Category Айыл Деми

Кайберендердин ич эттеринен гүлазык


Рецепт Китайда жашаган кыргыздардан жазылып алынган. Кыргыздар дайыма жапайы малдын ич эттери (ичеги-карын) дарылык касиеттерге ээ деп эсептешкен. Кайберендердин ичеги-карынынан жасалган гүлазыкты пайдасы тиет деп даярдап алышкан жана ичеги-карын ооруларын дарылоодо пайдаланышкан. Бөтөнчө ашказан жарасына жакшы жардам берген. Гүлазык тамактын алдында берилген. Advertisements

Кыргыз мурасы: кылымдар тереңинен кылымдар кыйырына


Акыркы 20 жылда кыргыз улуту өзүн-өзү таанууга аракет жасап, ата-бабалар мурасы болгон салт-санааларыбызга, кол өнөрчүлүгүбүз менен буюм-тайымдарыбызга кайрылып, барктай баштадык. Бул бизге эгемендик берген эң башкы белек десек болот. Кыргыз улуту эң байыркы элдердин катарына кирерин бүгүн окумуштуулар бир ооздон айта башташты. Мындан он жыл мурда «Кыргыз этнонимине 2200 жыл» аттуу темада эл аралык симпозиум […]

Yч кылдын бүтпөс сырлары


Жакында жарык көргөн Асан Кайбылда уулунун “Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр,ойлор, пикирлер” китебинен утурлап берип турууну туура көрдүк. Улуттук музыкалык аспаптар жана үч кыл комуз Доолбас үнү бапылдап, Кернай үнү такылдап, Жезнай үнү чакылдап, Чылмыр согуп шакылдап, Доол уруп дүңгүрөп, Сыбызгы үнү тызылдап, Дап согулуп дапылдап, Тойго какчу нагыра… (“Манастан”). Жогоруда “Манас” дастанында айтылгандай, байыртадан эле элдик […]

Кургак кесме


Алгач эт, пияз, сабиз өңдүү жашылчаларды кууруп ага суу куюп коебуз. Камырды колго жууруп, аны тегиз жайып кесмени колго бир калыпта кесебиз. Суналган кесмени карсканга бууга бышырып алабыз. Катуу, жумуртка кошулуп жуурулган камыр эзилбей куду алгачкы кескениндей суналып бышышы керек. (Анын эзилип же текши эмес бышканы жууругандан көз каранды.) Бышкан кургак кесмеге, жогоруда даярдалган шорпону […]

Шакен эженин элге жасаган эмгеги


Тарыхыбызды өчүрбөй сактап, аларды кийинки муундарга жеткирүү үчүн музей түзүп, эмгектенип жаткан кызматкерлердин эмгеги баа жеткис. Биз Ак-Талаа районунда тарыхый музейди түзүп, кийинки муундарга мурас катары калтырган Абдиева Шакен эженин зор эмгеги жөнүндө айткыбыз келди.

Арстанбап токою


Кыргыз жеринин табигый феномени болгон айтылуу Арстанбап-ата токойлорун көргөн да, көрбөгөн да арманда дегим келет. Мындай баалуу, табигыйлыгын сактап кала алган ажайып токойлор бизде гана кездешет. Менин чыгармачылык жолумдагы Арстанбап-ата токойлорун көрүп, аны менен таанышып, ичин аралап, ширин жемиштеринен таткандагы сезимди эч айтып жеткире албасмын. Баарынан таң калыштуусу – жергиликтүү элдин токтоолугу болду. Алар мындай […]