Category Накыл кептер

Ааламдашуу доорундагы адабият менен педагогиканын орду


«Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата Кыргыз Республикасынын Билим берүүжана илим министрлиги, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2017-жылдын 12-майында Бишкек шаарында педагогика илимдеринин доктору, профессор, Орусиянын Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти жана «Билим берүүнүн жана илимдин эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамынын, К.Д. Ушинский медалынын ээси, Кыргыз Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча мамлекеттик сыйлыгынын, Улуттук Жазуучулар бирлигинин […]

Эрнис Асек уулу: “Өмүрдүн эмне экенин билбей туруп…”


Жыл аяктап баратканда китеп дүйнөсүндөгү жаңылыктардын бири -Кытайдын улуу ойчулу, даанышманы КОНФУЦИЙдин осуяттары кыргыз тилинде жарыкка чыкканы болду. Кыргыз окурмандарына байыркы акылманды кыргызча сүйлөткөн белгилүү журналист Эрнис АСЕК уулун сөзгө тарттык. – Эрнис, эмне үчүн башканы эмес, Конфуцийди которууга бел байладың? – Кун зыны окуп жүргөнүмө көп жыл болду. Бирок ал боюнча адис болуп кеттим […]

Кеп казына. Учкул сөздүн устаты Алдаш Белек уулу


Караңгыда көз, кыйчалышта сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн “Кеп казынадан” тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун! Алдаш Белек уулунун өмүр таржымалы тууралуу толук маалымат жок, бирок айрым маалыматта акын, ойчул 1720-жылы Ысык-Көлдө туулуп, 1780-жылы дүйнөдөн кайткан деп айтылат. Анын санат-насыяты, олуя-сынчылыгы ооздон-оозго өтүп, ушул күнгө чейин сакталып келди. Ал бир окуяны же […]

Өргөөңөр башка, казаныңар ашка толсун! Бата деген эмне?


Бата өзү эмне, кыргызда анын орду, мааниси тууралуу маалымат менен жалпы журттун эсин жаӊылап, анын кадырын калыбына келтирээр деген үмүт менен колумнист Шаакан Токтогул ушул макаланы жазууну туура көргөнүн белгилейт. Бата деген эмне? Бата бул – демге дем кошуп, кубатка шыкак берип, жан дүйнөнү аруулаган улуу сөз. Бата бул – теги Теӊирден буюруп, айтуучунун оозуна […]

Келинге тиешелүү 12 “болбойт”


Илгертеден кыргызда келиндин кайын-журттагы орду чоң мааниге ээ болуп келген. Алардын ар бир жасаган кыймылы көңүл чордондо болуп, аларга коюлган талаптар да катуу болгон. Келиндин баскан-турганы, кыймыл-аракети анын тарбиясынан кабар берип турган. Бул салт бүгүнкү күндө да маанисин жоготпой муундан-муунга өтүп келе жатат. Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Динара Молдокулова келиндерге тиешелүү илгертен келе жаткан эрежелерди […]

КР Баатыры Миталип Мамытов: “Кубатты Кудай берет…”


Дүйнөдө эл аралык деңгээлдеги үч кесип бар. Ал кесиптерге тилмечтин кереги жок, жүрөк менен түшүнөт. Алар музыканттар, сүрөтчүлөр жана дарыгерлер. Мына ошол медицина тармагындагы эң татаал, мээге операция жасоочу чыгаан хирург, ак кызматы менен кыргыз атын алыска угузган улуу инсандардын бири – Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Миталип Мамытов. Учурда ал Кыргызстандын нейрохирургдар ассоциациясынын президенти. Ал […]

Нуржигит Кадырбеков, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы: “Акыл, билим жана маданият болбосо, кайдагы өнүгүү”


Кээ бир китептер бар, окуган сайын окугуң келет. Ошол сыңары кээ бир адамдар менен баарлашууда дилиң агарып, көңүлүң тазара түшөт. Алардын сөздөрүн уккан сайын ар бир сөзүн көңүлгө кыттай уютуп, көкүрөккө түйүп алууну максат кыласың. Мына ошондой адамдардын сап башында тургандарынын бири бир канча китептердин автору,“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков менен болгон […]

Элдик ырым-жырымдар


Идиш-аякты тепсебе Күл дөбөгө даарат ушатпа Жаздыкты тескери жазданба Бешиктин аягын кыбылага каратпа Баланы теппе Шамдан кийин шыпырындыны эшикке чыгарба Дасторконго ооз аарчыба Дасторконду жамынып жатпа Дасторконду бүктөп салба Нике кыйылып жатканда колду кайчылаштырып отурба Шам мезгилинде уктаба Түнү арыктан суу ичпе Бычактын мизин жогору каратып койбо Мейман келгенде үй шыпырба Мазарды сөөмөй менен көрсөтпө […]

Кыргыз коомунда интеллигенттер барбы?


Интеллигент деген өзү ким? Интеллигенция катмарына кириш үчүн сөзсүз эле илимпоз болуу керекпи же катардагы эле коомго пайда алып келген инсан да интеллигент боло алабы? Дегеле интеллигент деп атоо зарылбы? “Диалог Евразия” коомдук фондунда “Интеллигенция ким? Коомдогу орду кандай?” темасында талкуу болуп өттү. Белгилүү эксперттер катышкан кызуу талкууда коомдогу бир топ маселелер көтөрүлдү. Модераторлукту белгилүү […]

“Куттуу билимдеги” чындык маселеси


  Кыргыз элинин улуттук оозеки чыгармачылыгы менен катарлаш жазма маданияты кошо жашаганы тарыхта белгилүү. Ал эми жазма адабиятыбыздын байыркы үлгүлөрүнүн ири өкүлү, албетте, Баласагындык Жусуптун байыркы түрк тилиндеги “Куттуу билим” чыгармасы. “Куттуу билим” оозеки фольклордук чыгармалар сыяктуу эле адамзаттын турмушуна эң керектүү тарбиялык мааниси күчтүү темаларды, укук жана милдеттерди түздөн-түз чагылдырып турат. Мисалы: адамдардын жүрүм-туруму, […]

Баланы тарбиялоодо кереги жок 10 сөз


Тарбия берүү – улуу иш: ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет. Андыктан психологдор баланы тарбиялоодо маңызы жок сөздөрдү айтпай эле коюуга кеңеш беришет. Мейли балаңыз жаңы гана төрөлгөн болсо да, мындай нерселерди оозго алуу ашыктык кылат, себеби алар баарын, керек болсо сиздин интонацияңыздан эле түшүнүп алышат. Психологдор бала тарбиялоодо айрым сөздөрдү айтпоого чакырышат. 1. Сеники […]

Жашоо сабактары


«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан» АТАЛАР СӨЗҮ Көр оокатты эмес, көңүлдү, мамилени баалагыла! Илгерки кездеги адамдардын сапаты менен азыркы кездеги адамдардын сапатынын айырмасы өтө чоӊ. Ата-бабалар мамилени, пейилди, жерди, тууганды бийик тутса, азыркылар мамилени дагы, жерди дагы, тууганды дагы бийик тутпастан, күнүмдүк ашты, күнүмдүк оокатты, отурган жайын баа тутуп, ошол айланасын коргойм деп итаалыга окшоп баратышат. […]

Жашоо сабактары


«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан» АТАЛАР СӨЗҮ Кыйынчылыкка жан дүйнө менен багынбагыла! Тоонун башында мѳңгүлѳр азайды. Эгерде адамдар жакшы сапатка толсо, мѳңгү толот экен. Эгерде адамдарда жакшы сапат азайса, мѳңгү азаят экен. Ошону баамдай жүргүлѳ. Азыркы учурда адамзат боюнча мѳңгү азайып жатат. Кѳбүнчѳ кубат топтолсун. Ата-бабалардын баягы алгырлык сапаты кайра келип, баатырдык сапатка кайра толуш үчүн […]

Өзүнүн тарыхында адамзат… (2)


“Өзүнүн тарыхында адамзат тарабынан башкаруунун – адамдарга таасир этүүнүн бири биринен айырмаланган болгону үч аргасы иштелип чыккан. Биринчиси бийлик жана ага баш ийүү иерархиясы; Экинчиси – жүрүм – турумдарды жөнгө салып турган баалулуктар, социалдык нормалар, талаптар, көнүмүштөр, адаттар, каада салттар; Үчүнчүсү – менчик мамилелерге негизделген рынок. Турмуш жүзүндө чарбалык, социалдык системаларда ушул айтылгандардын баары орун алган. […]

Жашоо сабактары


«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан» ЭЛДИН ЖАРЫГЫ БОЛГУЛА! Адамдын ѳйдѳсү бар, тѳмѳнү бар. Адамдын бийиги бар, пасы бар. Адамдын деңгээлине жараша ар кандай ой толгоолору да бар. Бирок ар дайым эле адамдын ой толгоосу туурада боло бербейт. Адамдык сапат дайым бир нерсеге жетелеп, бир нерсени издетип, бир нерсеге үмүт кылдырып турат. Биздин силерге кааларыбыз жердеген жериңерди, […]

Жашоо сабактары


«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан» АТАЛАР СӨЗҮ Сапатка толуу Адам сапатка толо албайт – эгер анын кѳрѳңгѳсү болбосо. Адам сапатка толо албайт – эгерде анын каалоосу болбосо. Адам сапатка толо албайт – эгерде ал бир нерсеге умтулбаса. Эгерде сапатка толбосо – адам ѳзгѳрүүдө, ѳсүүдѳ болбойт. Сапатка толгон сайын адам ѳзгѳрѳ алат. Бир сапаттан бир сапатка ѳтүүнү […]

Сѳз сабаттуулугу деген эмне?


1930-жылдардан берки сексен жылдан ашык мезгил бою элибиздин эне тилинин айтылбаган чоло жери калган жок. Андагы ой, сунуш, курч сын пикирлерди топтоого алсак, нечен том-том китеп болор эле. Эл, коом, мамлекет турмушунда кыргызга так, таамай, таза, сабаттуу, таасирдүү сүйлѳѳнүн зарылчылыгы барбы же бул анчейин эле маселеби? Сѳз байлыгыбыз муундан муунга кемип, эки сѳздүн бири орусча […]

Жашоо сабактары


«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан» Аталар сөзү Ата-тектин адашуусу тукумуна залакасын тийгизет Ар бир адам жашоосунда көп жаңылат. Жаңылуу кээ бир адамдыкы ѳтѳ күчтүү, чоң болот да, ѳзүнүн эле жашоосуна эмес, тукумуна, келечек урпагынын жашоосуна дагы жаман жагынан таасирин, залакасын тийгизип коёт. Кээ бир адамдыкы ѳзүнүн эле жашоосуна оорчулук алып келет. Кѳп учурда адамдар ушул жашоодогу […]

Өзүнүн тарыхында адамзат…


“Өзүнүн тарыхында адамзат тарабынан башкаруунун – адамдарга таасир этүүнүн болгону бири биринен айырмаланган үч аргасы иштелип чыккан. Биринчиси – бийлик жана ага баш ийүү иерархиясы; экинчиси – жүрүм-турумдарды чектеп, тескеп турган маданият, баалуулуктар, социалдык нормалар, талаптар, көнүмүштөр, адаттар; үчүнчүсү – менчик мамилелерге негизделген тең-теңдеш тегиз мамилелер, рынок. Турмуштун өзүндөгү чарбалык, социалдык системаларда айтылгандардын баары орун […]

Жашоо сабактары


«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан» Жаңыны кармабай, жакшыны карма Баардык нерсенин мөөнөтү бар: жакшынын, жамандын, ыйдын, ырдын. Утуру келген мөөнөттүн учурун бил – жакшысын кармасаң, жаманы кайып өтүп кетет. Эгер жаманын кармасаң – жамандан запкы тартасың, кыйналасың, жакшыга зарыгасың. Ошондуктан мөөнөттү башкара бил, жаманды өткөзүп ий, кармаба. Жеңилди кармаба сен, баалууну карма. Кармаба жалтыракты, кармагын ак […]

Жашоо сабактары


«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан» Жашооңдун убактысын баала Бул жашоодо кубат болот, сый болот. Бул жашоодо арман жана ый болот. Бул жашоодо эргүү, сүйүү, тамаша; санаа, запкы, зомбулук, зордук жана уурулук болот; Бул жашоодо ыйман, адеп, күчтүү акыл, зоболо; пастык, кумар, курман, ажал адашуу; бийлик, бийиктик, даража – баары тең болот адамда. Бир адамда көп, чоң […]

Индира Райымбердиева: “Алтын экспорттогон эмес, жогорку сапаттагы инсанды экспорттогон өлкөгө айлануубуз зарыл”


“Кечээ көргөн алтыныӊ бүгүн көрсөӊ жез, кечээ көргөн акылман бүгүн көрсөӊ нес” дегендей эле. Бир өлкөдө же бардык мамлекеттерде эле эмес, он сегиз миӊ ааламдын баарында адам акылына сыйгыс өзгөрүүлөр, кубулуштар ыкчам жүрүп, талдаарыӊды же таӊданаарыӊды билбей калган жагдайлар арбын. Жогоруда айтылгандай, бүгүн көргөн жакшыӊ эртеӊ башка болгон баш адашкан заманда эл тагдыры, эл эртеӊи […]

“Биригүү тилектештиги” идеологиясы: философиялык өзөк


Идеология дегендин өзү эмне, бул сөзгө эмне деген маанилер камтылган?  Кайсы бир маалыматтарга караганда бул аталыш, түшүнүк ХVIII кылымдын аягында XIX кылымдын башында айтыла баштаган. Дестюта де Траси “Ой жүргүзүү жөндөмдүүлүк жөнүндө этюд” деген эмгегинде кеңири колдонуп, идеялар жөнүндөгү илимди чечмелеген, мүнөздөгөн. Кийинчерээк “Идеология элементтери” деген чыгармасында идеология түшүнүгүнүн бардык жактарын текши айтып баяндаган. Анын […]

Тоту кыз менен кучкач бала


(уламыш) Кучкач бала менен Тоту кыз кичинекей кезинен баштап бирге өсүп, бирге чоңоюшуптур. Бир-бири менен абдан ынтымактуу экен. Көчөдө да, үйдө да, эгиз козудай ээрчишип жүрүшчү дейт. Жылдар жылып, ал экөө тең чоңоюшуптур. Тоту кыз суйсалган сулуу кыз болуп, Кучкач бала да эр жетип калыптыр. Эми алар баш кошуу, бирго өмүр сүрүү жөнүндө кыялдана башташыптыр. […]

Жашоо сабактары


«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан» Баланы үйлөндүрүү салты Адамдын жашоосундагы эң негиздүү окуя – бул үйлөнүү. Үй-бүлө күтүү – бул ар бир адамдын жашоосундагы өтө чоң маанилүү нерсе жана олуттуу учур. Адамды бакытка бөлөгөн, же тескерисинче азаптуу жашоо берген – бул баш кошуу. Ушуга өтө чоң маани берип жашаган оң. Кыргыздын салтында үйлөнүүгө өтө чоң маани […]