Tag Archives: Кара сөз

Абдылда Карасартов. «Казак жеңем»


(аңгеме) Менин бир жеңем казак болчу. Аты – Күлпаш, орто бойлуу, чымыр денелүү, жайдары мүнөз, сөз кезеги келгенде айтар сөзүн бетке айтып, тайманбай сүйлөгөн чечкиндүү келин болчу. Жеңемдин башка абысындары негедир андан айбыгып турушчу. Ал келин болуп келген күндөн тартып, мени «молда жигит» деп айтчу болду. Ичимен: «Мен молдо болбосом, эмне үчүн мени молдо дейт, […]

Ш.Дүйшеев. Агындылар


(Уландысы. Башы) МЕЛИС Ал адегенде «Ленинчил жаш» гезитинде калем кайрап, андан кыргыздарды оңой-олтоң эле ишке ала койбогон орус тилдүү «Комсомолец Киргизии» гезитинде жөн кабарчы эмес, болгондо да жооптуу катчы болуп иштеп, андан түз эле ЦК комсомолдун сектор башчылыгына чейин өсүп барган. Мелис бийликтеги «кандын» даамын биринчи жолу ушул жерден таткан. Мындай жанга жагымдуу даамды ал […]

Ш.Дүйшеев. Агындылар


(Уландысы. Башы) *** Сүйүү көп балдарды адам кылды. Мени да сүйүү адам кылган. Сүйүү мени кат жаздырган, сүрөт тарттырган, мектептин дубал гезитин чыгарткан, «Манас» айттырган, ыр жаздырган, сүйүү мени уктатпай, ысылатып, чабалактатып чыккан. Сүйүү болбогондо мен эбак жок болуп кетмекмин. Мени сүйүү сактап калган. Мен жакшы көргөн кыз жакшы ырдагандыктан аны коштоп туруу үчүн мандалин […]

Ш.Дүйшеев. «Агындылар»


«Де-факто» гезити Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин былтыр жарыкка чыккан «Агындылар» китебинен ара-чолодо үзүндү басып келебиз. Андай учурда «эмне себептен «Агындыларды» ар бир саныңарда бербейсиңер» – деп окурман журтчулугунан тил угабыз. Бул жолу да окурман журтчулугунун суранычы менен аталган китептен үзүндү басууну туура кɵрдүк. Аталган китеп коомчулуктун кызыгуусун жаратып, китепке колу жетпей жүргɵн окурмандар четтен чыгат. […]

«Атакенин Акболот» – жазуучунун жана тарыхчынын чыгармачылык эмгегинин үзүрү


Советтик учурда адабиятчыларда кайсыл элдин жана жазуучунун роман жанрындагы чыгармалары көп болсо, ошолор баарынан кыйын, ошолор баарынан бай деп эсептелчү да, адабий баймана роман жанры менен таразалануучу. Кыргыз калемгерлери да адегенде аңгеме жазып, анан повесть жазууга өтүп, белгилүү бир жазуучулук чеберчиликке жана басма тармагына сөзү өтүмдүү чекке жеткенден кийин гана романга «кол салчу». Роман жазган […]

Олжобай Шакир. “Пикассо”


(аңгеме) (Жаныбек Райга арналайм) Эң мурда мен анын сүрөт көрсөтмөсүнөн катуу таасир алдым. Чынында сүрөт өнөрүнө жыргатып түшүнчү эмесмин. Ошол кезде Айтматовдун баскан-турган изинен өйдө кызыгып жүргөн кезим. Анан гезит беттеринин биринен «Кыргыз Пикассосунун сүрөт көрсөтмөсүнө биздин ааламга белгилүү улуу жазуучубуз да атайы катышат» деген кабарды окуган үчүн сүрөт көрсөтмө уюшулган жерге келгем. Мен мурда-кийин мындай […]

Олжобай Шакир. “Сууга жуулган из”


(аңгеме) I Атам ыраматылык мени дайыма туягым деп эркелетчү. Муну уккан атамдын агасы Закир абам бир күнү: – Кыз баланы ата-бабабыз эч качан туягым деп айтпаган, – дегенин угуп атам өзүнүкүн бергиси келбеди. – Туягым дебесе дебесин, мен кызымды туягым эле дейм… Кыз баланы туягым деп эркелеткени орунсуз кеп экенин атам деле абамдан башкалардын оозунан […]

Ш.Дүйшеев. “Агындылар”


Гезитибиздин өткөн сандарында Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” китебинен сандан-санга үзүндү басып келип токтотконбуз. Токтогон күндөн бери “Агындылардын” уландысын сураган окурмандар телефонубузду тындыра элек. Андыктан окурмандарыбыздын суранычын эске алып эми бир ирет басууга автордон уруксат алдык. Чынын айтсак, эл арасында аталган китепке суроо-талап күч болуп жатканы да жашыруун эмес. Китепти алууга кызыкдар окурмандарыбыз 0557 […]

Эң кыска көркөм чыгармалар


Адабий чөйрөдө эң кыска роман тууралуу анекдот бар. Ал роман болгону үч сөздөн турат. “Төрөлдү. Үйлөндү. Өлдү”. Бир карасаң, чындыгында эле, бул үч сөзгө адамдын бүт өмүрү камтылган. Бирок бул сөздөр белгилүү нерсени жөн гана атап, эскертип койгондой. Таңгалуу жок. Ал эми чыныгы көркөм чыгарма, бери дегенде, адамдын жан дүйнөсүн жана акыл-эсин чыңалтып, аларга дүрбөлөң […]