Category Тарых

Р. Отунбаева: Манас эпосу ЮНЕСКОго жаңы номинация боюнча көрсөтүлөт


Манас эпосун ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине жаңы номинация боюнча көрсөтүлмөкчү. Бул туурасында бүгүн мамлекеттик резиденцияда өткөн брифингде Президент Роза Отунбаева билдирди. Мамлекет башчысы АКШга болгон иш сапарында ЮНЕСКОнун жетекчилиги менен жолугушуп, анда эки-үч жылдан бери кызуу талашты жаратып келаткан Манас эпосу боюнча маселе талкуулангандыгын айтты. “Биз эпосту бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн жаңы […]

Рысбай Исаков: "Манасчылар жоголуп бараткан динозаврлардай эле"


Кыргызды дүйнө жүзүнө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана улуу эпосубуз “Манас” деп келебиз. Ошол улуу эпостун учугун улаган Манасчы Рысбай Исаковдун “Манаска” гана эмес, маданиятка болгон көз карашын билгенге аракет кылдык. – Акыркы учурда маданиятка көп көңүл бөлүнбөгөнү байкалып жатат. Азыркы маданияттын деңгээлине кандай баа бересиз? – Маданият баш аламан өсүп атат. Себеби, […]

“Бизди “Манас” гана бириктире алат”


“Бөлүп-жар да башкара бер” – Акай мырза, жазмыштын буйругу менен ар кайсы жактарга чачырап кеткен кандаш элдерди кайрадан башын коштуруу аракетиңиз качан башталды эле? Акай КИНЕ, “Алтай” коомдук уюмунун президенти:  – Мен өзүм кесибим боюнча филолог болгондуктан студент кезден эле  кыргыздардын фольклорун окуп, жарык көрбөгөн кол жазмаларды чогултуп, жүрчүмүн. 1995-жылы Алтайда жаштардын биринчи курултайын уюштурдум. […]

Боз үй кимдики, кыргыздыкыбы же казактыбы ?


Кереметүү боз үй кѳптѳгѳн чет элдиктерди таң калдырып келет.  Жакында, «Кыял» бирикмесинин директорунун радиодо берген маегин угуп калдым. Анын айтымында,  Японияда ѳткѳн кѳчмѳн элинин цивилизациясына арналган кѳргѳзмѳдѳ казак туугандар 60 тан ашык боз үй тигип, кѳргѳзмѳгѳ келгендерди  таң калтырыптыр. Алардын айтымында, бул боз үй казактарга таандык экен.  Баса белгилеп кетчү нерсе, ал боз үйлѳр Кыргызстанда […]

Алмагүл Беки кызы: “Мен кыргыздын кызымын…”


– Алмагүл, Кытай Республикасынан атайын  келип, Кыргызстандан билим алып да, иштеп да кеттиң эле. Учурда киндик каның тамган жериңде иштеп жүрөсүң. Айтчы,  Кыргызстандан эмне үйрөнүп, эмне алып, кандай таасир менен кеттиң? – Кыргызстанда жети жылы окуп, иштеп жүрүп, сонун табылгаларды таптым. Балалыктын кайталангыс мүнөттөрү дал ушул тарыхый мекенимден  уланды. Биринчиден, эмгек жолум Кыргызстандын тунгуч гезити […]

Эл акыны Майрамкан Абылкасымова: «Гүл ордуна тикен кетти тукумдап, Улам кырсык тооруп калды утурлап…»


Аскар Акаев президент болуп турганда Курманжан датканын 180 жылдыгы өткөрүлдү. Ошондо катуу даярдык болуп, Курманжан датка менен Шабдандын элди-жерди сактап калалы деп сүйлөшкөндөрү тууралуу ж.б. документтерди жакшылап окуп чыккан элем. Курманжан датканын 180 жылдыгы түштүктө белгиленди. Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Жылдыз Жолдошева ал учурда Биринчи май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болчу. М.Садыркулов райондун […]

Жер аталыштары талкууланууда


Кыяз Молдокасымов, тарыхчы, серепчи, Акчолпон Койчиева, маекти алып барган Би-Би-Си продюсери Угармандарыбыз Кыргызстанда орусча аталган жерлердин тарыхый аталышын калыбына келтирүү маселесин кызуу талкулоодо. Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы А.Ибраимов көтөргөн бул демилгени Орус элчилиги улутчулдук деп атаган.

5-март – Ак калпак күнү


Жалпыга маалым 5-март күнүн АК КАЛПАК күнүн деп белгилейли деген сунуш менен белгилүү режиссер Рысбек Жабиров демилге көтөрүп чыкты. Бул эч кандай саясаты жок, позитивдик акция. Андыктан ушул күнүн жыл сайын УЛУТ жүзүбүз болгон АК КАЛПАГЫБЫЗДЫ кийип, жаз башталышын жакшы маанай менен тосуп алалы!

Бишкекте «Кыргыз алиппесине 100 жыл» аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышы болот


15-февралда КР Улуттук китепканасында кыргыздын алгачкы «Алибфе яки тута окуу» китебине 100 жыл толгондугуна байланыштуу «Кыргыз алиппесине 100 жыл» аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Кыргыз элинин биринчи агартуучу – илимпозу, алгачкы алиппенин автору, И. Арабаев Уфадагы жогорку диний мектеп «Медресе – Галиядан» окуп жүргөндө эле Х. Сарсекеев деген казак студент экөө тарабынан кыргыз, казак балдарына […]

Байыркы Барсхан шаары тууралуу баян


Албетте, эми Барскоон айылын чалдыбар деп айтуу кыйын. Себеби, качандыр бир мезгилде дүркүрөп өсүп, кайра кыйрап жокболгон шаардын үстүнө заманбап кыргыз айылы өсүп чыккан. Азыркы Барскоон айылы Ысык- Көлдүн түштүк жээгинде, Жети өгүз районунда, жайгашкан. Барсхан кайда жайгашкан? Байыркы жазуучу, тарыхчылардан калган маалыматтарга таянсак, шаар YIII-ХIII кылымдарда дүркүрөп өнүгүп-өскөн экен. өзүнүн ынгайлуу географиялык абалы боюнча […]

"Кыргылчалдын балдары", оозуңду тарт!..же кыргызды бөлүп жаткандарга жооп


Макелек Өмүрбай уулу КАРМЫШТЕГИН, Кытай Шинжаңдан чыгуучу “Тил жана котормо” журналынын башкы редактору, профессор, филология илимдеринин доктору Редакциядан: Өткөн жылы кыргыз элинин рухунун туу чокусу – “Манас” эпосун Кытай өлкөсү аз улуттардын маданиятын коргоо максатын көздөө менен ЮНЕСКОнун каттоосунан өткөргөндүгүнө байланыштуу Кыргызстанда ар кандай каршы көз караштар пайда болуп, ЖМКларда жарыя болгону маалым. Бул тууралуу […]

Кошой-коргон коргоого муктаж


Кошой-Коргон Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында жайгашкан. Биздин күнгө чейин бул коргондун табышмактуу сыры али күнгө толук ачылбай келет. Жалпы аянты төрт гектарды түзгөн сепилдин туурасы 5, бийиктиги 6-8 метрди түзөт. Кылымдар бою бузулбай сакталып келген коргондун топурагында кандай кошулма бар экендиги да белгисиз. Келечекте тарыхчы болууну самаган айылдын тургуну Нур Кенжебеков бул тууралуу мындай дейт: […]

Алгачкы жана азыркы "Алиппе", же И.Арабаев жана С.Рысбаев


Кылымдардын кыйырында бирде күчөп зор аймакты ээлесе, бирде алсызданып жоголуп кетүү коркунучуна туш болуп, эчендеген татаал да, катаал да замандарды башынан кечирип келген кыргыз эли акыркы кылымдарда жазуусунан айрылып, бир мезгилде жазуусу болсо да сабатсыздыкка кабылганы белгилүү. Өткөн кылымдын башталышында, тагыраак айтканда, 1911-жылы Уфа шаарынан Ишенаалы Арабаев менен Хафиз Сарсекеевдин “Алиппе жаки төтө окуу” деген […]

“Уркуя эжебиз Акылкарачачтай акылдуу, Акмөөрдөй сулуу болгон”


Төөлөс айылындагы  Уркуя Салиеванын музейинин  директору Зуура Нуркамилова бизди ээрчитип алып, басмачылардын  колунан  каза тапкан кыргыздын жалын жүрөк кызынын өмүрү,  кейиштүү тагдыры, музейдеги  экспонаттардын таржымалы  тууралуу  маалымат берип жүрдү. – Музейибиз  1980-жылы ачылды.1993-жылга чейин колхоздун эсебинде болгон. Төрт жыл эч кимдин карамагында болбой, 1998-жылдан бери “Сулайман Тоонун” филиалыбыз.Төрт жыл кароосуз калганда имарат кадимкидей талашка түштү.

Хрущевге комуз чертип берген кыргыз деңизчи


“Шырылдаң” берүүсүнүн бүгүнкү мейманы – экономика илимдеринин кандидаты, Чүй облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Аскар Жумагулов. Ал комузда кол ойнотуп, бош убактысында жорго таптап, фотоаппараты менен Кыргызстандын кооз жаратылышын сүрөткө түшүрдү. Жашы 70ке чукулдап калганда ирландиялыктардын стэп бийин биринчи болуп кыргызча ыргакка салып, өзүнчө бий кыймылын түзүп чыкты.

Ыйык көлүбүз – Ысык-Көлдүн жаралуу санжырасы


Байыркы гректердин адамдын жан дүйнөсүн иликтеген философ-акылманы Сократ: “Мен өзүмдүн эч нерсе билбегенимди билем” -деген экен. Эң даанышман адам өзү жөнүндө ошентип айткан болсо, анда “Жогорку билимди тастыктаган дипломубуз бар”- деп, өзүбүзгө өзүбүз корстон болуп жүргөнүбүз менен, биз деле көп нерсени билбейт окшойбуз? Анткен себебим, чындап эле 18 миң Ааламдын кызыктарын билип чыгууга бир адамдын […]

Дастан Сарыгулов: "Тогоол – бир гана кыргыз элине таандык!"


Кыргыз элинин улуулугун салты, үрп-адаты, нарк-насили менен баалап жүрөбүз. Дегеле, кыргыз элинин билимдүүлүгү, олуялыгы турмуш-тиричиликте колдонулган буюмдарынан баштап, жыл сүрүү, ай-күн санагы менен далилденип келет. Эмесе, окурмандарыбыздын суроо-талабын орундатуу максатында Тогоол календарынын түзүүчүсү, кыргызды Улуу Эл деп даңазалап, тарых барактары менен тастыктаган Сарыгулов Дастан Исламович менен болгон маекти тартуулайбыз.

Ооганстандагы кыргыздар жардамга муктаж


Ооган парламентинин мурдагы депутаты Турди Ахун Атабек уулу “Азаттыктын” Бишкектеги студиясында. Ооганстандын Памир өрөөнүндө бир жарым миңден ашуун кыргыз жашайт. Ооган парламентинин төмөнкү палатасынын мурдагы депутаты Турди Ахун Атабек уулу «Азаттыкка» Анкара шаарынан телефон аркылуу курган маегинде Памир жергесиндеги кыргыздардын жашоо турмушунун оордугун айтып, Кыргызстан менен алакалар кеңейсе деген тилегин билдирди.

Жылдыз ЖОЛДОШЕВА: "Датка жөнүндө көркөм тасма тартылат"


Жакында “Тоо ханышасы” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Бул тасманы тартуу демилгесин көтөргөн “Курманжан датка” коомдук фондунун төрайымы, ЖК депутаты Жылдыз ЖОЛДОШЕВА менен кинонун тегерегинде сөз кылдык. – Курманжан датка тууралуу даректүү тасма тартуу идеясы эмнеден улам чыкты? – Он беш жылдан бери Курманжан датканын басып өткөн тарыхый жолуна байланышкан кыргыздын улуу инсандары тууралуу, деги эле […]

БУРУЛЧА – эркиндиктин символу


Эркек башкарып, эркек буйрук кылып келген кыргыздарда аялзаты канчалык мыкты, акылы тунук болбосун, алдыга чыккан эмес. Антсе да тарых барактарында эрдиги менен Жаңыл баатыр, сулуулугу менен Ак Мөөр, акылмандыгы менен Курманжан датка, тайманбастыгы, өнөрпоздугу менен Бурулча чоң из калтырышкан. Бурулча тууралуу ар кандай эротикалык ырлар да кыргызга кеңири жайылган. Алардын бир варианты менен өткөн сандарда […]

Башкырлардын Кыргыз уруусу тууралуу


[kml_flashembed movie=”http://www.youtube.com/v/4V88FHMVfAM” width=”425″ height=”350″ wmode=”transparent” /]

АКИpress маалымат агенттигинин «История Кыргызстана и кыргызов» деген долбоору


АКИpress маалымат агенттиги «История Кыргызстана и кыргызов» деген долбоорду ишке ашыра баштады. Агенттик кыргыз тарыхы боюнча изилдөөчүлөрдү жаңы рубриканын автору болууга чакырат. Жаңы долбоордун алып баруучусу болууга макулугун Турусбек Мадылбай билдириптир. Жакшы жөрөлгө. Бирок кыргыз тилинде да ушундай долбоор ачылып, аны ушундай колдоого алышса, кандай жакшы болот эле!

Кыргызстан кабыгы жок жумурткага окшошпу? Бурганакта буюккан көчкө жолчыракты ким жандырат?


Манастын туусун кайрадан колго алып… Социализмден көргөн жакшылыгыбызды айтып келатабыз, мындан ары да айтабыз. Бирок, СССРдин тушунда материалдык жана илим-билим жагынан жетишкендиктерибизге карабастан, табиятыбыздын жана рухубуздун экологиясы булганып, улуттук генофондубузга коркунуч туулгандыгын тана албаспыс. Мына ушинтип, жаратылышыбыз да, жан дүйнөбүз да жабыркап, болочогубуз күңүрттөнүп, тоталитардык мамлекеттин алкагында шиши толуп кузгундап чыккан улуттук көйгөйлөрүбүздү ачык айталбай […]

Майрамкул Асаналиев, сүрөтчү: "Кыргыздын жигити колго түшсө кул болбойт, кызы күң болбойт"


“Аян бул графикадагы жаңы ачылыш. Муну көп кылымдардан берки ой менен убакытты синтездеген ата-бабабыздын өзүнчө философиясы же формуласы десек болот. Майрамкул Асаналиевдин графикалык баракчаларында Ааламдын эшигин тарс этип ачып, тынчтыкты, даанышмандыкты жайылткан сырдуу күч бардай”. Юристанбек Шыгаев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер – Майрамкул ага, бул “Манас” баатырдын сүрөтүн эмне болуп тартып калдыңыз? Айрым сүрөт […]

"Аккуланын мамысын уурдап кетишти"


Тарыхый эстеликтер аты эле айтып тургандай, элибиздин байыркы маданияты, сыймыгы. Бирок канга сиңген кайдыгерлигибиздин айынан, улуттук уңгубуз, эзелки изибиз болгон тарыхый эстеликтер четинен жок болууда. Аны менен кошо мамлекетибизге таандык бүтүндөй доорлор, кылымдар күбүлүп түшүүдө. Баса, Манас дейбиз. Дал ушул Манасыбызга таандык делген эстеликтердин алды уурдалып, арты кыйроо алдында турат. Бул тууралуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин […]