Daily Archives: 28.10.2014

Шаамерчемдин ырлары


ЭСТУТУМ Сүйүүгө сүйүнч ширеле Сүзүлүп көздөр тимеле Сүлкүлдөп катар бараттык… (Сүрөөлгө* тийген күн эле…) ————————————- СҮРӨ(Ө)ЛГӨ – Студентти СҮРӨӨ максатында, анын болочокто мыкты адис болуусуна ӨБӨЛГӨ түзүү максатында мамлекет же ишкана-уюмдар тарабынан белгилүү өлчөмдө чектелип ай сайын төлөнүүчү акча, стипендия.   ГЕНЕРАЛ (акроыр) Жеңиш майрам… Жолбергиде* жашыл маал Ой айткансыйт: ” Ордендүү чал, өтүп ал!…” […]

Нүзүп миңбашы


Адатта кыргыздарды кыйраткыч, мамлекет курууга жараксыз калк катары сыпаттап, атүгүл Кыргызстанды кокусунан пайда болгон, жасалма мамлекет деп да жазып чыккандар болду. Ал эми тарыхка кылчая караганда кыргыздар кыйраган мамлекетти сактап, душмандар ээлеп алган аймакты эчен жолу тазалап, мамлекетти калыбына келтирген жаратман калк экенине ынанасың. Биз бүгүн «Сынган кылычты» улап сөз кылчу маселе, баш каарман Нүзүп […]

Үркүн: кандуу 1916-жылды унутпагын, кыргыз?!


Редакциядан: Үркүн – улуттук тарыхыбыздын эң эле трагедиялуу учурун бири, буга тарыхый далилдер, ошол кыргыз көп кырылган окуяга катышып калган адамдардан алынып калган маалыматтар күбө. Режиссер, сүрөтчү, кыргыз анимациясын негиздөөчүлөрдүн бири Сагын Ишенов агайыбыз өзгөчө адам, кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон киши. Мындай кишилер кыргызда өтө эле аз калды. Тирүү кезинде сыйлай албасак, “кыргызбыз” […]

Степ-чечетканы катырган Бергали жана Аскар аксакал


Чач агарган жашта чапчаң жигиттердей тарсылдата чечетка бийлеген каармандарыбыз жөн адамдар эмес. 73 жаштагы Аскар Жумагулов жооптуу кызматтарда иштеп олуттуу мүнөз күткөн менен, комузда кол ойнотот, укмуш пейзаждарды тарткан фотосүрөтчү, жогорку билимди Москвада тээ советтик коомдук илимдер академиясынан, кийин Кыргыз улуттук университетинен алган экономист. Учурда Чүй облусунун согуш жана эмгек ардагерлери кеңешинин төрагасы. Ал эми […]

Жаңылай Бурканидиновадан рецептер


Сайтыбыздын окурманы Жаңылай Бурканидинова олобо менен быжыны жасоонун жаңы рецептери менен бөлүштү. Бул үчүн ага ыраазычылыгыбызды билдирмекчибиз. Эскерте кетсек, сиздер бизде жок кыргыз улуттук тамак-ашынын же бар болсо анын жаңы жасоо рецептери менен бөлүшө аласыздар. Рецептти сунуштаган адамдын аты-жөнүн сөзсүз көрсөтөбүз.