Monthly Archives: Декабрь 2016

Аракетке жараша – берекет…


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Билим берүү жана илим министрлиги, Жогорку аттестациялык комиссия аспирант-изденүүчүлөргө мамлекеттик тил боюнча кандидаттык экзамен тапшыруунун жобосун жана типтүү программасын иштеп чыгып, ал Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилди. Ушул жылдан тартып бардык аспирант-изденүүчүлөр милдеттүү түрдө мамлекеттик тилден кандидаттык экзамен тапшырышат. Республикалык «Сен сүйгөн кыргыз макалы» […]

Дарика Жалгасынова: атам апамдын кайниси болгон, экөө унутулгус сүйүүнү баштан кечириптир


Кыргыз искусствосунда булбул үндүү опера ырчысы, КРдин Эл артисти Дарика Жалгасынова быйыл 75 жашта. Эки доорду көргөн ырчы 80 жашты утурлап калса да, боюн түз алып, орду менен сүйлөп, табит менен кийинет. Опера ырчы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаевага 75 жылдык мааракеси жана басып өткөн чыгармачыл жолун баяндап берди. — 75 жаш кутман курагыңыз […]

Ала качуу этникалык кыргыздардын көзү менен


Укук коргоочулардын маалыматына таянсак, Кыргызстанда жыл сайын 12 миңге чукул кыз ала качууга дуушар болот. Статистика боюнча, Кыргызстандын калкынын 2 млн 987 миңин аялдар түзөт. Башкача айтканда, дээрлик 150 миң кыргызстандык кыз ала качуу жолу менен үй-бүлө курушкан. Ал эми Кытай, Тажикстан жана Өзбекстанды байырлап жашап калган этникалык кыргыздарда ала качуу салты барбы деген суроо […]

1916: Казакстандагы көтөрүлүш жетекчилеринин бири – украин Афанасий Латута


1916-жылкы Борбор Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө катышкандардын арасында славян тектүүлөр да болгон. Алардын бири – украин Афанасий Латута. 1916-жылкы Акмоло көтөрүлүшү Биринчи дүйнөлүк согуш маалындагы Борбордук Азиядагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгы Кыргызстанда расмий белгиленди. Казакстанда бул окуяны коомдук демилгелерге таянып гана белгилешти. Тарыхта дурус маалым болгондой, Казакстандын Жети-Суу жана Торгой аймактарында 1916-жылы ири […]

Кызга сеп: кашыктан шырдакка чейин


Кыргыздар — ата салтын бекем туткан эл. Ал эми кыз узатуу, уул үйлөө салттарына өзгөчө мамиле кылышат. Мисалы, чала камдалган сеп же аны өз каадасындай ачып көрсөтө албай калуу кыз менен анын төркүнү үчүн кадыр-баркын жоготууга барабар. Сеп даярдоо — кыргызда бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жоготпогон олуттуу салттардан. Ата-эненин кызга болгон камкордугу мезгилге, замандын […]

Башканы коюп “Манасты” айт


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Манас” эпосун изилдөө боюнча жарыяланган сынактын жыйынтыгын чыгарды. Аталган сынак Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан Тарых жана маданият жылынын алкагында мамлекеттик тилде “Манас” темасында илимий иш жазган жаш илимпоздорго колдоо көрсөтүү максатында алгачкы жолу өткөрүлдү. Сынакка 10 илимий иш келип түшүп, талапка ылайык делген 8и […]

Кут даарыган жыл болсун!


Кудай буюрса, эски жылдан эсен чыгып, жаңы жыл босогосун аманчылыкта аттаганы турабыз. Узап жаткан жылыбыз журтчулук үчүн жемиштүү жыл болду, ырасында. Эсте калар эчен-түркүн окуялар камтылды. Өлкө Президенти тарабынан Маданият жана тарых жылы аталганы менен, иш жүзүндө Маданият, тарых, тил жылы катары алгылыктуу аракеттер көрүлгөнүн тана албайбыз. Анткени, улуттук маданият менен тарыхты улуттук тилсиз элестетиш […]

З.Пасаңова: “Жомогуңду укканы кайра келем, Паашакан”


(аңгеме) Паашаны алыстан эле тааныдым. Эки колунун манжалары жок алты жашар кызга социалдык жөлөкпул алып келгенмин. Шаардын чок ортосунда эле өйдүк-сөйдүк болуп туташ салынган, кайсынысы үй, кайсынысы чаркар, кайсынысы даараткана экенин ажыраткыс жепирейген барак үйлөрдүн биринин жыгач тепкичинде олтуруптур. Жалгызсыраган түрү бар. Мен издеген кыздын өзү экенин жүрөгүм туйду. Ошентсе да «Пааша!» деп абайлап үн […]

Теңирден билим алгандар… Эстебес


Өмүрдөн өтөрүнө бир жылдай калганда машинада баратып: – Эстеке, кээде сизди ырым менен тамашалай калып жүрчү элем, катуураак кетсем кечирип коюңуз? – десем, кадимкидей жаркылдап, Таластын тасмалындай жайылып, ак көрпө жайыл боло түштү эле. Кайран гана талант! Эстебес, эмне деген үн эле?   * * * Таалай берген, бак берген, талантыңа бап келген, так анделек […]

«Манас» айтуучулук өнөрү жөнүндө


«Манастын» толкуу доорлору… Ушул таңда, «Манас» дүйнөлүк адамзаттын заттык эмес маданият мурасына кирип, аны коргоо, куткаруу кыргыз эле эмес, жалпы адамзаттын милдети катары ортого түштү. «Манастын» мындай дүйнөлүк чөлкөмдө таанылуусу, адамзатка орток маданият төрүнө кирүүсү, тек гана «бир улуттун нерсеси экен, куткарып калалычы» деген «жеңилдик берүү» мамиледен улам эмес (бечаралык кейипте эмес), «Манас» адамзатка чыныгы […]

Бурулкан Сарыгулова, акын: “Жүрөгүм ачык бүгүн сырдашууга”


16-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда эки чоң поэзия кечеси болгонун белгилеп кетели. Күндүзгү саат экиде кыргыздын залкар акыны Турар Кожомбердиевди эскерүү кечеси чоӊ залда (ал тууралуу гезиттин 14 -бетинде), экинчиси кичи залда кеч бешимде дагы бир таланттуу акын жана журналист, “Азаттык” медиа мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулованын “Жүрөк шыбыры” аттуу поэзия кечеси өттү. Эки иш-чара […]

Океандай чалкып… Түгөлбай


Бир кезде душмандын жамгырдай жааган огун токтотуш үчүн денесин дзотко тосуп жанын кыйган Чолпонкул Түлөбердиев өңдүү кыргыз жигиттери баатыр болгон. Расул Гамзатов айткандай жаңы замандын “баатырлары” да Чолпонбай Түлөбердиев менен Александр Матросовго окшоп төштөрүн эгемендиктин дзотуна тосуп чыгышты. Бирок алардын Түлөбердиев менен Матросовдон айырмасы-төштөрүн дзотто ок жок экенин билип туруп тосконунда болууда. Ошентип өткөн доордо […]

Мааракеге азгырылуу керекпи?


Кыргызстанда тарыхый окуялар менен инсандардын мааракелерине арналган маданий иш-чаралар арбын өтүүдө. Айрымдар “мааракелерге обу жок эле азгырылып жатабыз” деп чыгышты. Чын эле ушундайбы? Быйыл “Тарых жана маданият жылында” кудайдын куттуу күнүнүн бардыгы тигил же бул окуянын же тарыхый инсандын мааракелерине байланыштуу иш-аракеттерге күбө болду. Бул иш-чараларга улам чакырыла берип тажаганбы, айрым калемгерлер “ушунча көп мааракелик […]

Тазагүл Закирова, акын: “Кыялымдагы адам тууралуу күнү бүгүн да жазып келатам”


Ош шаарында жашаган акын Тазагүл Закирова жакында Бишкекке келип, ыр ышкыбоздору менен жолугуп, быйылкы жылы чыккан “Жүрөк – күзгү”, “Тазалоочу ыйык тоо – Сулайман-Тоо” аттуу китептеринин бет ачарын өткөрдү. Буга чейин акындын “Купуя сезим”, “Кусалык”, “Боз торгойдун ыры”, “Ырыстын тагдыры” ж.б. китептери жарык көргөн. – Дооронбек Садырбаевдин “Визитка” аттуу китебинде “Тазагүл Закировага. “Акын” аттуу сизге […]

Асан-Кайгы акындын ак эмгеги жана нарк-дөөлөтү


Ойчул акын жана чыгаан журналист, “Кутбилим” газетасынын баш редакторунун орун басары Майрамбек Токторовдун элүү жаш мааракесине арноо сөз. Майрамбек мектепти Таластын төр жагындагы абасы салкын Каракол айылынан бүттү. Ал мектепте окуп жүргөндө эле анын макалалары “Кыргызстан пионери”, “Жаш ленинчи” журналына, райондук “Талас турмушу” газетасына жайнап чыкчу. Мектеп турмушундагы жаңылыктар, элеттин эмгекти сүйгөн алдыңкы адамдары анын […]

КР Баатыры Миталип Мамытов: “Кубатты Кудай берет…”


Дүйнөдө эл аралык деңгээлдеги үч кесип бар. Ал кесиптерге тилмечтин кереги жок, жүрөк менен түшүнөт. Алар музыканттар, сүрөтчүлөр жана дарыгерлер. Мына ошол медицина тармагындагы эң татаал, мээге операция жасоочу чыгаан хирург, ак кызматы менен кыргыз атын алыска угузган улуу инсандардын бири – Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Миталип Мамытов. Учурда ал Кыргызстандын нейрохирургдар ассоциациясынын президенти. Ал […]

Нуркан Турсунбаев, актёр: “Ай баратат” деген ырды Таттыбүбүнүн туулган күнүнө арнап чыгаргам”


Нуркан Турсунбаев көп кырдуу талант. Обончу, актёр, ырчы. Анын “Алтынчы күнү кечинде”, “Ай баратат” аттуу обондорун билбегендер аз. “Мен мактанганды, жагалданганды билбейм. Эмгек сиңирген артист наамын жакында эле алдым”,- деген каарманым кызыктуу маек курду. “ӨНӨРЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ӨСТҮМ” – Чоң атам Турсунбай комузчу, дастанчы, манасчы болчу. Мен ошол кишинин колунда чоңойдум. Атам болсо Токтогул Сатылгановдун эң […]

Кыргыз жана кийит


Журналист Султан Жумагулов кедей кыргыздар кантип кийитке миллиарддарды коротуп, коңшулардын экономикасына көтөрүп жатканы тууралуу кезектеги баянын сунуштайт. (Кедей кыргыз кантип кытайды байытып жатат?) Жакындагы үч окуядан баштайын. Катышыбыз бар теӊтушум келип: “Бир байпагым жок отурганда уулум кычап үйлөнөм дейт. Кошумчаны эртелей бергиле, тойго камданайын”, – деп кейип-кепчиди. Чогултуп бердик. Анан той болду. Баягы “бир байпагы” […]

Монголиядагы кыргыздар


2014-2020-жылда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан “Монгол элдеринин жана Монголияда жашаган этникалык кыргыздардын фольклордук жана диалектологиялык материалдарын жыйноо максатында” экспедиция уюшулуп, ал топко ар тармактуу профессионал окумуштуу-кызматкерлер топтолуп, сентябрдын аягынан тартып октябрдын ортосуна дейре мекеме тарабынан коюлган тапшырмаларды […]

Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Картайдым деп үңүрөйбөй өзүмдү тарбиялап келем”


“Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт” демекчи, актриса Жамал Сейдакматова дагы деле күүлүү-күчтүү. Маданият тармагынын ардагери аталган актрисанын бала кези көлдүн жээгинде өткөн. Көлдүн кооз жаратылышынын таасириби, айтор, актриса көптөгөн сыйлыктарга татып, 80 жашка келип калса да ийгиликтүү иштеп келет. – Жамал эже, саламатсызбы? Жаш актрисалардан калышпай быйылкы жылдын эсебинен 3 киного тартылган экенсиз. […]

Айтматовдун керээздери


Күн күнгө алмашып, жыл жылга тегеренип отуруп дегендей, улуу замандашыбыз Чыңгыз Айтматов арабыздан кеткенине быйыл туура сегиз жыл толуптур. Бирок сегиз жыл өтсө да Чыңгыз Айтматовдун элесин эч бир эстен чыгарбай, ар жылы декабрдын он экисинде кайда жүрсөк да сөзсүз эскерип, айрыкча мектептер менен жогорку окуу жайларда бул күн өзүнчө эле майрам катары белгиленип келе […]

Ваң Жие: Кыргыздын аты, теги жана байыркы орду жөнүндө


(макаланын кыскача мазмуну) Биринчи, кыргыздын аты 1 Мурдагы изилдөөлөрдө Ушул кезде, кыргыз изилдөөсү Кытайда жана башка мамлекеттерде кыйла алып барылды. Болуп да мурдагы совет кезинде Бартолъддин «Орто азияа түрк тарыхы 12 лексиясындагы» кыргыздар баяны сыяктууларды атоого болот. Ал эми байыркы кыргыздардын улут атынын кытайча жазылышын эң эртеде Франсиялык чыгыш таануучу профессор Паул Пеллиот (Paul p […]

Кыргызгидромет: мамтилдин бүгүнү жана эртеңи


Биздин мекемеде иштеп жаткандардын көпчүлүгү расмий тилде сүйлөгөндөр (Кыргызгидрометте жалпысынан эмгектенген 584 кызматкердин 66 пайызы орус тилдүүлөр болуп эсептелет) болгондугуна карабастан, мурда бул багытта бир аз иштер жүргүзүлүп келсе да, мамлекеттик тил боюнча кабыл алынган мыйзамды жетекчиликке алуу менен 2011-жылдын май-июль айларынан баштап Кыргызгидрометте ички иш кагаздарды, буйруктарды, токтомдорду жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын […]

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жолдору


«Кыргыз тили» гезитинин 2015-ж. 26-августундагы санына чыккан«Кыргызстанда кыргыз тили коркунучта» аттуу макаламда мен өз өлкөбүздө мамлекеттик тил макамына ээ болгон кыргыз тилинин бүткүл кыргыз эли каалагандай деңгээлде жана ыкчамдыкта өсүп-өнүгө албай жаткандыгынын негизги себептерин атап өттүм эле. Алардын ичинен негизгиси – бул Кыргызстанда орус тилинин басымдуулугу. ССРС (мурдагы көнүп калган СССР деген кыргызча ушундай кыскартылып […]

“Кыргыз адабияты” – коркунучта эмес!


Гезитибиздин өткөн санында профессор А.Муратовдун “Кыргыз адабияты – коркунучта!” аттуу макаласы жарыяланган. Анда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сааттарды кыскартуу жараяны астында мектептерде “Кыргыз адабияты” сабагы жоюлуп, аны “Дүйнөлүк адабият” сабагынын бир бөлүгү катары окутуу сунушталып жатканы, бул кадам кыргыз адабиятын тымызын муунтуп өлтүрүү максатын көздөөрү тууралуу сөз болгон. Бул маселе коомчулукту дүрбөлөңгө салып, […]