Tag Archives: Искусство

Кайыргүл Сартбаева, СССРдин Эл артисти: "Мени сурабай, ырымды сурагыла"


СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, эң сонун ырчы, болгондо да опералык да, элдик да ырларды машына жеткире ырдаган Кайыргүл Сартбаева үстүбүздөгү жылдын ортосунда тактап айтканда 20-июнда 75ке чыгат экен?! Кыргызда “аккан арыктан суу агат” деген сөз бекерден-бекер чыкпаса керек. Кыйыргүлдүн атасы да өзү айткандай ырга жакын, шайыршат адам болуптур. Кайыргүл деген эң кенже кызына […]

«Бий да «сүйлөйт»


Чеченстандын Грозный шаарында өткөн “Махмуд Эсамбаев атындагы экинчи эл аралык бий фестивалында” Кыргызстандан барган Талант Осмонов үчүнчү орунду жеңип алды. Дүйнөнүн 30 өлкөсүнүн бий өнөрпоздору катышкан бул эл аралык фестивалда Кыргызстандын туусун көтөргөн Талант Осмонов борборубуздагы улуттук опера жана балет театрында эмгектенет. Буга че­йин ал “Азия даусы” эл аралык фестивалында өнөктөшү Асель Айдарова менен “Кыргызстандагы […]

Азамат Сыдыков: Искусство – эки элди жараштырчу көпүрө


Москвадагы эл аралык пианисттер сынагынын лауреаты, Москва консерваториясынын аспиранты, белгилүү пианист Азамат Сыдыков ушул күндөрү Кыргызстанда жүрөт. Жакында эле Азамат Бишкекте Опера жана балет театрында өткөн “Толеранттуулук – тынчтыкка карай жол” деген концерттин негизги катышуучусу болду. Жаш пианисттин баамында, сөз менен айталбаган нерселерди музыка аркылуу берсе болот. Анткени классикалык музыканын тили баарына тааныш.

Бишкекте көчө театрларынын фестивалы өтүп жатат


21-майда Борбор Азия көчө театрларынын эл аралык экинчи фестивалы башталды. 24-майга чейин созула турган бул иш-чара 7-апрелде курман болгондордун элесине арналып, анын алкагында Түркия, Казакстан жана Өзбекстандан келген театрлар спектаклдери Бишкектин көчөлөрүндө көрүүчүлөргө тартууланмакчы.

Кыргыз күүлөрүнүн антологиясы иштелип чыгат


Кыргызстанда кыргыз күүлөрүнүн антологиясын түзүү багытында долбоор ишке киргизилди. Мындай маалыматты “Борбордук Азия – Арт Менеджмент” коомдук фондунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Ольга Ниязалиева билдирди.

“Балдар чыгармачылыгына көңүл бөлөр бийлик болор бекен?”


Улуу Жеңиштин 65 жылдыгынын алдында КМШ өлкөлөрүнүн бир катар атактуу ырчылары Бишкекте жана Чүй аймагында согуш темасындагы ырлардан турган концерт коюшат. Учурда Екатеринбургда балдардын эл аралык бий сынагында жүргөн “Шаттык” бий тобу экинчи орунга жетишти. Белгилүү кыргыз бедизчиси, Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Садабек Гадиев өзүнүн ташка чегилген бир канча эмгектери менен май айында Түркиянын Анкара […]

БАЛЕТ ЧОҢ КУРМАНДЫКТЫ ТАЛАП КЫЛАТ


Сахнада буттун учу менен басып, абада жеңил калкыган балеринаны элестетиңиз… Исскуствонун бир түрү балет убакытты, талыкпаган эмгекти, кээде энелик бакытты курмандыкка чалууну талап кылат. Бирок балерина гана сезе билген эң чоң бакыт бар. Ал – ыйык сахна.

Талант тагдыры: Көп кырдуу талант Жамин Акималиев


“Талант тагдыры” түрмөгүнүн бул жолку мейманы – кесиби боюнча агроном, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер ырчы, обончу Жамин Акималиев.

Көп кырдуу талант


“Азаттык” радиосунун кабарчысы Аманбек Дилденбай бүгүн эл ортону элүү жашка чыгып олтурат. Аманбек Жапаров бүгүн коомчулукка төбөсү көрүнгөн белдүү журналисттердин бири катары эле эмес, актер, режиссер катары да таанымал. Аманбек Жапаров учурда журналисттик кесипти аркалаганы менен чыгармачылык жолун театрдан баштаган.

Окумуштуулар Сулайман-Тоонун петроглифтерин иликтөөдө


Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан “Борбордук азиянын аска-таш искусствосу”аттуу биргелешкен долбоордун үстүндө иштей баштады. Бул туурасында «Вечерний Бишкек» гезити 17-августта жазат.

Кыргыз Эл артисти, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сейитказы Андабековдун чыгармачылык концерти өткөрүлдү


Кыргыз Эл артисттери, таланттуу жубайлар Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын басып өткөн чыгармачылык жолу чагылдырылган концертти Нарын облустук М.Ырыскулов атындагы академиялык драма театрынын жамааты «эсен болуп эстейли, Сепемден алыс кетпейли» деген аталышта Улуу Жениш күнүндө өткөрүштү. Концерттин башталышында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, быйыл 85 жашка таяган Сейитказы Андабеков өнөрүнөн бир чырпым үзүндүнү көрүүчүлөргө тартуулады. […]

Жаңы күүнүн жарчысы


“Талант тагдыры” аттуу түрмөктүн бул жолку чыгарылышында белгилүү комузчу, чоорчу, темир, жыгач ооз комузчу, “Саамал” фольклордук ансамблинин көркөм жетекчиси, республикалык, эл аралык сынактардын, фестивалдардын лауреаты Асылбек Насирдиновдун ар тараптуу чыгармачылыгы, жаңы чыгарган күүлөрү тууралуу сөз болот.

«Айтыш фильм» кино студиясынын режиссеру Акжол БЕКТУРГАНОВ: «Дагы бир тасма жаралат»


Акжол тасма тартып режиссерлук гана иш менен алектенбестен, актер катары өзү тасмага да түшүп жүрөт. Садык Шер Нияздын «Парз» фильминде баш каармандын образын жараткан.

КРнын Эмгек сиңирген артисти Чоро ДУМАНАЕВ: «Актер үчүн ойноло элек роль кызык»


Алтымышка жашы таяп калса да бүт өмүрүн театр сахнасына арнап, кыргыз киносуна да, театрга да чоң салым кошуп, бир канча образдарды жараткан КРнын эмгек сиңирген артисти Чоро ДУМАНАЕВ бүгүн биздин төрүбүздө. Театр көйгөйү, жеке жашоосу, артисттердин азыркы иши тууралуу кеп кылдык.

"Жымжырттык…"


Бишкек шаарынын бир бурчунда “Аль-Хаят” аттуу галерея бар. Ал ачылгандан бери отуздан ашуун кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жеке көргөзмөлөрү болуп өттү.

Каныкей Раймалиева, Филармониянын алдындагы "Миң кыял" оркестринин ырчысы: "Чоң атамды өрттөшкөн эмес"


– Айтылуу Раймалы ырчынын кандайча небереси болосуз? – Көп учурда элдер кызыгып сурап калышат. “Силер небере-чөбөрөлөрүнөн болосуңарбы” -деп. Өзүмдүн эле атамдын атасы болот. Кинодо бай-манаптын заманында Бегимай экөөнү өрттөп жиберет эмеспи. Чынында, чоң атам 1921-жылы төрөлүп, 1990-жылы 70 жаш курагында каза болгон. Ал киши кинодогу каармандагыдай эле өнөр адамы эле. Жаш кезинде айтыштарга чыгып, эл […]

Кыргызстанда адабият жана искусствону колдоо боюнча президенттик грант түзүү сунуш кылынууда


КР маданият жана маалымат министри Султан Раевдин маалыматы боюнча, адабият жана искусствону колдоо боюнча президенттик грант түзүү сунуш кылынууда. Министр азыр КР Президентинин “Адабият жана искусствону колдоону күчөтүү боюнча” буйруктун долбоорун даярдоодо.