Monthly Archives: Май 2010

Бишкекте “китептердин саякаты” өттү


30-майда Бишкектеги «Китепкана» кафесинде өткөн Буккроссингдин уюштуруучулары жана катышуучулары китеп жан дүйнөнү байытаарын, китепти окуп бүткөндөн кийин башкаларга дагы ал китепти окуп чыгууга мүмкүнчүлүк берүү керектигин баса белгилешти. Китептердин бир адамдын колунан экинчисине өтүп, саякат кылышын камсыз кылган бул буккроссинг иш-чарасын жаш жазуучулардын «Кеме» аттуу демилгечи тобу уюштурган. Алар жаштар арасында китептин беделин көтөрүүнү максат […]

Кыргыз деп өткөн дүйнөдөн


Бул күндөрү Кыргызстанда белгилүү коомдук-саясий ишмер, кинорежиссер, жазуучу Дооронбек Садырбаевди эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Анын элесин түбөлүк калтыруу аракеттери көрүлүүдө. Докенин артында калтырган бай адабий-көркөм мурасы кийинки муундар үчүн өз элине чын дилден кызмат кылуунун өрнөгү катары кала бермекчи. «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу улуу инсанды эскерүүгө арналат. Студияга белгилүү жазуучу Токтобай Мүлкүбатов, композитор, публистчи Түгөлбай Казаков, […]

Улуттук адабияттын новатору унутулбаса


Кыргыз улуттук адабиятынын классиктеринин бири – Жусуп Турусбеков. Анын жетимдикти башынан өткөргөн балачактагы катаал тагдыры, Октябрь революциясынан кийинки билимге умтулган таланттуу жаштардын катарында таанылгандыгы кыргыз журтчулугуна маалым. Мына ушул керемет акындын туулган күнүнө быйыл жүз жыл толуп олтурат. Ал тууралуу замандаштарынын бири Түгөлбай Сыдыкбеков биринчи жолугушуусу тууралуу эскерүүсүндө мындай деген: “Жыйырма экиге жаңы толгон жашында […]

Кеңеш


Бир күнү шакирт өзүнүн суфий-устатынан минтип сурайт: – Устат, менин жыгылып кеткенимди уксаңыз эмне дээр элеңиз? – “Тур” демекмин, – деп жооп берет устат.

"Менин биринчи мугалимим" сынагы


“Сильва” билим борбору залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасынын негизинде “Менин биринчи мугалимим” аттуу темада жазылган дилбаянга Республикалык атайын кароо-сынагын өткөрөт. Короо-сынакка каалаган инсандар катыша алат.

Элмирбек ИМАНАЛИЕВ, төкмө акын


Чонду ырчы (Сары ырчы): Жакшысыз калса эл карып, /Аялсыз калса эр карып


Кара Таластын Беш-Таш менен Калбанын ашташкан жеринде 1826-жылы жарык дүйнөгө келген Чонду комузун колго алып эл аралап ырдаган ырчы болгон. Ал төкмө ырчы катары адам, жаратылыш, жашоо-турмуш, кедей-дыйкан, жалчы-жакыр, жокчулук менен токчулукту кошуп ырдаган көптөгөн ырлары менен элге жакын болгон.

Улан ИСМАИЛОВ, манасчы: "Бизди онунчу "кылымдан калган "кишидей көрүшөт"


Байыртан эле чыныгы манасчы манас айтып жаткан учурда маңдайындагы угармандар укмуштай дем, күч-кубат, кайрат ала алышкан. Ал касиет кыргыздан жоголбой, кылымдап уланууда. Касиет демекчи, буга чейин “болбогон жомок” делип келинген улуу руханий манас дүйнөсүнүн касиетин кыргызга гезит аркылуу ачып берүү, жеткирүү, анын ааламынан баян куруу “Көк асабанын” милдет-парзы. Манасчылыктагы аян, колдоочу пирлер, касиеттүү күчтөр – […]

XI-кылым. Византия империясындагы согуш. Кыргыз баатырлары


Жаш кезимде “Асманда жылдыз көппү, жерде кыргыз көппү” деген сөздөрдү улгайган адамдардан укканда, “кантип эле ошондой болсун?” деп ишенбес элем. Кийин улам убакыт өткөн сайын мурунку ата-бабаларыбыздын айткан сөздөрү далилсиз болсо да, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда болуп өткөн тарыхтан калган издерди өз көзүм менен көргөндөн кийин аргасыздан ынана баштадым. СССР убагында Якутия, Монголия, Тува, Алтай […]

Урматтын деми, жөндөмү, ой кумары


Адамдын адамдыгынын, адамгерчилигинин сактоочусу, өнүктүрүүчүсү – таза ой, туура түшүнүк экендигинен эч ким кыя өтө албайт. Маселе анын аң-сезимде калыптанышында. Коом турмушунда руханий дөөлөттөргө артыкчылык берилишинде. Эгерде эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы кездерден баштап Эл деген тарыхый улуу күчтүн, кыргыз элинин каада, нарк-насил касиеттери өлкө, мамлекет, эл турмушунун бардык жактарында тамырлангандай саясый, социалдык иштер терең, кеңири, […]

БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ


(Уландысы. Башы) “Ленинчил жаш”, “Кыргызстан маданияты” гезиттеринде, “Ала-Тоо” журналында иштеп жүргөнүмдө Нарын облустуна далай жолу командировкага бардым, бирок, Ат-Башыга жол түшпөй, Нарындан ары жылсам Ак-Талаа районунан, бери жылсам Тянь-Шань менен Кочкор районунан туз буюруп туруп алды.

Төкмө акын Шекербек Адылов: "Күн сайын барып мен анын,/Күйүтүн сурай албадым…


Шекербек АДЫЛОВ төкмөлүк өнөрдө Амантай, Элмирбек, Жеңишбек менен үзөңгүлөш жүргөн акын. Ал 1974-жылы Аксы районунун Кичи- Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-1995-жылдары Бишкектен Т. Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык курсунда белгилүү төкмө акын Тууганбай Абдиевден сабак алган. Улуттук университеттин филология факультетин сырттан окуган. Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.

"Манаска кириш оңой, чыгыш кыйын"


Ар бир улуттун, элдин өзүнө таандык сыймыгы, чаң жугузбай кастарлаган ыйык нерсеси болору талашсыз. Муундан-муунга өтүп, эчендеген доорлорду басып, учурда улуттун күзгүсү, таянар тоосу болуп турган “Манас” эпосу кыргыз элинин бирден-бир сыймыгы. Тилекке каршы, манасчылыкка мамлекет тарабынан анчалык маани берилбей келет. Ошентсе да Манасты ыйык тутуп, учурда аны аруулап айтып келаткан манасчыларыбыз да жок эмес. […]

Бээнин сүтү эненин сүтүндөй касиетке ээ


Кыргыз окумуштуулары кечээ жакынкы жылдарда бээнин сүтүн, андан даярдалган кымызды кургатуу жолдорун табышкан. Эгер бул ишке ашса, мындай азыктарды чет өлкөлөргө экспорттоо жеңил болмок. Кезегинде бул иш-аракеттерге Германиядан инвестор чыгып, бирок ал биздин кээ бир чиновниктердин тоскоолдуктарынан улам өз максатын ишке ашыра алган эмес. Натыйжада кыргыз окумуштууларынын илимий ачылышы да өз үзүрүн көргөн жок.

"Тогуз кайрык" телесынагы


УТРК жана маданият министрлиги тарабынан 2010-жылы 14-майда бекитилген Муратаалы Күрөңкеевдин 150 жылдыгына, Атай Огомбаевдин 110 жылдыгына арналган комузчулардын республикалык “Тогуз кайрык” телесынагынын ЖОБОСУ

"Кайсыл эмгеги үчүн "эл артистин" алган деп кейийсиң…"


КРнын маданият министринин милдетин аткаруучу, “Форум” гезитинин мурдагы башкы редактору, Социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Рыскелди МОМБЕКОВ менен маек. – Жамы журт буга чейин сизди чыгаан журналист, гезиттин башкы редактору катары билип келсе, эми маданият тармагынын салмактуу жүгүн көтөргөн министр катары таанылып олтурасыз. Бул чоң сыноону актоо үчүн ишиңизди эмнеден баштадыңыз? – Мага журналистикадан маданиятка келүү кандайдыр […]

АСАНБЕК ТАБАЛДИЕВ – МЕЗГИЛДИН ЧЫГААН ФИЛОСОФУ


XX – кылымдын экинчи жарымында асмандан ааламга жарк этип күйгөн жылдыздай болуп чыккан, ар тараптан айкын, тубаса артык жаралган, оргуштаган терең ойчул, таамай таасирдүү интеллектуал, даанышман окумуштуу, асыл Адам Асанбек Табалдиев аман-эсен арабызда болгондо, быйыл 25-январда 75 жашка толмок. Бирок, аны шум ажал 40 жашында арабыздан алып кеткен… Арман. Ал чынында эле жарк этип күйүп, […]

Прелюдиялар (бир шилтемдер)


Айлыма барам. Апама. Бакырып тосуп алат. Бирок барган сайын мал союп, бапыраңдаган бейиши болгур атам жок. Кетээримде апам ыйлап узатат.

Маданият тармагында кандай реформа жүрүүдө?


Маданият тармагындагы өзгөрүүлөр боюнча маданият министринин милдетин аткаруучу Рыскелди Момбеков кеп салат. – Рыскелди мырза, Маданият министрлигинде реформа жүргүзүлөт деген маалымат чыкты эле. Бул тармакта реформа кандай өңүттө жүргүзүлүүдө? – Маданият министрлигинде реформанын жүргүзүлүшүн башатында агенттиктин министрлик статусуна ээ болушун айтсам болот. Себеби баарыбызга белгилүү, былтыркы жылдын октябрында башкаруу системасындагы реформанын негизинде бир канча жылдан […]

Китепканалар күнү


Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2008-жылы өлкөнүн билим берүү, илим, маданият жана маалымат багыттарында китепканалардын олуттуу ордун белгилөө максатында 27-майды Китепканалар күнү деп жарыялаган. Бул күн Кыргызстанда 1902-жылдын 27-май күнү алгачкы коомдук китепкананын ачылыш салтанатына тушташ белгиленет.

Акын Иосиф Бродский 70 жашка чыкмак


24-майда Нобел сыйлыгынын лауреаты, акын Иосиф Бродский 70 жашка чыкмак. Иосиф Бродский 1940-жылы Ленинград шаарында туулган. 1975-жылы СССРден чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ага 1987-жылы адабият боюнча Нобел сыйлыгы ыйгарылган. 24-майда акын жана жазуучу Иосиф Бродский туулган Санкт-Петербург шаарындагы Кино үйүндө салтанаттуу кече өтүп, ага чет элдик коноктордон сырткары шаар интеллигенциясы келди.

«Свет-аке» тасмасы Канн кинофестивалында тартууланды


Жакынкы күндөрү Францияда жыйынтыкталган Эл аралык 63-Канн кинофестивалында кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын «Свет-аке» тасмасы тартууланды. Тасманын продюсери Алтынай Койчуманованын айтымында, анын бетачары “Режиссерлордун эки жумалыгы” аттуу белгилүү программанын алкагында болуп өттү.

Султан Раев: «АКЫРКЫ КЕРЭЭЗ» ПЬЕСАМ АКЖОЛТОЙ БОЛДУ»


Жакында кыргыз улуттук маданияты менен адабиятында чоң жаңылык болду. Кыргыз элине кеңири белгилүү жазуучу жана драматург Султан Раевге Москва шаарында КМШ өлкөлөрүнүн эң жогорку “Шериктештик жылдыздары” сыйлыгы тапшырылды. – Султан Акимович, жогорку сыйлыгыңыз кут болсун! – Рахмат. – Эң оболу бул сыйлык тууралуу айта кет­се­ңиз… – “Шериктештик жылдыздары” аталган КМШ өлкөлөрү ортосундагы жогорку деңгээлдеги сыйлык […]

Назира Мамбетова: «ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КҮЙҮП-ЖАНЫП ЖАШОО – ТОЗОК»


“Искусство курмандыкты талап кылат” дешет. Бүтүндөй өмүрүн сахнага арнап, анда жараткан ролдору менен жашап келе жаткан Назира Мамбетованын чыгармачылык дүйнөсү менен жакындан таанышууга аракет кылдык. 62 жашка чыгып, ардактуу эс алууда экенине карабай бул инсандын өзүнүн өнөрүнө болгон сүйүүсү, ызааты мени таң калтырды. БАЛАЛЫКТА… – Балалыгым Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун Тамга айылында өттү. Жети бир туугандын […]

“Кыргызстан- кыска метраждуу тасмалардын мекени” деген долбоор өз ишин баштайт


«Айтыш» киностудиясынын “Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын мекени” деген долбоору ишин баштайт. “Учурда атамекендик кино кыйын абалда турат, бул багытты өнүктүрүү үчүн чечкиндүү иш-чаралар зарыл. Каражат маселелерине байланыштуу жылына  бир-эки толук метраждуу картина тартылат. Кино коомчулугу жана көрүүчүлөр аларды салыштыра албайт, ал эми салыштырып сыноо мүмкүнчүлүгү жок жерде өнүгүү жок”,-деп айтылат долбоордун башталышы тууралуу таратылган маалыматта.