Daily Archives: 26.02.2010

“Сабля багыра” Кыргызстанда


«Кыргыз эл» коомдук бирикмеси белгилүү орус тарыхчысы Ю.С.Худяковдун «Сабля Багыра. Вооружение и военное искусство средневековых кыргызов» (“Багырдын кылычы. Орто кылымда жашаган кыргыздардын курал-жарагы жана аскердик өнөрү”) деген китебин эми Кыргызстанда да сатып алуу мүмкүн экендигин билдирет. Китептин аталышы эле көрсөтүп тургандай, анда кыргыздардын аскердик тарыхы баяндалат – бул кыргыздардын аскердик өнөрү, курал жарактары, кошуна көчмөн […]

БУУнун Башкы ассамблеясы 21-мартты Эл аралык Нооруз күнү деп тааныды


2010-жылдын 23-февралында Бириккен Улуттар Уюмунун  (БУУ)  Башкы ассамблеясынын 64-жыйынында  21-март  Эл аралык Нооруз күнү деп  белгиленди. Бул тууралуу REGNUM Новости булагы маалымдайт.

Бишкекте Кыргызстан Кинематографисттер союзунун кезексиз съезди болот


Бишкекте 27-мартта Кыргызстан Кинематографисттер союзунун кезексиз съезди болот. Мындай чечим союздун башкармасында 2010-жылдын 24-февралында кабыл алынды.

Эмил Бокошев: "Такымдагы улакты жулуп кетем…"


Улуттук ат оюндардын эл арасында кеңири тараганы, кызыктуулугу жагынан көк бөрү өзүнчө бөлүнүп тураарына шек жок. Эмил бала чактан бери айыл жергесинде улак тартып такшалган. Өлкөбүз эгемендикти алган алгачкы жылдардан тарта көк бөрүнүн көркүн чыгарып келгени келген. Чабандес менен ат жалына казан асып, азыноолак маек курдук.

Нуркан Калназарова: "Менин мүнөзүм заманбап жашоого шайкеш келбеди"


Чоро Кожомжаров түзгөн чыныгы кыргыз эстрадасынын алгачкы карлыгачтары кимдер эле? -деген суроого билгендер дароо Алтынбек Сапаралиев менен Нуркан Калназарованы айтышат. Алтынбек ага го азыркыга чейин үнүн созуп, элдин эсинде. Ал эми “Арча бешик”, “Каркыралар”, “Жигитке”, “Шаардык жигит”, “Жигит ай”, “Кызгалдак гүлүм ай” ж.б. ырларды созгондо зал толо көрүүчү келген Нуркан эжекебиз 15 жылдан бери сахнадан […]

МАНАСТЫН КЕНЧ КАЗЫНАСЫ


Парапсихолог Карыбеков Мелис Асан теги менен маек Ала – Тоодон кар кетет, Эркектерден ал кетет, Үч никелүү кыз чыгат, Тоо титиреп муз жылат, Алаамат болуп басылат, Кыш артынан жай болот, Эли тынчып бай болот, Эли журтун байыткан, Жерден чыккан май болот.