Daily Archives: 29.10.2014

Кыяз Молдокасымов: «Мусулманкул миңбашы айла-амал менен бийлик сересине жеткен»


– Кокон хандыгынын тарыхында Мусулманкул миңбашы көрүнүктүү аскер башы, мамлекеттик ишмер катары белгилүү. Жазма булактарда анын ишмердиги карама-каршылыктуу баяндалат. Бийлик сересине ал Бухара эмиринин баскынчыл жортуулу кыргыздар Кокон хандыгын сактап калган мезгилде келген. Анын да сыры бар. ХIХ кылымда Кокон хандыгы тууралуу жазган авторлордун бири В.В. Вельяминов-Зернов Мусулманкулдун апасы кыргыз экенин жазса, экинчи бир булактардагы […]

Жыпар Исабаева, акын: «Көрүстөндөн мени көргөндөр акылынан азганбы дешсе керек»


Жыпар Исабаеванын жазган ырлары окулуп, көптөрүнө обон чыгарылып, ырдалып жүрөт. Анын ырлары бал тилдүү баланыкындай таттуу, турмушка жакын. Жорго тилде жазылып, бир нукта аккан булактай тунук, гүлдөй жагымдуу. Аты-жөнү – Жыпар Исабаева Туулган жери – Нарын облусу, Нарын району, Миң-Булак айылы Туулган жылы, күнү – 1967-жыл, 20-март Жарык көргөн китептери – «Жыландын сүйүүсү», «Махабат мазары», […]

Казактар


“Шайкалып тузелген шанырак” деп мурунку муундан ар бир казак өз өмүр баянын баштаган. Мейли элдин негизги уюткусу – 11 миллиондойу жашаган түпкү мекени Казак жериндеби, бүгүнкү күндө төртүнчү мууну катары 39 миңдейи байырлаган биздин жердеби, же болбосо ааламдагы 40тай өлкөдө өмүр кечирген казактарбы – ар жерге барып калгандагы таржымал казак элинин “басынан кешiрген, көзүмен көрген” […]

Аксанатай менен Карасанатай


(жомок) Аксанатай менен Карасанатай жолдош болуп жолоо чу жүрүштү. Көп күн өткөндөн кийин азыктары түгөнүп, курсагы ачты. Карасанатай Аксанатайга: — Азыгыбыз түгөндү. Ачка өлбөйлү. Сен атыңды сойгун, ал түгөнгөндө мен соём,— деди. Аксанатай макул болуп, атын сойду. Арадан бир топ күн өтүп, оокаттары дагы түгөндү. — Ээ, Аксакал досум, эми дагы бир эрдик кыл, курсагым […]

Ш.Дүйшеев. Агындылар


(Башы өткөн сандарда) Урматтуу окурмандар! Сиздер, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебиндеги Кыргыз ССРинин, бөрк ал десе баш алган Борбордук Комитетинин аткаминерлеринин жүзү катары айтылып келген айтылуу Матен Сыдыков тууралуу жазылган «Матен» деген бөлүктү окуп жатасыздар. Ошентип Матенди тособуз деп бир жума бою азан-казан, аңтар-теңтер болуп, жайлоодон семиз кой, кымыз […]

Жашоо сабактары


«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан» Туурада, иликтѳѳдѳ бол Багыттуу сѳз, багыттуу тапшырма, багыттуу иш – адамды ѳстүрѳт, ѳркүндѳтѳт эгер тууралыкта болсо. Ар бир адамдын ѳзүнүн багыттуу иши боло бербейт. Багыттуу ишин тапкан адам – күүлүү адам. Багыттуу иштеги адам – демдүү адам. Ар бир адамдын кѳксѳгѳнү, эңсегени туурада болсо, анын жарыгы жана илеби башкаларга да жугат. […]

Таланттар жашаган тарыхый үй таанылбай калдыбы?


Кыргыз улуттук жазма адабиятынын көч башыларынын бири, кара сөздүн каймагын калпыган чебер жазуучу Касымалы Жантөшевдин 110 жылдык мааракеси ушул жылы мамлекеттик деңгээлде белгиленишине Кыргыз Өкмөтүнүн токтому чыгып, уюштуруу комитети бекитилген. Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшев атындагы театрда жазуучунун “Курманбек” драмасы коюлуп, республиканын окуу жайларында илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү, китеп көргөзмөлөрүн ачуу, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу ж.б. алгылыктуу […]