Monthly Archives: Октябрь 2010

«Манас Ордо» – элибиздин касиеттүү кут ордосу»


Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин башкы директору Ормошбек Чоюнбаев менен маек. – Ормошбек Жетигенович, мае­гибизди кыргыз рухунун туу чокусу – «Манас» эпосу, ыйык мазар, Ордо-комплекстин түптөлүш тарыхынан баштасак? – Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплекси – маданият, туризм, илимий-изилдөө, «Манас» эпосун элдин калың катмарына жайылтуу,  Манас таануу боюнча илимий борборго айландыруучу, кыргыз элинин руханий, маданий, материалдык […]

Сулайман Тоодо сыр түгөнбөйт экен


Кийинки жылдары Сулайман Тоосундагы Ак үйгө келгендерди жылуу тосуп алып, бата-дуба кылып олтурган бул инсанды көбүбүз таанып калдык. Ал киши Бишкектен чыгарган “Ыйык Сулайман Тоосунда катылган сырлар” деген китеби менен дагы бир жолу таанышканы кыйла мартаба сезилген. Алымбек Култаев аксакал минтип баштайт: “Мен өзүм Сулайман Тоонун шайыктарынын башчысы болуп иштеп баштаган 2002-жылдан бери көп кызык […]

Абдылдажан Акматалиев: "Манас" саясаттын көлөкөсүндө калбашы керек?


– Кийинки кездерде “Манас” эпосунун текстерин жаш манасчылардан эмне үчүн Улуттук илимдер академиясы жазып албайт деген суроолор пайда болуп жатат. Бул боюнча араекет жасап жатасыздарбы? – Түшүндүрүп кетейин, совет учурунда манасчылардын жазып алуу үчүн атайын каражат, техника жана транспорт бөлүнүп, манасчыга гонорар чегерилип, чыгармачылык шарттар түзүлүп берилген. Ошонун негизинде азыр “Манас” үчилтигинин 80ге жакын варианты […]

Жан эргиткен "Жалжалымдын" сыры


Атпай кыргызга таанымал коомдук ишмер, академик Жамин АКИМАЛИЕВдин ырчы, обончу, комузчулук өнөрү көп учурда айтылбай келет. Муса, Калмурат, Шекербек, Молдобасан өңдүү залкарлардын батасын алып, таалимин көргөн Жамин Акималиевдин бай көрөңгөсү көптөгөн мыкты обондордун жаралышына өбөлгө болгон. Ал ырлардын башында эбак элдик болуп кеткен “Жалжалым” турат. Төмөндө ушул обондун жаралышы, жалпы эле чыгармачылыгы жөнүндө сөз кылабыз.

"Акындык аял үчүн азап"


Фатима Абдалова кыргыз поэзиясында өз үнү, өз орду бар орто муундун ири өкүлдөрүнүн бири. Анын ар бир сабынан аялдын, болгондо да акын аялдын мээрими, жүрөк нуру төгүлүп турган, жай таңындай сергиткен жаркын сезимдерге бай ырлары окурмандарыбызга жакшы белгилүү. Төмөндө акын Фатима Абдалованын азыраак ачылып, көп төгүлбөй сүйлөп берген маегин окурмандарыбызга сунуш кылуу менен айрым ырларын […]

Актан Исабаев: "Апамды ичип кетет го деп "коркком"


Ырчы Актан Исабаевди акыркы убакта күйөрмандары жоктоп, сагынып жүргөндөрү чын. Анын сахнадан оолактап калганына да түркүн сөздөрдү байланыштырып жүрүшөт. Учурда Актан апасы, агасы менен биргеликте чет элдик долбоорлор менен иштеп, эл катары күн кечирип жүрөт. Болгону азыр убактысынын көбүн чет жакта өткөзүүдө. Сахнага чыкпай калганынын да бирден бир себеби ушул экен.

Айнектей таза Чет-Нурам!


Кыргызстан Жазуучулар жана Журналисттер союзунун мүчөсү, он алты ыр жыйнактын, тогуз көркөм котормо китептин автору, көптөгөн макалалардын ээси Байтемир Асаналиев 70 жашка толду. Өмүр бою басма сөз кызматында эмгек өтөгөн кадырман агабыз бул куракка куржуну толо ыр, көкүрөгү толо сыймык менен келди десек жаңылбайбыз. Башкача айтканда юбиляр СССР басма сөзүнүн жана Кыргыз ССРинин эл агартуусунун […]

Борис Укагин


Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырлары


Жыргалбек Касаболотовдун жакында жазылган жаңы эки ырын сунуштайбыз. Кырктын кыры Айтканын окуп жүрүп акындардын, Артынан ээрчип жүрүп закымдардын, Кызыгын көрүп келип тирүүлүктүн Кырк жаштын кыр белине жакын калдың. Кырктан соң жаштык калбай, милдет калаар, Кыялың көп нерседен кирдеп калаар. Кыз-келин кылчайса да сөз айта албай Кызыгып «Тигил байке ким?..» деп калаар. Балдарың басканыңды түздөп калаар. […]

“Салбурун” – кыргыздардын аңчылык өнөрү


Улуттук аңчылык спорттун түрлөрү боюнча уюштурулган “Салбурун” фестивалы Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында өтүп жатат. «Салбурун» федерациясынын түзүлгөнүнө беш жылдын жүзү болот. Бул федерация кыргыз элинин илгертен келе жаткан салттуу маданиятын өнүктүрүү максатында ачылган. “Салбурун” деген сөз – кыргыздын нукура сөзү. Мындай сөз «Манас» эпосунда да кездешет. Илгери кыргыз жигиттери ат минип, колуна куш кондуруп, жаа […]

Залкар акын, драматург Жалил Садыков дүйнө салды


Кыргыз маданияты, адабияты чоң жоготууга учурады. Кыргыз эл акыны Жалил Садыков 78 жаш курагында дүйнө салды. “ Тарых эбак таптаган, далилдеген, Талант пири Садыков Жалил деген. Жүз жашка да жетиңиз кадыр менен, Жүз жашты да тосуңуз жаңы ыр менен”,- деп акын Акбар Рыскулов мындан үч жыл мурда Кыргыз Республикасынын гимнинин сөзүнүн авторлорунун бири, белгилүү драматург […]

"Бийик жайда…"


Ырас, кезинде канчалаган талант ээлери көз жаздымда калып, анчейин барк алынбай, ары-бери “түрткүнчүк” болуп, ал эмес пендечиликтин “тепсендисинде” да калышты. Бир кезде атагы дүңгүрөп турганда андай залкарлардын этегине тооп кылгандар айлананы кара булут каптаган кезде алдастап, көздөн кайым болушат окшобойбу. Болбосо, ошол эле бийик талант кейиштүү тагдырга кептелгенде анын ыйламсыраган жүзү, алсыз үшкүрүгү жанында жандап […]

Талантка таазим


Бул маек 2009-жылдын март айында курулган. Элибизге акын, журналист, искусство изилдөөчү катары Сарман Асанбековдун көптөгөн макалаларын, ырларын, эскерүү, талдоо сөздөрүн окушпаган, угушпаган кыргызда чанда эле болуш керек. Сакемдин дагы бир эрдиги катуу ооруда, жаны алакетке түшүп жатса да: – Жоок сүйлөшө албайм, -дебестен бир жарым саатка созулган маеги болду. Албетте, бул убакта далай сөз ортого […]

Садык Шер нияз, маданият жана маалымат министри: "Кескин өзгөрүүлөрдөн алысмын. Менин мүнөзүм бунтардык мүнөз эмес"


Жаңы келе турган ЖКга маданият тармагы бир кыйла мыйзам кабыл алынышы керектигин сунуштаганы турат. – СССРдин эл артисти, КР эл сүрөтчүсү С.Чокморовдун айкели алигиче тургузулбай келет. Агасы Сүйөркул абанын айтымында каражат деле бар болчу, марафон уюштурганбыз, маданият министрлиги ал чогулган акча макетке эле жеткен деп жатат. Тилекке каршы, маданият тармагын жетектеген министрлер тез-тез алмашып, бул […]

Манас Алтай жүрүшүнүн экинчи этабы башталат


Кыргызстан калкына аты бир кыйла тааныла түшкөн алтайлык боордошубуз Акай Кине Манас-Алтай жүрүшүнүн экинчи бөлүгүн аткаруу, Кыргызстанга кедр (Кыдыр) дарактарынын көчөттөрүн алып келүүнүн жол-жоболорун биргелешип чечип, анын убакыт-саатын тактоо үчүн Кыргызстанга келип кетти. Акай мырзанын бул жолку сапарында, белгилүү ишкер Таабалды Эгембердиев мырзанын “Супара” улуттук эс алуу борборунда жолугушуп, Акай мырза менен Таабалды агайыбыздын маегине […]

Заман залкары


Нурак АБДРАХМАНОВ, КРнын эмгек сиңирген артисти, ЮНЕСКО байгесинин жана бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси: “Карамолдонун сыйкырдуу комузун кырк жыл издедим…” “Карамолдо жана анын комузу…” Бул окуя 1967-жылы болуптур.  Бир күнү айтылуу комузчу Карамолдо ишке (филармонияга)  келсе, анын пенсияга чыкканын кабарлап: “Эми, жашыңыз келип калган экен. Эс алыңыз”, – дешет. Элдин арасында, сахнада жүргөн кишиге […]

Эл акыны Эрнис ТУРСУНОВ – 75 жашта


Эрнис Турсунов: өзү жалгыз Филология илиминин доктору, профессор, КРнын эл жазуучусу Кеңешбек Асаналиев узак жылдар бою кыргыз адабиятынын алптары А.Токомбаевдин, Т.Сыдыкбековдун, Ч.Айтматовдун, К.Тыныстановдун, А.Осмоновдун чыгармачылыгын такай изилдеп, “жиликтеп”, талдап, илимий жыйынтык чыгарып келген ири окумуштуу, чыгаан адабиятчы-сынчы. Анын “Адабий Ала-Тоого” 2005-жылы № 8, декабрь-январь айына жарыяланган Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун чыгармачылыгына карата терең жана […]

Гүлсүн Мамашева, КРнын Эмгек сиңирген артисти : "Саясатчылар көрбөй жатканды чыгармачыл адамдар сезет"


Мээр төккөн эне, активдүү аял, нарктуу ак элечек апа, эң негизгиси эл сүйгөн ырчы, кайталангыс талант ээси Гүлсүн Мамашева эжекебизди маектешүүгө чакырдык. Дээринен сөз асылын тандап сүйлөп, акыл калчап, ой жүгүрткөн эжекебиздин айтчу кептери арбын экен. Көп ойлорун ортого салды. – Гүлсүн эже, сиз маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бирисиз. Ошол эле учурда коомдо кандай кырдаал […]

"Темирландын теги кыргыз"


Жазуучу Асыкбек Оморов буга чейин “Чынгызхан” тарыхый китебин жазган. Эми Аксак Темирге “асылып” “Темирлан” аталган жаңы чыгармасын жаратыптыр. Төмөндө ушул китеп тууралуу учкай сөз болду. – Асыке, Темирлан тарыхтагы таасын инсан. Ал сиздин оюңузча ким экен? – Анын теги кыргыз. Чынгызханда Бууданчардан тарап отуруп, Эрдентүп барлас менен Тоодой барлас деп монгол тилинде (кыргызча баарлаш) айтылат. […]

Карылардан насаат


Уулум, карылыкка жеткенде жигиттик чалпоо мүнөздөн оолак бол. Анткени, карыганда жигиттик кыялыңды кылсаң өөн учурайт. Жигит курагыңда карыларды туурасаң дагы осол сезилет. Өзүн аздектеген карыдан кач. Тышкы келбетин сезбеген кары, түркөй жигиттен дагы бейкаруу болот. Ыпылас карыядан оолак бол, жигиттик доорду олжо деп бил жана ага ылайык иш жаса. Картайганыңда сезип билүүң начарлайт. Көрүү, эстөө, […]

Атанын акылы


(Жомок) Илгери укмуштуудай бир кооз жерде акылман карыя жашаптыр. Байлык десе байлыгы бар, мал десе малы бар. Бирок бири кем дүйнө деген ошол окшойбу, жараткан ага бир перзент ыраа көрбөптүр. Кудайга миң мертебе жалынып бала сурап, барбаган мазары, баспаган жолу калбаптыр. Күн өткөн сайын баягы кары алдан-күчтөн таят. Бирок эч качан үмүтүн үзбөйт. Бир күнү […]

Манат Эшимбеков: Цирктеги ат өнөрү ата-бабабыз эзелтеден мурастаган нарктуу өнөр


Учурда айтылуу цирк чебери, Кыргызстандын эл артисти Манат Эшимбековдун жетекчилиги астында кыргыз цирк өнөрпоздорунун тобу Германиянын шаарларында өз өнөрүн көрсөтүүдө. Алар дарчы-акробаттык жана чабендестик өнөрлөрү менен немис калкынын кол чабуусуна арзууда. Манат Эшимбеков мырза 10-октябр күнү өз тобу Майнц шаарында оюн көрсөтүп жатканда “Азаттыктын” кабарчысы Тынчтыкбек Чоротегин менен баарлашып, өз тобунун саамалыктары, ийгиликтери жана заманбап […]

Сахна чебери Сергей Борисов дүйнө салды


Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрынын артисти Сергей Борисов 88 жаш курагында дүйнө салды. Ал орус-кыргыз театр өнөрүнө опол тоодой салым кошкон сахна чебери катары замандаштарынын эсинде калды. Аны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 16-октябрда саат ондо Орус драма театрында өтөт.

КЕРИМБАЕВДИН КЕРЭЭЗИ


Классика – бүгүнкү же эртеңки эмес, түбөлүктүү. Обончу, ырчы Асанкалый Керимбаевдин дээрлик бардык эмгектери муундан муунга өтүп, ыр ышкыбоздорунун авазында жаңырып келет. “Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер?!” дегендей, КРнын Эл артисти 1999-жылы 10-декабрда 49 жаш курагында эли менен коштошкон эле. Обончу аз жашаса да, кылымдарга кыргыз менен чогуу күн кечире турган көөнөрбөс […]

КОЖОМКУЛДУН ЭРДИКТЕРИНЕН


15-октябрь – даңазалуу Каба уулу Кожомкулдун каза болгон күнү. Суусамырдын визиттик карточкасы болгон айтылуу балбандын жаш кезинен эле жылкыларды куйруктан силкип токтотуп, кулундарды колтугуна кысып чакырым жерге көтөрүп, ат такаларды жалгыз колдоп кабыштыра ийип, чала кургаган тал-теректерди суусун чыгара кармап, көлөмү торпоктой болгон таштарды көтөргөн эрдиктери эл эсинде сакталуу. Андыктан биз Кожомкул алпты эскерип, таң […]