Category Жаңылыктар

Марат Токоев: “ДЕМ” сайтынан бир эле мезгилде кырктан ашуун гезит, сайттардын материалдарын окуса болот


Жакында Кыргызстандагы интернет айдыңында дагы бир “ДЕМ” атуу сайт пайда болду. Ал –  Кыргызстандын жашоо деми деп чечмеленет экен. Кызыгы, бул жерден 40тан ашуун басылмалардын жана интернет-сайттардын макалалары менен таанышууга болот. “ДЕМди” ача келсек, алыскы Кадамжай, Ат-Башынын райондук гезиттеринин материалдары жүрөт. Бул сайт туурасында айтып берүүсүн өтүнүп, анын демилгечиси жана редактору “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси […]

Жыргалбек Касаболотов: Кытай менен түзүлгөн келишимдер чычкан мурду жөргөлөгүс болуш керек


Аз күн мурда «Роза Отунбаеванын демилгеси» уюму тарабынан Кытай өлкөсүнө атайы кыргызстандык журналисттер үчүн иш сапар уюшулганы маалым. Биз бүгүн Кытайга барып келген делегация мүчөсү жана кесиптешибиз Жыргалбек Касаболовду кепке тарттык. – Жыргалбек мырза, «миң уккандан бир көргөн артык» дейт. Дүйнөдө улуу империя аталган Кытай жергесинен эмне укмуштарга күбө болдуңар, бул жактан баргандар?… – Бизге […]

Улуттук оюндун уңгусу уланып жатабы?


15-февралда өкмөттүн токтому менен “Улуттук спортту өнүктүрүү борбору” ачылып, анын жетекчилигине Алмазбек Касенов дайындалган. Учурда улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлүп, улуттук оюндар борбору жыл жыйынтыгына даярданууда. Ал эми аталган борбор же болбосо улуттук оюндар боюнча мыйзам өз натыйжасын берип жатабы деген суроого так жооп алууга кызыктык.

Асман каганаты


Тарыхый баян Кунай Медетхан менен Мамасалы Апышевдин “Асман каганаты” аттуу VI кылымда Кыргызстандын аймагында болгон окуяларга арналган тарыхый баяны жарыкка чыкты. Бул Улуу Түрк Каганатына арналган чыгарма дароо эле үч тилде – кыргыз, орус жана түрк тилдеринде жарыяланды. Тең авторлор чыгарманын баш сөзүндө мындай деп жазышат: «Бул ирет биз көркөм адабиятта алиге чейин такыр белгисиз […]

“Устасы менен эл жакшы, Устаты менен эр жакшы”


Мен Калканбай байкени тээ алтымышынчы жылдан бери жакындан билем. Окууну жаңы эле бүтүп, Жумгал районундагы Ленин атындагы колхоздо ветврач болуп иштеп жүргөм. Ошондо тааныштык. Биздин айылга командировкага келди. “Ленинчил жаш” гезитинин өз кабарчысы болуп иштейт экен. Ал менин жазгандарымды тажабай отуруп окуп чыккан соң, өз оюн айтты: “Сенде психологизм бар, – деди Калканбай байке мага […]

Арстанбек комузчу


Асан Кайбылда уулунун “Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер” деген эки томдук китеби Борбордук Азия Университетинин каржылоосу жана аталган университеттин илимий изилдөөчүсү Элмира Көчүмкүлованын демилгеси менен жарыкка чыккан. Анда аты айтып тургандай күүлөргө ойлор, пикирлер менен катар күүнүн тарыхы да жазылган.

Бишкекте алгачкы жолу Эл аралык адабий форум өтөт


Бишкекте 1-Эл аралык «Open Central Asia Book Forum & Literature Festival 2012» адабий форуму өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришкен. Белгилей кетсек, иш-чара Hertfordshire Press басма үйү менен биргелилкте Silk Road Media британдык компаниясы тарабынан уюштурулганы турат.

Бишкектеги “Бийиктик” басмасынан жаңы тарыхый чыгарма жарык көрдү


«Бийиктик» басмасында Кунай Медетхан жана Мамасалы Апышевдин “Асман каганаты” аттуу VI кылымда Кыргызстандын аймагында болгон тарыхый окуяларга арналган китеп жарык көрдү. Улуу Түрк Каганаты жөнүндөгү баян дароо эле үч тилде – кыргыз, орус жана түрк тилдеринде жарыяланды. Бул тууралуу басманын маалымат кызматы билдирди.

Асыл Сарыгулов: “Башкысы атаандаштар менен татыктуу кармашуу”


Сүрөт http://www.erkintoo.kg/ сайтынан алынды Өтүп кеткен 31-август күнү Бишкек шаарыбыздагы “Ак Кула” ат майданында Эгемендүүлүгүбүздүн 21 жылдыгына карата көк бөрү боюнча финалдык турнир өттү. Анда КРнын президентинин Кубогун алыш үчүн үч команда алдыңкы орундарга ат салышкан. Мына ошол таймаштан 1-орунду жеңип алган “Бөрүлү” командасынын оюнчусу Асыл Сарыгулов жана 2-орунду алган “Суусамыр” командасынын спортчусу Рамис Жунусалиев менен маек […]

Алыкулдун күйөрманы


Cүрөт http://www.azattyk.kg/ сайтынан алынды Улуттук китепканада “Аталардан калган сөз, айтылбаса дат басат” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Белгилүү публицист Памирбек Казыбаевдин 60 жашына арналган бул көргөзмөдө залкар акын Алыкул Осмоновдун элеси турат. Адабият айдыңында залкар акын Алыкул Осмоновдун өмүр жолун изилдегендер беш манжадай саналуу. Алардын бири – Памирбек Казыбаев.

Ысмайыл КАДЫРОВ: “Дүйнөлүк Гиннес китебин бир пиво кайнатуучу чыгарса, азыр бүтүндөй бир институт иштейт”


Ы.Кадыров китеби менен Сүрөт http://members.vb.kg сайтынан алынды. Жазуучулар арасында Ысмайыл Кадыровду басып жүргөн тирүү энциклопедия деп коюшат. Чындыгында эле ошондой. Эмне тууралуу билгиңиз келсе Ысмайыл агайдан сурасаңыз болот. Үч ыр жыйнактын, бир проза китептин, бир нече котормолордун, ар багыттагы энциклопедиялык китептердин автору, жөн эле балдар акыны же жазуучу эмес. Ал кенен маалыматтуу инсан. Кадыров өзүнүн бул өзгөчөлүгүн […]

Акылманга аян болду


Кыргыз  эл  жазуучусу  Калканбай  Ашымбаев – 80  жашта -Кадырлуу Каке, сексен жылдык мааракеңиз кут болсун. Сизди көргөндөр алтымышта болсо керек дешет. Жаштыкты сактагандай кырчоо көрүнүштүн сыры неде? -Бул жөнүндө жаштар собол салганда айтканым бул: “Чылым чекпедик, чийинден сырт кетпедик, шарап ичпедик, шапар теппедик, айлуу түндө адашпадык, аягы суюктарга жанашпадык, өлчөп жеген өмүр табат, ачуусун тыйган […]

Кыргызстандын 2012-жылкы ордо чемпионаты өттү


Сүрөт http://www.knews.kg сайтынан алынды Илгертеден келаткан ордо кыймылдуу оюну геометрия, черчение, математика, тарых сыяктуу илимдерди ичине камтып, аскерге даярдануу ыкмаларын үйрөтөт эмеспи. Жаштарды эрктүүлүккө, биримдүүлүккө, ошондой эле ар бир кыймыл жасаарда акыл калчап алысты көрө билүүгө тарбиялаган ордо оюну күндөн-күнгө күч алып, өнүгүп келатат. Кечээ жакында, Бишкек шаарында 2-августтан 5-августка чейин ордо боюнча КРнын чемпионаты болуп өттү. […]

Байыркыга бөлөнгөн үч күн


“Айылдын байыркы адамдары башкача эле, жүздөрүндө азыркыдай алкынуу, көздөрүндө жуткунуу жок эле…” деп далай укканым бар. Чын эле, тээ байыркы, илгеркини эмес эле 1930-40-жылдардагы эле сүрөттөрдү алып карап көргүлөчү, андагы ата-энелерибиздин, чоң ата, чоң энелерибиздин сүрөттөрдөгү отурушунан, жүздөрүнөн эле токтоолугун, эмгекчилдигин, нарктуулугун, адептүүлүгүн, мээримин көрө алабыз. Муну эстегенимдин себеби, Тоң районунун Кызыл-Туу айылындагы фестивалга барып […]

Британияда август айынын китеби «Жамиля» болууда


Британияда үч жүзгө жакын түйүнү бар Waterstone’s аттуу китеп дүкөндөр тармагы кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» повестин август айынын китеби деп жарыялап, массалык түрдө сатыкка чыгарды. Мындай өнөктүк 300гө жакын ири дүкөндө жүргүзүлүүдө. Waterstone’s өкүлдөрүнүн айтымында, Айтматов мурдагы Советтер союзуна кирген республикалар жана Германия, Франция сыяктуу өлкөлөргө салыштырмалуу Британ окурмандарына кеңири тааныла элек. Бирок анын […]

Айтматов кичи мекенине айкел түрүндө кайтып келет


Жакында Талас облусунун Кара-Буура районуна улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бийиктиги 3,5 метрлик айкели орнотулат. Жазуучунун эстелигин кичи мекенине орнотууну жергиликтүү эл көтөрүп чыккан. Бирок бул ишти баштан аяк уюштуруп, өзүнүн жеке каражатын кошуп, чоң милдетти мойнуна алган Таластын дагы бир тургуну, жеке ишкер Сыргак АСАНБЕКОВдун да эмгеги чоң. Ар бир иштин артында чоң түйшүк бар […]

Бизге добуш бергенди унутпагыла


Бизге добуш бергениңер – бизге колдоо көрсөткөнүңөр! Рахмат!  

Түркологиядагы жаңы табылга


Байыркы кыргыз тарыхынын, маданияты менен саясатынын бир даары коомчулук үчүн али табышмак бойдон калууда. Ал тууралуу таш бетинде калган рун жазуулары же эстеликтер улуттук окумуштуулардын не бир изилдөөлөрүн, системалуу эмгектерди жана корутундуларды талап кылат. Окурмандарга сунушталып жаткан тарыхый табылга тууралуу материал да бир катар өңүттө көпчүлүктү кайдигер калтырбайт деген ишенимдебиз.

Көл боюндагы кыргын


Жазуучу Б.Максүтов 1916-жылдагы элдик көтөрүлүшкө арнап “Кызыл кыргын, кандуу кармаш” тарыхый повесть жазган. Андан үзүндү гезитибиздин 3-июлдагы санында жарык көргөн эле.  Жыл сайын 3-августту ошол боштондук кыймылынын күнү деп белгилөө жөнүндө КРнын Жогорку Кеңешинин чечими да кабыл алынган. Ушул айтылуу датага карата жазуучунун архивдик материалдардын негизиндеги повестинен үзүндү жарыялайбыз.

Бурул Сагынбаева: “Түрк элдеринин тилинин өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошолу”


Стамбул шаарында түрк тилдүү элдердин адабиятын, тилин, фольклорун, тарыхын, маданиятын изилдеген түркология илими боюнча Түркологдордун I эл аралык симпозиуму өттү. Аталган жыйынга Кыргызстандын атынан катышкан филология илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Бурул Сагынбаева менен илимий жыйын тууралуу маектештик. 

Эмне кыларыбыз билбей турабыз


КЛООПто болгон окуя биздин блогго катуу таасирин тийгизди. 23-марттан кийинки материалдардын көбү КЛООП тарабынан табылганы менен, айрымдарынын бир аз гана бөлүгү жетикиликтүү. Калган бөлүктөрү менен таанышуу мүмкүн эмес. Эми аларды акырындан толуктасак болот эле. Бирок ошол эле кезде, блогубуздагы көп шилтемелер иштебей калганын байкадык. Көп материалдар такыр ачылбай жатат. Алардын баарын иретке келтириш үчүн өтө […]

Premia.kg сынагына катышкыла


Мындан 3 жыл мурда Интернеттен кызыктуу кыргыз тилдүү сайтты табуу кыйын эле. Азыр болсо абал бир кыйла  жакшыра түштү. Улам жаңы пайда болуп жаткан сайттардан баш айланат. Кыргыз тилдүү сайттардын саны гана өспөстөн сапаты да азыр таптакыр башка деңгээлде. Ушуга байланыштуу мен кыргыз тилдүү сайттарды  Кыргызстанда жайгашкан жана Кыргызстан тууралуу жазган сайттар арасындагы Premia.kg сынагына […]

2011-жылы Кыргызстанда 1070 аталыштагы китеп 1 млн. 705 миң даанада басып чыгарылган


Кыргыз Республикасынын Китеп палатасы берген маалымат боюнча, 2011-жылы Кыргызстанда 1070 аталыштагы китеп 1 млн. 705 миң даанада басып чыгарылган дейт “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты. Айта кетчү жагдай, сөз Китеп палатасынан эл аралык китеп номурун (ISBN) алгандар тууралуу болуп жатат. Салыштыра кетсек, 2010-жылы 800 аталыштагы китеп 730 миң даанада басып чыгарылса, ал эми 2009-жылы 820 китептин […]

Дарика Жалгасынова, КР эл артисти: “Айылдык эле кыз элем, окууну кантип Москвадан бүттүм деп таң калам”


Бир манжасы кемиген колдун салаалары түгөл болбой, адамды көп нерседен аксатат эмеспи. Ошол сыңары кыргыз искусствосунун бир чекесин толуктап, улуу өнөрдүн ээси болуп жүргөн бир инсан бар. Ал – Дарика Жалгасынова. Бул жолу сөз дал ошол опералык ырчы, КР эл артисти Жайлообек Жалгасыновдун жубайы Дарика Жалгасынованын карьералык, аялзаттык баяны тууралуу болмокчу. – Дарика эже, маекти […]

Эрнис Турсунов, Кыргыз эл акыны: “Дөө-шааларыбыздын артында тукум калбаптыр”


“Триумф жана трагедия” аттуу искусство адамдарына арналган жаңы китептин ачылыш аземи 13-июнь күнү Опера жана балет театрында болуп өттү. Китептин авторлору – Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов жана кыргыз эл артисти Дариха Жалгасынова. Китепте жүздөн ашык өткөн кылымдын отузунчу, кыркынчы, элүүнчү жылдарындагы сейрек фотосүрөттөр жана кыргыз искусствосунун жүзү болгон атактуу адамдар тууралуу иллюстрациялар жарык көргөн. […]