Monthly Archives: Март 2015

“Адам” менен “кишинин” мааниси


Бир эле адам деген сөздү алалы. “Адам” же адамзаттын атасы–Адам Ата. “Адам адамга дос”, “Адам баласы”, “Адамдан башкача экен” деп коет. Бул сөз бир эле убакта эки башка мааниде колдонулат. “Адамдан башкача жаралган киши экен” десе, “сонун киши экен”, “мыкты киши экен” деген маанини берсе, “Ой, каапыр, адамдан башкача экен!” десе, “Бул соо киши эмес […]

Кочкор өрөөнүндөгү аламат же Суяб шаарынын жок болуп кетиши


(Уландысы. Башы) Мусулман тарыхый булактарында Суяб шаары сооданын борбору болуп, “Суйе (Чүй) дарыясынын жээгинде жана Каштек (Кашат, Шамчы, Занби, Шамшы) ашуусунун түштүгүнөн орун алган. VII- кылымда эле бул шаарда ар түрдүү өлкөлөрдөн соодагерлер жашаган» (В.В. Бартольд. Бишкек. Сорос-Кыргызстан, «Шам», 1996-год, с.103). Тилекке каршы, Каштек ашуусунун Кемин жагындагы Чүй суусунун жээгинде орун алган шаар жок болуп […]

Кемпирдин жалгыз кочкору же, Кочкор өрөөнүнүн аталышынын пайда болушу


Кочкор өрөөнүнүн аталышы кандайча пайда болгонунун себебин Черикчинин жети баласынын бир баласы Караменденин баласы Өмүрдүн башынан өткөн окуя аркылуу баяндадым. Илгери айылда багар-көрөрү жок бир жалгыз кемпир болуптур. Айылдагы эл орозонун битир-садагасын жана көр садагаларын ошол кемпирге берип турушчу экен. Бир күнү күзүндө айылдагы жигиттер айылга мата (кездеме) жана башка оокаттарды алыш үчүн Анжиянга мал […]

Ошто элечектердин көргөзмөсү өтүүдө


Ош шаарында элечектин көргөзмөсү өтүүдө. Ага түрдүү социалдык катмар, уруу жана аймактарга таандык элечектердин түрлөрү коюлду. “Элечек” долбоорунун жетекчиси Айдай Асанкулованын “Азаттыкка” айтымында, Кыргызстан, Кытай жана Тажикстанда жашаган кыргыз аялдарынын элечектеринин түрлөрү изилденип, алардын саны элүүгө жакын экени аныкталды. Ыдырыс Исаков, “Азаттык”, 25.03.2015-ж.

Агындылар


Урматтуу окурмандар, сиздер Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебинен «Эне» деген бөлүктү окуп жатасыздар. (Башы өткөн сандарда) Жездемдин энеси Батма кудагый кийин өзү айткандай, биринин артынан бирин чубуртуп тууй берип, биринин артынан бири өлө берип, өлгөнүн көмө берип, акыры колунда Касым, Айтбай, Бакас аттуу үч эркеги, Гүлүшаар аттуу бир кызы […]

Акын – элдик кенч


“Өрнөктүү адам жумшаган мээнет суу менен абага сиңип кетпейт, элге сиңет”. Мо-цзы Узак жыл бою ийиндеш жөлөк, үзөңгү кагыш бирге жүргөн адамдар көп. Алардын арасынан Кыялбек Урманбетовду мен адабияттын астанасын аттаган жылдардан эле тааныдым. Тааныганда да чыгармачылыгы, кулк-мүнөзү, үй бүлөсү, айлана-чөйрөсүндөгү кадырлаштары, алака мамилелеш өнөрпоз достору ким – баары менен тааныштыгым бар. Жаш курагыбыз тең […]

АЙЗАДА


Көзүмдү жашылдантам күнөкөр болуп… Айзада экөөбүздүн ортобуз бир жаш гана айырма болгону менен негедир ал мени “сиз” дей берчү. Сен деп эле айтчы деп таарынсам деле болбой акыркы убакка дейре сиз деп өтүп кетти. Эмнеге экени табышмак бойдон калды. … Канчалык жакын болгонубуз менен ачылып сүйлөчү эмес. Тымпыйып жумушка келет эле, кыйналдым деп сыртына бирдирчү […]

Мар Байжиев: ааламдашуу алкагында да кыргыз эли бир болушу керек


Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев 23-мартта 80 жашка чыкты. Sputnik малымат сайты юбиляр менен жолугуп, адабият, маданият, мамлекеттүүлүк жана бир катар маселелердин тегерегинде маек курду. 80 жашка чыгып жаткан Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев ааламдашуу алкагында да мамлекеттин биримдүүлүгү башкы орунда экендигин, жаштарга улуттук баалуулуктарды дал ошол жаштарга жакын болгон техниканын тили менен […]

Султан Раев. «Ириң»


(аңгеме) Как эле жоон куйрукка чыкты. Чыканына канча болду эч ким билбейт. Ириң чыккандан бери жоон куйругу да бир жерге орун басып, жарытаарлык отура элек. Отурса эле жини когу аралашып, теринин алдында жайгашкан жеринен атылып чыкчудай. Тери алдында дененин бир учунан бир учуна ылдамдык менен жүрүп турган кан да ушерге келгенде, тушалган күлүктөй тык токтойт. […]

Алыкул мени коштоп жүрөт — Шаповалов


Орус сыйлыгынын ээси Вячеслав Шаповалов айтып бергендей, анын чыгармачыл “атасы” Сүйүнбай Эралиев Алыкулдун чачкан шооласы биздин жашообузга жарык берип, ал эми кыргыз поэзиясынын тарыхында болсо Алыкул обочо турган жана жарык жылдыз бойдон калат деген. Кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгы белгиленип жаткан учурда Sputnik кабарчысынын суроолоруна Кыргызстандын эл акыны, КРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси Вячеслав […]

Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын мектептеринин X-XI класстарынын окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү кыргыз тили жана адабияты боюнча дилбаяндар сынагынын ЖОБОСУ


Сынактын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги; Кыргыз Республикасынын Президентине карашуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы; Республикалык тарыхый-маданий “Мурас” коому “Алыкул үй-борбору” коомдук бирикмеси; Алыкул Осмонов  атындагы коомдук фонд.   Сынактын маалыматтык колдоочулары: КТРК жана облустук теле-радио компаниялары Райондук жана облустук гезиттер “Кутбилим” гезити “Эл агартуу” журналы “Мугалим” журналы “Заман-Кыргызстан” гезити “Тил-мадаият” гезити […]

Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата билим берүү мекемелеринин окутуучулары, мугалимдери, тарбиячылары үчүн усулдук багыттагы эмгектердин сынагынын ЖОБОСУ


Сынактын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги; Кыргыз Республикасынын Президентине карашуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы; Кыргыз билим берүү академиясы; “Алыкул үй-борбору” коомдук бирикмеси; Алыкул Осмонов  атындагы коомдук фонд.   Сынактын максаты Сынактын максаты – Алыкул Осмоновдун өмүр баянын, чыгармаларын жогорку жана орто окуу жайларында, мектептерде, балдар бакчаларында окуп-үйрөтүүнүн заманбап технологияларын иштеп чыккан […]

Акын Алыкул Осмоновдун балдарга калтырган рухий мурастары жана айтар акыл-кеңештери


«Балдар жазуучусу болуп үйрөнө албайт, ал үчүн атайын төрөлүш керек» деген да сөз бар. Албетте, бул сөз бекеринен чыккан эместир, анткени бардык эле жазуучулар баланын психологиясын туура түшүнүп, бала менен бала болуп жашап, бала болуп ойлонуп, балдардын тилин таап жаза албайт. Андай болбогондо, т.а. баланын жан дүйнөсү жашабаган чыгарма-балдар адабияты болуудан калат. Ошон үчүн балдар […]

Алыкул Осмоновдун ырлары толукталды


Алыкул Осмоновдун блогубуздагы баракчасы төмөндөгү дагы 45 ыры менен толукталды: МЕН АЙЫЛГА КЕЛГЕНДЕ Айылда күндөр узак, күндөр узак, Негедир зериктирет мезгил өтпөй, Себеби, дем алуу кез… бекерчилик, Бирок да турмуш кызык көңүл чөкпөй. Аткан таң, баткан күнү билинбеген Кандайча Фрунзеде күндөр күлүк?! Ойлосом: он саатча сезбептирмин, Окууда он жыл окуп, он жыл жүрүп. 10/XI. 1946, Чолпон-Ата. […]

Бир кылым карыткан Алыкул Осмонов бүгүнкүнүн көзү менен


Кыргыз поэзиясынын уюткусун түптөгөн алп акындардын бири Алыкул Осмонов бул жазда 100 жашка чыкты. Буга чейин акын туурасында көп жазылып, арбын айтылып келди. Анын тагдыры, чыгармачылыгына бул сапар да кайрылып, кеп кылалы дедик. Улуу акын Алыкул Осмонов быйыл 100 жашка чыкты. Sputnik маалымат сайты анын чыгармачылыгы, көөнөрбөс мурастарын элге жеткирүү, чыгармаларынын жаштардын кабыл алышы туурасында […]

Аспек Бейшеев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү: “Алгачкы сүрөттөрүмө Алыкул баа берген…”


Аспек Бейшеев 1938-жылы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Көркөм сүрөт окуу жайын аяктагандан кийин мугалимдиктен баштап, андан кийин Кыргыз телерадио комитетинде сүрөтчү болуп иштеген. Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын ээси. Аспек аба акын тууралуу көргөн-билгендерин эскерет. – Аспек аба, сизди улуу акын Алыкул Осмонов менен жердеш деген сөз ыраспы? – […]

Алыкулга жүз жыл кеп бекен?


I Эпилог ордуна Алыкулду аздектейли десек… 21-март – орошон акын Алыкул Осмоновдун туулган күнү жана Нооруз күнү. Хрущевдун же Брежневдин заманында эмес, мына кечээ эле Ала-Тоонун саясында кимдердин гана мааракесин дүңгүрөтүп тойлободук. 50 жаш, 60, 70, 80, 85, 90, 100, 110, 120, 125, 130… деги койчу, шылтоо болсо той табыла берет тура. Башкасын билбейм, бирок […]

Он беш жолу улам кайра төрөлгөн Алыкул


Акын Алыкул Осмонов өмүрүнүн акыркы жылдарында жашаган Бишкектеги үйү 2001-жылы мурдагы ээсинен сатылып алынып, шаардын менчигине өткөрүлүп, анда акындын үй-музейи уюштурулган. Учурда бул үйдө акындын урунган буюмдары, тарыхый сүрөттөрү сакталуу. “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмеси быйыл, 2015-жылы Осмоновдун 100 жылдыгынын алкагында акындын Бишкектеги музейин чоңойтууну жана Чолпон-Атадагы үйүнө жакын жердеги эс алуу паркына анын ысымын берүү […]

Айзада Абазова. “Таң чолпонум”


(аңгеме) Чолпон өмүрүнүн дал ортосуна келгенде жашоодон катуу чарчаганын сезди. 15 жылдан бери өйдө-төмөн уруш-талаш менен жашап келе жаткан үй-бүлөлүк жашоосуна чекит койгусу келет. Мындан ары минтип жашоодон тажады. Бирок, бул акыркы да биринчи да чечим экенине ишене албай кетет. Себеби, бул биринчи жолку ажырашам деген чечими эмес, канча жолу ажырашып, канча жолу элдешти. Буга […]

Раззаковдун бир жанып, кайра өчкөн жылдызы


Быйыл Кыргызстанда мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 105 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Ал 1945-жылы Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылдан 1961-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Ага чейин Өзбекстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген. Исхак Раззаков кызматынан алынгандан кийин Москвага Мамлекеттик пландоо комитетине которулуп, ал жакта 69 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. 2000-жылы […]

Нурланбек Калыбековдун “Ирмемдер” китеби жарык көрдү


Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын Нурланбек Калыбековдун “Ирмемдер” аттуу кара сөздөн жана ырлардан турган китеби жарык көрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” эл аралык “Нур борбор” чыгармачыл академиясынан кабарлашты. Аталган китептин негизги өзгөчөлүгү – Калыбеков өз замандаштарынын, калемдештеринин, устаттарынын чыгармачылык жана жеке инсандык бейнелерине токтолгон. Ар кандай багытта иштеген азыркы замандын кишилери тууралуу адабий штрихтерди жараткан. Акыркы жылдары улуттук […]

Режиссер Эрнест Абдыжапаров:“Шабдан баатыр жөнүндө эпопея фильм тартылат”


Тарыхый инсандардын тарыхын тасмалаштыруу аракети уланууда. Кезекте – Шабдан баатырдын өмүр чыйыры. Режиссеру – Эрнест Абдыжапаров. Анын айтымында, кино мамлекеттин заказы менен тартылат. 2014-жылы күзүндө чечим кабыл алынып, токтом чыккан. Алгачкы даярдыктарга 10 миллион сом бөлүнгөн. – Тасманын сценарийин ким жазды? – Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев экөөбүзгө тапшырылган. Бирок, ал сценарий жазгандан баш тартты. […]

Сулайман Рысбаев. «Умай бала»


(жомок повесть) (Уландысы. Башы)   Издөө Бала көзүн “уйкудан” ачса, баягы “атың ким?” деп сураса айтпай койгон «байке» маңдайында туруптур. – Атам канакей? Ал качан келет? Наркоз тарагандагы Жакунун алгачкы сөзү ушул болду.Тиги адам аны дагы да алдап жатты. – Келген жокпу? Сен уктап калган турбайсыңбы? Жумушуна кайра кетип калган турбайбы… Баланын кеберсиген эриндерин суу […]

Блогдогу жаңылыктар


Блогубузга 2 жаңы чоң материалдар жүктөлдү: Окумуштуу, педагог Эшенаалы Арабаевдин балдарга арналган чыгармалары Кыска-нуска чыгармаларынын ар-бири кыргыз жана орус тилдеринде берилген. Бөбөктөргө ошондой эле кыргыз тилин жаңыдан үйрөнүп жаткандарга кызыктуу да, пайдалуу да болот деген үмүттөбүз. Бул чыгармалар менен бөлүшкөнү үчүн Сулайман Рысбаев агайга ыраазычылыгыбызды билдиребиз.   “Кыргызстандын тарыхы – күбөлөрдүн көзү менен” (ХХ кылымдын […]

«Суфлёр» – классика үлгүсү


“Театр – турмуштук суроолорго жооп берчү жогорку инстанция”. Алекстандр ГЕРЦЕН Эл жылдан жылга театрга каттачу жолду унутуп баратат. Элдин азыр күнүмдүк оокат табар жолу кайсы болсо, каттаган жолу ошол. Базарга барчу жолду билет, жамандыкка барчу жолду билет, той-ашка барчу жолду билет. Анан поездге же самолетко белет алып, бөлөк эл, бөтөн жерге аттанып жумуш табар жолду […]