Tag Archives: поэзия

“Кыргыз Көчүнөн” ыр жыйнак


Кадырлуу Достор, урматтуу ыр ышкыбоздор! Үстүбүздөгү жылдын күрдөөлдүү күзүндө, ар жыл сайын 23-сентябрда белгилене турган Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун жана топтун ардактуу мүчөсү Гүлсана Сарногоева эже экөөбүздүн демилгебиз менен төгөрөктүн төрт бурчунда жашап, Ааламторду байырлаган таланттуу кыргыз акын ага-эжелерибиздин, уул-кыздарыбыздын ырларынан чогултуп, атайын ыр жыйнак китеп чыгарууну туура көрүп, ушундай жыйынтыкка […]

Ж.Касаболотов. МЕЗГИЛ


Ай-жылдар аздан-аздан чубап келди. Аралап чачтарыма бубак келди. Кыздарга ыр арнаган мезгил бүтүп, Кыздарды ыр жаздырган убак келди. Ордунан доор алмашып, агым өттү. Ортосун кең турмуштун жарып өттү. Ойлонуп алды-артымды байкаганча Ошентип орто өмүрдүн жарымы өттү. Качандыр сайган чырпык жемиш берээр. Кайратым караан болсо жеңиш келээр. Каруусу катып калган канатымдын Кабарын кайдан билсин, периштелер?.. 11.11.2013-ж.

Обондон Ыр сынак


Жарыяланып жаткан ырлардын мыктылары калыстар тарабынан тандалгандан кийин “Обон” гезити ал ырлардын жыйнагын чыгарарыбызды эскерте кетмекчибиз. Эгер бул ырларга обончуларыбыз обон жаратчу болсо, ал дагы нотасы менен биргеликте обондуу ыр катары ыр жыйнактан орун алмакчы.Ыр ышкыбоздору, чамдаңыздар! Ошондой эле конкурска катарлаш,“Обон” гезитинин астында “Жаз” адабий клубун ачканыбызды сүйүнчү айтмакчыбыз.Биздин адабий клуб менен байланышууну, мүчө болууну […]

“Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин”


Союз убагында кыздар арасында пахтачылык бригадасын түзүп, жашоодо активдүү болууга жол көрсөткөн, кыргыз элине таанымал акын Азада Бегимкулованын өмүрү, чыгармачылыгы, өксүгү, өмүрүнүн аздыгы тууралуу баян. Элүү жыл эрте туулган… Олдо тагдыр, мынча оор сынагың, Сынагыңа канча ирет чыдадым. Кайрат урап, карылыкка бой сунуп, Күндөн күнгө карт сөөктөй сынамын. Билген билээр, билбегенге не чара, Бейкапарга болормун […]

ЫР СЫНАК. «Асыл инсан – Пайгамбарым Мухаммед»


Түркия элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчилиги элге таанымал 20 жаштан жогорку акындардын арасында демине дем, шыгына шык кошууну, ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммед саллаллаху алейхи васалламдын инсандык жаркын бейнесин, үлгүлүү асыл сапаттарын жаамы журтка ырдын күчү аркылуу чагылдырууну максат кылып ыр сынак жарыялайт.

Жыпар Акунованын жаңы ыр китеби


Жыпар Акунова өткөн жылдын аяк чендеринде өзүнүн жаңы ыр китебин чыгарды. Ал «Жүрөгүңө барчу жолду издепмин…» деп аталат. Акындын ырларын баалагандар, кызыккандар бул китепти бул жерден окуй аласыздар. КМБ

Мацуо Басё


Мацуо Басё (жапончо — 松尾芭蕉; 1644-1694) — жапон элинин даңазалуу акындарынын бири. Ал ыр жазуу өнөрүнүн теоретиги катары да маалым. Анын өз аты Мунэфуса болгон. Жапон элинин улуу акыны Басё 1644-жылы Уэно деген провинциалдык шаарда анча бай эмес, бирок оокаттуу самурайдын үй бүлөсүндө үчүнчү бала болуп төрөлгөн. Анын ата-энеси, бир туугандары билимдүү кишилерден болгон.

“Кар” темасына арналган бир ырдын сынагынын жеңүүчүлөрү


«Кар» темасына арналган бир ырдын сынагы аягына чыгып, жеңүүчүлөрү да аныкталды. Жыргалбек Касаболотов, Олжобай Шакир, Марат Токоев жана Жумадин Кадыров курамына кирген жюринин пикиринде, “Кар” темасына арналган эң мыкты ырдын автору – Зайырбек Ажыматов. Таңкы бурганак

Жазды сезген Рамис Рыскулов


Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскулов быйыл 77 жашка келди. “Ал көп жылдан бери үй камагында” дешет коңшулары. Бирок акын муну менен макул эмес. Ал дале эркин, кааласа шахмат ойнойт, кааласа паркты аралап ырдайт. Кезек-кезеги менен сүрөт сатып, досторунан “жүз граммга” тыйын өндүрөт. Бул анын болгон-толгон жашоосу.

«Көктөм» сынагы: Жыпара Арыкова


Эстесем жазды… Эстесем  жазды, Аксыдан арман угулат. Эстесем жазды, Ээгимден тамчы куюлат. Эстесем жазды Эр жигит келет окко учкан, Эстетет жазым «Эрлерди» элди толкуткан. Жарылып чуркап Жаз менен жамгыр алдында, Жаш кетти жандар, Ата Журт үчүн жан кыйган. Жаш тамып көктөн, Жашыган көктөм эсимде, Жетими дагы, жесири дагы кайгырган. Жетимиш жигит Жер жыттап  барып кулаган, […]

"Көктөм" сынагы


Урматтуу «Кыргыз маданият борборунун» коноктору! «Көктөм» атындагы бир ырдын сынагы аягына чыкты. Жалпы жонунан 15 автордун ыры жарыяланды. Бул биринчи жолу өткөрүлүп жаткан сынак үчүн жаман эмес деген пикирдебиз. Белгилей кетсек дагы бир канчасын биз сынакка катыштыра алган жокбуз. Сынактын шарты боюнча, коюлган төрт байгенин бирөөсүнүн ээсин так сиздер, “Кыргыз маданият борборунун” коноктору, аныктайсыздар. Ошондуктан […]

«Көктөм» сынагы: Бакыт Жунусалиев


Жаз Сагынып көлмө саз жерди Сабалап өрдөк каз келди, Ырыскы чачып талаага Ылайды кечип жаз келди. Күз чечип кеткен бактардын Көйнөгүн  кайра кийгизди. Саамайын шамал сылаган, Сулууга жигит сүйгүздү. Өзөгү бошоп тузактын Өзөндөр толо муз акты, Топчусун чечип ак тондун Тоолорго кышты узатты. Жашылдан кымкап жапкандай, Жашарып тоонун этеги, Конокко төшөк салгандай Кызарды талаа кечээги. […]

«Көктөм» сынагы: Калича Жакыпова


Жазым менин… Сырым сезген сырдашымдай жел мени Сыдырымга сылап жүзүм термеди. Сагынычка толуп турган убакта Кандай ырахат! Көктөм жаздын келгени. Келдин мына! Көңүл сырын эзгендей Күттүм сени! Жолугушчу кез келбей Жамгырыңды жөлөк кылдым жаныма Жабыкканым жалгыз өзүң сезгендей. Көөдөндөгү кусалыгым тыңдачы, Көңүл эзген жамгыр ырын ырдачы. Жүрөгүмө кубат берген сен болдуң Жазым менин! Жан дүйнөмдүн-сырдашы. […]

«Көктөм» сынагы: Азима Сүйүнбекова


Жаз жаңырыгы Кар алдында уктап жатып чарчаган Жаратылыш жатты терең дем алып. Чүрпөлөрүн койнуна ойнотуп Жер эненин жаны жыргап сеп алып. Күндүн пири ашык болгон жер эне Кулпунасың, седеп мончок тагынып. Ээ жаа бербей, жүрөк каның сыяктуу Ээн баш суу, агып жатты чамынып. Жашоо үчүн жанталашып чымчык да, Күнгө боюн салып өстү чырпык да. Жакырчылык […]

«Көктөм» сынагы: Ширин Турдакунова


«Көктөм» Күн узарып, күндөн-күнгө эртелеп, Нурун чачып адатынан эртерээк. Кыбыр эткен жандыктарды чогултуп, Күч кубаттуу жаз-жарышка жетелейт. Тыбырчылап коктудагы шар булак, Жаны тынбай тоңгон музду тепкилейт. Тыным албай жетип барып батыраак, Төбөсүнөн дарыяга секирет. Жарып чыгып жердин бетин жашыл чөп, Бак-дарактар бүчүр байлап тынбады. Жарашыктуу көрккө келип айлана, Жоогазын гүл жер бетине жайнады. Чымчык сайрап […]

“Көктөм” сынагы: Азамат Кыязов


“Бетме-бет” Эй, Көктөм! Бери кара, жүзүң кандай? Мен сени бала күндөн жакшы көрөм, Мезгил да Көктөм эле мен төрөлгөн. Чырайлуу айымзаттын алкымындай, Чалкалап жаңырса да жаңырган ай Ээритип тоң дүйнөнү келер эле, эрини Жаз перинин табийгат ай! Баар кези балалыктын жылуу болчу, Баа жеткис боектору миң-сан, койчу… “Мезгилдер ханышасы – Жаз” дээр элем, Кармалап кайырмакты […]

«Көктөм» сынагы: Дыйканбек Шамшидин уулу


Кут болсун, Нооруз майрам элибизге Жашоого кулач жайып жазгы көктөм, Адамга жаратылыш сырын төккөн. Тыңшачы бир аз туруп айлана, Үн салат түркүн куштар сайрап көктөн. Мына жаз, табигатка келген майрам, Сулуулук өз дүйнөсүн кенен жайган. Суктанып карап эле тургуң келет, Жаралып келаткандай жаңы аалам. Жазгы жел эркелетип сылап өткөн, Алынан тайган кышты сынап өткөн Сенселтип […]

Наристе АЛИЕВА: "Илхам түнү келет"


Он беш жашынан баштап ыр жазган Наристе АЛИЕВА көп кырдуу таланттын ээси. Он жети жашында АКШдагы Бостон университетинде графика сүрөтү боюнча билим алган. “Булуттар” тасмасында образ жараткан Наристе Алиева Кыргызстанга биринчи жолу видео-поэзия деген түшүнүк киргизди. – Чыгармачылык жолуңузду эмнеден баштадыңыз эле? – Бала кезимен бери айтайын деген оюмду оозеки айтканга караганда кагазга түшүрүү алда […]

«Көктөм» сынагы: Мелис Маматжан уулу


БӨТӨН ЖАЗ Булут жашы тазалыкты апкелди, Буурул баскан жер бетине тап келди. Келгин куштай кайтып келген жыл сайын, Керемет ай, жаздын башы март келди. Маанай гүлүн чачып келген жаз дайым, Москвада тостум быйыл жаз айын. Жаркыраган күн ордуна ак кар  жаап, Жан-дүйнөмдүн берип жатты сазайын Кандай сайын болгон эле өткөн жаз, Карегиме сулуулугун төккөн жаз. […]

«Көктөм» сынагы: Сексенбай Турдукожоев


Көктөм Ак халат чапанын жамынган, Көк муздан көк мончок тагынган, Кыш кетти, кош айтып, кол булгап, Көктөмгө, биз күтүп сагынган. Табият мыйзамы эң улуу Мезгили мезгилге багынган. Байчечек көктөмдүн көк гүлү, Көк гүлү көрк берет көп күнү. Төө өркөч түрмөктүү булуттан, Чартылдайт чагылган өткүнү. Шашылат энелер ырымдап, Ургулап дамбыр таш тепшини. Алдыда Нооруз күн – […]

Майрамбек Токторов


«Көктөм» сынагы: Анарбүбү Жумашoва


Өлбөгөнгө жаз да келээр дегендей, Көп күттүрүп, жаз да келди кебелбей. Жерден башын кылайтышып көк чыгып, Жамгыр жаайт жер бетине себелей. Жан-жаныбар, жандуу нерсе кубанат, Жазга жеттик, жашоо эми уланат… Дыйкан бабам соко кайрап чамынып, Жерин айдап, мол түшүмдү суранат. Жергебизди күндүн нуру бөпөлөп, Жаркып-жайнап жаз да келди карачы. Көкүрөгүн бир азыраак көтөрүп, Койколоңдоп кайкып учат, […]

"Салижан кыргызга күйүп жүрүп өтүп кетти"


Улуу илимпоз, акын, изилдөөчү, адабиятчы, сынчы, философ, котормочу ж.б. көп кырдуу талантка эгедер 100 жылда бир жаралчу феномен Салижан Жигитов агай, быйыл тирүү болсо 75 жашка чыкмак. Салижан Жигитовичти эскерген замандаштарынын бардыгы агайдын тамашакөйлүгүн, улуу акылмандыгын, өз элин сүйүп, бирок, кемчилигине, кенебестигине жаны ачып айткан катуу сындарын учкул сөзгө айлантып аңыз кеп кылып, тамшанып, сыймыктанып […]

«Көктөм» сынагы: Акбар Кубанычбеков


Сагынган көктөм Кайда кетти бала кыял күндөрүм, Сагынамын балалыктын үндөрүн. Он сегизге жаңы толуп турганда, “Сен чоңойдуң, токтолгун” – деп үндөдү. Түш сымалдай он сегиз жыл өткөнү, Кайра келсе, балалыктын көктөмү. Эркелетип, күндө бир маал болсо да, Кайда кетти ата-энемдин өпкөнү? Байчечекей гүлүндөй ачыласың, Эртерээк чоңоюуга шашыласың. Чоң турмуш кызыксызбы түшүнбөдүм, Балалык күндөрумдү сагынамын. Бала […]

Жумадин Кадыров