Category Төкмөлүк

Болотбек НАЗАРОВ, төкмө акын: «Устаттарыбыздын жетеги менен элге таанылып атабыз»


– Болотбек мырза, жаш төкмө акындардын арасынан таскагыңыз катуу чыгып баратканын байкап атабыз. Кичи мекениңиз кайсы жер болду экен? – Тоолору көккө тирелип, тоосунан мөңгү, кар эрип, торгойдун үнүн укканда, толукшуп турган жан эрип дегенчелик бар Нарындын Таш-Башат деген айылында өстүм. Учурда Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда актерлук билим алып атам.

Арстанбек комузчу


Асан Кайбылда уулунун “Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер” деген эки томдук китеби Борбордук Азия Университетинин каржылоосу жана аталган университеттин илимий изилдөөчүсү Элмира Көчүмкүлованын демилгеси менен жарыкка чыккан. Анда аты айтып тургандай күүлөргө ойлор, пикирлер менен катар күүнүн тарыхы да жазылган.

Ашыраалы Айталиевдин байбичеси Наиля апа: “Ашыке мени “эки бөлмөлүү үйүм бар” деп алдап алып келген”


Сүрөт http://www.azattyk.kg/ сайтынан алынды Айтылуу “Нарындан жазган салам кат” ырын укпаган, аны кыңылдап ырдабаган кыргыз жок болсо керек. Дал ушул ырды караламан калың элге сиңирип кеткен, ак таңдай акын Ашыраалы Айталиевдин арабыздан кеткенине быйыл үч жылдын жүзү болду. Мындай залкар таланттар өткөндө аргасыздан “атаганат, ушундай адамдар өлгөнчө жер чайпалса болбойбу да, суу толкуса болбойбу” деп кейип аласың. […]

Туурунан учкан Тууганбай


“Талант тагдыры” аттуу түрмөктүн бул жолку чыгарылышы жакында эле арабыздан келбес жайга кеткен көрүнүктүү төкмө акын, таанымал дастанчы, эл артисти Тууганбай Абдиевдин чыгармачылыгына, жаркын элесине арналат.

Таанышкан күнүм алигиче эсимден кетпейт


Т.Абдиев. Сүрөт “Азаттыктан” алынды Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү төкмө акын, дастанчы жана чебер комузчу Тууганбай Абдиев менен алгачкы жолукканым эч качан эстен чыкпас.

Элмирбек Иманалиев, төкмө акын, обончу: “Арты булганган саясатчылар айтышка келбейт, мен жөнүндө эмнени айтып ийет деп коркушат”


– Элмирбек мырза, эмнегедир акыркы учурларда көрүнбөй кеттиңиз. Учурда эмне менен алексиз? – Ооба, кудай берген талантты жашырууга мүмкүн болбогондуктан, акыркы учурларда акындык өнөр менен бирге эле, манасчылык өнөрдү аркалап, Манас айтуу менен алектенип жатам. Былтыр, Шайырбек Абдрахманов башында турган “ЭлТР” элдик каналы 20-21-май күндөрү таңдан кечке Манас айтуу долбоорун уюштурган. Ошондон бери аталган долбоорго катышуудамын. Былтыр, […]

Алайдын таңшык булбулу, ак терменин дулдулу


Алай жергесинде “болсоң Ботобек бол” деген накыл кеп эмгиче эл арасында айтылып калган. “Ботодой боздогон Ботобек ырчы” деп да айтылып келет. Ботобек ырчы ким болгон, ал кимдерге тең ата болуп ырдаган? Алай тоолорунун киндиги Тоо-Ашкан өрөөнү жомоктогудай кооз. Оштон күн чыгышка көздөй автожол менен баратканда 110-чакырымдан оң тарапка Жолборсту, Сулуу Тоо-Ашкан, Калта-Тай, Бел-Конуш, Жанташ, Кайыңды […]