Monthly Archives: Май 2011

Сагын Акматбекова


Кыргыз тилдүү журналистиканын стилистикасы боюнча алгачкы колдонмо жарык көрдү


Кыргыз тилдүү журналистиканын стилистикасы боюнча алгачкы практикалык колдонмо жарык көрдү. Анын автору – белгилүү кыргыз журналисти Жыргалбек Касаболотов. Ал кыргыз журналистикасынын стилистикасы боюнча маселелерди көтөрүп гана тим болбостон, анда көп кездешкен каталарды оңдоо боюнча өз кеңештерин сунуш кылат. Автор ар бир оюн жана кеңешин таамай мисалдар менен коштоп, окурмандар үчүн атайын көнүгүүлөрдү да иштеп чыккан. […]

Молдобагыш Сарыбай уулу


Туш кийиз


Кыргыз эли илгертен  колунан көөрү төгүлгөн чебер уздарды, уста, зергерлерди, саймачы, тигүүчүлөрдү кадырлап келишкен. Алардын колунан жасалган не бир көркөм буюм-тайымдар, улуттук аспаптар, жабдык, жасалгаларды аяр урунуп аздектей да билишкен. Кайсы буюм качан кантип, кимдин колунан кандай учурда жаралганына кызыгышып, тарых-таржымалы менен кошо айтылчу дешет. Ошондой таберик буюмдардын катарында туш кийиз да өзгөчө орунда турган.

Кожожаштын көз жашы


(Уламыш) – Мына, мени дагы ырдай баштады,- деди Кожожаш жалама зоо менен сүйлөшүп… – Менин кылымдарга жазылбас каргышка калган өмүрүмдү он сегиз миң ааламга таратып, уккандардын алтымыш эки тамырын сыздатып, жүрөктөрүн канатып, алган жарымды, ата-энемди, артымда калган элимди зар какшатып, кайберенди сайратып ырдай бермекчи эми, бу Камбаркан жаратмандын комузу.

Африканын жарандык поэзиясы


“Азаттык” дүйнө элдеринин күнүмдүк турмушундагы, адабият, поэзия, кино, музыкасындагы кызыктуу тенденциялар, окуялар жөнүндө “Миң кырдуу дүйнө” аттуу жаңы түрмөгүн баштады. Алгачкы чыгарылышында Африкадагы айрым элдердин “граждандык поэзиясы” тууралуу баян кылабыз. “Өлтүрүштү актар менин – Сыймыгымды – атамды. Маскаралап кетти алар, Менин сулуу апамды. Иштетишти кыйноо менен, Боордошумду агамды. Келген кезде мага кезек, Кан боелгон колун […]

Жолон акын: "Биз эми эрди-катын болбой калдык…"


Жолон Мамытов – ырларына обончулар өтө арбын карылган акын. Өзгөчө жупуну кыргыз турмушунан өнүп чыккан “Отту сүйөм” поэзиясы бүгүн да кыргыз адабиятынын алгачкы сабында. Бирок анын таланты менен тагдырынын артында Меңди Мамазаирова аттуу зор жардамчы болгондугун көпчүлүк биле бербесе керек. Жолондун майланышкан папкеси… Ата катары ал өтө күйүмдүү болгон. Ар дайым айлык алганда мага өткөрүп […]

Нурак Абдырахманов, КРнын Эл артисти: «Италиялык гитаристтер күүгө таң калышып…»


КОМУЗЧУ ТУУРАЛУУ Аты-жөнү – Абдырахманов Нурак Абдырахманович Туулган жылы – 1946-жыл, 19-октябрь Сыйлыктары – Юнесконун эл аралык сыйлыгынын ээси, КРнын Эмгек сиңирген артисти, КРнын Эл артисти Учурда жашаган жери – Чүй облусу, Байтик айылы Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 14 баланын атасы

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Мелис АСЫЛБАШЕВ: “Ак марал” – элдик бийлердин лабораториясы”


– Агай, ансамблге жетекчи болуп келгенде ишти эмнеден баштагыңыз эсиңизде барбы? – Албетте. Мен ишти кыргыз бийлерине басым жасоо менен баштагам. Анткени, 1980-жылдары элдик бийлерди аткаруу анча деле мааниге ээ эмес болчу. Эч ким деле көңүл бурчу эмес. Ошондуктан, алдыма кыргыздын бийлери башка улуттардын бийлеринен кем калышпашы керек деген максат коюп, болгон аракетимди жумшагам. Кудайга […]

Раимбек АБДИЕВ: “Маңкурттан жүзүкаралар туулат экен”


– “Алай закымдары” романыңыз  Кокон хандыгы, Абдылдабек менен Полот хандын соң­ку күндөрү тууралуу экен. Аны жазууда  материалдарды  кайдан алдыңыз? – Негизи тарыхый романды тарыхтан алыш керек да. Студент кезде Касымбековдун “Сынган кылычын” окугам. Полот хан жөнүндө тарыхый документтерди, Скобелевдин каттарын  казып окудум. Анан ошолордун негизинде  жазылды. Андан соң өз көзүм менен көргөн окуялардын   негизинде “Абийир” […]

Жалындаган өмүрүн элге арнаган


1-макала Кыргыз элинин 2200 жылдан ашуун мамлекеттүүлүгүнө эгедер тарыхында Совет доору (1917-1991) өзгөчө баскыч экени шексиз. Бул мезгилди кыргыздар өзүнүн өчүп бараткан мамлекеттүүлүгүнүн отун кайра тутантып, байыркыдан келе жаткан кыргыз мамлекетин өз калыбына келтирүүгө жасалган алгачкы кадам катары карасак болот. Кыргыздардын тагдырындагы бул чоң бурулуш, элибиздин башында турган инсандардан эбегейсиз эркти, ар тараптуу билимдүүлүктү, терең […]

Жалтанбас сынчы, кайраттуу калемгер


Сынчы, прозаик, коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө 18-майда Улуттук китепканада ачылып, “Тандалган чыгармаларынын” 3 томдугунун бет ачары болду. Жыйындагы эскерүүдө Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин Бобуловдун мамлекеттик тилди көтөрүүдөгү эмгектери баса белгиленди.

Шыгаев: Музейин көрүп, төрүнө өт


Бүгүн (18-май) Кыргызстанда музейлердин эл аралык күнү белгиленүүдө. Аны утурлай Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт, өнөр музейинин жетекчиси Юристанбек Шыгаев Кыргызстандагы музейлердин абалы, музей-туризми тууралуу “Азаттыкка” маек курду. “Азаттык”: Сиз жетектеген музейге күнүнө канча адам келет? Сүрөт-көргөзмөлөр учурунда чыгармаларды сатып алгандар болобу? Юристанбек Шыгаев: Биздин музейге күнүнө орто эсеп менен элүүгө жакын адам келет. […]

Кыргызстанда музейден киреше табууну билишпейт


18-май – Бүткүл дүйнөлүк Музей күнү. Акыркы жылдары Кыргызстанда музейге кирген адамдардын саны өтө кыскарып кеткен. Бул музейлердин чарбалык жана чыгармачылык оор шарттары менен түшүндүрүлөт. Ошол эле кезде музей-туризмин жандандыруу боюнча Кыргызстанда зор мүмкүнчүлүк бар экендиги айтылууда. – Булар панфиловчулар. Ал эми булар мылтык-куралдары, пулеметтору. Булар баатырлардын аты-жөндөрү, иштеген кызматтары. Генерал-майор Панфилов, катардагы жоокер Ананьев.

Нурбек Эгендин "Рождение Манаса как предчувствие" тасмасы


[kml_flashembed movie=”http://www.youtube.com/v/6boRNwdMulk” width=”425″ height=”344″ allowfullscreen=”true” fvars=”fs=1″ /] Шилтеме “Kyrgyz club” сайтынан алынды.

“Дүйнөдөгү жок сулуу” кыргыз сахнасында


“Учур” мамлекеттик театры ирлан драматургу Мартин МарДонахтын “Дүйнөдөгү жок сулуу” драмасы боюнча коюлган спектаклди тартуулады. Кыргызстан эле эмес жалпы Борбор Азияда биринчи жолу коюлуп жаткан бул чыгарма көрөрмандардын кызыгуусун жаратты. Пато Дули деген ирландиялык жигит жакыр турмуштун айынан Лондонго мандикерликке барып, бели майышып, кабыргасы кайышып оор жумуштарда иштеп, жаны кашайганда көкүрөгүндөгү зар-муңун ыр менен чыгарып […]

Комуз


Абалкы замандарда Камбаркан деген мергенчи жашайт. Аң уулап жүргөн мергенчиге  сыйкырдуу бир үн угулуп, үн чыккан жерге жакын келсе, бутактары куураган бир эски даракка маймыл (башка бир версия боюнча, тыйын чычкан, ред.) секирип ойноп жатып ичи жарылып, ичегиси бутактын башына илинип, өзү жерге түшүп калыптыр. Ичегиси күнгө кургап, шамал болгон сайын жаңырып, сыйкырдуу добуш чыгарат. […]

“KYRGYZ.KG” сайты видео конкурс жарыялады


Жаңыланып жасалгаланган “KYRGYZ.KG” сайты видео конкурс жарыялады. Сайттын админи, б.а. ээси, Тынчтыкбек Кожобеков конкурстун шарттары тууралуу мындай дейт: “Кайсыл мамлекетте болбоңуз, кайсыл айылда болбоңуз, видео камерага өзүңүздү тартып туруп жибериңиз. Видеого тартылып жатканда Кайсыл шаарда же айылда экениңизди сөзсүз айтышыңыз керек. Мисалы: Мен, Тынчтыкбек Кожобеков Париж шаарынан кыргыз элиме салам айтам! Кыргыз кей жи. дейсиздер.” […]

Ачык асман алдындагы тарыхый мурастарды сактоо зарыл


Акыркы жылдарда маданий-тарыхый мурастарга кайдыгерлик күчѳѳдѳ. Маселен, облус аймагындагы 200дѳн ашуун тарыхый жайлардын 20 пайызга жакыны бүлүнгѳн.   «Он-он беш кылым ата-бабалар сактап келген мурастарыбызды акыркы 15-20 жылда талкалай баштадык. Бул абдан аябай ѳкүнүчтүу. Кѳздүн карегиндей сактай албай жатабыз»,- дейт археолог Чынарбек Жолдошев.

Жоомарт Бөкөнбаев


Бишкекте жаңы китеп дүкөнү ачылды


Бишкекте китептерди дүңү менен сатуучу дүкөн ачылды. Дүкөн чакан болгону менен анда кыргызстандык басмаканалар басып чыгарган китептердин бир кыйла ассортиментти коюлган, дейт “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты. Китептер басмаканалардын баасында сатылат.

Сталинге Жоомарт Бөкөнбаев жөнөткөн телеграмма


(архив  казынасынан) Кыргызстандын көркөм өнөрүнүн көөнөрбөс  көл жээгинин көңүл кумарын курчуткан талаа мейкин – түзү ачылып, мөмө бере баштаган заманда куюлушкан ыр саптары менен жалпы журттун маалымат майданында жаңырган айдай пайда болгон Жоомарт Бокөнбаевдин өмүр таржымалында көптөн бери илимпоз, изилдөөчүлөр, сынчылар табышмагын таппай жүргөн бир маселенин түйүнү чечилди. Мурда-кийин ал тууралуу имиштер болгонун моюнга алганыбыз […]

“Соңку кыргыз адабиятындагы проблемалар жана көз караштар”


Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мына ушундай аталыштагы республикалык илимий-теориялык конференция өтүп, анда окумуштуулар, акын-жазуучулар1990-2010-жылдардагы кыргыз адабиятынын акыбалы тууралуу ойлорун ортого салышты.

Музаларга арналган ыйык орун


Музаларга арналган ыйык орун Музей деген аталыш байыркы грек сөзүнөн алынган. Орун, музага арналган орун дегенди билдирет. Ал эми байыркы грек мифологиясында искусство, илим, поэзия Кудайлары музалар деп аталган. Музей жаратылыш менен адамзаттын коомдогу өсүп-өнүгүшү тууралуу билим-илимдин маалыматы болгон материалдык жана рухий маданият эстеликтерин, табият коллекциялары менен тарыхый нускаларды жыйнайт, изилдейт, сактайт. Алардын ар тармактагы […]

Поэзиянын алгачкы академиктери


“Омор Султанов атындагы эл аралык коомдук поэзия академиясы” эл аралык жана республикалык поэзия жаатындагы алгачкы лауреаттарын аныктап, академиянын алтын медалы жана академик наамын ырастаган күбөлүктөрүн тапшырды. Ал даражага белгилүү акыныбыз Акбар Рыскулов менен казак элинин көрүнүктүү акыны, Казакстан мамлекеттик сыйлыгынын ээси, жазуучулар кошуунун катчысы Улыгбек Есдаулет татыктуу болушту. А.Рыскуловдун кыргыз поэзиясында татыктуу орду бар экени […]