Daily Archives: 02.07.2014

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ


Киришүү Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы (мындан ары – Программа) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына, Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясына, ошондой эле Кыргыз Республикасында полимаданий жана […]

Таттыбүбү Турсунбаеванын супсулуу элеси көз алдыбызда ошол бойдон сакталуу


12-июлда Таттыбүбү Турсунбаева 70 жашка толмок. Бирок арабызда жоктугу өкүнүчтүү. Таттыбүбү Турсунбаева – 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн. Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектепте окуган. 1960-жылы 16 жашында “Салиманын ыры” аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган. Айчырайлуу актрисанын көзү тирүү болгондо 12-июлда 70-жашка толмок. Бирок арабызда жоктугу өкүнүчтүү. Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө […]

Владимир Санги: Өрдөк жөнүндөгү нивхи жомогу “Ала Дөбөттүн” өзөгү болду (уландысы)


(Башталышы бул жерде) – “Ала дөбөт” алгачкы ирет жарык көргөндө коомчулук кандай кабыл алды? Владимир Михайлович, ошол учурдагы адабиятчылардын чөйрөсү жана окурмандардын чыгармага болгон көз карашы жөнүндө мүмкүн болушунча айтып берсеңиз? Анткени, азыркы окурмандарга муну билүү абдан кызыктуу жана маанилүү дагы… – Ал учурда жаңыдан жарык көргөн ар бир чыгарма адабиятчылардын көз жаздымында калчу эмес. […]

Улуу Памир менен Вандагы кыргыз каны


Ооганстандагы Кичи Памирде төрөлүп, он төрт жашка чыкканда Рахманкул хан менен Пакистанга, андан кийин Түркияга кеткен кыргыздын уулу Абулхаким ага ал жактагы этникалык кыргыздардын тарых таржымалын, өзүнүн башынан өткөргөн окуяны айтып берди. – Мен Кыргызстанга 1998-жылы келгем. Өзүм Ооганстандагы Кичи Памирде төрөлүп, он төрт жашка чейин жашагам. 1978-жылы Ооганстанда төңкөрүш чыгып, СССРдин жоокерлери келип, мурунку […]

Кыргыз элинин тагдырын чечкен тарыхий согуш


Кенесары Касымов (1802-1847) Абылай хандын небереси 1837-жылы Орто Жүздүн башына бийликке келип, 1841-жылы жалпы казак төрөлөрүнүн курултайында ак кийзге салынып, бүткүл казак элине расмий хандыкка көтөрүлгөн. Ал Орсиядан бөлүнүп, өзүнчө Казак хандыгын түзүүгө аракет жасаган. Бирок тилеги ишке ашпай, орус бийлигинен куугунтук жеп, кыргыз жерин көздөй чегинет. Эми Кенесарынын аракети улуттук боштондук кыймылынан баскынчылык багытка […]