Monthly Archives: Октябрь 2012

«Эриген из»


Шириналы Айылчиевдин чыгармалары биздин окурмандарга сексенинчи жылдардан тарта мезгилдик басма сөздөр аркылуу таанылып келе жатат. Ал ошо жылдардагы жаш акындардын республикалык бир нече фестивалдарынын жана семинар-кеңешмелеринин катышуучусу, алардан жакшы бааларды, лауреат деген наамдарды алган. Advertisements

Майя эли менен кыргыздардын тил байланышы


Байыркы түрктөр жана Майя цивилизациясы… Мексикада, Белизде, Гватемалада жашаган индеецтер жана Улуу Туранды, Алтайды, Батыш Сибирди, Орхон менен Енисейди жердеген көк түрктөр, кыргыздар, сан миңдеген көчмөндөр… Борбордук Америка жана Борбордук Азия… Булардын ортосунда кандай байланыш, кандай маданий жана тилдик окшоштуктар болушу мүмкүн? Эгер болсо, ал байланыштар кантип түзүлгөн? Кайсы доорлордо, кайсы кылымдарда? Муз доорундабы, жер […]

«Биздиз Акбар агай окуткан!»


29-октябрда ОшМУда А.Сыдыковду эскерүү кечеси жана республикалык илимий-практикалык конференция өтүү белгиленүүдө. Мына ошого карата төмөндөгү макаланы жарыялайбыз. Ош мамлекеттик педагогикалык институтун өткөн кылымдын 70-80-жылдары бүткөндөр ушул сөздү сыймык менен айтып жүрөбүз. Мен жумушума байланыштуу өлкөнүн көптөгөн мектептерин кыдырдым – болбогон районум, болбогон мектебим жокко эсе, ошолордун баарында бизден мурда-кийин бүткөн «ОГПИчилер» менен кездеше калганда сөзсүз […]

Кыргыз Бальзагынын мурастары


М.Макенбаев өзү жашап өткөн өмүрүндө кыргыз адабияты үчүн опол тоодой эмгек калтырды. Бирок, эмнегедир акыркы жылдарда кыргыз сынында, адабият таануу илиминде анын чыгармалары жөнүндө сөз деле жок. Болгону, жети-сегиз макала таптым. Анын да үч-төртөө жазуучунун көзү тирүүсүндө берген маеги экен.

Цветаева калтырган мурас


Прагада Марина Цветаеванын туулган күнүндө анын музей-борбору ачылды. Cүрөт http://www.azattyk.org сайтынан алынды  Өткөн аптада XX кылымдагы чыгаан орус акыны Марина Цветаеванын туулганына 120 жыл толду. Акындын туулган күнү дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде “Цветаева отун жагуу” жана башка иш-чаралар менен коштолду. Акындын турмушунда жана чыгармачылыгында Чехия жана борбору Прага өзгөчө орунду ээлеген. Цветаеванын чыгармачылыгы кыргыз поэзиясына да зор […]

Замандаштар жүздүн кырында


“Тарыхты эл жаратат”,- деген кеп бар кыргыз элинде. Ушул  кептин төгүнү жок. Анткени тарыхты айрыкча элден чыккан эрендер, акылдуулар курушат эмеспи. Элдин, өлкөнүн келечегин жакшы жакка бурууда, анын жер менен жексен кылып жок кылууда да, ошол эрендердин ролу чоң болот тура. Бактыга жараша кыргыз элинин маңдайына биздин тарыхты жараткандар мыкты чыгышыптыр. Алсак, мындан туура бир […]

Көп кырдуу жигит – Памирбек


Памирбек Казыбаев көп кырдуу инсан. Адабиятчы, публицист, чебер журналист жана маданият ишмери. Быйылкы күздө алтымыш жашка кол берип, ашуудан отчет берип турган кези. Улуттук китепканада өткөн анын чыгармачылык көргөзмөсүндө алтымыштын ашуусуна куру кол келбегенине коомчулук күбө болду. Көрсө, ал айтылып калгыдай албан эмгектерди жаратып келген экен. Анда сөзүбүз ирээти менен болсун.

Сахна ханышасы – Сабира Күмүшалиева


Улуттук сахнанын чебери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл артисти, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты Сабира Күмүшалиеванын 1934- жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында чыгармачылык тушоосу Касымалы Жантөшевдин “Карачач” драмасындагы Карачачтын ролу менен кесилген. Ал Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумдун даярдоо курсунда окуп жаткан.

1898-жыл. Ийикчи Эшен окуясы


Бул жер атамзамандан Миң-Дөбө деп аталган. Ал жерде миң эки жүз адам жашап, алар эки аминдикке, он бир элүү башылыкка бөлүнгөн, өзбек, кыргыз, тажик аралаш отурукташып, килем, таар, кийиз, жип сыяктуу кол өнөрчүлөрү базар көркүн чыгарып турган, шаарга окшош болгону менен адамдар жакебелдеги талааларга чыгып, дыйканчылык кылган, коон-дарбыз, ашкабак, жүзүм, анжир, сабиз-пияз, пахта эккен. Ушул […]

Салижан Жигитовдун сабактары


(Уландысы. Башы) Анткени айыл-апанын бул партияларга анча кушу жок, анын үстүнө партия дегенге таптакыр ишенбей калган. Мисалы, демкыймылдарга мынабу шаарда Бишкекте анча-мынча акыл-эстүү, билимдүү кишилер кирди, ал эми айыл жеринде ага жалаң кудайдан жөө качкандар, эски арызчылар, аракечтердин баары кирип алып, кадырын кетирип койду, менин байкашымча. Бул жагдай да демократиянын айыл жерине тамырлашына, жайылышына тоскоол […]

Калемгер касиети


Жашынан эл оозуна илингенди; кичи пейилдиги, элпектиги, тил алчаактыгы, боорукердиги, чынчылдыгы билингенди – абийирлүү өсүп баратат дешип, ага ак тилектүү алкыш жаайт. Боюна бүткөн абийирине чаң жугузбай, көпчүлүктө көмө жүрүп, көрүнгөнгө көмөгүн аянбаган; ар тараптан өсүшкө аракетин арттырып; жан дүйнөсүнө күл азык даярдаган; жаздым кетирбейин деп аярланган улан ошол калыбын терең улгайганча карманса – касиеттүү […]

«Жээрилген» сөздөрдөгү катылган сырлар


Диалект («жээрилген») сөздөр да адабий тилдеги сөздөрдөй эле элдин тилин, б.а., ошол тил диалект тейлеген элдин башынан өткөн турмуш-тиричилигин, материалдык көрүнүшүн, адамдардын ички туйгусун, көз карашын туюндуруп, ооздон оозго көчүп келген өз тили болуп саналат. Демек, мындай болгондон кийин диалект сөздөрдүн маани-маңызын чечмелөө – элдин тарыхын, этнографиясын, фольклорун, тилин үйрөнүүгө, ошол элди таанып билүүгө маалымат […]

Таш-Рабат кербен сарайы


Таш-Рабат кербен сарайы райондун борборунан 90 чакырым алыстыкта, Бишкек-Торугарт жолунун түштүк жагында тоо арасындагы капчыгайда жайгашкан. 15-кылымга таандык. Кыргызстандагы орто кылымдык кол өнөрчүлүк эстеликтеринен сакталып калган Бурана мунарасы, Өзгөндөгү архитектуралык комплекс, Шах-Фазиль мавзолейи жана Манас күмбөзү сыяктуу курулуш эстеликтеринин ичинен Таш-Рабат кербен сарайына өзгөчө орун таандык.

Мекенин чексиз сүйгөн адам эле


Казакстандын ай сайын жарык көрүүчү “Нива” аттуу белгилүү адабий-көркөм жана коомдук-саясий журналынын үстүбүздөгү жылдын апрель айындагы төртүнчү санына казак жазуучусу Сабит Кинеевдин “Сүймөнкул” деген повести басылып чыкты. Анын аталышынын өзү эле кабарлап тургандай, чыгарма элибиздин залкар уулдарынын бири – Чокморовдун өрнөктүү өмүр жолуна, татаал тагдырына жана көп багыттуу кайталангыс талантына арналган. Эгерим, аталган журналдын 1990-жылдан […]

85 жаштагы драматург Бурулча апа


Бурулча ШАДЫКАНОВА апа быйыл 84 жашка чыгыптыр. Жагымдуу, тың, шайыр, тамашакөй, коомдо болуп аткан окуяларды кыя өткөрбөй талдап турган зирек эне экен. Андан да кызыгы, Бурулча апабыз көп жылдардан бери өз алдынча чыгармачылык менен алектенип келатыптыр. Азыр “Жолборс терисин жамынган баатырды” драмалаштырып театрлар союзуна тапшырдым дейт. Бизди таңгалдырган, сүйүндүргөн, ыраазы кылган энени сөзгө тартып, болгон […]

Нурлан Калыбеков: Жаштар прозасынын тандалмалар жыйнагы чыкканы турат


Кыргыз Республикасынын Эларалык «Нурборбор» жаштар чыгармачылык академиясынын жетекчиси, акын Нурлан Калыбеков учурда кыргыз жаштар прозасынын тандалмалар жыйнагы жарыкка чыгарын «24.kg» агенттигине маалымдады. Нурлан Калыбековдун айтымында, буга чейин «Нурборбор» жаштар чыгармачылык академиясынын аракети менен «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» жарыкка чыккан. «Анда негизинен 90-жылдардан кийинки адабий коомчулукка аты таанылган акындардын ырлары топтолгон. Бул сапар проза жанрындагы өрнөктүү чыгармаларды […]

Кыргыздын тыюу ырымдары


*** Ата-энеңдин астын бөгөп, жолун тоспо. *** Адамды колуң менен санаба. *** Аксакалдын жолунан кыя кесип өтпө.

Седрик Хауин: Афганистандагы кыргыздардын жашоосу өтө оор


 АКШда жашап иштеген, түбү франциялык сүрөтчү Седрик Хауин Афганистандагы кыргыздарды тартып, National Geographic сүрөт конкурсунун баш байгесин алды. Чыгырмачыл чөйрөдө Вариал деген ат менен таанымал сүрөтчү былтыр бир нече апта бою Афганистандын Кичи Памир аймагына барып, кыргыздардын журтунда жашап, алардын жашоо-турмушунан үзүндүлөрдү тарткан.

Эсенгул ЧОПИЕВдин сатиралары – кыргыз сатирасынын жетишкендиги…


Акын жана сатирик, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алишер уулу Эсенгул ЧОПИЕВ кыргыз адабиятына 1950-60-жылдары келген. Анын башка акын-жазуучулардан ушул бүгүнкү өзгөчөлүгү – жок болуу коркунучунда турат деген сатира жанрын сактап калгандыгында жана борбордон сырт, элет жеринде жашап туруп, борбордун эле эмес, бүтүндөй республикабыздын боорунда болуп жаткан бардык көйгөйдү көрүп-билип, ошону куюлушкан куйкум тил […]

Улуу комузчу, элдик музыканын классиги


Улуу комузчу Карамолдо Орозов чыныгы элдик киши, элдик комузчу, улуттук музыканын классиги. Ал 1882-жылы туулуп, 1960-жылы 8-июлда 77 жаш курагында каза болду. Анын кыргыз элинин музыкалык искусствосу өсүп, бүгүнкү деңгээлге жетишине эбегейсиз зор салым кошкондугу баарыбызга белгилүү. Карамолдо атабыз туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Корумду жериндеги Олжобай – Чоң-Чарык айылы тээ илгертеден эле “Комузчулардын айылы” деп аталып келген […]

Кыргыз качан сакал койгон?


Өткөндө бир үй-бүлөдө ата-баланын ортосунда сакалдын айынан келишпестик пайда болду. Баласы даватка чыгып келип өсүп кеткен сакалын албайм деп чырдайт, атасы эгер сакалыңды албасаң анда мен сенден кечем, балам дебейм дейт. Биз ушул маселени улуулардан сурап көрдүк.

"Кыргыз жомокто баатыр, жоодо жок элби?"


Акын, журналист Олжобай ШАКИР көп жылдардан бери сакалын сербейтип алып “ойлордун кенин оодардым, оор болду бирок соо калдым” деп дүйнөлүк даанышмандардын орошон ойлорун которуп, кыргыз окурмандарына сунуш кылып келет. Мындан мурда ал “Күмүш сырга” аттуу афоризмдер жыйнагын жалпы журтка сунду эле. Бул жолу кечээ жакында “Алтын сырга” деп аталган көрүнүшү чакан, бирок салмагы сайдын ташындай […]

Таш-Рабатты кантип оңдогонбуз?


Азыр Ат-Башы жергесинде, республиканын Кытай менен чектешкен аймагында жайгашкан атактуу Таш-Рабат жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып жатат. Телевизордон дайым жарнамалап көрсөтүлүп, туристтер барган сайын арбын каттап калган – суктандырган жайга айланды. Таш-Рабат – чынында эле сыймыктанчу жер. Бир санасаң, саны – 30, бир санасан – 31 болуп, калың дубалдуу бөлмөлөрү жалаң таштан салынып, төбөсү да […]

Кыргыз рекламасы жана мамлекеттик тил


Рекламада ой туюндуруу так берилбесе, айрым ашыкча сөздөр, фотосүрөт, көрүнүш-кубулуштар керектөөчүнүн кабыл алуусун татаалдаштырып жиберет. Айрыкча, рекламалык ураандын кыргыз тилинде ынанымдуу, таасирдүү жазылышына жана башка тилден так, сабаттуу которулушуна басым жасалуусу абзел. Себеби, ал товарды өндүрүүчү ишкананын девизи, чакырыгы катары рекламадагы ойдун каймагын, идеясын туюндура алат. Айрым мисалдарга токтолуп көрөлү:

Таланты эрдигине айкалышкан


Мен Казат Акматовду жазуучу катарында эмес, саясатчы катары Горбачевдун кайра куруу доорунда биринчи жолу тааныдым. Анда Компартиянын Борбордук Комитетинде идеология бөлүмүнүн башчысы элем. Коммунисттик идеологиянын ызгаары улам начарлап, коомубуз, элибиз демократия жана эркиндикти көздөй бет алган кез эле. Интеллигенциянын ар кандай катмарлары менен бат-бат жолугушуп, келе жаткан жаңы заман жөнүндө дээрлик күн сайын сүйлөшүп, өз […]