Daily Archives: 02.04.2009

Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева: "Биздин коом да, мамлекет да жазуучуларга муктаж эместей туюлат"


Жазуучу, окумуштуу Топчугүл Шайдуллаеванын ысымы окурман журтчулугуна таанымал. “Кыз бала”, “Жан шерик” аттуу прозалык китептердин,”Гендердик өнүгүү” аттуу илимий жана “Ташка чыккан гүл” деген публицистикалык китептердин автору. Ал чыгармачылыкта адабият менен публицистиканы, илимди канатташ алып жүргөн көп кырдуу талант.

"Жүрөктөгү жазуулар"


Китептин аты айтып тургандай, акын Масалбек Шабдановдун бул жыйнагында өзү айтып бере албаган жан сырдын жашыруун, ыйык сырлары жүрөгү аркылуу берилиши окурманды ойлонтпой койбойт. Кыргыз поэзиясында көптөгөн чыгаан акындар бар экенин баарыбыз эле биле бербейбиз. Бирок дүйнөлүк деңгээлге чейин көтөрүлгөн, Жусуп Баласагын бабабыздын, ааламдын аалымы катары таанылган Чыңгыз Айтматов атабыздын, кыргыз элинин сомунда, тирүүлөрдүн колунда […]

Улуттук баатыр унутулабы?


(Мамыр Мерген уулу тууралуу учкай сөз) Өткөндү эстеп, эскерип турмайын келечекке кадам коюу мүмкүн эместиги тууралуу канчалык жобураганыбыз менен өткөндүн артынан дуулдата сөз кыла турганы барлардын аты аталып, калган кыргыз намысын көтөргөн далай улуу инсандар көмүскөдө калып жатканы өкүнүчтүү. Мен муну менен бүгүнкү күндө баатыр аталып, эстелик белгилери коюлуп, ордун таап калган аталарыбыздын наамына шек […]

Сөз өнөрүнүн устаты Улут үчүн унутулгус эмгеги калды


Өз үнүн укканда өткөн жылдардын барактары ачылгандай болду Кыргыздын “Өнөр алды-кызыл тил” деген ташка тамга баскандай сөзү бар. Сөздү баалап, сөзү менен тааныган тарыхы бар үчүн алакандай атпай кыргыз элибиз кылымдарды карытып келаткандай. Ошо сөздүн кызыл кырманынын баба дыйканы улуу аалым Жээнбай Мукамбаевдин туулган күнүнө 80 жылга караптыр. Бир гана арман ушул аруу дили, ак […]

Жомоктор


Эпостор


СӨЗ ИЗДЕГЕН ДЕРБИШ


Төкмө манасчы Рысбай ИСАКОВ менен маек – «Манасты» кыргыз рухунун туу чокусу санагандар бар, биздин этностун энциклопедиясы деп жүргөндөр андан көп. Бирок мен да өзүмдү канчалык китепгөй санабайын «Манастын» үч томдугун далай жолу чыгынсам да аягына чейин окуп чыгалбагандардын биримин. Дегеле бул чыгарманы мынчалык көбүртүп-жабыртпай колго алаар көркөм адабият кылып кайра жазып чыгууга мүмкүнбү? Соңку […]

Эл Баатыр, Эл акындарыбыздын адабияттагы халтурасы


Кепти дүйнө адабиятынын тажрыйбасынан баштайын, ансыз кыргызга бирдеңкени далилдешиң кыйын. Андыктан XIX кылымдагы орус адабиятынын дөө-шаа акындары М.Лермонтов менен Ф.Тютчев мисалын алалы. Бул экөө немистин улуу акыны Г.Гейнени кантип орусчалаган? Өздөрү каалагандай. Каалагандай дегеним, ансыз байтак маданияты чалкыган орустун кулк-мүнөзүнө Гейне туура келет беле, жокпу? Ай, кайдан.

Алгачкы кыргыз фантастикалык комедиясы


Жаш кинорежиссер Нурлан Разакуловдун “Ү” же “А” аттуу толук метраждуу фантастикалык кинокомедиясы 1- апрелден Бишкектеги “Манас” кинотеатрында эки сеанс менен көрсөтүлө баштады. Жаш кинорежиссер Нурлан Разакуловдун “Ү” же “А” аттуу кыргыз кино өнөрүндөгү алгачкы фантастикалык комедиясынын философиялык терең мааниси бар. Тасмадагы келечекке барчу жолдон адашып калган карман ал жолдун ачкычы эл-жерди сактоодо, табият алдында таза […]

Куудул Борончунун “Азаттыктагы” азил-тамашасы


1-апрель – күлкү күнүнө карата “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна куудул Борончу Кудайбергенов жооп берди.