Monthly Archives: Февраль 2014

Ширин Сарыгулова, актриса, манасчы: Кудайга шүгүр бар нерсем менен бактылуумун


Кыргыз эли алмустактан көп кырдуу өнөрпоз болгон калк. Бул жөрөлгөну бугунку илим, инновация, технология доорунун жаштары ааламдын өзгөргөнунө карабай аркалап келет. Сыягы “кыргыз кыйын калк болот” деп бекеринен айтылбаса керек. Чыгармачылыктын чыйыр жолунда өз кесибин аркалап, анын оор туйшугунө чыдап, өздөштүрүп кетүү көпчүлүктүн колунан келе бербесе керек. Бүгүнкү күндө жылдызы жанып, көпчүлүктүн оозуна алынып калган […]

Кубанычбек Эсенбаев: “Анжиян полькасы” деген бий да кыргыздардыкы болгон


Учурда “Кара жорго” бийи популярдуу болуп, белгилүү журналист Кубанычбек Эсенбаев бул бийди калың элге жайылтуучулардын көч башында келе жатат. Бий изилдөөчү катары кыргыздардан талашкан казактарга тарыхый фактылар менен далилдеп берем деп жүргөн мекенчил агабыз менен бул бийдин айланасында маек кылдык. – Кубаныч мырза, “Кара жорго” бийи учурда популярдуу болгону менен “кыргыздыкы, казактыкы” деген талаш болуп […]

Токсон күн бою Манас айткан манасчылар


2013-жылдын июнь айында манасчылар “Айкөл Ааламы” телеберүүсүнө тартылуу үчүн Таласка, Манас Ордого чогулуп барышкан. Ал иш-чара аяктап калган кезде манасчы Улан Исмаиловго чоң аян түшөт. Ошентип, кыргыз ичинде бул тууралуу укканы бар, укпаганы бар, атайы ниет коюп барып келгени бар, укса да маани бербегени бар – бирок, эң негизгиси, биздин манасчылар ата-бабалардын аянын аткарып, берген […]

МЕН СЕНИ СҮЙГҮМ КЕЛДИ АРАЛЫКТАН…


Азапка себип таштап үрөөнүмдү, Ак карга сүртүп ысык жүрөгүмдү. Эскирген чакаңды да тумар туткан, Эстедим сага жетпей жүргөн күндү. Кызарып жүзүм ысык нандай болуп, Кыйначуң көз отуңан жанбай коюп. Калтырап каяктадыр сиңип кетчүм, Колуңду кокусунан кармай коюп. Сүйүүнүн тамчысына чөкпөй калып, Чыгалбай таштын бетин чөптөй жарып. Жер огун кыймылынан чыгаргансыйм, Жүзүңдүн оң жагынан өппөй калып. […]

3 жашка чейинки генийлер же жапондор балдарды кантип тарбиялайт?


Роза Исаковна сунуштаган Масару Ибуканын “3төн кийин кеч болуп калат” деген китебин окугандан кийин сиздер менен ой бөлүшүүнү эп көрдүм. Кыргыз эли “баланы башынан” дегени менен, ошол сөзгө анчейин маани бере бербейт. Баланы тарбиялоодо “азыр ойноп алсын, мектептен деле үйрөнөт да” деп мугалимдерге түртө салып келебиз. А жапондор болсо балдарын 3 жашка чейин эле гений […]

Жамал Сейдакматова, КРнын Эл артисти:«ОКУУМДУ ТАШТАП, АРТИСТ БОЛОМ ДЕП КЕТИП КАЛГАМ»


Жамал Сейдакматова деген ысымды тааныбаган кыргыз болбосо керек. Анын актрисалык жолу, атактуулукка кантип жеткени элге да кызык. Актрисаны жакшы билгендер анын аяр, акылдуу, керек кезде амалкөй да экенин айтып беришти. Анда Жамал Сейдакматова кесиптештеринин көзү менен… «ЭРТЕҢ МЕНЕН ЧУРКАП, ЙОГА МЕНЕН МАШЫГАМ» -Мен атамдын алтынчы аялынын тун кызымын. Беш аялынан бала көрбөй жүрүп мени көрүптүр. […]

Зулпукор күмбөзү


Жаңы миң жылдыктын башында Кыргызстандын тарыхы байыркы жана бүгүнкү этностордун келки турмушунун  күкүмдөрүнөн, диний жана тарыхый эстеликтерден кайра түзүлүп жатат. Өзүнүн ата-бабасынын жеринде жашаган ар бир кыргыз өз жолун такай издеп келет жана көзү өтүп кеткен муундардын баалуулуктарына кайдыгер карай албайт. Чыңгыз Айтматов, 2007-жыл,  август айы, Бишкек шаары Редакциядан: Макаланын автору Т.Мамбеталиев Зулпукор тууралуу ѳз […]

“Кара жорго” – шайдоот кыргыз бийи


Буга чейин эл арасына кеңири тараган “илгерки кыргыздар бийлеген эмес” деген түшүнүктү “Кара жорго” деген бир гана ыр-бий жокко чыгарды. “Кара жоргонун” шарапаты менен кыргыз бийлери түп нускасынан жанданып элибизге кайтаар алдында турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кубанычбек Эсенбаев жетектеген “Кара жорго” тобунун ырчы-бийчилери төгүлүп-чачылып айтып беришти. “Кара жорго” – жоргонун жүрүшүндөй арыш таштатып, ат үстүндө […]

23-февралда «Кыргыз Жолу» этномаданий долбоорунун бет ачары болот


23-февраль күнү саат 11:00 дө Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында өтө турган «Кыргыз Жолу» этномаданий долбоорунун бет ачары болот. Программада: 1. «Манас күчү-биримдик» аттуу драмалык композиция; 2. Салттуу музыканын концерти; 3. Улуттук кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү. Кирүү акысыз. Сурап билүү телефондору: 0555288339, 0707228391, 0772159786 Манас күчү-биримдик! “Кыргыз жолу” биргелешкен коомунун жол багыты КЫРГЫЗ ЖОЛУ […]

“Туулган жерим асыл турагым” сүрөт конкурсу


Ар бир адамдын туулуп өскөн жери дайыма ыйык жана кымбат. “Туулган жердин топурагы алтын” деген макал да тегин жерден айтылбаса керек. “Кабар Ордо” сайты “Туулган жерим асыл турагым” аттуу сүрөт конкурс жарыялайт. Бул конкурска ар бир окурман өзүнүн туулуп өскөн жеринин сүрөтүн салып катыша алат. Конкурска сүрөттөрдү кабыл алуу 10-февралдан 9-мартка чейин. Сүрөттөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 9-март, 18-00гө чейин жүрөт. Конкурска […]

Кытайда Манастын тарыхый инсан экендигин тастыктаган сүрөттөр бар (уландысы)


(Уландысы. Башы) Пекиндин (Чоң Бээжиндин) мамлекеттик музейинен тартып алган картага аябай сүйүндүм. Ушул күнгө чейин мындай картанын бар экендигин билген эмеспиз. Макелек Өмүрбайдын да кубанычы зор болду. Кечинде, жатакка келгенде, картаны “ноутбуктун” экранына чыгарып алып, кыргызчага которуп, ушул Ляо (кидандардын) империясынын убагындагы байыркы картага көпкө үңүлүп тиктеп, өзүбүзгө белгилүү болгон тарыхый маалыматтар боюнча  узакка чейин […]

Жыл айларынын сырлары


Ала-Тообуздун аба ырайын кылдат байкашып, кыргыздын улуттук календарын байыркы элибиз так, даана түзүшкөн эле.  Улуттук календар ооздон-оозго, муундан-муунга оозеки айтылып жүрүп, биздин заманга жетти.  Кыргыз календары табигат менен тыгыз байланышта түзүлгѳндүгү – анын ѳзгѳчѳлүгүн аныктап турат. 2011-2014 жылдарга арналган кыргыздардын “Ай-Күн” календары КНАУнун “Биомаданий борбору” аркылуу  басмадан жарык көрдү. Бул календарга кошумча иретинде мүчөл жылдарынын […]

Өмүрбай: Ай санак – бул чоң илим


Буга чейин Кытайдын Шиңжаң уйгур автоном районундагы кыргыздар жаңырган жылдан тарта кыргызча ай аттарын колдонууга өткөнү маалымдалган эле. Бул тууралуу филология илимдеринин доктору, кытайлык кыргыз – Макелек Өмүрбай “Азаттыкка” маек берди. Макелек Өмүрбай ай аттарында бүтүндөй бир элдин маданияты, табият сырын тереңден билген илим – билими жатат деди. Макелек Өмүрбай: Кыргыздарда, айлардын аттарын колдонуу тарыхы […]

Кайран Доке…


Белгилүү коомдук-саясий, маданий ишмер Дооронбек Садырбаев тирүү болгондо 13-февралда 75 жашка чыкмак. Кыдырып кыйла сапар чыгып келдим, Кыйла журт кыраандыгын угуп келдим. Кыргыздан кор эл таппай жер бетинен, Кыйналып кыйын шагым сынып келдим. Көп жерден көз жашымды төгүп келдим, Көңүлүм караңгылап чөгүп келдим. Менден кор эркек таппай эч бир элден, Мезгилсиз денем сууп өлүп келдим. […]

Базарбаев – кыргыз балетинин чолпону


Борбор Азияда балет өнөрүндөгү жигиттердин арасынан жалгыз СССРдин эл артисти наамын алган атактуу балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевдин бейнеси. 1980-жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан композитор Петр Чайковскийдин “Ак куу көлү” балетин көргөм. Ошондо Зигфрид ханзааданын ролундагы бийчинин ийкемдүү кыймылын, ар бир окуяга байланыштуу каармандын кулк-мүнөзүн өзгөртүп турганын, балет термини менен айтканда Grand Fouetté […]

Калича Жакыпованын жаңы ырлары


АЛДАСТОО Телефон күйүп, өчөт жаны тынбай, Телмирем, алсамбы же албасамбы? Чамасы, эми сизден үмүт кылбай, “Чалыпсыз, укпапмын”-деп алдасамбы? Шылтоолоп, айтылчудай бир кызык кеп, Шыбырың эстеп, көздөн жаш тамат да. “Сагындым”- дээрсиз анан, жүрөк “зырп” деп, Санаалар кайра баштан башталат да. Кайра эле, кооз сөздөрдү арнасаңыз, Капарга кирбей эч бир арман деген. Алданам! Андан көрө, чалбасаңыз, […]

ТААСИРДҮҮЛҮК


(икая) Сыртта жаздын айлары өз кыягын чалып турган кез. Көпүрөдөн түшө берген жерде азиз бир адам кайыр сурап олтурган эле. Алдына коюлган барактын бетинде «ТУБАСА СОКУР » деген гана жазуу бар болчу. Көпчүлүк анын жанынан көнүмүштөй эле өтүп кетип жатышкан. Бир кезде кайырчынын жанына бир адам басып келди да, алдындагы барактын арткы бетине бир нерселерди […]

АЙЫЛГА БАРГАНДАГЫ ЫР


Баягычы, каткырыгы таш жарган, Жеңелерим улгайгансып калыптыр. Апалардын бырыштары көбөйүп, Андагыдай эмес, аттиң карыптыр. Келиндердин курсагында калышкан, Кенедейлер эрезеге жетиптир. Каркырадай канат кагып артымдан, Синдилерим кошо алыстап кетиптир. Апам да жок, ал да мени тоскон жок, Турат бирок сүт бышырган очогу. Керинейин шамал үйлөп кыңылдап, Созолонот сагынычтын кошогу. Баягыдай суунун шарын тыңшадым, Жымжырт түндө тээ […]

Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырлары


ТЫГЫН Кандай гана бурулуш! Кадам сайын курулуш… Шаар ичи бытылдап Шашкан сайын тыгылыш. Өйдө-төмөн жанашып, Өчөгүшө карашып, Өтөт автоунаалар Өмүрүңдү талашып. Тогуз жолдун уюлу – Токсон багыт туюгу. Курсагынын кулубу, Кумурсканын уюгу? Машинелер көп келди, Маркалары төп келди. Теңир сүйгөн жеримди Темир басып кеткенби? Автокөлүк батмандай, Араң эле баткандай, Талаш жолдо бүт аалам Тарып бара […]