Monthly Archives: Февраль 2013

“Манас балдардын кыялында” көргөзмөсү


Улуттук куралдар боюнча конкурс


“Ар-намыс” саясый партиясы жана парламенттик фракциясы жүйѳсүз унутулган байыркы кыргыз улуттук куралдарын: бычак, канжар, шамшар, кылыч жана башкаларды кайра жаратуу жана азем белек (сувенир) катары пайдаланышына шарт түзүү максатында эң мыкты жасоо үчүн КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ Конкурс эки этапта жүргүзүлѳт. Конкурстун биринчи этабы УЛУТТУК БЫЧАКТАР боюнча гана тѳмѳнкү эки аталышта ѳткѳрүлѳт: – улуттук белгинин үлгүсү катары […]

Евгений Евтушенко


АРМИЯ Палатада радиону басаңдатып, жарадарлар баштан сылап – муюп биз, Зимадагы госпиталды тазартып, балдар хору концерт бердик унуткус. Баштагыла дегенди угуп тикийди, деми күчөп, айланайын, баарынын – балдар, кыздар эки катар тизилди алдында ушул согуш каармандарынын! Одурайып олтургандар – дос ошо, көзү чуңкур, кабагы оор – карашып. Ал-ансайын момураша, бошошо, анткен менен тиктейт бизди аяшып. […]

Күндөлүктөн…


Жазгүл Жамангулованын жаңы ырларынан. БҮЧҮР Жазды таптым, бүчүр байлаган, Мен өмүргө жипсиз байланам. Мен даракмын бүчүр байлаган, Же даракпы мага окшогон, Айтор жашыл, бүчүр, айланам. Жазды таптым же жаз таптыбы, Бул да өмүрдүн алтын жаштыгы. Кичинекей анын наздыгы, Бүчүр жардым жазда мен анан, Актыгы ай, дилдин актыгы. Мен даракмын… Бүчүр бактагы, Мен энемин күчтүү аптабы. […]

Жаанбай Асанаалы: Кыргыз адабиятын кытай тилине, кытай адабиятын кыргыз тилине которсок дейм


Жаанбай Асанаалы – Кытай эл республикасынын (КЭР) жазуучулар коому, КЭР фольклорчулар коомунун жана КЭР «Манас» эпосун изилдөө коому, о.э., ШУАР (жазуучулар коому, фольклорчулар коому, котормо кызматчылар коому) мүчөсү. ШУАР эл өкмөтү тарых маданият изилдөө ордунун атайын сунуш этилген изилдөөчүсү, «Шинжан Кыргыз адабияты» журналынын башкы редакторунун орун басары менен кабарчыбыз Кытай-Кыргызстан ортосундагы адабий алака туурасында сөз […]

Кыргызстанда «Манас» трилогиясынын экинчи бөлүгү «Семетейдин» санариптик видеоверсиясы чыкты


Бул тууралуу «Айгине» маданият иликтөө борборунан билдиришти. Айтымдарында, бул уникалду окуя болуп отурат. Себеби инновация бул жерде маданиятты жок кылбай, тескерисинче, аны өстүрүп өнүктүргөнгө көмөк көрсөтүүдө.

Тимур Саламатов: Балдар дүйнөсү – «Алтын уя»


Кыргызстанда балдар адабиятына, балдар фольклоруна көңүл бурулбайт. Дүкөндөрдө балдар адабияты, алардын акыл-туюмун өстүрүүгө арналган китептердин басымдуу бөлүгү орус тилинде. Бир кездерде атайы балдарга арналган «Кырчын», «Байчечекей» аттуу журналдар болсо, азыр алардан дайын жок. Ал эми кыргыз музыкалык театр тарыхында кичинекей балдарга арналган оюн-спектаклдер жокко эсе болуп келди. Бирин-серин балеттерди жана куурчак театрында коюлган спектаклдерди айтпаганда: […]

Мультипликациялык «Баатырбек» сериалы


Баатырбек жөнүндөгү комикстердин мотиви боюнча тартылган алгачкы мультипликациялык сериал 10 сериялуу болот. Учурда анын алты гана сериясы даяр. «Баатырбектин» автору Ниязбек Абазганов Kloop.kgге берген маегинде алгач комиксти «Манас» деген ат менен тарткандыгын билдирди.

Тагдырга тизе бүкпөгөн композитор


Башына түшкөн оор тагдырга моюн сунбаган адамдар арабызда сейрек. Айрыкча жаштар башына оорчулук же мүшкүл түшкөндө кайратын жоготуп, өзүн таштап салат. Балким ошондой маалда алар өмүрү өрнөк болгудай адамды көргөндө чыйралмактыр, тагдырга басырылып бермек эместир. Ал эми өмүрү өрнөк инсандар арабызда сейрек да болсо кездешет. “Сыябан” берүүсүндө биз композитор Сталбек Бактыгуловдун бейнесине токтолобуз. Композитор бала […]

Эрнис Турсунов: “Ден соолук менен тирүүлүктүн өзү – бакыт”


Чыгармачыл адамдардын тынч үй-бүлөлүк жагдайы да бакыт кушу сыяктанат. Бири-биринен эрте ажырап калбай, башка никеге турбай, кошкон башын түбөлүк бирге кылып, сый-урмат менен жамандык, жакшылыктардын баарын кечирип жашаган үй-бүлөлөрдүн катарында Эрнис Турсуновдун чакан шаары бар. Сөздү кыргыз эл акыны, белгилүү жазуучу жана мыкты котормочу Эрнис Турсуновдун өзүнө бердик.

Элмира Көчүмкулова:“Америкага комуз кучактап барып, илимдин доктору болуп кайттым”


Элмира Көчүмкулова АКШнын Түндүк Батышындагы Сиэтл шаарынын Вашингтон Университетин бүтүрүп, кийин андан ары окуусун улантып, илимдин артынан түшкөн. Бизден миңдеген чакырым алыс жайгашкан Тынч океандын ары жагынын абасын жутуп, тили, дили башка жерде 10 жылдан ашык окуп, жашап келди. Адатта илимдин артынан түшкөн илимпоздорубуз бир эле мезгилде илимий иши менен кошо комуз чертип, элдик ырларды […]

Айгүл Узакова


Акын Айгүл Узакова Ысык-Көл районундагы Бостери айылында 1951-жылы 26-апрелде туулган. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1977–1980-жж. Кыргыз совет энциклопедиясында, 1981-жылдан «Мектеп» басмасында редактор болуп иштеген. Чыгармачылыгы студенттик жылдардан башталып, ырлары «Учкун», «Темир канат» альманахтарына, республикалык гезит-журналдарда жарыя-ланган. 1977-жылы жаш акындардын «Ала-Too поэзиясы» фестивалынын лауреаты, 1978-жылы Бүткүлсоюздук жаш акындардын Полтавада өткөн X фестивалынын катышуучусу […]

Садык Шер-нияз: “Курманжан Датка ” тасмасына жетпеген акчаны Өкмөт бербесе, жеке ишкерлер беришет…”


– Садык мырза, маегибизди маданияттан эмес, саясаттан баштайлы. Жакында эле, “Замандаш” партиясынын тең төрагасы болдуңуз. Чынында бул коомчулук үчүн чоң жаңылык болду. “Замандашты” тандап алышыңызга эмне себеп болду? – Негизи чыгармачыл адамдар көпчүлүк учурда саясатты жек көрүү менен карашат. Мунун да түшүнсө болот. Себеп дегенде, бүгүнкү күндө саясатчыларыбыз элдин кызыкчылыгы үчүн иш алып барышпай, өздөрүнүн […]

Канткенде адам уулу адам болот? же олуя Калыгулдун ЖЕТИ ОСУЯТЫ


Калыгул Бай уулу (1785-1855) – кыргыздын улуу ойчулдарынын бири. Ал учурунда болочок болоор заманды болжоп, алдын ала айткан көрөгөч касиетинен улам эл ичинде “олуя Калыгул”, “акылман Калаке” аталган жана атак-даңкы канатташ түрк калктарынын арасына чейин тараган. Ал ырларын башка төкмө ырчылардай обонго салып, комуз менен коштоп ырдабаган. Чыгармаларын көбүнчө чечен сөз түрүндө макалдатып, санат-насыят катарында […]

Самудиновдук мектеп


Токтосун Самудинов балдар поэзиясына дароо келе калган жок. Адегенде адабий коомчулукка лирик акын катары таанылган, пародист жана юморист Т.Самудиновдун балдар ырлары “басыгын” жай баштап, бирок балдар адабиятынын бийиктигин башкалардан эртерээк багынта алгандыгын баса белгилөөгө туура келет.

Кыргыз тилиндеги видео сабактар


Bilimkeni Academy мектепте окутулуучу 12 предмет боюнча 700 видео сабак иштеп чыкты. Аларды Bizdin.kg сайтынан бул жерден көрө аласыздар. Видео сабактар бул предметтер боюнча: алгебра, англис тили, астрономия, биология, география, геометрия, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты; тарых; физика; химия; экономика.

“Мамыры гүлдөгөн маалда” англисче чыкты


Кыргыздын фантаст жазуучусу Беганас Сартовдун “Мамыры гүлдөгөн маалда” повести англис тилинде жарык көрдү. Учурда ал немис жана орус тилине которула баштаган кези. Фантастика жылдызы Мен бар го – бул дүйнөнүн эркесимин, Жерде туулуп, Күн нурунан шимирип тайраңдаган, Жылдыздардан жылдызга кайкып учуп, Мезгилдин зынданында кармалбаган…

Лофт – менин өзгөчө кеңсем


Бишкекте чыгармачыл адамдар үчүн адаттан тыш кеңселер ачыла баштады. Бул жерлерге каалаган киши келип, акысын төлөп, чыгармачыл ишин улантса болот. Жөнөкөй кеңселерде өзүн ыңгайсыз сезгендер ушундай жерлерге келип, санаалаштары менен баарлашат экен. Советтер союз убагында бетондон курулган бул боз имарат сыртынан суук, кунарсыз көрүнөт. Ал эми ичине киргенде, тескерисинче, бул жерден кеткиң келбейт. Бийик дубал […]

Акын Атакул Жакыповдун “Күүгүмдөгү кусалык” (Бишкек-2008) аттуу ыр жыйнагы жөнүндө


А.Жакыпов көп жазып, аз китеп чыгарган, сөзүнө сөөлөт, ой кошуп, сары алтын салмактуу ыр жазган акын. Аны көпчүлүк кыргыз окурмандары ыр китеби аркылуу билет, бирок өзүн дагы деле көпчүлүгү тааный элек. Ал телевидениеден бир да жолу чыга элек. Өзүн-өзү эмес, ырларын мактаганда тердеп-тепчип жер карап, кирерге жер таппай уялган, жасатында ыймандуу акын ыры менен Баткен […]

Чыгармачыл интеллигенция Кыргызстанда кемип жатат


Эгемендиктин алгачкы жылдарында эле СССРдин эл артисти атактуу ырчы Болот Миңжилкыев Санкт-Петербургдагы Мариинск театрына которулуп кеткен. СССРдин дагы бир эл артисти атактуу бийчи Айсулуу Токомбаева Анкарадагы консерваторияга мугалим болуп чакырылган. Болот Минжилкиев 1999-жылы гастролдо жүрүп кайтыш болду, ал эми Айсулуу Токомбаева дале болсо Түркияда.

Чыгармачылыктын да укугу бар


Артист, аткаруучулардын кесиптик, эмгек жана интеллектуалдык укугу корголобу? “Арай көз чарай” талкуусуна Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын кесиптик кошуунунун төрагасы Сатылган Сазаев, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков жана кинорежиссер, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаныш Кулманбетов катышты. “Азаттык”: Сатылган мырза, артист-аткаруучулардын кесиптик, эмгек жана интеллектуалдык укугун коргоо үчүн эмне жетишсиз? Бул багытта мыйзамдар деле турат дегендей..

Салижан Жигитовдун сабактары


(Уландысы. Башталышы) -Сөз болуп аткан макала кошоматчы көңүлүңүздө дагы кандай пи-кирлерди ойгондурду? -Ушу макаланы окуганда менин эсиме Касымалы Баялиновдун билдирүүсү кылт этти дебедимби. Мен да бейиши болгур Касыкеме окшоп ойлонуп отурсам, бир топ саясый чекилик кетирген экемин. Оо, баягы жылдары, совет доорунда Дооронбек Садырбаев «Акбаранын көз жашы» деген фильм тартып, ошону жууйм деп Чыңгыз Төрөкуловичти […]

Жан дүйнөнүн тубаса инженери Өскөн Даникеевдин портретине сүртүмдөр


Өсөкемди мен Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучубуз Бексултан Жакиев айткандай китеп жандуу адам катарында көптөн бери билем. Тактап айтканда, Өсөкем 1951-жылы Фрунзе шаарындагы атактуу №5 кыргыз орто мектепти алтын медаль менен бүтүп, Москвадагы Тоо-кен институтуна өткөн мезгилден бери билем. Ал кезде биздин мектепти бүтүп, Москвада окуган студенттер менен биз аябай сыймыктанаар элек. Алар менен жолугушууларга […]

Алдар- Көсөнүн жин-шайтанга жолукканы


(жомок) Алдар-Көсө келе жатса үстү-башын жүн баскан,    адам десе адам эмес, айбан десе айбан эмес бир неме алдынан чыкты. Алдар -Көсө: «Кимсиң?»-деп сурады эле: «Жин –шайтан дегенди уктуң    беле,ошол мен болом»-деди. Алдар Көсө:    «Укканым бар, мага жолдош бол, эки кишиге бирге басканда жол кыскарат дечү эле»,-деп ээрчитип алып,жүрүп отурду. Келе жатып    […]

«Бөбөк ыры» сынагы жарыяланды


Республикалык алкактагы бөбөктөргө арналган ырлардын кароо-сынагынын Жобосу Бала бакчалардын айыл жерлерде иштебегендигинен, ата-энелердин ар кайсы мамлекеттерде иштеп жүргөндүгүнөн улам биздин мектеп жашына чейинки бөбөктөрдүн өсүп -жетилүүсүнө, тарбиясына терс таасирин берип, аларга жетишээрлик көңүл бурулбай келет. Учурда бөбөктөргө арналган таанып-билүүчү, ой чабытын өстүрөөр, оюн менен коштолчу ырлар кыргыз тилинде жетишсиз (жокко эсе десек да болот). Мына […]