Бишкекте кыргыз тайгандарынын көргөзмөсү болуп өттү


taygan1

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан “Салбурун” чемпионатынын алкагында кыргыз тайгандарынын көргөзмөсү болуп өттү.

“Салбурун” федерациясынын президенти Алмаз Акунов финалга алты тайган чыгарылганын айтты.

1-мартта болгон көргөзмөдө алты тайган “эң көркөмдүү тайган” катары финалга чыккан.

Конкурстун жыйынтыгы менен Нарындан келген Кылымбек Аписовдун Каракуш ысымдуу тайганы жеңишке жетти.

taygan2

taygan3

taygan4

taygan5

taygan6

Гүлнур Жумалиева, “Кабар ордо”, 02.03.2015-ж.

Комментарий кошуу