүтүүдө? “Азаттыкка” бул тууралуу жазуучунун карындашы Роза Айтматова маек курду. – Роза айым, Айтматовдун 85 жылдыгына арналган иш-чаралар Кыргызстанда пландаштырылганбы? Кандай иштер болуп атат?Айтматовду эскерүү, анын чыгармачылыгын кайра жандандыруу жагы кандай болууда?  – Мени тынчсыздандырган нерсе – […]

Жыргалбектин жаңы эки ыры


ҮШҮК Чоочун болуп зор дүйнө кечиндеги Чоң турмуштун көмүскө четиндеги, Мөөрү турат жүрөктүн, катып калган Мөңгү болуп асканын бетиндеги. Каректерим жашоонун карап түрүн, Кан тамырым кайдыгер кагат бүгүн. Көргөндөрдүн көбүнө көөнүм жоктой Көз жеткенге сөз жетпей барат бүгүн. Өзгөрүүлөр өсүүгө жеткиришти. Өткөндөрдүн кадырын кеч билишти. Элес-булас айрылган тасмалардай Эсимдеги элестер эскиришти. Көлөкөдө көк чөптөй өндүңөрбү? […]

Акыйнек айтышуу


Акыйнек кыргыз элинде кеңири колдонулган. Ал негизинен мыскылдоо, шакаба кылуу мүнөзүндо болуп, бир-бирин сындап, оңолууга таасир берген. Кемчилигин көргөзүү, чечендикти, сөз тапкычтыкты сынатуу максатында оюн-зоок, тамаша кечелерде айтылган. Акыйнек оюнунда курбу-курдаштар, тели-теңтуштар сынды көтөрүүго мажбур болот.

Чоң манасчы Шапак учурунда бааланбай калган…


Шапак манасчы тууралуу учурунда анчейин эске алынбай келүүдө. Аныгында, ал “Манас” үчилтигинин үч бөлүмүн тең айткан чоң манасчылардын бири болгондугу талашсыз. Манасчы 1863-жылы Кочкор районуна караштуу Шамшы деген жерде колунда бар үй-бүлөдө туулган. Шапак Рысмендеев эч кандай мектепте окубаган, ошентсе да анча-мынча арап тамгасын таанып, окуганды билгендигин айтышат. Манасчылык жолун­да айтылуу манасчы Балык­тан, анын уулу […]