Category Манас

Кыргызстандагы жападан-жалгыз зоология музейи


Кыргызстанда жападан-жалгыз Зоология музейи бар. Учурунда абдан таасирдүү жана пайдалуу болуп келсе, бүгүнкү күндө анын бар экендигин замандаштардын бардыгы эле биле бербейт. Табият менен коомдун таттуу мамилесин чагылдырган бул жай Кыргызстанда 1926-жылдан бери иштеп келет. Борбордук аянттан Улуттук илимдер академиясына (УИА) көчүрүлгөн Орто Азиядагы жалгыз Зоология музейи институтта көлөкөдө калгансыйт.

Граффити чебери Виктор Цой: «Граффити вандализм болуудан калган…»


Граффити өнөрү искусствобу же вандализмби? Бул суроо үстүндө дүйнөдө көптөн бери талаш-тартыш жүрүп келет. Кыргызстан граффитисинин жүзүн чагылдыруу максатында жакындары тарабынан Chase лакап аты менен таанылган, Кыргызстандагы белгилүү көчө сүрөтчүлөрүнүн бири Виктор Цой менен бул маселени талкууладык.

Бешик түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу


Наристе-эне… Бул экөөнүнүн ортосундагы сезимдин, энелик мээримдин байланышын жүргүзүп турган баалуу нерселердин бири – бешик. Албетте бешик карт тарыхка ээ баалуулук катары түрк тилдүү элдердин арасында бүгүнкү күнгө чейин өз маанилүүлүгүн жана уникалдуулугун сактап келе жатат…

Канча тил билсең, ошончо дил билесиң!


Учурда өз эне тилинен башка чет тилде сүйлөй албаган замандаштарыбыз сапаттуу билим алуу же жакшы жумушка орношу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калууда. Анткени жумуш берүүчүлөр кеминде эки чет тилде сүйлөгөн адамдарга артыкчылык беришет. Мындан улам тилге болгон муктаждык менен бирге тил үйрөтүү курстарынын сандары да күндөн-күнгө өсүүдө.

Google Translate кыргызча которот


Google Translate дүйнөдөгү 64 тилге ар түрдүү маалыматтарды тез убакыт ичинде которо ала турган электрондук акысыз котормо кызматы. Ал түрдүу тилдердеги сөздөрдү, сүйлөмдөрдү жана бүтүндөй веб барактарды которот. Аталган кызматка кыргыз тилин киргизүү боюнча 2011-жылы сентябрь айында “Эне тил” долбоору түзүлүп иштеп баштаган. Долбоордун максаты кыргыз тилин Google Translate котормо кызматына киргизүү. Жасалып жаткан арекеттер […]

Айгүл гүлү өз колубузда соолуп баратат…


Дүйнө жүзүндө сейрек кездешүүчү “Айгүл” гүлү Кыргызстандын Баткен аймагында гана өсөт. Апрель айында жергиликтүү калк бул гүлдүн ачылуусун чоң майрам катары белгилешет. Бирок бул күн эл үчүн майрам болсо, ал эми “Айгүл” гүлү үчүн өзүнчө эле кыямат.

Аспаптардан азык алган Азыкбаев


37 музыкалык аспап. Мынча аспапта ойной билүү мындай турсун, алардын аттарын жатка айтуу катардагы адам үчүн манжаларынын саны жетпей, биртоп эле кыйынчылык жаратат. Ал эми КРнын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев 37 музыкалык аспапта профессионалдык деңгээлде кол ойнотот. Негизи адам-оркестрдин репертуарында 54 аспаптын аталышы бар. Азырынча үлгүрүп ойногон аспаптарынын саны 37. Азыкбаев аспаптардын санын кырктын кырынан […]