Tag Archives: Кино

Алижан НАСЫРОВ, кинорежиссер: «Айылым аркылуу ааламды чагылдырууга умтулам»


Толук аты-жөнү: Насыров Алижан Маликович Туулган жылы: 03.04.80 Үй-бүлөлүк абалы: бойдок Билген тилдери: кыргызча, орусча жана түркчө Сүйүп жеген тамагы: шорпо ичкенден тажабайт Устаты: Артык Сүйүндүков Кичи мекени: Чоң Алай району, Жайылма айылы Кызыкканы: кино көрүү, балык уулоо Кино мен үчүн: кесибим жана жеген наным Урааны: бардык нерсенин кайрымы бар Алижан Насыров өзү жаш болсо да Кыргызстанга эмес дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө кинорежиссер катары төбөсү […]

Ырысбек ЖАБИРОВ, кинорежиссёр, продюссер: “5-март – Ак калпак күнү!..”


– Ырысбек, өзүңдүн кесибиң экономист экен, анда искусствого, тактап айтканда кино тармагына кандайча ооп келдиң? – Экономист болгонум менен, жандүйнөмдө чыгармачылыкка бала кезимден эле жакынмын. Андыктан, киного капысынан эле келип калдым деп айта албайм. Айрымдар кээде суроо берип калышат: “Киного акча табуу  үчүн келсең керек?” – дешип. Жок, андай эмес. – Анда эмне үчүн? – […]

Сабира Күмүшалиева – кыргыз театрынын Умай энеси


“Ай баратат” берүүсү театр жана кино өнөрүнүн чебери, Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиеванын элесине арналды. Сабира Күмүшалиева 75 жыл сахнада, кинодо ар түрдүү кейипкерлердин кулк-мүнөзүн түзүп, кайталангыс таланты менен элдин эсинде калды. Эпизоддук ролдордун чебери Ал айтылуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин “Ак кеме” тасмасында Керез аттуу кемпирдин ролун ойноп, тажаал, ачуусу чукул, чапчаң, өзүмчүл адамдын кулк-мүнөзүн, […]

Кадыр Өмүркулов: "Айтматов кезикпесе кинобуздун тагдыры белгисиз болмок"


“Айтматовдун дүйнөнү дүңгүрөтүшү-кинодогу Океев, Шамшиев, Өмүркуловдор менен бирге вокалдык искусстводогу Миңжылкыевдердин чыгышына төп келди. Ал эми музыкадагы К. Молдобасанов жана актердук искусствобуздагы М. Рыскулов, С. Чокморов, ошондой эле сүрөт өнөр жаатындагы ачылыштарды айтсак сөз арбыйт”. Мынабул эки сүйлөм “Жетилген курак” макаласындагы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу А. Стамовдун калемине таандык. Бул жерде калемдешибиз өтө кыска бирок […]

«СВЕТ АКЕ» – эротика менен реалдуулуктун айкалышы


Жылдын эң чырдуу тасмасы атагын алган “Свет аке” жеңиштерден да куру кол эмес. Кыргызстанга келгенче чет элдиктердин оозун ачырып, кыйла жеңишке жетишкен тасма Актан Арым Кубаттын жемиштүү эмгеги десек болот. Тарткан өлкө – Кыргызстан Режиссёру – Актан Арым Кубат Сценарийин жазгандар – Актан Арым Кубат, Талип Ибраимов Продюсери – Алтынай Койчуманова Оператору – Хасан Кыдыралиев […]

Бузурман Одуракаев, КРнын эмгек сиңирген артисти: "Түрктөр Ч.Айтматовдун эстелигин тургуза албасаңар, биз тургузабыз деп жатышат…"


1990-жылы тартылган Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” кино тасмасында башкы каарман Ысмайылдын, Т. Ибраимовдун “Кошокчу” тасмасында башкы каарман Болоттун, Жаныш Кулманбетовдун “Таштанды кыз” – тасмасында башкы каарман Керимдин ролун жараткан ж.б. көптөгөн кино тасмаларга тартылган белгилүү актёр, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык жаштар клубунун вице-президенти Бузурман Одуракаев менен маектештик

Кыргыз искусствосунун кайраткерлери Назира Мамбетова, КРнын Эл артисти: "Биздин көчөдөгү майрам эч нерсеге алмашкыс…"


Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры… Алгач эшигин ачып, босогосун аттаарың менен корифейлерибиздин бири – Бакен Кыдыкееванын сүрдүү, бирок, түпкүлүгүндө муңайым тиктеген портрети көзгө урунат. Калган көрүнүштөр эч кимди суктандыра да албас. Кайран имараттын эскилиги жетип, абдан көрксүз, кунарсыз абалда. Залкар адамдын атын алган театрдын эшик-төрүн мурда-кийин көрбөгөндөр таң калуу менен карашат. Түшүнбөйм. Маданият […]

Жылдыз ЖОЛДОШЕВА: "Датка жөнүндө көркөм тасма тартылат"


Жакында “Тоо ханышасы” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Бул тасманы тартуу демилгесин көтөргөн “Курманжан датка” коомдук фондунун төрайымы, ЖК депутаты Жылдыз ЖОЛДОШЕВА менен кинонун тегерегинде сөз кылдык. – Курманжан датка тууралуу даректүү тасма тартуу идеясы эмнеден улам чыкты? – Он беш жылдан бери Курманжан датканын басып өткөн тарыхый жолуна байланышкан кыргыздын улуу инсандары тууралуу, деги эле […]

Бакыт Карагулов, кинорежиссер, "Кыргызфильм" фондусунун жетекчиси: "Кыргызфильмдин" биримдиги үчүн ордумду бошотуп бергем"


Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бир нече чыгармаларына жан киргизип, тасмага айландырган Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильмдин” мурдагы жетекчиси белгилүү режиссёр Бакыт Карагулов кызматынан кеткенден кийин ошол эле “Кыргызфильмде” иштеген режиссёр Темир Бирназаров биздин гезитке маек берген эле. Ал маекте Бакыт Карагуловдун дарегине бир нече сындар айтылып, “Кыргызфильм” коррупцияланышып кетти деген сөздөр да болгон. Аталган маек жарыкка […]

“Дордойдон чыккан асыл таш”


Жаш режиссер Элнура Осмоналиеванын “Дордойдон чыккан асыл таш” аттуу даректүү тасмасы коомчулуктун көңүлүн буруп, кино адистеринин баасына татыды. Аталган тасмада Бишкекте ар кайсы жумуштарда иштеп жан баккан Алмаз аттуу өспүрүмдүн тагдыры аркылуу кичинекей баланын оор турмушун, социалдык көйгөйлүү маселелерди чагылдырат.

Өнөр кереметине айланган өмүр


Кыргыз улуттук кино искусствосунун кереметин жараткандардын алдыңкы сабында турган Төлөмүш Океевдин көзү тирүү болсо 2010-жылы 75ке чыкмак. Төлөмүш  Океевдин ысмы, кино чыгармачылыгы жана коомдук ишмердиги аттын кашкасындай таанымал. Замандын залкар сүрөткери Төлөмүш Океев кыргыздын улуттук кино секисинде чыйыр салган бирден бир адам. Ал тууралуу замандашы, дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов: “Төлөмүш Океев, биринчиден, кыргыз кинематографиясынын пайдубалын […]

Киночулардын Бүбү энеси


Кыргыз эл артисти, маркум Алиман Жангорозова эгерде тирүү болгондо 31-декабрда 96 жашка чыкмак. Айтылуу актриса карапайым, мээнеткеч, боорукер энелердин кайталангыс нукура улуттук образын түзүп, кыргыз киносунда өчпөс из калтырганы, табигый таланты менен айырмаланган. “Ач арыстан, арыш эл, Жардыгымдан өлбөдүм. Алмамбет, Чубак Сыргагым, Бардыгынан өлбөдүм. Кабылан Манас минтип турганда, Кайың ыйлап, тал ыйлап, Ошондо калың журттун […]

“Тоо ханышасы” даректүү тасмада


28-декабрда Бишкекте Курманжан датканын өмүр жолун чагылдырган “Тоо ханышасы” аттуу даректүү тасманын бет ачары өттү. Анда президент Роза Отунбаева 2011-жыл Курманжан датка жылы деп жарыяланарын билдирди. «Тоо ханышасы» даректүү тасмасы Курманжан датканын туулган жылы, киндик каны тамган жери, ата-тегин баяндоо менен башталат. Ошол заманда Кокон хандыгынын доору сүрүп турган чакта алайлык айтылуу Алымбек датка жаш […]

Бөлмөсү тар, руханий жактан бай актер


Догдурбек Кыдыралиев “Ак илбирстин тукуму” тасмасында Кожожаштын ролун ийгиликтүү аткарып элге таанылды. Бирок кыргыздарда ага ылайыктуу эпикалык жанрдагы кино тартылбай, анын актерлук шыгы толук ачылбай калды. Ошол эле маалда ал Казакстанда он бешке чукул киного түшүп, беш көркөм тасмада башкы каармандардын образын түзө алды. Догдурбек Кыдыралиев сүрөтчүлүк, актерлук кесибинен бөлөк ырчылык, устачылык, мергенчилик өнөрдү аркалап келет.

Бакен Кыдыкеева – Борбор Азия кыздарынын бермети


Мындан 17 жыл мурда декабрь айында кыргыздын театр жана кино өнөрүндө өлбөс-өчпөс из калтырган улуу актриса Бакен Кыдыкеева каза болгон. Анын трагедиялуу өлүмүн иликтеген эч ким болгон эмес. Жаңы жыл алдындагы трагедия 1993-жылы жаңы жылдын алдында жалпы дүйнө элдери сыяктуу эле кыргызстандыктар да жаңы жылдан жакшылыкты, тынчтыкты, молчулукту, токчулукту тилек кылып, майрамга кызуу даярдык көрүп […]

Автордук фильм: кинонун келечегиби же аргасыздыктан табылган айлабы?


– Бүгүнкү маекке дал экөөңүздөрдү чакырганым кокусунан эмес. Анткени, сиздер бюджеттен бир тыйын албай, жалаң демөөрчүлөрдүн жардамы менен көрүүчүлөрдүн кайсыл бир бөлүгүнүн кызыгуусун жараткан фильмдерди тартып жатасыздар. Башка режиссерлор бул боюнча өз көз караштарын көп эле жолу билдирип жүрүшөт, эми сиздер айтыңыз-дарчы, бүгүнкү кинонун эң башкы көйгөйү эмне?

Шрек кыргызча кантип сүйлөй баштады


Шректин кыргызча котормосун жасоо пикири менде көп жыл мурун пайда болгон. Анда мен студент болчумун жана Шрек мультфильми (биринчи бөлүмү) жаңы эле чыккан болчу. Ал кезде чет өлкөлүк тасамалардын кыргызча котормосун эч ким жасай элек эле. Бул мультфильмди көргөндө анын мааниси жана маңызы мага аябай жакты жана кыргыз тилине которуп көрбөйлүбү деген ой пайда болду. […]

Унутулуп бараткан улуу инсан


Улуттук китепканада залкар режиссер Төлөмүш Океевдин 75 жылдыгына арналган “Кино кереметине айланган өмүр” деген аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмөсү, эскерүү кечеси өттү. Анда Төлөмүш Океевдин чыгармачылыгы өкмөт, коомчулук тарабынан эске алынбай баратканы, анын ысымын Бишкек шаарынын бир көчөсүнө берүү, айкелин тургузуу маселеси козголду. Улуу залкар замандашын “жылдызга” теңеп СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, замандын залкар […]

Эрнест Абдыжапаров, режиссер: "Эгемендүүлүктүн жылаңач баатыры болуп…"


Кино – ары татаал, ары терең искусство. Тартылган сүрөттүн чебери сүрөтчү болсо, тасманын чебери режиссер экендиги анык эмеспи. Кыргыз журтуна өз тасмалары менен таанымал болуп калган белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаров менен бүгүнкү кыргыз тасмасынын күңгөй-тескейи туурасында баарлаштык. – Эрнест байке, 1990-жылдан бери кино тармагына аралашып жүрөсүз. Режиссер катары бүгүнкү кыргыз киносунун абалына кандай баа бересиз?

"Сахнада актриса, турмушта кадимки эле аялмын"


Актриса өзү айткандай буга чейин көп спектаклдерде ойноп, кыска метраждуу тасмаларга тартылса да аны эл жакшы тааный берчү эмес. Алсак, театрда Зулайка, Жульетта сыяктуу биртоп ролдорду ойносо, кийин белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Таранчы”, “Бекет”, “Босого” тасмаларына тартылган. Андан соң “Апамдын махабаты”, “Айыл өкмөтү”, “Окуя”, “Теңири” фильмдеринде ийгиликтүү ролдорду жаратса да бул айым өтө жөнөкөйлүгү менен […]

Кинорежиссер Марат САРУЛУ: "Апрель, түштүк окуялары боюнча тасма тартылыш керек"


“Кино тартып жүрөмүн мен кыйноо тартып” деп ырчыларыбыз ырдагандай, азыркы заманда чакан кино жаратуунун өзү кыйын. Бирок, кино тармагына аралашкан адам үчүн кино бир жагынан кыйноо болсо, экинчи жагынан өзүнчө кумар, ырахат. Кино тартуунун күнгөй-тескейи тууралуу белгилүү кыргыз кинорежиссеру, кезинде Чынгыз Айтматов менен биргеликте “Бетме бет”, “Саманчынын жолу”, “Маңкурт тууралуу ый” тасмаларынын сценарийин жазган, онго […]

Кыргыз жыттанып, кымызга суусаган ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВ


Улуу режиссёр, кыргыздын патриот уулу, кыргыз кереметин тутандырган жалындын бири…» Замандаштары Төлөмүш Океев жөнүндө ушундай дешет. Ал эми кийинки муун ал адамды тасмалары аркылуу билебиз. Кыргыз киносунун «атасы» Төлөмүш Океев тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак. КЫСКАЧА… Улуу режиссёр 1935-жылы 11-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында туулган. 2001-жылы 18-декабрда, Түркиянын Анкара шаарында каза болгон. Эки кыз, […]

Жарык алып келген Свет-аке


Актан Арым Кубат “Свет-аке” тасмасында биздин кыргыз айылдарында азыр сейрек кездешип бараткан, жан-дүйнөсү баладай таза, жарык, башкаларга эт-бетинен кетип жардам берген, бирок, көптөрү анын дүйнөсүн түшүнбөй “апенди” сымал мамиле кылган адамдын образын түзгөн. Кинорежиссер, Кыргызстандын улуттук киноакадемиясынын жана Европалык Киноискусство Академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” […]

Саякбай жоголсо эмнебиз калат?


Учурунда кыргыз киносу дүйнөнү дүңгүрөтүп, элибизди эчен жерлерге таанытып турчу. Азыр деле уучубуз кур эместей. Таланттуу режиссерлор, мыкты тасмалар жаралып жаткандай. Бул тууралуу Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы, кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков менен болгон маегибизди окурмандардын назарына сунуш кылабыз.

Н.Борбиев: “Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”


17-ноябрь – Кыргыз киносунун күнү. Кыргыз эл артисти, белгилүү оператор Нуртай Борбиев кино өнөрүнүн бүгүнкү абалы тууралуу “Азаттык” менен ой бөлүштү. Кыргыз Эл артисти, Токтогул сыйлыгынын ээси, таланттуу оператор Нуртай Борбиев “Айыл кайрыктары”, “Ак илбирстин тукуму” (Кожожаш), “Азиат”, “Маңкурт”, “Сүйүү закымы” тасмаларын, ондон ашуун даректүү-хроникалык тасмаларды тарткан. Анын “Манасчы” деген Саякбай Каралаев тууралуу даректүү тасмасы […]